Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Абу Талибдин камкорлугунда




Абу Талибдин камкорлугунда


Чоң атасы Абдулмутталиб дүйнөдөн кайткандан кийин ааламдардын мырзасы Мухаммед алейхиссалам агасы Абу Талибдин жанында сегиз жаштан тарта жашай баштады жана анын кол астында чоңойду. Ал кезде Абу Талиб өзүнүн инсандык бийик касиеттеринен улам атасы Абдулмутталиб сыяктуу Меккелик курайш уруусунун билерманы, өзү абройлуу, сөзү өтүмдүү зат эле. Ал дагы Пайгамбарыбызды өтө чоң сүйүү-мээримин көрсөттү. Өз балдарынан артык жакшы көрүп, аны жанына албастан уктабас, бир жерге барбас эле жана "Сен ушунчалык кайырлуу, ушунчалык мубарексиң” дей турган. Дасторконго отурганда ал колун узатпастан мурда андан озунуп тамакка кол созчу эмес. Биринчи болуп анын баштоосун каалачу. Кээде Пайгамбарбызга арнап атайы өзүнчө дасторкон даярдатаар эле. Эртең менен ойгонгондо жүзүнүн ай сыяктуу жаркырагандыгын, чачтарынын таралгандыгын көрүшчү. Абу Талибдин дүнүйө малы көп эмес эле, үй-бүлөсү дагы көп эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбызды карамагына алгандан тарта молчулук жана берекетке ээ болду. Меккеде болгон кургакчылыктан улам эл кыйын абалга туш келгенде Абу Талиб аны Каабанын жанына алып барып дуба кылды. Анын берекеси менен мол жамгыр жаады. Кургактыктан жана жутчулуктан кутулушту.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш