Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Пайгамбарлыгы жана динге чакыруусу




Пайгамбарлыгы жана динге чакыруусу


Ааламдын мырзасы (саллаллаху алейхи васаллам) отуз жетиге толгондо кайыптан «Йа, Мухаммед!» деп өзүн чакырган үндөрдү укчу. Отуз сегиз жашка келгенде бир нече нурларды көрүп баштады. Жагдайын бир гана Хазрети Хадича энебизге айтып берер эле. Мухаммед алейхиссаламга Пайгамбарлыгынын билдирилүүсү жакындаган кезде ошол убактын атактуу сөзмөрлөрүнөн Кусс бин Саиде Указ базарында төө үстүндө калың журтка карата окуган хутбада Анын келе тургандыгын сүйүнчүлөгөн эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз дагы бул хутбаны угуп тургандардын арасында эле. Кусс бин Саиде бул атактуу хутбасынын бир бөлүгүндө мындай деген: "Эй, адамдар, келгиле уккула, күткүлө, мындан сабак алгыла! Тирүү өлөт, өлгөн фена табат, болор нерсе болот. Кулак салып жакшылап уккула. Көктө кабар бар, жерде ибрет боло турчу нерселер бар. Аллахтын алдында бир дин жана келе турчу Аллахтын бир пайгамбары бар. Келүүсү өтө жакын. Көлөкөсү башыңардын үстүнө түштү. Ага баш ийген жана ага ыйман келтиргендер кан- дай гана мубарек. Ага каршы чыгып, тоскоолдук кылган бетпакка кандай гана убал, кандай гана кейиш!» Бул мезгилде Арабстанда адамдар илахий өкүмдөрдөн алыстап, бай-кедей, күчтүү-алсыз, кожоюн-кул сыяктуу жиктерге бөлүнүшкөн эле. Мурдагылар кийинкилерди эзип, аларды адам ордуна коюшчу эмес. Алсыздардын мал-мүлкү колдорунан кыйнап тартылып алынып, буга кедерги боло турчу бирөө табылбай жаткан эле. Аллаху таалага ыйман келтирүү берген уят-сыйыт, коркуудан куру калып, пазилеттен таптакыр алысташкан эле. Ар түрдүү ахлаксыздык уят-намысты тебелөө сыяктуу одоно иштер ээн-эркин кылынып, кумар, ичкилик, оюн-зоок ааламдарды эч көзгө алчу эмес. Токтобогон адам өлтүрүү, зина менен каракчылык тегеректи басып карапайым калктын азап тарткан үнү жана ачуу кыйкырыгы Аршка угулуп жаткан эле. Ахлаксыздык чектен чыгып, түркөйлөр наадандыктын караңгы деңизинде чөмүлүп жаткан эле. Аялзаты арзан буюм катары алынып-сатылып, кыз наристелер тирүүлөй жерге көмүлүп жаткан эле. Баарынан жаманы – ырайымсыз таш боор, мээримсиз бул адамдар өз колу менен жасаган пайда-зыяны жок буттарга сыйынууну өтө чоң аброй деп билишчү эле. Адем алейхиссаламдан бери адамзат тарыхында мындай жырткычтык, мындай бузу- кулук, мындай ахлаксыз жашоо, капырчылык жана напсикорлук көрүлгөн эмес эле. Адамдар кудум жырткыч сымал абалга жеткен эле. Элдер, уруулар ортосундагы келишпестик мындай турсун, бир тууган бир тууганга душман болгон заман эле. Мындай алаамат караңгылыктан, түркөйлүктөн жалпы адамзатты куткара турган бакыттын күнү чыгуусу керек болчу. Аны менен капырлыктын ордун ыйман, заалымдыктын ордун адилеттүүлүк, түркөйлүктүн ордун илим ээлеп, эл түбөлүк бакыттын босогосуна кадам коёр эле.

Акыры сүйүктүү Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) алгач түшүнө садык (акыйкат) түштөр көрсөтүлө баштады. Хадиси шарифте вахий адегенде садык түштөр аркылуу келе баштагандыгы билдирилген. Түштө көргөндөрү дал ошондой болууда эле. Бул абал алты ай уланды. Вахий келүүсү жакындаган кезде "Йа, Мухаммед” деген үндөр көбөйө баштады. Мындан кийин жалгыздыкты жактырып, адамдардан алыстап, Хира тоосундагы үңкүргө барып, тафаккурга чөмүлө баштады. Кээде Меккеге келип Каабаны таваф кылып үйүнө барар эле. Үйдө бираз убакыт болуп, жанына бираз азык алып кайрадан Хира тоосундагы үңкүргө барып, тафаккур жана ибадат менен алек болор эле. Кээде бир нече күндөп ошол жерде калган маалдары болчу эле. Ал кезде дагы Хазрети Хадича тамак-аш жиберип же өзү алып келер эле.

Оку

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кырк жаштагы кезинде Рамазан айында Хирада үңкүргө кирип тафаккурга чөмүлгөн эле. Рамазандын он жетинчи Дүйшөмбү түнү түн жарымынан кийин атынан чакырган бир үн укту. Башын көтөрүп айлананы караганда экинчи жолу ошол эле үндү укту. Айлананы дароо бир нур каптаганын көрдү. Аркасынан Жабраил алейхиссалам келип: «Оку!» - деди. Пайгамбарыбыз: «Мен окуганды билбейм!» - деди. Периште кармап чыдамы кеткенге чейин кысып: "Оку!” – деди. «Мен окуганды билбейм!» - деп жооп берди. Дагы кысып: «Оку!» - деди. «Мен окуганды билбейм!» деген жоопту алган Жабраил алейхиссалам үчүнчү жолу кысып коё берди.

"(Эй, Мухаммед!) Жараткан Аллахтын аты менен оку! Ал инсанды коюу кандан жараткан. Оку! Аллах бийик керем ээси. Ал калем менен үйрөтөт, билбегендериңди үйрөтөт” деген маанидеги Алак сүрөсүнүн алгачкы аяти каримасын алып келди. Мухаммед алейхиссалам дагы аны менен бирге окуду. Биринчи вахий ушул таризде келди жана бардык ааламга нур чачкан Ислам Күнү ушундайча атты. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) абдан чоң толкундануу менен Хира тоосундагы үңкүрдөн чыгып төмөн карай түшүп баштады. Тоонун ортосуна келген кезде бир үн укту. Жабраил алейхиссалам: "Йа, Мухаммед, Сен Аллаху тааланын Расулусуң, мен болсо Жабраилмин” деп согончогун жерге урду. Урган жеринен суу чыкты жана андан даарат алып баштады. Пайгамбарыбыз кунт коюп аны карап турду. Жабраил алейхиссалам дааратын бүтүргөндө Пайгамбарыбызга кандай көргөн болсо ошондойчо даарат алуусун айтты. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз дааратын бүтүргөндөн кийин Жабраил алейхиссалам имам болуп эки рекет намаз окушту. Намаз бүткөндө Пайгамбарды карап: «Йа, Мухаммед, Раббиңдин сага саламы бар. "Сен Менин жин жана адамзатка дайындаган Расулумсуң, андай болсо аларды тавхидге даават кыл”, - деп буюргандыгын айтып, Расулуллахтын жанынан айрылып көккө көтөрүлдү. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ушундайча Жабраил алейхиссалам менен көрүшүп, ары сүйлөшкөн болду. Пайгамбарыбыз үйүнө жеткенче жолдогу таштар менен бактардын "Ассаламу алейке йа Расулаллах” деп тургандыгын ишитти. Үйүнө барып "менин үстүмдү жапкыла, менин үстүмдү жапкыла” деп үрөйү басылганча оронуп демалып жатты. Анан көргөндөрүн Хадича энебизге айтып берди. "Жабраил алейхиссалам көзүмөн кайып болду, бирок, анын айбаты менен коркунучу али менден кеткен жок. Элдин мени жинди деп, тил тийгизип макзактоолорунан корктум”, - деди. Ушул абалды жана ушул күндү көптөн күткөн Хазрети Хадича: "Аллаху таала сактасын, Хак таала сизге жакшылык берет жана кайырдан башка эч нерсе тилебейт. Кудай үчүн ушул үммөттүн Пайгамбары боло тургандыгыңызга ишенемин. Анткени, сиз конокту жакшы көрөсүз, чындыкты айтасыз. Ишенимдерди актагансыз. Ар качан алсыздарга көмөк болуп, жетимдерди коргойсуз. Мүнөзүңүз жакшы. Бул касиеттердин ээсине коркунуч болбойт”, - деди.

Ушинтип бул жагдай тууралуу суроо үчүн Варака бин Навфалга барды. Варака Расулуллахтын айткандарын тыңдагандан кийин: "Сүйүнчү, эй, Мухаммед алейхиссалам. Аллаху таалага ант кыламын, Сен Хазрети Иса кабар берген акыркы пайгамбарсың. Сага көрүнгөн периште Сенден мурун Муса алейхиссаламга келген Жабраил алейхиссалам. Аттиң, жаш болгонумда коомуң Сени Меккеден кысып чыгарган кезеңге чейин жетсем, Сага көмөк берсем кана. Кыска убакыт ичинде Сага вааз кылуу жана жихад кылуу буйругу келет” деп Пайгамбарыбыздын колун өптү. Көп убакыт өтпөй Варака бин Навфал кайтыш болду.

 

Исламга чакыруу буйругунун келүүсү

Пайгамбарыбызга пайгамбарлыгы келген алгачкы вахий ушундайча келген эле. Вахий ушундан кийин токтоп үч жылга чейин келбеди. Ушул арада Исрафил алейхиссалам деген периште келип көп нерселерди үйрөттү. Булар вахий эмес эле. Ушул кездерде кээ бирде Пайгамбарыбызды кайгы басар эле. Пайгамбарыбыз кайгырган кезде Жабраил алейхиссалам көрүнүп: «Эй, Хабибаллах, Сен Аллаху тааланын Пайгамбарысың» - деп көңүлүн жибитер эле. Пайгамбарыбыз мындай дейт: "Вахий токтогон кез эле. Хира тоосунан түшүп келе жатканда кокустан көктөн бир добуш уктум. Көктү карадым. Жабраил алейхиссаламды көрдүм.  Ал жер менен көктүн арасындагы бир орунда отурганда мен корктум. Үйгө барып "мени бир нерсе менен жапкыла” дедим. Хак таала вахий жиберди. "Эй, оронгон пайгамбар. Тур дагы (Коомуңду Аллаху тааланын азабы менен) коркут. (Ыйман келтирбесе азапка учурай тургандыктарын кабарла). Раббиңди такбир кыл. Кийимиңди таза карма” (деген маанидеги) Муддасир сүрөсүнүн алгачкы аяттарын жиберди. Мындан кийин аяттар үзүлбөдү”.

Пайгамбарыбыз адамдарды Исламга чакырып, Аллаху тааланын буйруктары менен тыюу салган нерселерин түшүндүрө баштады. Жабраил алейхиссалам вахий алып келгенде кээде адам кейпине кирип сахабалардан Дыхйа Келбинин түрүндө келчү. Кээде Пайгамбарыбыздын жүрөгүнө билдирчү. Пайгамбарыбыз аны көрчү эмес. Кээде түшүндө, кээде кокунучтуу доол менен келчү. Вахийдин эң оору ушул болчу. Бул маалдарда суук күндөрдө да Пайгамбарыбыздын маңдайынан тер шорголоп акчу. Төөнүн үстүндө болсо вахийдин оорлугунан төө жерге жата калчу. Жанындагы са- хабалар дагы вахийдин оор болуп кеткенин сезишер эле. Жабраил алейхиссалам бир нече ирет өзүнүн кейпинде келди. Аллаху таала периштесиз жана пардасыз, б.а., эч кандай аралык куралсыз дагы Пайгамбарыбызга вахий айткан. Бул Мираж окуясында орун алды. Алгачкы вахийдин келүүсү менен Пайгамбарлык кызматын баштаган Мухаммед Мустафа (саллаллаху алейхи ва саллам) Исламды таблиг кылууну 23 жыл улантты. Анын 13 жылы Меккеде, 10 жылы Мединада өттү.

Курани карим 22 жыл, 2 ай, 22 күн мезгил арасында түшүп бүткөн.

Мухаммед алейхиссалам Умми эле. Б.а., китеп окубаган, жаза албаган, эч кимден сабак албаган. Меккеде туулуп, белгилүү адамдардын арасында өскөн. Ошондой болуп туруп Ал Тоорат менен Инжилде грек жана римдиктер маалында жазылган китептердеги маалыматтарды берген. Исламды таратуу үчүн Хижраттын алтынчы жылы Кичи Азия, Иран жана Хабашстан өкүмдарларына жана башка да арап падышаларына каттарды жиберди. Ага ал- тымыштан ашуун чет элдик элчилер келишкен. Бул абал Курани каримде: "Сен бул Курани карим келүүдөн мурда бир дагы китеп окуган жоксуң. Жазуу жазбадың. Окуп-жаза ала турган болгонуңда башкалардан үйрөндүң дешмек”, - деп кабарлаган.

(Анкебут сүрөсү 48). Хадиси шарифте: "Мен үммү пайгамбар Мухаммедмин, менден кийин пайгамбар келбейт”, - деген. О.э., Курани каримде мындай делген: "Ал (Мухаммед алейхиссалам) өзүнөн эч нерсе айтпайт. Анын сөздөрү Ага вахий менен билдирилет, үйрөтүлөт”. (Нажм сүрөсү 3-4)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш