Хазрети
Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) отуз бешке келгенде Ыйык Каабада калыстык
кылат. Ошол жылы жамгыр менен селден Кааба дубалдары абдан зыян тарткан эле. Айрыкча,
кокустуктан тутанган өрт да Каабага бир топ зыян алып келген эле. Ошол себептен
имаратты кайрадан оңдоп чыгуу зарыл болот. Курайш уруусу демилге көтөрүп Каабаны
Ибрахим пайгамбар түптөгөн пайдубалга дейре жыгып, жаңылап курууну колго алышат.
Ашарга келген уруулар да дубалдарды өз ара бөлүшүп көтөрүшөт. Негизинен бул иштин
абдан берекелүү, ары намыс иши экенин билген уруулар «Хажарул асвад» ташын өз
жайына коюга келгенде уруулар ортосунда келишпестик чыгып, талаш кызыйт. Ташты
ордуна жайгаштырууну ар бир уруу өз колу менен койгусу келип тирешип туруп алышат.
Абдуддар уулдары өздөрүнөн башка уруу бул ташты ордуна коё турган болсо кан
төгүлөөрүн айтып, өз ара антташып, ачык сес көрсөтүүгө өтүшөт. Бул тиреш
төрт-беш күнгө чейин созулат. Бул учурда Абдулмутталибдин улгайган тайкеси Хузайфа
бин Мугира аксакалдык пикирин айтат. «Эй, Курайш эли! Канча күндөн бери бул маселени
чече албай жатабыз, биргелешип мындайча чечилүүсүнө макул бололу, мынабу
эшиктен эң алгач ким кире турган болсо ошол адамды калыс тутуп, ошонун өкүм
берүүсү менен иш кылалы”, - деп Каабага карай ачылган Бени Шейбе эшигин
көрсөттү. Ал жерде тургандар бул сунушту кабыл кылышты. Айланада заматта
жымжырттык өкүм сүрүп, баарынын көзү Бани Шайба эшигине тигилет. Бул учурда ар
кимиси ар кандай ойго жетеленип, эми мындай зобололуу ишке калыс
боло турган ким
бар биздин элде, буга жарай турган көрөгөч бирөө жарым келер бекен дегендей
ойго батышат. Акырында көпчүлүк күткөн инсан, өздөрү ыйгарган "Эль-Эмин” (Ишенимдүү, чынчыл, акыйкатчыл) деген Мухаммед алейхиссаламдын
кирип келатканын көрүшөт. «Ишеничтүү адамыбыз келатат. Анын бере турчу өкүмүнө ыраазыбыз»,
- дешти. Жагдай Хазрети Мухаммедге (алейхиссалам) маалым болгон соң ал төрт
чарчы кездеме сурады. Кездеме алынып келинген соң аны жерге жая салып Хажарул асвадды
кездеменин үстүнө коёт. Ар уруудан бирден өкүлү кездеменин төрт бурчунан көтөрсүн”,
- деп буюрду. Ташты коюла турчу жерге чейин көтөртүп барды. Кийин өзү ташты
кучактап ордуна койду. Мына ушундайча тутанып кете турчу чоң чырдын алдын алган
уруулар бул ишинен ыраазы болушту. Дубалдарын токтогон жерден улантып бүтүрүштү.