Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Жаштыгы жана үйлөнүүсү




Жаштыгы жана үйлөнүүсү


Бардык тарабынан адамдардын эң жогорусу болгон Мухаммед алейхиссалам жаштык жылдарында Мекке элинин арасында курдаштарына караганда чоң кадыр-баркка ээ болгон. Жакшы мүнөзү, адамдарга мурда болуп көрбөгөндөй жакшы мамиледе болуусу, оор басырыктуулугу, жумшактыгы жана башка жогору касиеттери менен адамдардын көңүлүнөн орун алган болчу. Адамдар ушул касиеттеринен улам Ага таң калышкан болчу. Мекке эли ушул көргөн таң калаарлык даражадагы чынчылдык жана ишеничтүүлүктөн улам Ага Аль-Амин, б.а., өзүнө ар дайым ишенүүгө болгон киши деген лакапты берген эле. Ушинтип, жаштык жылдарында ушул ысым менен таанымал болду.

Пайгамбарыбыздын жаштык жылдарында араптар өтө жахилдик (караңгылык) доордо жашап турушкан. Бутка сыйынуу, аракечтик, кумар, зина, пайыз жана бир топ жаман иштер кеңири тараган болчу. Мухаммед алейхиссалам алардын бул бузук абалын абдан жек көрүп, ар жамандыктан дайыма алыс турчу. Бүткүл Мекке эли Анын бул жагдайын билчү жана таң калчу. Буттарды ушунчалык жек көрүүдөн эч качан аларга жакын жолочу эмес. Буттар үчүн союлган курмандыктардын этинен эч качан жеген эмес. Бала кезинде жана жаштык жылдарында өзүнө таандык койлорду Жияд тоосу жана айланасына жайып, оокатын ушул жол менен камсыз кылчу. Мына ушинтип, абдан бузулган коомдон узак турчу. Бир күнү сахабаларга: "Кой бакпаган эч бир пайгамбар жок”, - деп айткан болчу. "Йа, Расулаллах! Сиз дагы кой баккан белеңиз?” - деп сурашканда: "Ооба, мен дагы бакканмын”, - деп жооп берди.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз жыйырма жашка чыгып калган кездерде Меккеде тынчтык абдан бузулган эле. Зулумдук жайылып, мал-оокат, жан жана намыс коопсуздугу калбаган болчу. Меккенин жергиликтүү калкы соода жана Каабаны зыярат кылууга келген чет өлкөлүктөргө адилетсиздик жана зулумдук кылчу. Зулумдукка дуушар болгон кишилер акыларын кайтарып алуу үчүн кайрыла турган жер таппай жатышкан эле. Ал учурда соода максатында Меккеге келген Йемендик бир соодагердин буюмдары Ас бин Ваил деген бир Меккелик адам тарабынан зордук менен тартып алынган болчу. Бул окуядан улам Йемендик киши Абу Кубейс тоосуна чыгып, ызы-чуу салып, акысын кайтарып алуу үчүн уруулардан жардам сурады. Акыры зулумдук өтө жайылып, чектен ашкандыгына байланыштуу Хашим жана Зухра уулдары башка уруулардын чоңдору Абдуллах бин Жудандын үйүндө чогулушту. Жергиликтүү болсун, чет өлкөлүк болсун эч кимге зулумдук жана адилетсиздик кылынбашына, зулумдукка тоскоол болууга жана адилетсиздикке дуушар болгондордун акыларын алууга чечим чыгарышты. Ушул максат менен бир адилет коомун курушту. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын жаш кезинде катышкан жана курулушунда да өтө чоң таасирин тийгизген бул коом «Хылфул Фудул» деп аталды. Андан мурда Фадл деген эки киши жана Фудайл деген киши тарабынан дагы ушул сыяктуу бир коом түзүлгөн болчу. Алардын мурда курган коомуна атап бул ысым берилген эле. Бул коом зулумдуктун алдын алып, Меккеде бузулган тынчтыкты кайрадан орнотту. Таасири көпкө чейин уланды. Расулуллах алейхиссалам өзүнө пайгамбардык билдирилгенден кийин сахабаларга түшүндүрүп жатып: "Абдуллах бин Жудандын үйүндө кылынган ант берүү антташууда мен дагы болгонмун. Мага ал ант берүү мааракеси кызыл төөлөргө(байлыкка) ээ болуудан дагы сүйкүмдүү. Азыр дагы мындай бир жыйналышка чакырылсам макул болом”, - дечү.

 

Кербен

Меккеликтер мурдатан эле соода менен алектенип, тиричилигин ушул жол менен камсыз кылчу. Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васалламдын агасы Абу Талиб да соода менен алектенчү. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз жыйырма беш жашка келгенде Меккеде тиричилик кылуу абдан оор эле. Ушул себептен Меккеликтер Шамга баруу үчүн чоң кербен даярдай башташты. Ошол күндөрү Абу Талиб Пайгамбарыбызга келип: "Эй, кадырлуу жээним! Жакырчы- лык абдан артты. Каатчылык менен өткөрүп жаткан ушул акыркы жылдар колубузда эч нерсе калтырган жок. Мына, Курайш кербени даярдалыптыр, Шамга карай жол алайын деп турат. Хадича Хатун дагы кербен менен мал жиберет. Сөзсүз ушул ишти аткара ала турган ишеничтүү адамдарды издеп жатса керек. Албетте, сен сыяктуу ишеничтүү, таза жана опаалуу бир кишиге муктаж. Барып бир сүйлөшүп көрсөк, сени өкүл катары жиберүүсүн камсыз кылсак абдан жакшы болот. Сөзсүз башкалардын арасында сени тандайт. Негизи мен сени Шамга барууңду каалаган жокмун. Себеби, ал жердеги яхудилер сага бир зыянын тийгизип коёбу деп коркуп турам. Бирок, башка чара да таппай жатамын”, - деди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам ага: "Сиз кандай кааласаңыз ушундай кылыңыз”, - деп жооп берди.

Хазрети Хадича сулуулугу, байлыгы, акылдуулугу, намыскөйлүгү, уяттуулугу жана адептүүлүгү менен Арабстанда чоң атакка ээ аял болчу. Ошондуктан, ар тараптан жактырып, колун сурап келген кишилер көп эле. Бирок, көргөн бир түшүнө байланыштуу эч кимге макулдугун бербеген болчу. Түшүндө көктөн ай түшүп койнуна кирген, айдын нуру колтугунан чыгып, бүткүл ааламга жарык чачкан болчу. Эртең менен бул түшүн туугандарынан Варака бин Навфалга айтып берди. Варака: "Акыр заман пайгамбары дүйнөгө келиптир. Сен менен үйлөнөт жана сенин заманыңда Ага вахий түшөт. Дининин нуру ааламды толтурат. Эң алгач ыйман келтирген адам сен болосуң. Ал Пайгамбар Курайштан жана Бани Хашимден болот”, - деди. Хазрети Хадича бул жоопко аябай кубанды жана ал Пайгамбардын келишин күтө баштады.

Хазрети Хадича соода менен алектенип, макулдашкан кишилер менен орток иш кылчу. Абу Талиб Хазрети Хадича энебизге жаг- дайды айтып берди. Анан Хазрети Хадича Расулуллах алейхис- саламды көрүп, сүйлөшүп алуу үчүн үйүнө чакырды. Пайгамбарыбыз келгенде чоң урмат-сый көрсөттү. Пайгамбарыбыздын сылыктыгын, жөнөкөйлүгүн, нурдуу дидарын көрүп таң калды. Расулуллах алейхиссаламга кайрылып: "Чынчыл, ишеничтүү, өзүнө бекем жана жакшы мүнөздүү экениңизди билемин. Бул иш үчүн эч кимге бербеген кызмат акысынан көп эсесин беремин...” Андан соң кызматта керек боло турган кийимдерди берип, көңүл тынчтыгы менен узатып койду.

Хазрети Хадича энебиз илимдүү бир христиан болгон агасынын уулу Варака бин Навфалдан пайгамбардык белгилерин үйрөнүп, билип алган болчу. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын бул зыяратында да пайгамбардык сыпаттарын көргөн болчу. Ошондуктан, Майсара деген кулуна: "Кербен Меккеден айрылган кезде төөнүн ноктосун ага кармат, анткени, Меккеликтер бир ушак таратпасын. Шаардан алыстап көздөн узап кеткенге чейин бул кымбат кийимдерди Ага кийгиз”, - деди. Анан төөлөрүнүн эң сулуусун падыша- ларга даярдагандай кылып жабдыктады. Майсарага: "Аны ушул төөгө чоң урмат менен мингизип, ноктону колуңа ал, өзүңдү ал Хазреттин кызматкери деп бил. Анын уруксатысыз эч нерсе кылба жана Аны коргоо үчүн жаныңды аяба. Барган жерлериңерде көпкө калып кетпей, тезирээк кайтып келгиле. Антпесе, Хашим уулдарынын жанында уят болуп калабыз. Эгер ушул айткандарымды так аткарсаң сени азат кылып, өзүңө канча кааласаң ошончо байлык беремин”, - деди.

Кербен даярдалды, Меккеликтер жакындары менен коштошуу үчүн топ-топ болуп жыйнала баштады. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын тууганы, агалары жана Хашим уулдарынын чоңдору дагы ошол жерге жыйналды. Пайгамбарыбыздын таежеси, Аллаху тааланын Расулун (саллаллаху алейхи васаллам) жумушчу кийими менен төөнүн ноктосун колуна кармаган абалда көргөндө өзүн кармай албай, тизелеп отуруп калды. Ыйлап-сыздады, көздөрүнөн жаш агызып: "Эй, Абдулмутталиб! Эй, Замзам кудугун казган улуу зат! Эй, Абдуллах! Мазарыңан туруп, башыңды бул тарапка буруп бул кишинин абалын карачы!” - деп кайгыларын айтып ыйлады. Абу Талиб дагы ошол сезим жана кайгынын ичинде эле. Расулуллахтын Хакты көргөн ыйык көздөрүнөн берметтей жаштар төгүлө баштады жана: "Мени эч качан унутпагыла. Бөтөн өлкөлөрдө кайгы жана кыйынчылык тартканымды эскергиле”, - деп айтты. Бул сөздөрдү уккандардын баары ыйлады. Көктөгү периштелер дагы бул абалга орток болду жана: "Эй, Раббибиз! Бул Өзүңө хабиб (сүйүктүү) кылып, эң чоң мартабаны берген Мухаммед алейхиссалам го. Бул абалдын сыры эмнеде?” - дешти. Аллаху таала аларга: "Ооба, Ал менин хабибим. Бирок, силер махабаттын сырын биле албайсыңар. Сүйүктүү менен сүйгөндүн арасындагы сырларга жете албайсыңар. Бул мартабаны эч ким биле албайт. Бул сырдуу иштен эч ким эч нерсени түшүнө албайт”, - деди.

Акырында кербен жолго чыгып, Меккеден көрүнбөй калганда Майсара алган буйругуна ылайык кымбат кийимдерди сүйүктүү Пайгамбарыбызга кийгизди. Түрдүү-түрдүү кездемелер менен кооздолгон төөгө мингизди. Ноктосун да өзү колуна алды.

Бул жолчулукта кербендегилер ааламдарга ырайым катары жиберилген сүйүктүү Пайгамбарыбыздын үстүндө Аны көлөкөлөп бараткан бир булутту жана куш сүрөтүндө эки периштенин сапардын аягына чейин Аны менен бирге жүргөнүн көрүштү. Жолдо алдан тайып, баса албай кербендин артында калып кеткен эки төөнү буттарын колдору менен сылаганда төөлөрдүн ылдам басып кеткендиктери сыяктуу бир топ кереметтерди көрүшкөндөн кийин

Аны абдан жактырышып, даражасынын өтө бийик боло турганын түшүнүштү. Бусра деген жерге келишкенде дагы ошол жердеги монастрдын жанында токтошкон эле. Көргөн бир канча белгилер- ден улам Анын акыркы пайгамбар боло турганын көрүп айткан рахиб Бахира өлүп, анын ордуна Настура деген башкасы келген эле. Чиркөөгө жакын жерге келип токтогон Курайш кербенин карап турган рахиб Настура жакын жердеги бир кургап калган бактын астына бир кишини барып отурганда ошол замат бак жашылданып кеткенине күбө болду. Майсарадан: "Ал бактын астында отурган зат ким?” - деп сурады. Майсара: "Ал киши - Курайш уруусунун Харем элинен бир зат болот”, - деди. Рахиб: "Азыркыга чейин бул бактын астына пайгамбарлардан башка эч ким отурган эмес”, - деди. Анан: "Анын көздөрүндө бир аз кызгылтың барбы?” - деп сурады. Майсара: "Ооба бар жана көздөрүнөн эч качан жок болбойт”, - деди. Настура: "Иса алейхиссаламга Инжилди түшүргөн Аллаху тааланын акысы үчүн бул зат пайгамбар болот. Кана, мен дагы Анын пайгамбардыгы билдириле турган заманга жеткенимде”, - деди...

Мухаммед алейхиссалам Бусра базарында Хадича Хатундун товарларын сатып турганда Аны менен соодалашкан  бир  яхуди ишенбегендиги үчүн "Лат жана Узза деп аталган буттарга ант бер, анан ишенейин” дегенде, Мухаммед алейхиссалам: "Мен ал буттардын атына эч качан ант бербеймин! Алардын жанынан өтүп баратканда да бетимди башка тарапка бурамын”, - деди. Андагы башка белгилерди да көргөн яхуди: "Сөз сенин сөзүң. Аллахка ант болсун бул зат пайгамбар боло турган киши”, - деди жана: "Аалымдарыбыз китептерде мунун сыпаттарын табышкан”, - деп таң калганын жашырбады.

Майсара Расулуллахта көргөн жана Ал тууралуу уккандарынын баарын жакшы эстеп калды жана Ага таң калуусу барган сайын көбөйө берди. Майсаранын жүрөгүндө Ааламдардын мырзасына карата чоң махабат пайда болгон эле. Эми Ага чын жүрөктөн жана чоң урмат менен кызмат кыла баштады. Эң кичинекей бир ишара- тын чоң сүйүү менен орундап жаткан эле.

Алып кетилген товарлар сатылып, Пайгамбарыбыздын берекеси менен ар дайымкыдан да көп киреше табылган болчу. Кербен артка кайтууга даярдана баштады. Мерруззахран деген жерге келишкенде Майсара сүйүктүү Пайгамбарыбызга Меккеге сүйүнүчтүү кабар жөнөтүүнү сунуштады. Пайгамбарыбыз да макул болуп, кербенден айрылып, Меккени карай төөсүн ылдам айдай баштады.

Нафиса бинти Муниййа Хатун айтты: "Кербендин келе турган убагы жакындап калган эле. Хадича Хатун ар күнү кызматкерлери менен үйүнүн чатырына чыгып, кербенди күтө баштады. Ошондой бир күндө Хадичанын жанында элем. Кокустан алыстан төө минген бир киши көрүндү. Үстүндө бир булут жана куш сүрөтүндө эки периште Аны көлөкөлөп турган болчу. Пайгамбарыбыздын ыйык маңдайындагы нур ай сыңары жаркырап турчу. Хадича Хатун келе жаткан кишинин ким экенин түшүнгөндө көңүлү тынчтанды. Бирок, билбегенсип: "Бул ысык күндө келген киши ким болушу мүмкүн?” - деп сурады. Кызматкерлер: "Бул келген киши Мухаммедге (алейхиссалам) окшоп турат”, - дешти жана көргөндөрүнөн улам аябай таң калышты. Бираздан кийин Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) Хадича энебиздин үйүнө келди жана жагдайды айтып берди. Айткан сүйүнүчтүү кабары менен аны аябай кубантты.

Бир канча убакыттан кийин кербен Меккеге кирип келди. Майсара Хазрети Хадича энебизге сапарда Пайгамбарыбызга бир булуттун көлөкө кылып турганын, рахиб Настуранын айткандарын, алсыз төөлөрдүн кандай ылдам басып кеткенин жана ушул сыяктуу өзү күбө болгон канча-канча таң калыштуу окуяларды бирөөнү да калтырбай айтып берди. Сүйүктүү Пайгамбарыбызды тили чарчаганча мактады. Хазрети Хадича буларды билчү. Бирок, бул айтылгандар анын ишенимин андан да арттырды. Майсарага: "Ушул көргөндөрүңдү эч кимге айтпа!” - деп эскертти.

Хадича энебиз ушул уккандарын тез кабар берүү үчүн Варака бин Навфалга барды. Айтылгандарды өтө таң калуу менен угуп турган Варака: "Эй, Хадича, бул айткандарың чын болсо Мухаммед алейхиссалам бул үммөттүн пайгамбары болот”, - деди.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам он эки жашында агасы Абу Талиб менен соода үчүн Бусрага чейин, он жети жашында агасы Зубейр менен Йеменге, жыйырма жашында Шамга жана жыйырма беш жашында да Хазрети Хадичанын товарларын сатуу максатында дагы Шамга баруу менен төрт жолу саякатка чыкты. Бул саякаттарынан башка эч бир жерге саякатка чыккан эмес.

Үйлөнүүсү

Хазрети Хадича энебиз Варака бин Навфал берген сүйүнчүлүү кабарынан кийин жана сүйүктүү Пайгамбарыбыздын көркөм сыпаттарын көргөндө Анын жубайы болуп, кызматын кылуу аброюна ээ болууну каалады. Нафиса бинти Муниййа бул жагдайды сезип, ортомчу болду. Бул ниет менен Расулуллах алейхиссаламга келип: "Эй, Мухаммед! Үйлөнүүңүзгө тоскоол болуп турган нерсе эмне?” - деп сурады. Пайгамбарыбыз: "Үйлөнүү үчүн колумда жетиштүү өлчөмдө акчам жок”, - деп жооп берди. Нафиса Хатун: "Эй, Мухаммед! Намыстуу, уяттуу жана абройлуу, бай жана сулуу бир аялга үйлөнүүнү кааласаң кызматыңа даярмын”, - деди. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: "Ал аял ким?” - деп сураганда: "Хадича бинти Хувейлид”, - деп жооп берди. Пайгамбарыбыз: "Бул ишке ким себепкер болот?” - дегенде: "Бул ишти мен орундаймын”, - деп чыгып кетти. Хазрети Хадичага сүйүнчү кабарды жеткизди. Хазрети Хадича тууганы Амр бин Асад менен Варака бин Навфалды чакырып, жагдайды түшүндүрдү. Айрыкча Расулуллах алейхиссаламга кабар жиберип, белгилүү бир саатта келүүсү үчүн чакыртты. Абу Талиб жана ага-инилери да даярдыгын көрүп, Пайгамбарыбыз менен бирге барышты. Хазрети Хадича энебиз үйүн кооздоп тосуп алды. Бул күндүн шүгүрчүлүгү катары бардык кооздук буюмдарын кызматчыларына белек кылды. Кийин эркиндикке чыгарды. Расулуллах алейхиссалам Хадича энебиздин үйүнө агалары менен келишти. Абу Талиб: "Жаратканыбызга хамд бол- сун! Бизди Ибрахим алейхиссаламдын урпагынан жана Исмаил алейхиссаламдын урпагынан кылды. Адамдардын кыбыласы жана ааламдар таваф кылган ал ыйык Үйүн, ар жамандыктан коргогон харем-и шарифти бизге сыйлык кылды. Тууганым Абдуллахтын уулу Мухаммед Курайштан ким менен салыштырыла турган болсо жогору болчу зат. Чындыгында, дүнүйөсү аз, бирок, мал-мүлккө этибар бербейт. Анткени, байлык көлөкө сыяктуу. Колдон колго өтүп жок болот. Жээнимдин чоң кадыр-баркы бардыгыңыздарга маалым. Азыр Хадича бинти Хувайлидди халалдыкка талап кылат. Малыман канча махр берилүүсүн каалайсыңар? Ант беремин, Мухаммеддин мартабасы жогору болсо керек. Варака бин Навфал бул сүйлөшүүлөрдү тастыктады. Хадича энебиздин абасы Амр бин Асад: «Баарыңыздар күбө болуңуздар! Хадича бинти Хувейлидди Мухаммед алейхиссаламга жубайлыкка бердим”, - деди. Ошентип, нике келишими аяктады. Бир риваятка караганда Хадича энебизге 400 мыскал алтын, башка риваятка караганда 500 дирхам, дагы бир риваятка караганда 20 төө махр берилген. Абу Талиб той тамагы катары бир төө союп ал күнгө чейин болуп көрбөгөн сый-сыяпат берди. Ошентип, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) үй-бүлөлүү болду. Хадича энебиз болсо болгон байлык-мүлкүн Пайгамбарыбызга белек кылып: «Менин бүт мүлкүм бийик даражаңызга тийиштүү! Мен дагы сага муктажмын жана кызматыңыздын алдындамын», - деди. Ошо күндөн өмүрүнүн акырына чейин Хазрети Хадича энебиз Расулуллахка (саллаллаху алейхи васаллам) дайыма кызмат кылып жардамчысы болду. Хазрети Мухаммеддин (алейхиссалам) үй-бүлөлүгү Хазрети Хадича энебиздин көз жумуусуна чейин жыйырма беш жыл уланды. Мунун он беш жылы бисеттен мурда, он жылы бисеттен (пайгамбарлыгынын билдирилүүсүнөн) кийин болду. Пайгамбарыбыз алейхиссалам алгачкы жубайы Хазрети Хадича тирүү кезде башка бирөө менен эч үйлөнгөн эмес. Экөө эркек, төртү кыз болуп, алты балалуу болушту. Булар: Касым, Зейнеп, Рукаййе, Үммү Гүлсүм, Фатима жана Абдуллах (Таййиб же Тахир). Пайгамбарлыгы маалында үйлөнгөн Хазрети Мариядан Ибрахим атуу бир уулдуу болгон. Калган жубайларынан балалуу болбоду. Зейнеп кыздарынын эң улуусу, кенже кызы Фатима атасынын сүйүктүүсү эле. Фатима хижраттан 13 жыл мурда төрөлдү. Уулдарынын баары наристе кезинде көз жумуп, Хазрети Фатимадан башка кыздарынын баары андан мурда кайтыш болушкан. Фатима энебиз Пайгамбарыбыздан алты айдан кийин кайтыш болду. Хазрети Али менен үйлөнгөн эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын урпагы Хазрети Фатиманын балдары менен уланды. Пайгамбарыбыз Хадича энебиз менен үйлөнгөндөн кийин соода менен алектенди. Тапкандары менен конок күтүп, жетимдерге жана кедейлерге жардам беришчү.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш