Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Жакын туугандарын динге чакыруусу




Жакын туугандарын динге чакыруусу


Пайгамбарыбыз "Муддассир” сүрөсүнүн түшүүсү менен адамдарды Ислам динине даават (чакыра) баштаган эле. Бул чакыруу ишин жыйырма түрдө жүргүздү. Бираз убакыттан кийин "Жакын туугандарыңды Аллаху тааланын азабы менен коркутуп, аларды хак динге чакыр” ("Шуара” сүрөсү - 214) деген маанидеги аят түштү. Ошондуктан, Мухаммед алейхиссалам туугандарын динге чакыруу максаты менен Хазрети Али аркылуу кабар салып, бардыгын Абу Талибдин үйүнө чакырды. Алдыларына бир адамга жете тургандай тамак жана сүт койду. Алгач өзү "бисмиллах” деп баштап, келген туугандарына сунду. Келгендердин саны кырк адам болчу. Бирок, коюлган тамак баарына тең жетип, азайган жок. Келгендер бул мужизага таң калышты. Тамактан кийин Пайгамбарыбыз туугандарын Исламга чакыруу үчүн сөзүн баштайын деп турганда агасы Абу Лахаб душмандык кылып: "Биз сыйкырдын мындай түрүн көрбөгөн элек. Эй, Курайш тайпасы, мынабул тууганыбыз баарыбыздын оозубузду ачырып сыйкыр көрсөтүп жатат. Эй, бир туугандарымдын уулу! Мен өмүрүмдө сен сыяктуу жамандык баштаган бир дагы адам көргөн эмесмин”, - деп Пайгамбарыбызга жаман сөздөрдү айта баштады. Расулуллах Абу Лахабга карата: "Мага Курайш менен бардык арап тайпалары жасай албай турчу жамандыгын сен жасадың”, - деди. Жыйналгандардын эч бири Исламды кабылдабастан үй-үйлөрүнө тарап кетишти. Ушул окуядан кыска убакыт өткөндөн кийин Расулуллах кайрадан туугандарын Хазрети Али аркылуу конокко чакыртты. Мурункудай эле алдыларына тамак коюлду. Пайгамбарыбыз тамактан кийин ордунан туруп: "Ар түрдүү хамд мактоо бир гана Аллаху таалага таандык. Ар түрдүү көмөктү дагы бир гана Аллахтан сураймын. Ага ишенип, Ага таянамын. Аллаху тааладан башка илах жок экендигине күмөнсүз ишенемин жана тастыктаймын. Аллах бир. Анын шериги менен теңдеши жок”, - деди дагы сөзүн мындайча улантты: "Силерге кымындай дагы жалган аралашпаган чындыкты айтып турамын. Силерди өзүнөн башка кудай илах болбогон жалгыз Аллаху таалага ыйман келтирүүгө чакырамын. Мен анын силерге жана бүткүл адамзатка жиберген пайгамбарымын. Валлахи (Аллахка ант беремин), баарыңар мезгили келгенде уйкуга жаткандай өлөсүңөр жана бир күнү уйкудан ойгонгондой болуп тирилесиңер. Жасаган ар ишиңер үчүн ошол күнү эсеп бересиңер. Жакшылыктарыңар үчүн сыйланасыңар, жамандыктарыңар үчүн жазаланасыңар. Сыйлыгыңар - Жаннатта түбөлүк калуу, ал эми жазаңар - Жаханнамда түбөлүк күйүү болмокчу. Адамдар арасында акырет азабы менен эң алгачкы болуп коркуткан адамдарым - силерсиңер”. Абу Талиб бул сөздөрдү тыңдагандан кийин: "Эй, кымбаттуу иним! Мен үчүн сага көмөктөшүүдөн артык милдет жок. Насааттарыңды жактырып, кабылдадык, сөздөрүңдү чын жүрөк менен моюндадык. Азыр бул жерде жыйналгандар – атаң Абдулмутталибдин урпактары. Мен дагы алардан биримин. Сен каалаган нерсеге биринчи болуп мен жүгүрөмүн. Сени коргоодон качпай тургандыгыма убада беремин. Сен өзүңө буйрук кылынган милдеттерди аткара бер. Бирок, эски динимди таштоо маселесинде напсим мени тыңдачудай эмес”, - деди. Абу Лахабдан башка ошол жердеги туугандарынын бардыгы жылуу сөздөрдү айтышты. Бирок, Абу Лахаб: "Эй, Абдулмутталиб уулдары! Ага башкалар тоскоол боло электе силер тоскоол болгула. Эгер бүгүн анын айткандарын кабылдай турган болсоңор кордук менен зордукка тап болосуңар. Аны коргоого аракет кыла турган болсоңор баарыңар өлтүрүлөсүңөр...”, - деп күрсүлдөдү. Абу Лахабга Пайгамбарыбыздын эжеси: "Эй, иним! Бир тууганыбыздын уулун жана анын ди- нин жардамсыз калтыруу сага жарашабы? Аллахка ант беремин, заманыбыздын даанышмандары Абдулмутталибдин тегинен бир пайгамбардын чыга тургандыгын айтышууда. Ошол пайгамбар - мына ушул”, - деди. Абу Лахаб бул сөздөргө дагы маани бербей Пайгамбарыбызды жамандоону улантты. Ошондо Абу Талиб Абу Лахабга ачууланып: "Эй, коркок! Ант беремин, биз көзүбүз тирүү болсо өмүрүбүздүн акырына чейин аны колдоп, коргойбуз”, - деди. Мухаммед алейхиссаламды карап: "Эй, бир боорумдун уулу! Адамдарды Раббиңе ыйман келтирүүгө чакырууну качан баштай тургандыгыңды айт, куралданып сени менен бирге чыгалы”, - деди. Кийин Пайгамбарыбыз кайрадан сөз алып: "Эй, Абдулмутталиб уулдары! Аллахтын аты менен ант беремин, араптардын ичин- де өз коомумдун дүнүйөсү менен акырети менин алып келгенимден (бул динден) дагы артыгын жана пайдалуусун алып келген адам болгон эмес. Мен силерди тилге жеңил, мизанда (таразада) оор баса турган эки сөздү айтууга чакырамын. Ал Аллахтан башка илах жок экенине жана менин Анын кулу жана Расулу экендигиме күбөлүк кылууларыңар. Аллаху таала силерди ушуга чакыруумду буйрук кылды. Андай болсо кайсы бириңер менин бул чакыруумду кабылдап, мага ушул жолдо көмөкчү болосуңар?” - деди. Эч ким үн чыгарбай башта- рын салып отуруп калышты. Пайгамбарыбыз бул сөзүн үч жолу кайталады. Ар бир айтканында Хазрети Али ордунан турду. Үчүнчү жолкусунда: "Йа, Расулаллах! Жыйналгандардын ичинде эң кичүүсү мен болсом да сизге өмүр бою жардамчы болууга даярмын”, - деди. Пайгамбарыбыз Хазрети Алинин колунан кармады. Калгандары таңыркаган абалда таркап кетишти.

Аллаху тааланын хабиби (сүйүктүүсү) (саллаллаху алейхи ва саллам) туугандарынын бул кылыктарына абдан капа болду. Бирок, алардын Тозоктон кутулуулары, түбөлүк бакытка ээ болуула- ры үчүн ыйманга чакырууну токтотподу.

Пайгамбарлыгынын төртүнчү жылында " (Эй, Хабибим - Сүйүк- түүм) Сага буюрулгандарды (буйрук менен тыюу салынгандарды) баяндап жеткир, акыйкат менен жалгандын арасын ажырат. Мушриктерден бетиңди бур!” деген "Хижр” сүрөсүнүн 94-чү аяты түшкөндө Пайгамбарыбыз Меккеликтерди Исламга ачык түрдө даават кыла баштады. Бир күнү Сафа чокусуна чыгып: "Эй, Курайш калкы! Бул жерге жыйналып, сөздөрүмдү уккула!” - деди. Тайпалар жыйналгандан кийин: "Эй, коомум! Менден бир жолу болсо да жалган сөз уккан белеңер?” – деди. Алардын бардыгы бир ооздон: "Жок, уккан эмеспиз”, - деди. "Аллаху таала мага пайгамбарлык берди жана мени силерге пайгамбар кылып жиберди”, - деди. Кийин: " (Эй, Сүйүктүүм) Аларга айт: Эй, адамдар! Мен силердин баарыңарга жиберилген Аллаху тааланын элчисимин. Ал Аллаху таала жер менен көктүн ээси, бийлөөчүсү. Андан башка ибадатка ылайыктуу эч ким жок. Бардык жандууну өлтүрө турчу дагы, тирилте турчу дагы Ал...” деген маанидеги "Араф” сүрөсүнүн 158-чи аяти каримасын окуду. Муну тыңдап тургандардан байкеси Абу Лахаб ачууланып: "Мына бул бир тууганымдын уулу жинди болгон! Эй, калайык, биздин буттарыбызга сыйынбаган, динибизден чыккан адамдын сөзүн эмнеге угуп турасыңар?!” - деп кыйкырды. Бул кыйкырыкты укккандар Пайгамбарыбыздын чынчыл, жакшы мүнөздүү экендигин билип туруп ыйман келтирбей тарап кетишти жана бардыгы Аллах элчисинин душманына айланды.

Дагы бир күнү Аллаху тааланын "Сага буюрулган нерсени түшүндүр” деген буйругун орундоо максаты менен кайра Сафа чокусуна чыкты. Үн салып: "Йа, сабахах! Бул жерге келгиле! Жыйналгыла! Силерге маанилүү кабарым бар!”- деп жар салды.

Адамдар жыйналды. Бардыгы таңыркап күтүп турушту. Келбегендер дагы киши жиберип, эмне үчүн жыйналып жатканын билгилери келди. Келгендердин бир тобу: "Эй, Мухаммедул эмин! Бизди бул жерге эмнеге жыйнадың? Эмне айтайын дедиң эле?” – дешти. Ал: "Эй, Курайш тайпалары! Менин силердин жагдайыңар жоону көрүп, үйүнө кабар берүүгө шашылган жана жоонун өзүнөн мурда бала-чакасына жетип, зыян берүүсүнөн коркуп "Йа, сабахах (жоо курчады! Таң атты. Дароо согушууга даярдангыла) деп кыйкырган адамдын абалына окшойт. Эй, Курайш коому! Мен силерге мына бул тоонун ары жагында жоонун аскери бар, силерге чабуул жасаганы турушат” десем мага ишенесиңерби?” – деди.

Кийин Курайш тайпаларынан ар бирин "Эй, Хашим уулдары! Эй, Абдуманаф уулдары!” – деп жеке-жеке атап: "Мен силердин башыңарга албетте келе турган оор азаптын кабарчысымын. Аллаху таала мага эң жакын туугандарымды акырет азабы менен коркутуумду буюрду. Силерди: "Лаа илаха иллаллаху вахдаху ла шарикалах (Аллах жалгыз, Андан башка илах жок)” деп ыйман келтирүүгө чакырамын. Мен Анын кулу жана пайгамбарымын. Эгер ушул айткандарыма ыйман келтирсеңер Жаннатка барасыңар. Силер "Лаа илаха иллаллах” демейинче менин силерге дүнүйөдө да, акыретте дагы эч кандай пайдам болбойт”, - деди. Угуп тургандардын ичинен кайра эле Абу Лахаб: "Бизди эмне ушул үчүн жыйнадыңбы?” – деп, жерден таш алып Пайгамбарыбызга ыргытты. Башкалар ал бетпакты ээрчибесе дагы өз араларында кобуранышып, эч бири ыйман келтирбей тарап кетишти.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш