Алгачкы мусулмандар


Пайгамбарыбызга алгачкы вахий келгенден кийин алгач ыйман келтирген Хазрети Хадича энебиз болду. Эч кандай ишенимсиздик көрсөтпөстөн Исламды дароо кабылдап, алгачкы мусулман болуу урматына ээ болду. Расулуллах Хазрети Хадичага Жабраил алейхиссалам үйрөткөндөй кылып даарат алууну үйрөттү. Кийин Пайгамбарыбыз имам болуп эки рекет намаз окуду. Хазрети Хадича Пайгамбарыбыздын ар сөзүн, ар буйругуна толугу менен баш ийди. Ушундайча Аллаху тааланын даргейинде үлкөн даражаларга көтөрүлдү. Пайгамбарыбыз кайгырса, каршы чыккандарга капаланса аны жибитип, кайгысына орток боло турган. Ал мындай дечү: "Йа, Расулаллах, эч капа болбоңуз, кайгырбаңыз, акыры динибиз кубанттанып, мушриктер куруйт. Коомуңуз сизге багынат.” Хадича энебиздин ушундайча колдоо көрсөтүүсүнүн сыйы иретинде бир күнү Жабраил алейхиссалам келип: "Йа, Расулуллах, Хадичага Аллаху таала салам айтып жатат”, - дейт. Пайгамбарыбыз: "Эй, Хадича, мына Жабраил алейхиссалам сага Аллаху тааланын саламын алып келди”, - дейт. Пайгамбарыбыз бир жолу: "Аллаху таала Хадичага Жаннаттан берметтен бир үй бергени тууралуу сүйүнчүлөөмдү буюрду. Ал жерде оору, муң жана баш оорусу жок”, - деген.

Хазрети Хадичадан кийин эркектер арасында алгач мусулман болгон киши - Расулулахтын жакын жолдошторунун бири Хазрети Абу Бакр эле. Хазрети Абу Бакр жыйырма жыл мурда бир түш көргөн эле: "Асмандан толгон ай түшүп, Каабага келген экен. Бөлүнүп, ар бөлүгү Меккедеги ар үйдүн төбөсүнө түшүп, кийин бул айдын бөлүктөрү кайрадан жыйналып, биригип көккө көтөрүлүптүр.  Ал эми Абу Бакрдын үйүнө түшкөн бөлүмү көккө көтөрүлбөй калат. Муну көргөн Абу Бакр дароо үйдүн эшигин жаап бул айдын кетүүсүнө кедерги кылат. Абу Бакр радыйаллаху анх ойгонуп таң эрте дароо бир яхуди аалымына барып, ага түшүн айтып берет. Ал аалым: «Бул чаташкан түштөрдүн бири, ошондуктан, аны жорууга болбойт», - дейт. Бирок, бул түш Абу Бакрдын радыйаллаху анх оюнан кетпей, яхудинин жообуна канааттанбайт. Дагы бир жолу соода кылууга барганда жолу динбашы Бахиранын өлкөсүнө түшкөн болот. Көргөн түшүн Бахирадан жоруп берүүнү суранганда Бахира: «Сен кайдансың?» - деп сураганда Хазрети Абу Бакр: «Курайштанмын», - дегенде Бахира: «Ошол жерден бир пайгамбар чыгат жана туура жолунун нуру Меккенин бардык жерине таралат. Сен анын вазири, кайтыш болгондон кийин халифасы болосуң», - деди. Абу Бакр (радыйаллаху анх) бул жоопко катуу таңыркады. Бул түшү тууралуу ал Расулуллхатын пайгамбарлыгы билдирилгенге чейин эч кимге айтпады. Мухаммед алейхиссалам пайгамбарлыгын жарыялаган кезде Хазрети Абу Бакр (райыяллаху анх) дароо пайгамбарыбызга жүгүрүп барып: «Пайгамбарлардын өздөрүнүн пайгамбар экендигине далил болот, сенин далилиң эмне?» - деп сурады. Расулуллах:«Бул пайгамбарлыгыма далил – сенин көргөн түшүң, ал түштү сен яхуди аалымына жорутууну кааладың. Ал аалым «Чаташкан түш жорулбайт» деди. Анан динбашы Бахира дурус жоруп берди» деп Хазрети Абу Бакрды карап: «Эй, Абу Бакр, сени Аллахка жана Расулуна чакырамын», - деди. Ошол кезде Абу Бакр: «Күбөлүк кыламын, сен Аллаху тааланын Расулусуң, сенин Пайгамбарлыгың акыйкат жана ааламды жаркыраткан нур» деп мусулман болду.

Дагы бир риваят боюнча Хазрети Абу Бакр Расулуллахка пайгамбарлыгы билдирилүүдөн мурда соода максатында Йеменге барган. Ошол сапарында Йемендеги Азд тайпасынан көп китеп окуган бир карыя кишиге жолугат. Бул карыя Хазрети Абу Бакрга карап: «Сен Мекке калкынан болот чыгарсың?» - деди. Хазрети Абу Бакр: «Ооба, ошондой», - деп экөө аңгемени мындайча улантат.

Сен Курайштансыңбы?

Ооба.

Бени Тамимденсиңби?

Дагы бир белги калды.

Ал эмне?

Ичиңди ач, көрөйүн...

Максатыңыз эмне, айтыңыз.

Китептерден окудум, Меккеден бир пайгамбар чыгат. Ага эки адам көмөктөшөт. Бири жаш, экинчиси кары адам. Жашы канча- лаган кыйынчылыктарды жеңилдетет. Көптөгөн балээ-жалааларды кетирет. Ал эми кары адам болсо ак куба, ичке билдүү болуп, курсагында бир кара меңи бар болот. Мен ошол адамды сен деп ойлоймун. Ичиңди ач көрөйүн.

Ошондон кийин Хазрети Абу Бакр ичин ачат. Киндигинин үстүндөгү кара меңди көргөндө "Валлахи, ошол адам сенисиң” деп Абу Бакрга көп насыяттарды айтат. Хазрети Абу Бакр жумушун бүтүргөндөн кийин коштошуу үчүн жанагы адамга барат. Пайгамбарыбыз тууралуу ыр окууну суранат. Ал киши он эки саптан турган ыр окуду. Хазрети Абу Бакр аларды жаттап алат.

Хазрети Абу Бакр сапардан Меккеге кайтканда Укба ибн Муайд, Шейбе, Абу Жахл, Абул Бухтари сыяктуу Курайштын алдыңкы катардагы адамдары анын үйүнө барышат. Абу Бакр аларга бир жагдай болдубу деп сурайт. Алар: "Мындан өткөн маскаралык болбос, Абу Талибдин жетими пайгамбармын деп жар салууда. Силер жана ата-бабаларыңар ката динденсиңер дейт. Эгер сен болбогонуңда аны бул кезге чейин тирүү калтырбайт болчубуз. Сен анын жакын досусуң, бул ишти сен өзүң чеч”, - дейт. Хазрети Абу Бакр аларды жиберип Расулуллахтын Хазрети Хадичанын үйүндө экендигин сураштырып билди. Барып эшигин какты. Пайгамбарыбыз аны тосуп алганда: "Йа, Мухаммед, Сен тууралуу айтылып жүргөндөр эмне?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз: "Мен Хак тааланын пайгамбарымын, сага жана бүткүл адамзат баласына жиберилдим. Ыйман келтир, ошондо Аллаху тааланын ыраазылыгын аласың жана жаныңды Тозоктон коргойсуң”, - деди. Хазрети Абу Бакр: "Буга далилиң барбы?” – деп сурады. Расулуллах: "Тиги Йеменде көргөн кары адамың тууралуу окуя менин далилим”, - деди. Хазрети Абу Бакр: "Мен Йеменде көптөгөн кары жана жаш адамдарды көрдүм”, - деди. Пай- гамбарыбыз: "Ал кары сага он эки саптан турган ырды аманат кылып мага жиберди”, - деп ошол ырларды айтты. Хазрети Абу Бакр: "Муну сага ким айтты”, - деп сураганда: "Менден мурунку пайгамбарларга келген периште айтты”, - деди. Ушуну уккандан кийин Хазрети Абу Бакр: "Колуңду берчи”, - деп Пайгамбарыбыздын колунан кармап: "Ашхаду ан лаа илаха иллаллах, ва ашхаду анна мухаммеден абдуху ва расулуху” деп мусулман болду. Өмүрүндө алгачкы жолу сезилип турган кубаныч сезими менен үйүнө мусулман болуп кайтты. Бир хадиси шарифте: "Кимге ыйман тууралуу айтсам бетин тыржыйтып ишенимсиздик менен карашчу, бирок, Хазрети Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху анх) ыйманды кабыл кылууда эч ишенимсиздик кылбастан кабылдады”, - делген.

Пайгамбарыбыз бир күнү Хазрети Хадича экөө намаз окуп турганда аларды Хазрети Али көрдү. Ал кезде ал 10-12 жаштарда болчу. Намаздан кийин бул эмне деп сурады. Пайгамбарыбыз:"Бул Аллаху тааланын дини, сени дагы ушул динге чакырамын, Аллаху таала бир, шериги жок, сени бир болгон, теңдеши жок Аллахка ыйман келтирүүгө чакырамын”, - деди. Хазрети Али: "Алгач атам менен акылдашайын” дегенде Расулуллах ага: "Исламга кирбесең бул сырды эч кимге айтпа”, - деди. Хазрети Али эртеси таң эрте Пайгамбарыбызга барып: "Йа, Расулаллах, мага Исламды үйрөтүңүз”, - деп мусулман болду. Хазрети Али – мусулман болгондордун үчүнчүсү. Зейд бин Хариса дагы (радыйаллаху анх) алгач ыйман келтиргендердин бири. Хазрети Хадича, Хазрети Абу Бакр жана Хазрети Алиден (радыйаллаху анхум) кийин төртүнчү азат болгон кулдардын ичинде алгачкы болуп мусулман болду. Аны менен бирге аялы Үммү Айман дагы мусулман болду.

Хазрети Абу Бакр мусулман болгондон кийин дароо жакшы көргөн жолдошторуна барды. Аларды дагы мусулмандыкка чакырды. Сахабалардан Осман бин Авфан, Талха бин Убайдуллах, Зубайр бин Аввам, Абдуррахман бин Авф, Саад бин Абу Ваккас сыяктуу улуу заттар Хазрети Хадичадан кийин мусулман болгондор эле. Бул сегиз киши Сабикуни Ислам, б.а., алгачкы мусулмандар деп аталды.

Хазрети Осман кандайча мусулман болгондугун мындайча баяндайт: "Менин бир кахин таежем бар болчу. Бир күнү ага бардым. Мага: "Сага бир аял насип болот. Бирок, сен андан мурда эч кандай аял көрбөйсүң, ал да сенден мурда башка эркек көрбөйт. Ал сулуу, такыбаа аял жана улуу пайгамбардын кызы болсо керек”,- дейт. Мен таежемдин бул сөзүнө таң калдым. "Таеже мындай нерсе тууралуу калаада айтылып жаткан жок, бул тууралуу ачып айтып бер”, - дедим. Ошондо таежем: "Мухаммед бин Абдуллахка пайгамбарлык келди. Жакында ал калкты динге чакырат, кыска убакыттын ичинде аалам анын дини менен нурданат жана ага каршы келгендердин башы чабылат”, - дейт.

Таежемдин бул сөздөрү мага катуу таасир калтырды. Алаңдай баштадым. Хазрети Абу Бакр экөөбүздүн арабызда жакын достук катнаш бар болчу. Бири-бирибизден ажырачу эмеспиз. Ушул маселени талкуулоо үчүн эки күндөн кийин Хазрети Абу Бакрга бардым. Таежемдин айткандарын айтканымда ал мага: "Йа, Осман, сен акылдуу адамсың. Эч көрбөй турган, укпай турган, эч нерсеге пайдасы да, зыяны да жок таштар кандайча теңир боло алат?” – деди. Мен: "Туура айтасың, таежемдин сөзү туура”, - дедим.”

Хазрети Абу Бакр Хазрети Османга (радыйаллаху анх) Исламды түшүндүргөндөн кийин аны Пайгамбарыбыздын алдына ээрчитип барды. Расулуллах Хазрети Османга мындай деди: "Йа, Осман, Хак таала Жаннатка конокко чакырат, сен бул чакырууну кабыл кыл. Мен бардык адамдарга хидаят жолун көрсөтүүчү катары жиберилдим”. Хазрети Осман Расулуллахтын таң ажайып абалдары менен жылуу жүз жана таттуу сөздөрүнө таасирленип чексиз кубаныч менен: "Ашхаду ан лаа илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулуху” деп мусулман болду. Расулуллах пайгамбарлыктын алгачкы үч жылында адамдарды Исламга жашыруун түрдө чакырды. Адамдар аста-аста бирден- бирден мусулман болуп жаткан эле. Бул учурда мусулмандардын саны отузга араң жеткен эле. Алар да ибадаттарын үйлөрүндө жашырынып орундашчу, Курани каримдин түшкөн аяттарын жашырып окуп, жатташчу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш