Зейд бин Хариса


Зейд бин Хариса бала кезде апасы Суда менен бирге туугандарын зыярат кылууга барышкан эле. Бул учурда башка бир уруунун кысымына дуушар болушту. Зейдди туткунга алышты. Меккеге «суки указ» деп аталган базарга алып келип сатууга коюшту. Хазрети Хадичанын жээни Хаким бин Хизам Зейдди 400 дирхамга сатып алды. Хаким бин Хизам Зейд бин Харисаны эжеси Хазрети Хадичага, ал болсо Пайгамбарыбызга хадия кылды. Пайгамбарыбыз Хазрети Хадича менен үйлөнгөн эле. Пайгамбарыбыз аны дароо боштондукка чыгарып өзүнүн жанында калтырды. Себеби, азаттыкка жеткен Зейд бин Харисанын бара турчу жери болбогондуктан Расулуллахтан дагы аны жакшы карай турчу эч кими жок болчу. Ал дагы кубануу менен Расулуллахтын жанында калды. Зейд бин Хариса пайгамбарлыгы билдирилүүдөн мурда да адилеттик, ынсаптуулук, мээримдүүлүк, адамкерчилик, жарык жүздүүлүк, керем, жоомарттык, сөзгө бекемдик, аманатка бекемдик, жардамчылдык, ишеничтүүлүк, зулумдукка учурагандарды, кедейлерди коргоо, балдарга сүйүү жана мээрим көрсөтүү, чынчылдык, жумшактык, жөнөкөйлүк, оор басырыктуулук, адамдар  менен  жакшы мамиледе  болуу,  эр жүрөктүк, сүрдүүлүк сыяктуу көрүнөр-көрүнбөс, билинер-билинбес ар түрдүү көркөм ахлакты толуктоо үчүн жаратылган, ар тараптан келген жана келе турчу бардык жаратылгандардан жогору болгон, бардык адамдардын ишенимин таап аль-аминлакабын алган Пайгамбарыбыздан көргөн жакшы мамиледен улам атасынан жана энесинен артык сүйүп, жанынан эч алыс калгысы келчү эмес. Ата-энеси болсо Зейд тууралуу эч кабарсыз калышкан эле. Атасы Хариса бала деген азап менен дубан-дубан кыдырып, уулун издеп жүргөн эле. Йеменден түрдүү өлкөлөргө барган туугандарына жана тааныштарына бекем тапшырып, уулу Зейдден бир кабар болсо да алып келүүлөрүн өтүнүп, ырлар менен арманын айтып көз жашын төкчү. Акыры Исламият келүүдөн мурда Бени Келб уруусунан Каабага зыяратка келгендерден кээ бирлери Хазрети Зейдди көрүп таанып, Хазрети Зейд аларга үй-бүлөмдүн мен үчүн азап тарта тургандыгын билем, мына бул саптарды аларга айтып баргыла деп:

Жүрөгүм жанууда, узакмын мен журтуман

Коңшумун Каабага узак болсом да эне-атаман

Кайгыңар көңүлүңөрдү күйгүзбөсүн

Мен үчүн ыздырап үнүңөр Аршка чейин чыкпасын

Хамд болсун Мевлага, ушундай бир уядамын

Көргөн жакшылыгыман дайым дубадамын – деген маанидеги ыр саптарын айтат. Хариса бул кабарды алып сүйүнүп, дароо тууганы Кааб менен бирге жанына көп акча алып, Меккеге келди. Меккеге барар замат Пайгамбарыбыздын үйүн сурап билип барып мындай деди: "Эй, Курайш коомунун кожоюну, эй, Абдулмутталибдин небереси, эй, Бени Хашим тукумунун уулу, Сиз Харем-и шарифтин коңшусусуз. Конокторго сый берип, туткундарга жакшылык кылып, аларды туткундуктан куткарасыңар. Кулуңуз болгон уулумун кутулуусу үчүн канча акча сурасаң аны берели. Уулумду бошот, бул тилегимди кайтарба”, - деп өтүндү. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Зейдди чакырып, өзүнө айталы, аны эркин кылалы, эгер сиз менен кетүүнү тандаса сиз эч акча бербестен аны алып кете аласыз. Эгер мени тандап, жанымда калгысы келсе Аллахка ант беремин, мени тандаганды эч кимге бербейм, жанымда калат”, - деп буюрду. Хариса менен бир тууганы Пайгамбарыбызды бул жообуна абдан ыраазы болушту. "Сен бизге өтө адилеттүү жана ынсаптуу мамиле кылдың”, - дешти. Ошентип, Пайгамбарыбыз Зейдди жанына чакырып сурады:

- Буларды тааныйсыңбы?

- Ооба, бул атам, тиги агам.

- Эй, Зейд, сен мени тааныдың, сага болгон мээримимди, мамилемди көрдүң, булар сени алууга келишиптир. Эми сен же мени тандап жанымда кал, же аларды тандап бирге кет, - деди. Атасы менен агасы "Зейд бизди тандайт, алып жолго чыгабыз” деген үмүт менен күтүп турушкан эле. Зейд: "Мен эч кимди Сиздин ордуңузга тандабайм, Сиз менин агамдын, атамдын ордундасыз. Сиздин жаныңызда калгым келет”, - деди. Атасы менен агасы таң калып туруп калышты. Атасы ачууланып, Зейдге: "Демек сен кулдукту эркиндиктин, энеңдин, атаңдын, агаңдын ордуна тандап жатасыңбы?” – деди. Зейд болсо атасына: "Ата, мен бул адамдан ушундай жакшылык менен мээрим көрдүм, аны эч кимге алмашпайм”, - деп жооп берди. Пайгамбарыбыз Зейдди өтө сүйчү. Өзүнө болгон ишенимин, бекемдигин көргөндө аны Кааба-и муаззамага хижрге алып барып, ал жердегилерге: "Күбө болгула, Зейд менин уулум, ал менин варисим, мен ага варисмин”, деди. Харис менен Кааб бул абалды көргөндө ачуулары тарады. Сүйүнүч менен мекенине кайтышты. Асхабы кирам мындан кийин Зейдди "Зейд бин Мухаммед” (Мухаммеддин уулу) деп атай башташты. Кийин Аллаху тааланын Ахзаб сүрөсүнүн 5-чи жана 40-чы аяттарындагы:

"Балдарыңарды аталарынын аты менен чакыргыла. Ушул Аллах алдында дагы да туура.”

"Мухаммед (алейхиссалам) силерден эч бир эркектин (Зейд сыяктуу) атасы эмес” деген буйруктары менен бала асыроо токтотулганда Хазрети Зейд атасынын аты менен, б.а., Харисанын уулу (Зейд бин Хариса) деп атала баштады.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш