Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Динбашы Бахиранын айткандары




Динбашы Бахиранын айткандары


Сүйүктүү Пайгамбарыбыз 12 жаштарында бир күнү Абу Талибди соода-сатык максатында узак сапарга камданып калганын көрөт. Бирок, агасынын бул сапарга өзүн бирге алып баруусун түшүнгөндө Абу Талибге: «Мени бул шаарда кимге таштап кетип жатасың? Же атам болбосо, же мага күйөр бирөө болбосо!..» - деди. Анын бул сөздөрү Абу Талибге катуу таасир калтырды, сапарга аны да алып кетүүгө белсенет. Узун сапардан келген соода кербени Бусрада христиандарга тийиштүү монастырдын жанында конуш алат. Бул монастырда Бахира атуу бир поп турчу. Мурда яхуди аалымдарынан болуп, кийин христиан болгон бул билимдүү поптун жанында колдон колго өтүп сакталып келген бир китеп бар болчу. Суроо сурагандарга ошого карап жооп берчү. Курайштын кербени мурдагы жылдарда бул жерден канча ирет келип-өткөн болсо дагы эч байланышы болгон эмес эле. Ар таңда монастырдын чатырына чыгып, кербендердин келген тарабына карап, тынчсыз абалда бир нерселерди издеп күтөөр эле. Бул жолу бир абал басып, толкундануу менен ордунан атып турган эле. Анткени, Курайш кербени алыстан көрүнгөндө үстүндө бир булуттун алар менен бирге калкылдап келе жатканын байкаган эле. Бул булут Сүйүктүү Пайгамбарыбызды көлөкөлөп турган эле. Кербен конор замат Бахира Пайгамбарыбыз отурган бактын талдары Анын үстүнө карай ийилгендигин көрүп ого бетер толкууга баткан эле. Дароо дасторкондорду жайдырып, киши жиберип Курайш кербенинде болгондордун бардыгын тамакка чакырды. Кербенде бирге келгендер Сүйүктүү Пайгамбарыбызды мал-жандарынын жанына таштап, поптун жанына барышат. Бахира кирип келгендерге дыкат салып карап: "Эй, Курайш калкы, араңарда тамакка кошулуп келбеген барбы?” – деп сураганда "Ооба, бир киши бар” дешти. Себеби, Курайштыктар жанына келсе дагы баягы булут алиге чейин эски ордунда калган эле. Муну көргөндө кербенде бирөөнүн калгандыгын түшүнгөн эле. Поп Бахира анын дагы келүүсүн айтты. Келер замат ага дыкат салып карай баштады. Абу Талибге: "Бул тестиер сенин урпагыңбы?” – деди.

- Ооба, уулум болот.

- Китептерде бул баланын атасынын тирүү эместиги жазылуу эле. Бул сенин балаң эмес.

- Туура айтасың, бала менин бир тууганымдын уулу болот.

- Атасына эмне болгон?

- Атасы уулу төрөлөргө жакын кайтыш болгон.

- Туура айтып жатасың. А энеси эмне болгон?

- Ал да көз жумган.

- Туура айттың, - деген Бахира берилген жооп менен Пайгамбарыбызга карап буттардын атына ант ичти. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Бахирага: "Буттардын ысымы менен ант ичпе, дүнүйөдө мага алардан чоң душман жок, мен аларды жек көрөмүн”, - деди. Бахира бул жолу Аллаху тааланын атына ант ичип:

- Сен уктайсыңбы?

- Көздөрүм уктайт, бирок, көңүлүм уктабайт.

Бахира мындан башка көптөгөн суроолорду сурап, жоопторун алды. Алган жооптору мурда окуган китептерине төп келип отурган эле. Анан Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ыйык көздөрүн карап Абу Талибге: "Бул кызылтыңдык ыйык көздөрүндө дайым болуп турабы?” – деп сурады. Ал: "Ооба, кеткенин көрбөдүк”, - деди. Бахира бул белгинин дагы төп келип турганын көргөндө көңүлүнүн йакин пайда кылуусу үчүн пайгамбарлык мөөрүн көрүүнү каалады. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз адебинен далысын ачууну каалашпады. Абу Талиб: "Эй, көзүмдүн нуру, бул өтүнүчүн да орунда”, - дегенде ыйык далысын ачты. Бахира «пайгамбарлык мөөрдү» үңүлө карап, толкундоо менен өөп эки көзүнөн жаш селдей акты. «Мен Сенин Аллаху Тааланын Расулу экендигиңе Шахадат кыламын” - деди да, бийик үн менен мындай дейт: «Мынакей, ааламдардын мырзасы... Мына ааламдардын Раббинин Расулу... Мына Аллаху таала- нын ааламдарга рахмат катары жиберген улуу Пайгамбар”, деди. Ал жерде турган Курайштыктар таң калышып, Мухаммеддин бул поптун алдындагы кадыры кандай гана бийик экен”, - дешти. Бахира Абу Талибге кайрылып: "Бул Пайгамбарлардын акыркысы жана эң кадырлуусу. Мунун дини бүткүл жер бетине жайылып, эски диндерди сүрүп чыгарат. Бул баланы Шамга алып барба. Анткени, Исраил уулдары ага душман. Анын ыйык денесине зыян келтирүүлөрүнөн коркомун. Бул тууралуу өтө көп «ахд жана мисак» болгон деди. Абу Талибдин «ахд жана мисак» тууралуу суроосуна болсо мындай жооп айтат:

Аллаху таала бардык пайгамбарлардан жана акыркы болуп Иса алейхиссаламдан үммөттөрүнө акыр заман пайгамбарынын келе тургандыгын билдирүүлөрү тууралуу сөз алган, - деди.

Абу Талиб Бахиранын бул сөздөрүнөн кийин Шамга баруудан баш тартты. Мал-оокатын ушул жерде сатып кайра Меккеге кайтты. Бахирадан уккан нерселер өмүр бою Абу Талибдин кулактарында жаңырды. Пайгамбарыбызды андан бетер сүйдү. Аны өлгөнгө чейин коргоду. Ар бир ишинде жардамчы болду.

Ар кыймыл аракетинде фазилат жана сулуулук ээси жана өзгөчө инсан болгон Сүйүктүү Пайгамбарыбыз чоңоюп, 17 жашка кирген эле. Бул убакта Йеменге соода үчүн барган агасы Зубейр соодасынын берекелүү болуусу үчүн Аны дагы өзү менен бирге алып кетти. Бул жолкусунда да канчалаган кадимкиден башкача кызыктарга күбө болду. Меккеге кайтышкан кезде анын бул абалдары баяндалды жана Курайш уруусу арасында мунун атак-даңкы өтө бийик болот деп айта баштады...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш