Көкүрөгүнүн жарылуусу


Халима Хатун айтат:

"Сарвар-и аалам "саллаллаху алейхи ва саллам” бир күнү: "Күндүз эмне себептен бир туугандарым көрүнбөйт?” – деп сурады. "Кой багууга кетишти. Үйгө түндө гана келишет”, – деп жооп бердим. Ал: "Мени дагы алар менен бирге жибериңиз. Мен дагы кой багайын”, – деди. Ар кандай шылтоолорду айттым. Акыры көңүлү ыраазы болсун деп: "Макул”, – дедим. Эртеси күнү ыйык чачтарын тарадым. Кийимдерин кийгизип, сүт бир тууган- дары менен бирге жибердим. Бир нече күн барып келип жүрдү. Бир күнү сүт бир тууганы Шайма жайлоодон келгенде: "Көзүмдүн нуру уулум Мухаммед кайда?” – деп сурадым. "Чөлдө жүрөт”, – деп жооп берди. "Ысыкта кантип чыдап жүрөт?” – деп сурасам: "Эй, апакем! Ага эч кандай зыян келбейт. Анткени, ыйык башы- нын үстүндө дайым бир булут Аны менен бирге жүрөт. Ошентип, күндүн ысыгынан коргонууда”, – деп жооп берди. "Эмнени айтып жатасың? Ушул айткандарың чынбы?” – деп сурасам ал ант берди. Ошондо гана көңүлүм тынчтанды. Бир күнү чак түштө сүт бир тууганы Абдуллах мага келип: "Апакем! Тез чуркаңыз!.. Курай- штык бир тууганым менен бирге кой кайтарып жүргөнбүз. Капыстан жашыл кийимчен үч киши келди. Бир тууганымды тоонун башына алып кетишти. Чалкасынан жаткызып, курсагын бычак менен жарышты. Кабар берейин деп келгенимде алар ал жерде болчу. Бир тууганымдын соо калдыбы же жокпу билбейм”, – деди. Ошол маалда кан мээме чыкты. Чуркаган бойдон ошол жерге бардык. Аны көрдүк. Дароо ыйык жүзү-башын өөп: "Эй, көзүмдүн нуру! Эй, ааламдарга ырайым болгон уулум! Бул эмне деген шумдук? Сага эмне болду? Сени ким капалантты? – деп сурадым. Ал болсо: "Үйдөн чыккандан кийин жашыл кийимчен эки кишини көрдүм. Биринин колунда күмүштөн бир кумган, биринин колунда болсо зумруттан бир илеген бар эле. Илеген кардан аппак бир нерсеге толгон эле. Мени тоо башына алып барышты. Бири чалкаман жаткызды. Мен карап турсам көкүрөгүмдү курсагыма чейин жарды, бирок, менин эч бир оору сезбедим. Колу менен ичимде эмне бар болсо чыгарышты. Ошол ак нерсе менен жууп ордуна коюшту. Бири башкасына: "Тур, мен дагы милдетимди аткарайын!” – деди жана колу мене жүрөгүмдү чыгарды. Эки бөлүк эт эле жана ичинен кара бир нерсени алып салды. Жана: "Сенин денеңде шайтандын насиби ушул болчу. Чыгарып таштадык. Эй, Аллаху таланын сүйүктүүсү! Сени васвасадан жана шайтандын куулугунан коопсуз кылдык”, – дешти. Анан жүрөгүмдү өздөрүндөгү жумшак бир нерсе менен толтурушту. Нурдан бир мөөр менен мөөрлөштү. Алиге чейин ошол мөөрдүн салкынын бүт денемде сеземин. Алардын бири колун жарылган жериме койгондо, жарам сакайды. Кийин мени үммөтүмөн он киши менен тартышты, мен оор бастым. Миң киши менен тартышты, дагы мен оор бастым. Ушундан кий- ин алардын бири экинчисине: "Аны тартууну ташта. Аллахка ант болсун, Аны үммөтүнүн бардыгы менен тартсак да оор басат”, – деди. Ошондо баары колуман жүзүмөн өөп мени ушул жерде калтырып кетишти”, – деди. Жарылган жери ыйык көкүрөгүндө билинип турган эле.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын башынан өткөн жана Курани каримдин "Инширах” сүрөсүнүн биринчи аят-и каримасында билдирилген бул окуя "Шакк-ы садр”, б.а., көкүрөгүнүн жарылышы деп аталат.

Мухаммед алейхиссаламга пайгамбардыгы билдирилгенден кийин сахабалардан айрымдары: "Йа, Расулаллах! Бизге өзүңүз тууралуу айтып бересизби?” – деп сурашканда: "Мен бабам Ибрахимдин дубасымын. Бир тууганым Исанын сүйүнчүсүмүн! Апамдын болсо көргөн түшүмүн. Ал мага кош бойлуу болгондо Шам сарайларын жаркыраткан бир нурдун өзүнөн чыкканын көргөн эле... Мен Са’д бин Бакр уулдарынын жанында эмизилип, чоңойтулдум”, – деп жооп берди.

Халима Хатун төрт жашка толгондон кийин Аны Меккеге алып барып энесине тапшырды. Чоң атасы Абдулмутталиб Халима Хатунга көптөгөн сыйлык берип ихсан кылды. Халима Хатун Аны Меккеге калтырып кеткенде Андан бөлөк калуунун кайгысын: "Жаным жана көңүлүм да Аны менен бирге калгандай болду”, – деген сөздөр менен айткан эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш