Мавлид түнү


Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) төрөлгөн түн «мавлид түнү» деп аталат. «Мавлид» – туулган убакыт дегенди билдирет. Кадыр түнүнөн кийинки эң ыйык түн жана ал түнү сүйүктүү Пайгамбарыбыз туулгандыгы үчүн сүйүнгөндөр кечирилет. Ал түнү Пайгамбарыбыз туулган маалда болгон абал жана мужизаларды окуу, угуу, үйрөнүү өтө сооптуу. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз өзү да баяндачу.

Асхабы кирам дагы бул түнү бир жерге жыйналышып ал түндү эстешип, окуп баян кылышчу. Дүйнөнүн ар тарабындагы мусулмандар бардык момун-мусулмандар ар жылы бул түндү «мавлид түнү» деп майрамдашууда. Ар тарапта мавлид касыйдалары окулуп, ааламдын султаны болгон Сүйүктүү Пайгамбарыбыз эскерилүүдө.

Ар пайгамбардын үммөтү өз пайгамбарларынын төрөлгөн күнүндө майрам кылышкан. Бул күн дагы мусулмандардын майрамы катары кубанычтуу күн болуп саналат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш