Мушриктер
Пайгамбарыбызга эле эмес анын кадырлуу сахабаларына да жамандык, зордук-зомбулук
көрсөтүшчү. Өзгөчө, кедей, эч кими жок сахабаларга ойлоруна келгенди тартынбай
кылып, акылга сыйбаган азаптарды көрсөтүшчү. Ошондой азап тарткандардын бири Билал Хабеши
радыйаллаху анх болчу. Умаййа бин Халеф деген бир мушриктин кулу болуп жүргөн
хазрети Билал Абу Бакр Сыддык радыйаллаху анх аркылуу мусулмандыкты кабылдаган
эле. Умаййа он эки кулунун ичинен Билалды катуу жакшы көргөндүктөн аны
буткананын күзөчтүсү кылып койгон болчу. Хазрети Билал мусулман болгондон кийин
бутканадагы бардык буттарды сажда кылдырып жаткылып койду. Бул кабар Умаййага жеткенде
анын жаалы чыгып жинденди. Хазрети Билалды алдына чакырып: "Сен мусулман
болупсуң. Мухаммеддин Раббисине сажда кылат экенсиң, ошондойбу?” - деп сурады. Хазрети
Билал: "Ооба, улук жана үстөм болгон Аллаху таалага сажда кыламын”, - деди. Умаййа
хазрети Билалдын бул жообуна чыдай албай аны кыйнай баштады. Чак түштө күн дал
төбөгө келген кезде аны чечинтип, күндүн ысыгында жата берип ысып калган
таштарды анын денесине коюп күйгүзө турган болду. Оттой ысык таштарды аркасына,
курсагына койгондон кийин "Ислам диниңен кайт! "Лат” менен "Узза” буттарына
ыйман келтир”, - дечү. Хазрети Билал радыйаллаху анх болсо: "Аллах - бир. Аллах
- бир”, - деп чыдамкайлык көрсөтчү. Умаййа бин Халеф анын бул сабырдуу калыбын көргөндө
андан бетер жинденип, аны тикендердин үстүнөн сүйрөп, денесин жаралап, азапка салчу.
Хазрети Билал денесинен шоргологон канга да карабай: "Аллахым! Сенден келген
бардык нерсеге ыраазымын. Аллахым! Сенден келген бардык нерсеге ыра- азымын!” -
деп ыйманда тайманбастык көрсөтчү.
Хазрети Билал бул
абалын өзү мындай деп баяндаган: "Ал заалым Умаййа мени күндүн аптап ысыгында байлап
коюп, күнү-түнү дебестен токтобой кыйначу. Ошондой күндөрдүн бири эле. Күн
жанып турат. Адатынча дагы кыйноосун баштады. Исламдан кайтаруу үчүн:
"Буттарыбызга сыйын! Мухаммеддин Аллахына каршы чык!” - дегенде мен: "Аллах бир!
Аллах бир!” - дечүмүн. Өчүн алуу үчүн ошол күнү көкүрөгүмдү өтө чоң таш менен
бастырып койду. Мен дал ошол кезде эсимен танып калдым. Эсимди жыйганда үстүмдөгү
таштын кулап, күндүн булут арасына кирип кеткенин көрдүм. Аллаху таалага шүгүр
кылып, өз өзүмө: "Эй, Билал! Хак тааладан келген бардык нерсе жакшы, жагымдуу”,
- дедим.”
Умаййа бин
Халеф дагы бир күнү Билал Хабешиге радыйаллаху анх кордук көрсөтөйүн деп сыртка
чыгарган эле. Кийимдерин чечип, бир
гана ич кийими менен калтырып, ысык кумдун үстүнө жаткырып, үстүнө таштарды койду.
Мушриктер жыйналып, аны кыйнап: "Диниңен чыкпасаң сени өлтүрөбүз”, - деп жатышкан
эле. Билал ушунчалык айоосуз кыйноолорго чыдап "Аллах бир! Аллах бир!” деп айтуудан
жаңылбады. Ошол кезде Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллам ошол туштан
өтүп бара жаткан болот. Хазрети Билалдын бул абалын көрүп катуу кайгырып: "Аллаху тааланын ысымын айтуу сени
куткарат”, - деди.
Расулуллах үйүнө
баргандан кийин жанына хазрети Абу Бакр келди. Пайгамбарыбыз хазрети Билалдын
чеккен азабын хазрети Абу Бакрга айтып: "Катуу
кайгырдым”, - деди. Хазрети Абу Бакр ордунан туруп дароо ошол жерге барды.
Мушриктерге: "Билалды минтип кыйноо менен эмне табасыңар? Аны мага саткыла”, - деди.
Мушриктер хазрети Абу Бакрга: "Ат башындай алтын берсең да сатпайбыз. Бирок,
сен кулуң Амирди бизге берүүгө макул болсоң ошого алмашабыз”, - дешти. Амир хазрети Абу Бакрдын соода
иштерин орундаган, көп табыш алып келген кулу болчу. Өзүндө жеке мүлкүнөн башка
он миң алтыны бар болчу. Хазрети Абу Бакрга жардам берип, анын бардык
жумуштарын жүргүзчү. Бирок, ал капыр болчу жана ыймансыздыктан кайтчу эмес.
Хазрети Абу Бакр: "Амирди бардык мүлкү менен, акчасы менен силерге бердим”, -
деди. Умаййа бин Халеф менен жанындагы мушриктер кубанып: "Абу Бакрды алдадык”,
- дешти. Хазрети Абу Бакр Билал Хабешинин үстүндөгү таштарды алып, ордунан тургузду.
Билал Хабеши радыйаллаху анх көргөн бул кыйноолордон кийин алдан тайган эле. Колунан
кармап, түптүз Пайгамбарыбыздын алдына алып барды. "Йа, Расулаллах! Билалды
бүгүн Аллах ыраазылыгы үчүн азат кылдым”, - деди. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз катуу кубанды.
Хазрети Абу Бакрга көп дуба кылды. Ошол кезде Жабраил алейхиссалам Абу Бакрдын радыйаллаху
анх тозоктон алыста экендигин сүйүнчүлөгөн Лейл сүрөсүнүн 17-чи жана 18-чи
аяттарын алып келди. Аяти карималардын мааниси: " (Хазрети Абу Бакр сы- яктуу) чоң
такыбаа ээси болуп, (ширк менен күнөөдөн сактанып) малын Аллаху тааланын даргейинде пак болуу үчүн кайырлуу жолдо жумшаган
адам андан (тозоктон) алыстатылды.”
Темирден
көйнөк
Хаббаб бин
Эрат да дининен кайтуусу үчүн азап тарттырылгандардын бири. Хазрети Хаббабдын
эч кимиси жок эле жана ал Үммү Энмар деген мушрик аялдын кулу болчу. Аны коргой турчу бир да тууганы
болбогондуктан мушриктер жыйналып, аны чечинтип, үстүн тикен менен тыткылашчу. Кээде
жылаңач денесине темирден кийим кийгизип, күндүн аптабында таштап салышчу. Күнгө
ысытылган же өздөрү отто ысытылган таштар менен жылаңач денесин басып: «Диниңен
каткының! Лат менен Уззага сыйын!», - дешчү. Хаббаб болсо ыйманына бекем болуп:
«Ла илаха иллаллах Мухаммадун расулуллах», - деп аларга каршылыгын билдирчү.
Бир күнү мушриктер жыйналышып, бир
жерге от жагышат. Хазрети Хаббабды байлап алып ошол жерге алып келишет. Чечинтип,
оттун үстүнө жаткырышат. АЛар Хаббабды радыйаллаху анх же дининен кайтарышмак болушат
же отко куйкалап өлтүрүшмөк болушат. Оттун ортосуна чалкасынан жаткырылган хазрети
Хаббаб: «Аллахым! Абалымды көрүп-билип турасың. Жүрөгүмдөгү ыйманымды бекем
кыла көр, мол сабыр ихсан кыла көр!» - деп дуба кылып жаткан эле. Мушриктердин
бирөө келип буту менен хазрети Хаббабдын радыйаллаху анх көкүрөгүн басат. Бирок,
алар ыйман келтиргендерди Аллаху тааланын коргой турганын билишчү эмес. Бир
канча жылдардан кийин бул тууралуу Хаббабдан сурашканда: «Алар мени тирүүлөй
өрттөө үчүн от жагышты, кийин мени сүйрөп алып келип отко ташташты. Ал отту
менин этим гана өчүрдү», - деди.
Хазрети
Хаббабга сыртта ушундай азап көрсөтүлүп жатканда кожоюну Үммү Энмар да аны
дининен чыгаруу үчүн темирди ысытып, башын кызара ысыган темир менен күйгүзчү.
Хабба радыйаллаху анх дини үчүн ушундай кордуктардын бардыгына чыдап, дининен
кайтпай турганын билдирген болчу.
Бир күнү
хазрети Хаббаб Пайгамбарыбызга келип: «Йа, Расулаллах! Мушриктер мени көргөн
жерлеринде отко таштап, денемди күйгүзүп кыйнай беришет. Үйдө кожоюнум да
башымды ысык темир менен күйгүзөт. Дуба кылууңузду суранам», - деди. Ошентип
башы менен аркасындагы күйүктүн издерин көрсөттү. Расулуллах анын бул абалына
абдан жаны ачыды. Пайгамбарыбыз бул абалга
катуу кайгырып, азап чегүүсүнө чыдай албай: «Йа, Раббим! Хаббабга жардам бер!» - деп дуба кылды. Хак таала Расулунун
бул дубасын кабыл кылып, Үммү Энмарды азаптуу баш оорусуна чалдыктырды. Үммү
Энмар башы ооруп, таң аткыча онтоп чыга турган болду. Бирөөлөр ага бул оорусуна
чара катары башын отто кызыган темир менен күйгүзүүсүн айтышты. Акыры Хаббабды чакырып,
ооруп турган башына ысыган темирди басууну буйрук кылды... Хазрети Хаббаб
радыйаллаху анх анын башын ысыган темир менен күйгүзчү...
Исламдын
алгачкы күндөрүндө мушриктер Хаббаб бин Эраттын радыйаллаху анх абалына анча
көңүл бөлүшкөн эмес эле. Бирок, күн өткөн сайын ыймандуулардын саны көбөйүп
бара жатты. Ошондуктан, мушриктер бул ишке чындап киришүүгө мажбур болушту. Натыйжада
хазрети Хаббабга кысымдарын катуулатышты. Аны мурдагыдан да көп уруп, денесин
жаралап, кордоп, зордук-зомбулук көрсөтө турган болушту.
Ушулардын бардыгына
карабастан хазрети Хаббаб ыйманынан кымындай да козголгон жок. Бирок, ага көрсөтүлгөн
азаптар менен кордуктар адам чыдагыс деңгээлге жеткен эле. Башынан өткөргөн
азаптарын Пайгамбарыбызга айтып: «Йа, Расулаллах! Чеккен азаптарыбыздан кутулуубуз
үчүн дуба кыласызбы», - деди. Ошондо Пайгамбарыбыз: «Силерден мурунку үммөттөрдүн ичинде ушундай бекем адамдар бар эле,
алардын темир тарак менен терилерин, эттерин сыйрышчу, бирок, ушундай кордуктар
да аларды диндеринен кайтара алчу эмес. Араа менен төбөсүнөн төмөн карай экиге бөлүшчү,
бул кордуктар да аларды дининен кайтара алчу эмес. Аллаху таала албетте бул ишти (Исламды) толуктайт. Бардык
диндерден үстөм кылат. Ошондой кезеңдер болот, жаныбарына минип Санадан Хадрамутка
жалгыз кетип бараткан адам Аллаху тааладан башка эч кимден коркпойт, койлору
тууралуу карышкырдын жеп кетүүсүнөн башка эч нерседен коркпойт. Бирок, силер
шашылуудасыңар», - деп аркасын сылап дуба кылды. Расулуллахтын рухтарга
азык жана шыпаа болгон бул сөздөрү Хаббабдын күйүтүн басаңдаткан эле.
Хазрети
Хаббабдын өзгөчө ашынган мушрик Ас бин Ваилден бир канча аласасы бар эле. Ошону
суроого барды. Ас бин Ваил Хаббабга: «Мухаммедге ишенбеймин деп айтпасаң
аласаңды кайрып бербеймин», - дегенде
хазрети Хаббаб: «Валлахи, мен өлгөндөн кийин кабырыман турганда да
тирүүлүгүмдөгү сыяктуу Пайгамбарыбызды четке кага албаймын», - деди. Анын бул
сөзүн Ас бин Ваил шылдың кылып: «Эмне, өлгөндөн кийин да тирилет бекенбиз? Эгер
ал чын болсо анда мага мал-мүлк менен бала- чакам кайра берилет эмеспи? Анда
карызымды сага мына ошондо кайтарып беремин», - деди.
Ас бин Ваилдин
бул сөздөрүнө байланыштуу Аллаху таала Курани каримде «Мариям» сүрөсүнүн
77-79-чу аяттарында мындай деди: «(Эй,
Хабибим!) Эми мына бул аяттарыбызды
четке каккан жана «Албетте мага (кыямат күнү) мал менен бала берилет» деген адамды (ас бин Ваилди) көрдүңбү? Ага кайыптан бир кабар келиптирби
де Рахмандын хузурунда бир убада алыппы? Жок, андай эмес! Биз анын айтканын жазабыз.(Кыямат күнү ошого карай азапка тартабыз) жана азабын үстү-үстүнө көбөйтөбүз».
Эстен
тангыча кыйноолор
Мушриктер
мусулмандарга аял-эркек, жаш-кары дебестен зулумдук кылышкан. Алгачкы
мусулмандардын бири жана эч кими жок Зиннира ханым радыйаллаху анха да бир күң
эле. Анын мусулман болгонун билген мушриктер ага да азап көрсөтүүдөн
тартынышпады. Зиннира ханымды "Лат” менен "Узза” буттарына сыйынтуу үчүн
кыйнап, тумчуккуча муунтуп, эсинен таңгыча кыйнашчу. Ошого карабастан ал
дининен чыкпады, алардын айткандарын укпады. Өзгөчө, аны Абу Жахл катуу кыйначу.
Ушундай кийин Зинниранын радыйаллаху анх көздөрү көрбөй калды. Бир жолу Абу Жахл
ага: "Көрдүңбү, Лат менен Узза сенин көзүңдү көр кылды”, - дегенде Зиннира
ханым ыймандуулугун көрсөтүп: "Эй, Абу Жахл! Валлахи, бул сен айткандай эмес. Лат
менен Узза деп жаткан буттарың эч кандай ишке жарабайт, өздөрүнө сый-
ынгандарды да сыйынбагандарды да билбейт. Менин Раббимдин көзүмдүн нурун
берүүгө жана мени мурунку абалыма келтирүүгө албетте кудурети жетет”, - деди. Абу
Жахл хазрети Зинниранын бекем ыйманына таң калды. Аллаху таала Зинниранын
радыйаллаху анха дубасын кабыл кылып, көзү мурункудан да жакшы көрө турган болду. Абу Жахл менен Курайш мушриктери
бул окуяны көрүп туруп өжөрлөнүп ыйман келтиришкен жок. Жооп катары: "Бул дагы
Пайгамбарыңардын сыйкырларынын бири. Мухаммеддин артынан ээрчиген акмактарга
таң калбайсыңбы? Эгер алардын жолу акыйкат жана кайырлуу болсо биринчи болуп
ага биз баш иймекпиз. Демек, туураны бизден мурда бир күң тапкан экен да?” -
дешти алар. Ушул окуяга карата Аллаху таала Ахкаф сүрөсүнүн 11-чи аятын
түшүрдү. Маанисинде мындай делет: "Ал капырлар
ыйман келтиргендер тууралуу (Исламда) бир
жакшылык бар болсо бул маселеде алар (кедейлер, байкуштар) биздин алдыбызга чыгып, бизден мурда ага
жете алышмак эмес”, - дешти. Бирок, алар аны менен (Курани каримди четке кагуу
үчүн) "Бул Курани карим (Мухаммед
чыгарган) эски замандардан калган жалган
нерсе”, - дешет”.