Пайгамбарыбыздын
"саллаллаху алейхи ва саллам” эне-атасы Ибрахим алейхиссаламдын дининде эле,
б.а., момун болушкан. Ислам аалымдары алардын Ибрахим алейхиссаламдын дининде
болушканын жана Мухаммед алейхиссаламга пайгамбардыгы билдирилгенден кийин да
Анын үммөтүнөн болуулары үчүн тирилтирилип, калима-и шахадатты угуп тилдери
менен айтышка- нын, ошентип, бул үммөттөн болгондуктарын билдиришкен.
Мухаммед
алейхиссалам сегиз жашына чейин чоң атасынын жанында чоңойду. Чоң атасы Абдулмутталиб
Меккеде абройлуу жана түрлүү иштерди башкарган бир зат болуп, айбатуу, сабырдуу,
ахлактуу, дурус, март жана жоомарт эле. Кедейлерди тойгузуп, атүгүл, ачка жана суусуз калган
жан-жаныбарларга да тамак берчү. Аллаху таалага жана акыретке ишенчү.
Жамандыктардан сактанып, жахилия доорунун ар түрлүү жаман адаттарынан узак турчу.
Меккеде зулумдуктарга, адилетсиздиктерге тоскоол болуп, келген мусапырларды конокточу.
Рамазан айында Хира тоосуна чыгып ибадат кылуу адаты болчу. Балдарды жакшы
көргөн жана өтө мээримдүү болгон Абдулмутталиб сүйүктүү небересин кучагына
алып, күнү-түнү жанынан чыгарчу эмес. Ага өзгөчө сүйүү жана мээрим көрсөтчү. Каабанын
көлөкөсүндө өзүнө гана таандык орунга Аны менен бирге отурчу. Ага тоскоол болгусу
келгендерге: "Тим койгула, Анын мартабасы бийик!” – дечү. Пайгамбарыбыз
алейхиссаламды баккан аял Умму Айманга Ага жакшы кароосун кайра-кайра дайындап:
"Уулумду жакшы кара! Ахл-и китаб менин уулум тууралуу бул үммөттүн пайгамбары
болот деп айтышууда”, – дечү. Умму Айман
мындай деген: "Анын балалык кезинде курсагым ачты, суусадым деп айтканын эч качан
уккан эмесмин. Таңда бир жутум замзам иччү. Ага тамак берейин деген кездерде: "Кереги жок, токмун”, – дечү”.
Абдулмутталиб уктап
жатканда жана бөлмөсүндө жалгыз отурганда Андан башка эч кимге жанына кирүүгө
уруксат берчү эмес. Аны мээрим менен бооруна кысып, сөздөрүнөн жана кыймыл-аракеттеринен
өтө ырыхаттанчу. Дасторкондо аны жанына алып, тизесине отургузуп, тамактын эң
жакшысын, эң даамдуусун Ага берчү жана Ал келбестен дасторконго отурчу эмес. Ал
тууралуу өтө көп түштөрдү көрдү, бир топ окуяларга күбөө болду. Бир жолу Меккеде
кургакчылык жана жут болду. Абдулмутталиб көргөн түшү менен Мухаммед
алейхиссаламды колунан кармап Абу Кубейс тоосуна чыгып "Аллахым, бул баланын акысы
үчүн бизди берекелүү жамгыр менен сүйүндүрө көр!” деп дуба кылды. Дубасы кабыл
болуп мол жамгыр жаады. Ошол кездеги акындар бул окуяны ырлар менен баян кылышкан.
Нажрандык поп
Күндөрдүн
биринде Абдулмутталиб Каабанын жанында отурганда жанына Нажрандык поп келип
сүйлөй баштады. Поп: «Биз Исмаил уулдарынан эң акыркы келе турган пайгамбардын
өзгөчөлүктөрүнүн китептерде жазылуу экендигин окудук. Ал
зат мына ушул! Бул бала сенин тукумуңанбы? – деп сурады.
Уулум.
Китептерде окугандыгыбызга караганда
анын атасынын тирүү болбоосу керек, - деди.
Бул
бала менин неберем болот. Атасы ал төрөлө электе, энеси- нин боюнда бар кезде
көз жумган, – дегенде поп:
Мына,
эми туура айттың – дегенде Абдулмутталиб уулдарына:
Бир
тууганыңардын уулу тууралуу айтылгандарды уккула да, ага жакшы көз салып коргогула,
- деди.
Чоң атасынын кайтыш болуусу
Чоң атасы
Абдулмутталиб көз жумуусуна жакын уулдарын жыйнап: "Эми дүнүйөдөн акыретке
көчүү мезгилим келди. Бир гана оюм бул жетим тууралуу болууда. Атаганат, өмүрүм
узун болгондо бул кызматты сүйүү менен уланта алсам кана. Бирок, колдон эмне
келмек эле. Азыр болсо буга өмүр жетпейт, көңүлүм бул кайгы-касырет отуна
күйүүдө. Бул жалгызымды ичиңерден бирөөңөргө аманат кылууну каалайм. Кимиңер
анын акысын сак- тап ылайыгы менен кызматында кемчилик кылбастан карай алаар
экенсиңер?” - деди.
Абу Лахаб
чөгөлөп: "Эй, араптын кожоюну,
эгер бул аманатты тапшыруу үчүн акылыңыздан өткөргөн бирөө бар болсо сөз жок,
болбосо бул кызматты мен аткарайын”, - деди. Абдулмутталиб ага: "Сенин дүнүйөң
көп болгону менен сен таш боор, мээримиң аз. Жетимдин көңүлү жаралуу жана ичке болот.
Дароо ирээнжийт. Башка балдарынан кээ бирлери дагы ошол эле сунуштарын кайталашты.
Абдулмутталиб ар биринин өзгөчөлүктөрүн айтып, кабыл кылбады. Кезек Абу Талибге
келгенде: "Мен
муну баарынан көп каалап турам, бирок,
улууларыбыз турганда алдыга өтүү туура эмес. Дүнүйөм аз, бирок, менин
чынчылдыгым бир туугандарыман артык”, - деди. Абдулмутталиб: "Туура айтасың, бул
кызматка ылайык болгон сенсиң. Мен ар ишимде аны менен акылдашып, ал каалагандай
кыймылдаймын. Ошого жараша ишимден туура натыйжа алып келе жатам. Бул маселени
эми неберемдин өзү менен кеңешейин. Кимиңердин карамагыңарда болууну тандаса
мен дагы ошону кабыл кылган боломун”, - деди. Кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбызга кайрылып:
"Эй, көзүмдүн нуру! Сага болгон касырет менен акыретке бет алдым. Бул агаларыңдан
кайсы бирин тандайсың?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз ошондо туруп: Абу Талибдин
мойнун кучактап, тизесине отурду. Абдулмутталиб ошондо ушунчалык санаасы тынч
алып: "Аллаху таалага хамд болсун. Мен да ушундай болушун каалаган элем. Абу Талибди
карап: "Эй, Абу Талиб, бул таза наристе эне-ата мээримин көргөн жок. Ошого
жараша өтө сак болуп карооң керек! Сени башка балдарыма караганда адамдык
сапаттарыңды жакшы билем жана жакшы көрөм. Бул улуу, ары кымбат аманатты сага
тапшырдым. Анткени, анын атасы экөөңөр тең бир энеден болосуңар. Аны өз
жаныңдай коргой көр. Бул керээзимди, осуятымды кабыл кылдыңбы?” – деп сурады. Ал
дагы "кабыл кылдым” дегенде Абдулмутталиб жандай көргөн небересин кучактап,
ыйык маңдайынан, көзүнөн, жүзүнөн өөп-жыттады да балдарына кайрылып: "Баарыңар
күбө болгула, мен мындан да жагымдуу жытты жыттабадым, мындай сулуу жүздү эч
бир жерден көргөн жокмун!» - деди.