Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Күндү оң колума койсоң да...




Күндү оң колума койсоң да...


Пайгамбарыбыз алейхиссалам ушул дааваттарынан кийин кайсы жерде жалгыз же жыйналган кишилерди көрсө аларга Исламды түшүндүрдү. Чыныгы бакыттын жана кутулуунун напсини ээрчүүдөн, зулумдуктан, адилетсиздиктен жана бардык жаман иштерден оолак болууда, Аллаху таалага ыйман келтирүүдө экендигин түшүндүрдү. Напсилеринин колунда оюнчук болгондор, кумарларынын кулу болгондор, кедейлер менен алсыздарды кордогондор жана бузукулукту кесипке айланткандар Расулуллахтын айткандарына каршы чыгышты. Ага жана ыйман келтиргендерге душман болушту.

Алгачкы мушриктер Расулуллахты мазакташчу. Пайгамбарыбыздын аларга маани бербегендигин көрүп ачыктан ачык зордук-зомбулук жолуна өтүштү. Мусулмандарды эзип, Исламдын нурун өчүргүлөрү келди. Алардын баштарында Абу Жахл, Утба, Шейбе, Абу Лахаб, Укба бин Абу Муайт, Ас бин Ваил, Асвад бин Мутталиб, Асвад бин Абди Яагвас, Велид бин Мугира... сыяктуулар бар болчу.

Бир күнү Утба, Шейбе жана Абу Жахл үчөө Абу Талибге келип: "Сен биздин улуубузсуң. Биз сени ар качан сыйлап, урматтайбыз. Иниңдин уулу жаңы бир дин курду. Буттарыбызга тил тийгизип, бизди капыр деп айыптат жатат. Аны менен сүйлөш, бул кылык- тарын токтотсун. Эгер мындан баш тартпай турган болсок эмне кыла турганыбызды өзүбүз билебиз”, - дешти. Абу Талиб аларды тынчтандырып чыгарып жиберди. Бирок, бул тууралуу көңүлүн оорутпайын деп Пайгамбарыбызга сөз кылган жок. Арадан бир нече күндөн кийин Абу Талибге жанагы мушриктер кайра келишип: "Сага буга чейин да келип, болуп жаткан абалды түшүн- дүргөн элек. Айткан сөздөрүбүзгө кулак аспадың. Ал алиге чейин буттарыбызды жамандоону токтоткон жок. Бүттү, эми чыдамыбыз түгөндү. Экөөң менен тең кашык каныбыз калганча күрөшөбүз. Меккеден же ал, же биз кетебиз”, - дешти. Абалды жөндөгөнгө канчалык аракет кылбасын мушриктердин сөзгө келчү түрү жок эле. Абу Талип Пайгамбарыбызды таарынткысы келбегени менен катар уруусунун өзүнө душман болуусун да каалабады. Ошондуктан, Пайгамбарыбызга барып: "Эй, Мухаммед, Уруубуз сага каршы биригип, мага сен тууралуу даттанып келишти. Тууган арасында касташуу жакшы нерсе эмес. Алар сенин аларды капыр деп айтпооңду жана адашкандыктарын айтып жамандабооңду талап кылууда”, - деди.

Аллахтын хахиби: "Эй, агам! Бир нерсени жакшы билип алыңыз: Алар менин оң колума Күндү, сол колума Айды алып келип беришсе да (эмне кылышса да) мен бул динден жана ага чакыруудан баш тартпаймын. Же Аллаху таала бул динди ар тарапка жайып, менин милдетим аяктайт, же бул жолдо жанымды беремин! – деп, ордунан турду. Мубарек көздөрү жашылданып кеткен эле. Пайгамбарыбыздын капалануусун көргөн Абу Талиб айтканына өкүнүп, аны кучактап: «Эй, инимдин уулу! Милдетиңди улант, каалаганыңды кыла бер. Мен тирүү болсом ар качан сени коргоп, колдой берем», - деди.

Абу Талиптин Пайгамбарыбызды өз камкордугуна алгандыгын уккан мушриктердин башчыларынан он киши биригип, өздөрү менен бирге Умара бин Валидди ээрчитишип Абу Талипке барышат. Ага: "Эй, Абу Талип! Мына бул Умара жаштардын эң жакшысы, эң күчтүүсү, мүнөзү эң жакшысы экенин билесиң. Ошону менен катар акындыгы да бар. Бул жигитти сага берели, өз жумуштарыңа пайдалан. Ал эми Умаранын ордуна бизге Мухаммедди бер, биз аны өлтүрөлү. Сага бир кишинин ордуна бир киши беребиз, мындан артык эмне керек?" - дешти. Абу Талип алардын бул сөздөрүнө катуу ачууланып: "Силер оболу мага өз уулдарыңарды бергиле, мен аларды өлтүрөйүн. Кийин инимдин уулун беремин”, - деди. Мушриктер абалдын чиеленишкенин түшүнүшүп: "Биздин уулдарыбыз сенин иниңе окшоп буттарыбызга тил тийгизип жаткан жок го”, - дешти. Абу Талиб: "Ант беремин, инимдин уулу силердин уулдарыңардын баарынан артык жана үстөм. Демек, мага өз уулуңарды берип бактырып, менин жан боорумду алып өлтүргүңөр бар ээ! Ургаачы төө да өз ботосун коргойт. Бул ишиңер акылга сыя турчу иш эмес. Силердики жетет! Кимде ким жан боорум Мухаммедге (алейхиссалам) душмандык кылса, ал менин да душманыма айланат. Муну ушундай деп билгиле да, колуңардан келгенин кылып көргүлө!” - деди. Абу Талиптин бул сөздөрүн уккан мушриктер ачуу ызаага буулугуп, орундарынан туруп кетип калышты. Абу Талиб дароо Хашим уулдары менен Абдулмутталиб уулдарын жыйнады. Аларга абалды түшүндүрүп, бардыгын тууганы болгон Мухаммед саллаллаху алейхи васалламга жардам берүүгө көндүрдү. Расулуллахка кол көтөргөндүн колдору сындырыла турган болду. Хашим уулдары менен Абдулмутталиб уулдары ушул маселе боюнча мушриктерге каршы биригишти. Бул келишимге бир гана Абу Лахаб кошулбады. Абу Талиб аларга: "Эй, жигиттер! Эртең баарыңар кылычыңарды жаныңарга алып, менин аркаман келесиңер”, - деди. Эртеси Абу Талиб Пайгамбарыбыздын үйүнө барды. Бардыгы бирге жыйналып, касиеттүү Кааба орун алган Харам Шариф аянтына карай басышты. Хашим уулдарынын жигиттери алардын артынан басышты. Алар Каабага барышып, мушриктердин алдынан чыгышты. Абу Талиб мушриктерге: "Эй, Курайш уруусу! Инимдин уулун өлтүрүүгө бел байлаганыңарды уктум. Мына бул артымдагы жаштардын колдоруна кылыч алып, сабырсыздык менен буйругумду күтүп турушкандыктарын билесиңерби? Ант кыламын, Мухаммедди өлтүрө турган болсоңор эч бириңерди тирүү калтырбаймын!” - деди дагы, Пайгамбарыбызды мактаган ырларды айта баштады. Абу Жахл баш болгон мушриктер ал жерден тарап кетишти.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш