Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Кордук, душмандык жана зулумдук




Кордук, душмандык жана зулумдук


Курайштын алдыңкы катардагы мушриктери пайгамбарыбызды жалгыз кезиктирип калган жерлеринде түрткүлөп, сөгүп, жада калса, урууга да аракет кылышчу. Ал эми сахабаларды баса калып алып кетип, кыйнап, кордоп, жабыр тарттырууларын ташташчу эмес. Бир күнү Курайштын абыройлуу мушриктери Каабанын жанына жыйналып отуруп, Пайгамбарыбыз тууралуу кеп козгошту. "Ага чыдагандай башка эч нерсеге чыдаган эмес элек. Бизди жинди деп эсептеп, теңирлерибизге тил тийгизип, жамандап, динибизди кемсинтип жатат. Коомубузду бири-биринен бөлсө дагы сабыр сабырыбызды сактап, ага эч нерсе дебедик...” Ошол кезде Пайгамбарыбыз Каабаны зыярат кылуугат келди. хажари асвадды өөп, Каабаны айланып, таваф кыла баштады. Алардын жанынан өтүп бара жатканда мушриктер Пайгамбарыбызга тил тийгизишип, жаман сөздөрдү айта башташты. Расулуллах мушриктердин бул кылыктарына катуу капа болду. Бирок, эч нерсе дебестен таваф кылуусун уланта берди. Үчүнчү жолу жандарынан өтүп баратканда токтоп: «Эй, Курайштыктар! Мени тыңдагыла, Жаным колунда турган Аллаху таалага ант кыламын, мага силердин бирөөңөр калбай куруй турганыңар билдирилди», - дегенде отурган мушриктер эмне кылаарын билбей калышты. Бир ооз да сөз айта алышкан жок. Абу Жахл гана Пайгамбарыбыздын жанына барып: "Эй, Абул Касым! Сен бизге чоочун адам эмессиң. Биздин жаман мамилебизге караба, ибадатыңды орундай бер. Сен биз менен бир боло тургандай жахил эмессиң го”, - деп жалынып, Расулуллахтын көңүлүн алууга аракет кылды. Ушундай кийин Пайгамбарыбыз ал жерден кетип калды.

Эртеси мушриктер дагы ошол жерге жыйналышты. Өз араларында Пайгамбарыбызды жамандап, ар нерселерди айта башташты. Ошол кезде ал жерге Пайгамбарыбыз келди. Ызаланып турган мушриктер Аллахтын сүйүктүүсүн көрөр замат ортого алып кысым кыла башташты. Араларындагы эң бетпагы Укба бин Муайт Пайгамбарыбыздын мубарек жагасынан кармап, тумчукканча мойнунан муунтту. Ошол замат ал жерге келген Хазрети Абу Бакр: «Менин кудайым Аллах деген адамды өлтүрөсүңөрбү? Ал силерге ааламдардын Раббисинен аят алып келди...», - деп кыйкырып, Расулуллахты коргоо үчүн араларына кирди. Мушриктер Пайгамбарыбызды таштап, Хазрети Абу Бакрга жабылып кетишти. Аны башка ургулап, тепкиге ала башташты. Утба бин Рабиа деген бетпак Хазрети Абу Бакрдын мубарек бетин бут кийими менен уруп кан чыгарды. Аны адам тааныгыс абалга жеткиришти. Тейм уулдары келип арачалабаганда өлгөнчө ур-токмокко алышмак. Күчтөн тайып, туралгыс абалга жеткен Хазрети Абу Бакрды уруулаштары кездемеге салып үйүнө алып барышты. Хазрети Абу Бакрды үйүнө калтырышып, дароо Каабага кайтып барышып, мушриктерге: «Эгер Абу Бакр өлчү болсо ант берели, биз да Утбаны өлтүрөбүз» - деп үйлөрүнө кайтып кетишти.

Абу Бакр "радыйаллаху анх” көпкө чейин эсине келе албай жатты. Атасы менен уруусу Тейм уулдары аны дарылап, айыгып кетүүсү үчүн көп күч жумшашты. Ал кечке жакын гана өзүнө келди. Көздөрүн ача салып: "Расулуллах эмне кылып жатат? Анын абалы кандай? Мушриктер ага тилузатып, сөгүшкөн эле” - дегенге гана күчү жетти. Жанындагылар Хазрети Абу Бакрдын энеси Үммү Хайрга: "Сурап көрчү, бир нерсе жеп-ичкиси келет бекен?” - дешти. Абу Бакрдын "радыйаллаху анх” эч табити жок эле, эч нерсе ичип-жегиси келбеди. Үйдө кишилер азайгандан кийин энеси Хазрети Абу Бакрдан: "Эмне ичесиң? Эмне жейсиң?” - деп сурады. Ал көздөрүн ачып: "Расулуллахтын абалы кандай? Эмне кылып жатат?” - деди. Энеси: "Валлахи, досуң тууралуу эч нерсе билбеймин” - деди. Хазрети Абу Бакр: "Хаттабдын кызы Үммү Жамилге барып, Расулуллахтын абалын ошондон сурап көрүңүзчү” - деди. Үммү Жамил "радыйаллаху анха” Хазрети Омардын карындашы эле, ал мусулмандыкты кабыл кылган эле. Үммү Хайр ордунан туруп, Үммү Жамилдин үйүн карай кетти. Үммү Жамилге: "Балам Абу Бакр сенден Мухаммед алейхиссаламдын ал-абалын сурап жатат. Анын абалы кандай болду экен?” - деди. Үммү Жамил: "Менин Мухаммед алейхиссаламдан да, Абу Бакрдан да эч кандай кабарым жок, кааласаңыз экөөбүз бирге барып билели”, - деди. Ошентип экөө Хазрети Абу Бакрдын жанына барышты. Үммү Жамил Абу Бакр Сыддыктын «радыйаллаху анх» ушундай оор абалда жатканын көрүп: «Сизге ушуну кылган уруу чыныгы кутурган! Аллаху тааладан тилегеним ушул кылгандарынын жазасын тартышсын», - деди. Хазрети Абу Бакр Үммү Жамилден: «Расулуллах эмне кылып жатат? Абалы кандай?» - деп сурады. Үммү Жамил ага: «Бул жерде энеңиз бар, айтканымды угуп коет», - дегенде хазрети Абу Бакр: «Андан сага эч кандай зыян келбейт, сырыңды башкаларга жайбайт», -  деди. Үммү Жамил: «Расулуллах тирүү, абалы жакшы», - деди. Хазрети Абу Бакр: «Ал азыр кайда?» - деп сурады. Үммү Жамил: «Эркамдын үйүндө», - деп жооп берди. Хазрети Абу Бакр: «Валлахи, Расулуллахты барып көрмөйүнчө эч нерсе жеп-ичпеймин», - деди. Энеси: «Сен бираз күтө тур, адамдар уйкуга кетип, айлана карайсын», - деди. Баары уйкуга жатып, сыртта жымжырт болгондон кийин хазрети Абу Бакр энеси менен Үммү Жамилге сүйөнүп, жай басып отуруп Расулуллахтын жанына барды. Аны кучактап өптү. Жанындагы мусулман боордоштору менен да кучакташып көрүштү. Хазрети Абу Бакрдын радыйаллаху анх бул абалы Пайгамбарыбызды катуу кайгыга салды. Хазрети Абу Бакр: «Йа, Расулаллах! Ата-энем сизге курман болсун! Ал бузуку адамга менин жүзүмдү менин жүзүмдү ушундай киши тааныгыс абалга келтиргени үчүн гана капа болдум. Бул жанымдагы мени дүнүйөгө алып келген энем - Салма. Ага дуба кылууңузду суранам. Аллаху таала сиздин урматыңызга аны тозок отунан сайтайт деп үмүттөнөм», - деп өтүнүчүн билдирди. Расулуллах Салма айымдын ханымдын мусулман болуусу үчүн Аллаху таалага дуба кылды. Пайгамбарыбыздын дубасы кабыл болгон эле. Ушундайча Үммүл Хайр да туура жолго жетип, мусулман болду жана алгачкы мусулмандардын катарында болуу мартабасына жетти.

Пайгамбарыбыздын үйү Абу Лахаб менен Укба бин Муайт деген эки ашынган мушриктин үйлөрүнүн арасында болчу. Алар мүмкүнчүлүк табар замат Пайгамбарыбызды каралоого аракет кылышчу. Жада калса, түнү малынын кыгын Расулуллахтын эшигинин алдына алып келип ташташчу. Авасы Абу Лахаб муну менен гана чектелбей кошунасы Адыйдын үйүнөн ага таш ыргытып душмандык кылчу. Аялы Үммү Жамил да андан кем калчу эмес, тикендүү чырпыктарды Пайгамбарыбыз басчу жолго алып келип таштачу. Абу Лахаб бир күнү алып келген кыктарын Расулуллахтын эшигинин алдына төгүп жатканын хазрети Хамза көрүп калып, жүгүрүп барат да аны кармап алып, алып келген айбан кыгын өзүнүн башына төгүп жиберет.

Абу Лахаб менен аялынын мындай жосунсуз аракеттеринен кийин алар тууралуу «Абу Лахабдын колдору курусун, ансыз да куруду...»деп башталган Таббат сүрөсү түштү.

Абу Лахабдын аялы Үммү Жамил өздөрү тууралуу сүрө түшкөнүн угуп, Расулуллахты издей баштады. Каабада отурганын сураштырып билип, колуна чоң таш алып ошол жерге барды. Хазрети Абу Бакр ал кезде Пайгамбарыбыз менен сүйлөшүп отурган эле. Үммү Жамилдин таш алып келе жатканын көргөн хазрети Абу Бакр: «Йа, Расулаллах!  Үммү Жамил келе жатат. Ал өтө тажаал аял, сизге бир зыян келтиреби деп коркуп турам. Бир кыянаттыкка дуушар болуп калбооңуз үчүн көдөн далдоо жерге өтсөңүз», - деди. Расулуллах: «Ал мени көрө албайт», - деди. Үммү Жамил хазрети Абу Бакрды төбөсүнөн карап: «Эй, Абу Бакр! Тез айт, досуң кайда? Мени жана күйөөмдү жамандап азилдеген экен. Ал акын болсо мен да, күйөөм да акынбыз. Мен да аны азилдеймин. Биз ага каршыбыз, пайгамбарлыгын кабыл кылбайбыз жана динин жактырбайбыз. Ант кыламын, эгер аны көрчү болсом башын мына бул таш менен согомун...», - деп жагымсыз сөздөрдү айтты. Хазрети Абу Бакр: «Ал акын эмес, ал сени азилдеген жок», - дегенден кийин Үммү Жамил кетип калды. Хазрети Абу Бакр Пайгамбарыбызды карап: «Йа, Расулаллах! Ал сизди көргөн жокпу?» - деп сурады. «Мени көргөн жок, Аллаху таала анын көзүн мени көрбөй тургандай кылып пардалады», - деди.

Пайгамбарыбыздын мубарек кыздарынан хазрети Үммү Гүлсүм Абу Лахабдын уулдарынан Утайба менен, хазрети Рукаййа Утба менен аташтырылып, али үйлөнө элек болушчу. «Таббат» сүрөсү түшкөндөн кийин тозоктук Абу Лахаб, аялы жана Курайштын көсөмдөрү Утба менен Утайбага:  «Анын кыздарын алып, жүгүн жеңилдеттиңер. Эми кыздары менен ажырашып, аны кыйын абалга түшүргүлө. Силерге Курайштан тандап каалаган кызыңарды алып берели», - деп сунуш кылышты. Алар: «Макул, анын кыздарына үйлөнбөйбүз», - деп келишишти. Утайба андан да аша түшүп, Пайгамбарыбызга барып: «Эй, Мухаммед! Мен сени жана диниңди моюндабаймын. Кызыңды да албаймын. Эми бири-бирибизди жек көрө турган болобуз! Бири-бирибиз менен катышпайбыз...», - деп жаман сөздөрдү айтты. Ошентип, Пайгамбарыбызга карай атылырып, жакасына жабышып, ыплас сөздөрдү сүйлөдү. Көйнөгүн жыртты. Расулуллах: «Йа, Раббим! Муну жырткычтарыңдын бирине туш кыла көр», - деп жаман дуба кылды. Утайба болгон окуяны атасына барып айтканда Абу Лахаб: «Мухаммеддин балама кылган дубасынан коркомун», - деди.

Бир нече күндөн кийин Абу Лахаб баласы Утайбаны соода үчүн Шамга жөнөттү. Ичинде Утайба болгон кербен Зарка деген жерде конуш алат. Кербен токтогон жерде бир арстан тегеренип жүргөн болот. Утайба аны көрө салып: «Ант кыламын, Мухаммеддин (алейхиссалам) каргышы орундалды. Бул арстан мага кол салат. Мухаммед өзү Меккеде болсо да менин өлүмүмө себепчи ошол болот», - деди. Арстан бираздан кийин көздөн кайып болду. Жатар мал келип, жанындагылар Утайбаны бийигирээк бир жерге жаткырышат. Түнү арстан дагы келип, кербендегилерди бир бирден жыттап Утбанын жанына барды. Анын үстүнө мине калып, кардын жарып, башына жабышып, көрсө адам чоочуй тургудай кылып жайлап таштады. Утайба жан тапшырып жатып:

«Мен силерге Мухаммед адамдардын эң чынчылы дебедим беле?» - деп кыйкырып жатты. Баласын арстан жарып таштаганын уккан Абу Лахаб да: «Мен силерге Мухаммеддин каргышынан коркомун дебедим беле?» - деп ыйлады.

Пайгамбарыбыз «саллаллаху алейхи ва саллам» адамзат баласын түбөлүк бакытка чакырып, Аллаху тааланын бар экенин, бир экинине чакырып, тозокто күйбөөлөрү үчүн аракет кылып жаткан эле. Ал эми мушриктер болсо «Ата-бабаларыбыздын дини ушу» деп бутка сыйынууну улантып жатышты. Пайгамбарыбыз аларды адамча жашоого, абыройлуу, кадырлуу болууга, кайдырсыздыктан кутулуп жогору даражаларга чыгууга чакырды. Алар болсо көөшүрүп моюн беришпей, Расулуллахка кыянаттыктарынт уланта беришти. Абу Лахаб кыянат кылуучулардын башында турду. Расулуллахты дайым аңдып, адамдарды аны угуудан баш тарттырууга, алардын жүрөктөрүнө күмөн салууга аракет кылды. Эл жыйналган жерлерде, жарманкелерде Пайгамбарыбыз: «Эй, адамдар! Ла илаха иллаллах десеңер кутуласыңар», - дегенде Абу Лахаб артынан келип: «Эй, адамдар! Бул сүйлөп турган - менин инимдин баласы. Анын сөзүнө ишенбегиле! Андан оолак болгула!» - дечү.

Мухаммед алейхиссалам бир күнү Каабада намаз окуп отурган эле. Курайштын алдыңкы катардагылары - Абу Жахл, Шейба бин Ребиа, Утба бин Ребиа жана Укба бин Абу Муайт баш болгон бир топ мушрик Пайгамбарыбызга жакын бир жерге барып отурушту. Ошол жерде бир күн мурун союлган төөнүн ичеги-карындары менен калдыктары жаткан эле. Кара ниеттүү Абу Жахл: «Ким мына бул төөнүн ичеги-карнын алып, Мухаммед саждага барган кезде үстүнө таштайт?» - деп жийиркеничтүү сунушун айтты. Ошол жердегилердин ичинде эң заалымы, эң мээримсизи, эң бетпагы болгон Укба бин Абу Муайт: «Мен кыламын», - деп ордунан турду. Ичеги-карынды ичиндегилери менен кошо Пайгамбарыбыз саждага барган кезде мубарек далысына таштап жиберди.  Муну көрүп отурган мушриктер каркылдап күлө башташты. Пайгамбарыбыз саждасын созуп, мубарек башын көтөрбөдү. Ошол кезде сахабаардан Абдуллах бин Масуд (радыйаллаху анх) муну көрүп калды. Ал бул тууралуу мындай деди: «Расулуллахтын бул абалын көргөндө ачууман каным төбөмө чыкты. Бирок, менин мушриктерден коргой турчу уруум жок эле. Эч кимим жок эле, алсыз элем. Ал кезде мушриктерге каршы жада калса, сүйлөй турчу да күчүм жок эле. Пайгамбарыбыздын абалына күйүү менен карап турдум. Аттиң, ошол кезде менин мушриктерден коргоно турчу күчүм (адамдарым) болгондо Расулуллахтын мубарек далысына ташталган нерселерди алып таштаар элем. Мен ошентип карап турганда Расулуллахтын кызы Фатимага кабар жетти. Ал кезде Фатима (радыйаллаху анха) кичине эле. Жүгүрүп келди да, атасынын үстүндөгүлөрдү алып таштады. Муну кылгандарга каргыш айтты, оор сөздөрдү айтты. Пайгамбарыбыз эч нерсе болбогондой намазын окуп бүтүргөндөн кийин үч жолу:

«Аллахым! Курайштын мына бул тобун Сага тапшырамын.

Аллахым! Абу Жахл Амр бин Хишамды Сага тапшырамын. Аллахым! Укба бин Ребианы Сага тапшырамын. Аллахым!

Шейба бин Ребианы Сага тапшырамын.  Аллахым! Укба бин Муайтты Сага тапшырамын. Аллахым! Валид бин Утбаны Сага тапшырамын. Аллахым! Умаййа бин Халефти Сага тапшырамын. Аллахым! Умара бин Валидди Сага тапшырамын!» - деди. Бул баддубаны уккан мушриктер күлкүлөрүн токтотуп, корко башташты. Анткени, Байтуллахта кылынган дубанын кабыл боло тургандыгына бардыгы ишенишчү. Пайгамбарыбыз Абу Жахлге: «Валлахи, же сен мындан баш тартасың, же Аллаху таала башыңа бир балээ жиберет»,- деди. Аллаху таалага ант кыламын, Расулуллах аттарын атап айткан бул адамдардын бардыгынын Бадир согушунда өлтүрүлгөнүн, ысыкта сасыган өлүктөрүнүн Бадир чуңкуруна ташталганын көрдүм.»

Бир күнү Абу Жахл Байтуллахта Курайш мушриктерине: «Эй, Курайш уруусу! Мухаммеддин динибизди айыптап, буттарыбыз менен аларга сыйынган ата-бабаларыбызга тил тийгизүүсүн, бизге акмак деп кароону токтотпой жүргөнүн көрүп жүрөсүңөр. АЛдыңарда туруп ант берип айтамын, эртең өзүм зорго көтөргөн оор бир ташты алып барып, ал намаз окуп жатканда башына таштап жиберемин. Ошондон кийин мени Абдулмутталиб уулдарынан кааласаңар коргогула, каалабасаңар коргобогула, өзүңөр билесиңер. Аны өлтүргөндөн кийин туугандары мага каалаганын кылышсын...», - деди. Аны угуп турган мушриктер: «Ант кылабыз, биз сени коргойбуз жана эч кимге бербейбиз. Сен аны өлтүрсөң болду...», - деп тукурушту. Эртеси таң эрте Абу Жахл колуна чоң таш көтөрүп, Каабага келди. Мушриктердин жанына отуруп, Расулуллахты күтө баштады. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллам демейдегиче Байтуллахка келип, намазын окуй баштады. Абу Жахл ордунан туруп, алып келген чоң ташын колуна алып, Расулуллахка карай басты. Мушриктердин баары эмне болр экен деп кызыга карап отурушту. Абу Жахл Расулуллахтын жанына жакындап келгенде кокустан туруп титирей баштады. Колундагы ташы жерге түшүп кетти. Үрөйү учкан бойдон артка карай чегинди. Мушриктер таңдануу менен Абу Жахлдин жанына барып: «Эй, Амр бин Хишам! Сага эмне болду?» - деп сурашты. Абу Жахл: «Аны өлтүрөйүн деп колумду көтөрө бергенимде алдыман бир кутурган төө чыга калды. Ант кыламын, өмүрүмдө андай чоң шыйрактуу, өткүр тиштүү алп төөнү көргөн да, уккан да эмесмин. Эгер дагы бираз жакындаганымда ал мени өлтүрмөк», - деди.

Дагы бир күнү Абу Жахл мушриктерди жыйнап: «Абдуллахтын жетими ушул жерде намаз окуп, бетин жерге сүртпөйбү?» - деп сурады. Алар «Ооба» деп жооп беришти. Ушул жоопту күтүп турган Абу Жахл: «Эгер анын ошондой кылганын көрсөм башын бутум менен былчыйта басамын», - деди. Бир жолу Пайгамбарыбыз Каабада намаз окуп турган эле. Абу Жахл да жолдоштору менен бирге отурган болчу. Ордунан туруп, Расулуллахка карай басты. Ага жакындап калган кезде кокустан колу менен бетин сыйпалап кача баштады. Мушриктер анын жанына барышып: «Эмне болду?» -деп сурашканда Абу Жахл: «Арабызда бир от кудугу пайда болду. Бир кишилердин мага карай умтулуп келе жатканын көрүп артка качтым», - деп жооп берди.

Валид бин Мугира, Абу Жахл, Амр бин Хишам, Асвад бинти Мутталиб, Умаййа бин Халеф, Асвад бин Абдуягвас, Ас бин Ваил, Харис бин Кайс сыяктуу мушриктердин алдыңкы катарлары Пайгамбарыбызды көргөн кезде: «Мына бул бечара да өзүн пайгамбармын деп жүрөт. Жабраил да киши жок калгансып ошого келет экен», - деп, шылдың кылышар эле. Ошондой күндөрдүн биринде Расулуллахтын дагы көңүлү ооруган эле. Ошондо Жабраил (алейхиссалам) көрүнүп, бир нече аяттарды алып келди:

«Ант болсун, (эй, Расулум)! Сенден мурун жиберилген пай- гамбарлар да мазакталды. Пайгамбарларды мазактагандарга бул кылыктарына жаза катары аларды балээ менен азап туш тараптан курчап алды.» (Энам сүрөсү, 10-аят). "Чындыгында, биз сени мазактагандар үчүн жетиштүүбүз. Алар Аллаху таала менен бирге башкаларды да теңир деп эсептешти. Алар жакында (баштарына түшө турчу азаптарды) билишмек- чи. Алардын сөздөрүнө (шерик кошууларына, Курани каримге тил тийгизүүлөрүнө жана сага айткан шылдың сөздөрүнө) өпкөң тарайып, жаныңдын кысыла тургандыгын аныгында билип турабыз.” (Хижр сүрөсү, 95-аяттар).

Пайгамбарыбыз бир күнү Каабаны таваф кылып жатканда Жабраил алейхиссалам келип: «Мен алардын (макзактагандардын) жазасын берүүгө буйрук алдым», - деди. Ошол маалда Валид бин Мугира алардын жанынан өттү. Жабраил алейхиссалам: "Мынабу өтүп бараткан кандай адам?” - деп сурады.«Ал Аллаху тааланын эң жаман кулдарынын бири», - деди Пайгамбар (алейхиссалам).

Жабраил алейхиссалам Валиддин бутун көрсөтүп: «Жазаңды бердим», - деди. Көп өтпөй Ас бин Ваил өттү. Жабраил алейхиссалам Расулуллахтан ал тууралуу да сурап, дал ошондой жооп алган соң анын ичин көрсөтүп: "Бул да балээсин тапты”, - деди. Асвад бин Мутталиб өткөндө манжасы менен көзүнө, Абдуягвасты көргөндө анын башына ишаарат кылды. Харис бин Кайс өткөндө курсагын көрсөттү да: «Йа, Мухаммед алейхиссалам, Аллаху таала алардын жамандыктарынан сени куткарды. Жакында булардын бардыгы бир апаатка учурашат», - деди. Алардын ичинде Ас бин Ваилдин бутуна тикен кирип, кандай дарыласа да айыктыра албады. Акыры буту төөнүн мойнундай болуп шишип «Мухаммеддин Аллахы мени өлтүрдү!» деп кыйкырып жатып жанын тапшырды. Асвад бин Мутталибдин көздөрү сокур болуп калды. Жабраил алейхиссалам аны даракты сүздүрүп өлтүрдү Бад-и Самумга барган Абдуягвастын бети-башы жана көкүрөгү капкара болуп кетти. Үйүнө келгенде эч ким аны тааныбай кууп чыгышты. Ачууланып башын эшикке уруп жатып өлдү. Харис бин Кайст туздуу балык жеген эле. Ысыгы көтөрүлүп, канча суу ичсе дагы суусуну канган жок. Акыры суу иче берип курсагы жарылып өлдү. Валид бин Мугиранын балтырына темирдин сыныгы кирип, жарасы айыкпай көп кан жоготту. «Мухаммеддин Аллахы мени өлтүрдү!» деп кыйкырып жатып жан тапшырды. Ушундайча бардыгы кылган иштеринин жазаларын алган болушту.

Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллам бир күнү Хакем бин Абул Аска жолугат. Жанынан өтүп кеткенден кийин Хакем Пайгамбарыбыздын артынан оозу-мурдун кыйшайтып, ар түрдүү кылыктарды кылып шылдыңайт. Расулуллах анын кылгандарын пайгамбарлык нуру менен көрүп, ошондой болуп калуусу үчүн дуба кылганда Хакем бир силкинип, өмүрүнүн акырына чейин оозу-мурду кыйшайып, денеси ойноктогон бойдон калды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш