Нур жүздүү уулун
койнуна алган Амина энебиз күйөөсү Абдуллахтан ажыроонун ыздырабын унуткандай болду.
Тогуз күн эмизгенден кийин Абу Лахабдын күңү болгон Сувайба Хатун бир канча күн
эмизип, кызматында болду. Сувайба Хатун мурда да Хазрети Хамзаны, андан кийин Абу
Саламаны эмизген болчу. Хафиз ибни Жазри
айтат: «Абу Лахаб түштө көрүлүп, кандай абалда экендиги суралганда: "Кабыр азабын
тартуудамын. Бирок, ар жылы Рабиул-аввал айынын он экинчи түндөрү азабым жеңилдөөдө.
Эки манжамын арасынан чыккан серин сууну эмип азабымдан жеңилдеп калам. Бул түнү
Расулуллах дүйнөгө келгенде Сувайба деген күңүм муну мага сүйүнчүлөп келген болчу.
Мен ошондо кубанганыман аны азат кылып, ага сүт эне болуусун айттым. Ошондуктан,
бул түндөрү азабым жеңилдөөдө», - деди.
Ошол учурларда
Меккеликтерде адат катары төрөлгөн бөбөктөрдү сүт энеге беришчү. Абасы таза, суусу
таттуу болгон жайлоолорго жиберилген наристелер бир топ убакытка чейин сүт энелери
менен бирге калышчу. Буга Меккенин ысык абасы себеп болчу. Ар жылы ушул максат менен
Меккеге көптөгөн аялдар келишчү, эмизип чоңойтуп берүү үчүн бирден бала алып
кетишчү. Балдарды чоңойтуп кайра тапшырып берген кезде көрсөткөн кызматтары
үчүн көптөгөн сыйлык-акыларды алышчу.
Пайгамбарыбыз туулган
жылы да жайлоолордо жашаган Бани Са’д уруусунан бир топ аял сүт эне болуу ниети
менен Меккеге келишти. Ар бири эмизгенге бирден бала алышты. Бани Са’д уруусу
Меккеге жакын уруулардын арасында аброй, жоомарттык, марттык, кичи пейилдик
жана араб тилин таза сүйлөө жаатында таанылган болчу. Курайш уруусунун абройлуу
үй-бүлөлөрү балдарын көбүнчө ушул урууга берүүнү каалашчу. Ал жылы Бани Са’д
уруусунун журтунда катуу кургакчылык жана жут болду. Ушул уруудан Халима айым
ал жагдайды мындайча баяндайт:
"Мен ошол жылы
кыр-этекти кыдырып, чөп жыйнап, тапканыма Аллаху таалага шүгүр кылчумун. Кээде үч
күнгө чейин эч нерсе жечү эмесмин. Ошентип жүрүп, бир балалуу да болдум. Бир
жактан ачкалык, экинчи жактан төрөөнүн кыйынчылыгы бар эле. Ачкалыктан улам жер
менен асманды, күндүз менен түндү айыр- малай албаган кездерим дагы болчу. Бир
түнү чөлдө уктап калыптырмын. Түшүмдө бирөө мени сүттөн ак бир суунун ичине
батырып: "Бул суудан ич!” – деди. Мен суудан канып ичтим. Анан дагы ич деп
кайрадан кыйнады. Кайра-кайра ичтим, балдан таттуу эле. "Сүтүң мол болсун, эй, Халима!
Мени тааныдыңбы?” – деп сурады. "Тааный албадым”, – дедим. "Мен сенин кыйналып
жүргөн кездериңде кылган хамд жана шүгүрүң боломун. Эй, Халима! Меккеге бар. Ал
жерде сага бир "Нур” жолдош болуп, берекетке толосуң. Бул түшүңдү эч кимге
айтпа!” – деди. Ойгонуп карасам, көкүрөктөрүм сүткө толуп, кыйынчылык жана ачкалык
менден кеткенин көрдүм”.
Каатчылыктан улам
акчага бала эмизип, кыйынчылыктардан кутулуу үчүн башка жылдарга караганда
көбүрөөк сүт эне Мекке- ге келген болчу. Баары бай үй-бүлөлөрдөн бала алууга
тырышып жаткан эле. Эрте келген аялдар бирден бала алышкан болчу. Бирок,
Пайгамбарыбызды жетим болгондуктан эмизүү акысына аз акча алып калабыз деп, Аны
алуудан тартынып жатышкан эле. Ал аялдардын ичинде намысы, тазалыгы, жумшак мүнөзү,
уяттуулугу жана көркөм ахлагы менен таанылган Халима Хатун да бар эле. Минип
келген жаныбар алсыз болгондуктан Меккеге кечигип келишти. Бирок, бул кечигүү
аларга күткөнүнөн да чоң бакытка себеп болду. Күйөөсү менен Меккени кыдырып,
бай үй-бүлөлөрдүн балдарынын бөлүштүрүлүп бүткөнүн көрүштү. Бирок, үйгө куру кол
кайткысы келбеди. Жалгыз тилектери журттарына бир бала менен болсо дагы кайтуу болчу.
Акырында,
сый-урматтуу, жылуу жүздүү бир затка жолугушту. Бул киши Меккенин башчысы
Абдулмутталиб эле. Каалоолорун билгенден кийин небересин алууларын, ушул
аркылуу чоң дөөлөт жана бакытка ээ боло тургандыктарын айтты. Абдулмутталибдин
сүйкүмдүүлүгү жана жакындыгы аларды өзүнө тартты. Сунушун дароо кабыл алышты.
Анан улуу карыя Халима Хатунду Хазрети Аминанын үйүнө ээрчитип барды. Халима
Хатун айтат:
"Бөбөктүн баш
жагына барганымда бешикте жашыл жибектен жасалган бир кездеменин ичинде
магдырап уктап жаткан эле. Айланасы миск жыттанып турган эле. Таң калып, Ага
ушунчалык ысындым, ойготууга көңүлүм кыйбады. Колумду көкүрөгүнө койгондо
ойгонду жана мени карап жылмайды. Мен болсо бул жылмайуудан өзүмдү жоготтум. Анан
энеси ушундай керемет жана ыйык баласын мага бербей коёт деген ой менен бетин
жаап, дароо кучагыма көтөрүп алдым. Оң көкүрөгүмү бердим, эме баштады. Сол
көкүрөгүмдү берсем эмген жок. Абдулмутталиб мени карап: "Сага сүйүнчү болсун!
Аялдардын ичинде сен сыяктуу ниматка жеткен болгон жок”, – деди.
Амина Хатун
дагы мага сүйүктүү баласын бергенден кийин: "Эй, Халима! Үч күн мурда: "Сенин
балаңа сүт бере турган аял Бани Са’д уруусунун Абу Зуайб тукумунан болот” деген
бир үн уктум”, – деди. Муну уккандан кийин ага: "Мен Бани Са’д уруусунан болом жана
атамдын аты Абу Зуайб”, – дедим. "Халима Хатун дагы да мындай деген:
"Амина Хатун мага
дагы көптөгөн окуяларды айтып берди жана насаат кылды. Мен болсо Меккеге келүүдөн
мурда көргөн түшүмдү жана келе жатканымда оңуман, солуман: "Сага сүйүнчүлөр болсун,
эй, Халима! Ал көздөрдү нурданткан жана ааламдарды жарыкка бөлөгөн нурду эмизүү
сага насип болот”, – деген үндөр угулганын айтып бердим”.
Халима
Хатун айтат:
"Мухаммед
алейхиссаламды алып, Хазрети Аминанын үйүнөн чыктым. Күйөөмдүн жанына келдим.
Ал дагы кучагымдагы нари- стенин жүзүн карап таң калды жана: "Эй, Халима!
Бүгүнкүгө чейин мындай нурдуу жүздү көргөн эмесмин”, – деди. Аны алар-албас
келген берекеттерди көрүп: "Эй, Халима! Билип койгун, сен өтө Ыйык жана кадыр-баркы
жогору бир баланы алыптырсың”, – деди. Мен дагы: "Аллахка ант берип айтамын! Мен
дайым ошентип каалоочумун, тилегиме жеттим”, – деп айттым”.
Халима Хатун
күйөөсү менен бирге Мухаммед алейхиссаламды алып, Меккеден жолго чыккандан
баштап Анын берекетин көрө башташты. Сүйрөлүп араң жүргөн эшектери эми желдей
жортуп баратты. Өздөрү менен бирге келген кербендер алардан мурдараак жолго чыгып,
өтө алыстап кеткенине карабастан, аларга жетип, жада калса, алардан өтүп
кетишти. Бани Са’д журтуна барганда кийин аларды мурун болуп көрбөгөндөй молчулук
менен береке каптады. Аз сүт берген малдарынын желиндери сүткө толду. Муну
көргөн кошуналары таң калып, бул берекеттин сыры эмизүүгө алып келген наристеде
экенин байкашты.
Бир мезгилде
алардын журтунда өтө катуу кургакчылык болду. Суусуздуктан катуу кыйналган эл
жамгыр дубасына чыкты. Мухаммед алейхиссаламды дагы өздөрү менен бирге алып чыгышып,
дуба кылышты. Анын урматына мол жамгыр жана берекетке ээ болушту.
Пайгамбарыбыз
алейхиссалам сүт энеси Халима Хатундун оң көкүрөгүн эмип, сол көкүрөгүн эмчү
эмес. Аны болсо сүт бир тууганына калтырчу. Эки айлык болгондо жөргөлөй
баштады. Үч айлык болгондо буттарына туруп, төрт айлыкта дубалга жөлөнүп жүрчү.
Беш айлык болгондо басты, алты айлыгында ылдам баса баштады. Жети айлык
болгондо ар тарапка бара ала турган болду. Сегиз айында түшүнүлө турчудай, тогуз
айлык болгондо так сүй- лөй баштады. Он айында ок ата баштады. Халима айым
мындай деген болчу: "Биринчи сүйлөй баштаганда "Ла илаха иллаллаху валлаху акбар.
Валхамдулиллахи раббил аламин” деди. Ал күндөн кийин Аллаху тааланын атын айтпай
эч нерсеге колун узаткан жок.
Сол колу менен
бир нерсе жечү эмес. Басып баштаганда балдар ойноп жаткан жерден узак турчу
жана аларга: "Биз бул үчүн жара- тылган эмеспиз”, – дечү. Күндө Аны күндүн
жарыгы сыяктуу бир нур каптап, анан кайра ачылчу. Ай менен сүйлөшчү, ага ишарат
кылганда ордунан козголчу.
Халима
Хатун дагы айтат:
"Мухаммед
алейхиссалам эки жашка толгондо Аны эмчектен чыгардым. Анан энесине тапшыруу
үчүн күйөөм менен Меккени карай жол алдык. Бирок, Анын ушундай көп берекеттерине
жеткен элек. Андан айрылуу, ыйык жүзүн көрө албоо бизге абдан кый- ын болду. Анын
таң калыштуу абалдары тууралуу энесине айтып бердим. Амина айым: "Менин
уулумдун чоң атагы бар”, – деди. Мен: "Аллахка ант болсун, мындан да ыйык эч кимди
көргөн эмесмин!” – дедим. Анан Амина Хатунга түрдүү шылтоолорду айтып, дагы
бираз биз менен бирге болуусун өтүндүм. Бизди таарынткы- сы келбей, биз менен
бирге болуусуна уруксат берди. Аны менен кайра уруубузга кайттык. Аны себеби менен
үйүбүз берекетке толду. Мал-мүлкүбүз, шаан-шөкөтүбүз артты. Эсепсиз нематтарга
ээ болдук”.