Сүйүктүү Пайгамбарыбыз "саллаллаху
алейхи ва саллам” алты жашына чейин энесинин жанында чоңойду. Алты жашында
энеси жана Умму Айман деген күң менен бирге туугандарын жана атасы Абдуллахтын мазарын
зыярат кылууга Мединага барышты. Ал жерде бир ай калышты. Пайгамбарыбыз
Мединада Нажжар уулдарына караштуу хавузда сууда сүзгөндү үйрөндү. Ал тапта бир
яхуди биларманы Андагы пайгамбардык белгилерин көрдү. Жанына келип атын сурады."Ахмед” – деп айтканда ал биларман: "Бул бала акыр заман пайгамбары болот!”
– деп кыйкырды. Айрыкча ал жердеги яхуди аалымдарынын айрымдары дагы Андагы
пайгамбардык белгилерин көрүшкөн жана пайгамбар боло турганын өзара сүйлөшүп
билишкен болчу. Алардын бул сөздөрүн угуп калган Умму Айман жагдайды Хазрети
Амина энебизге кабар бергенде сүйүктүү энеси бир зыян келбесин деген кабатыр менен
Аны алып Меккени карай бет алды. Абва деген жерге келгенде Хазрети Амина энебиз
ооруп калды. Оорусу барган сайын күчөп, улам-улам өзүн жоготуп жатты. Жанында
турган сүйүктүү уулу Мухаммед алейхиссаламды карап: "Эй, атылган өлүм окунан Аллаху
тааланын жакшылыгы менен, жүз төө куну менен аман калган заттын уулу! Аллаху
таала сени мубарек кылсын. Эгер көргөн түшүм туура чыкса сен жалалы жана
жакшылыгы мол Аллаху таала тарабынан адамзатка халал менен харамды билдирүү
үчүн жиберилгенсиң. Аллаху таала кылымдардан бери улуттар менен бирге уланып
келген буттардан жана бутпарастыктан коргойт”, – деди жана мына бул бейттерди
айтты:
Жаңы эскирет,
жашаган өлөт,
Түгөнөт көп
болгон, барбы жаш бойдон калган? Мен дагы өлөмүн, бир гана айырмам ушул: Сени
мен төрөдүм, мартабам ушул.
Артыман
калтырдым кайырлуу перзент, Көзүмдү жумдум, ичим рахат.
Менин наамым
калат дайым тилдерде, Сенин сүйүүң жашайт дайым көңүлдөрдө.
Анан көз
жумду. Ошол жерге көмүлдү. Амина энебиз көз жумганда жыйырма жашта болчу.
Умму Айман
ааламдардын мырзасын жанына алып, бир нече күн созулган жолчулуктан кийин
Меккеге алып барып, чоң атасы Абдулмутталибдин жанына таштады.