Дар-ул-Аркам


Мушриктердин мусулмандарга кылган зулумдук жана душмандыктарына Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) катуу капаланчу. Исламдын таралуусу жана үйрөтүлүүсү үчүн ишенимдүү бир жер керек эле. Пайгамбарыбыз мындай касиеттүү ишке хазрети Аркамдын үйүн тандады. Бул үй Сафа чокусунун чыгышында, тар бир көчөдө жана бийигирээк бир жерде болчу. Бул жерден Кааба даана көрүнүп турчу. Үйдүн кирип-чыга турчу жери өткөн-кеткендерди карап туруугада ыңгайлуу болчу. Ошону менен катар хазрети Аркам Меккенин алдыңкы катардагы жана абыройлуу адамдарынын бири болчу. Расулуллах ушул үйдө сахабаларына Исламды үйрөтчү. Жаңыдан мусулман болгондор ушул жерге келип Исламды кабылдап, Расулуллахтын көңүлдөргө даба болгон мубарек сөздөрүн угуу менен сыймыктанышчу. Алар Пайгамбарыбызды башына куш конуп, аны учуруп албайын деген кишидей тынч, үнсүз, берилип угушчу. Мубарек сөздөрүп бир-бирден, айканын айткандай кылып жаттап алышчу эле. Пайгамбарыбыз салаллаху алейхи ва саллам таң эртеден кечке чейинки убактысын хазрети Аркамдын үйүндө сахабаларын жетилтүүгө жумшачу. Бул жер мусулмандардын алгачкы ордосу, б.а., алгачкы «Дар-ул-Ислам» эле. Алгачкы мусулмандар ушул жерге жыйналышып, мушриктердин ар түрдүү жамандыктарынан коргонушкан эле.

Аммар бин Ясер радыйаллаху анхума баяндайт: «Дар-ул-Аркамга барып, Расулуллахты көрүп, мусулман болууну кааладым. Эшиктин алдында хазрети Сухейбди радыйаллаху анх кезиктирдим. «Бул жерде эмне кылып жүрөсүң?» - деп сураганымды ал да менден ушул суроону сурады: Мен: «Хазрети Мухаммеддин алдына барып, сөздөрүн угуп, мусулман болгум келет», - дедим. Ал: «Мен да ошол үчүн келген элем», - деди. Пайгамбарыбызга экөөбүз бирге кирдик. Ал бизге Исламды түшүндүрдү. Биз кубануу менен мусулман болдук.

Аммар радыйаллаху анх мусулман экендигин ачык айтуудан тартынбаган мужахиддердин бири болчу. Дининен кайтпоо үчүн эң оор кастандыктарга чыдачу. Мушриктер аны жалгыз кезиктирип калса "Рамда” деген жерге же Меккенин таштуу жерлерине алып барып, кыйнап кийимдерин чечип, темирден кийим киргизип, ысык күн астында калтырып коюшчу. Кээде аркасын отко күйгүзүп, оор азаптарды тарттырышчу. Ушинтип ар кыйнаган сайын ага: "Исламдан чык!.. Исламдан чык! Лат менен Уззага сыйын да кутул”, - дешчү. Хазрети Аммар ушундай адам чыдагыс азаптарга сабыр кылып. "Раббим - Аллах, Пайгамбарым - Мухаммед алейхиссалам”, - деп аларга каршылык билдирчү. Мушриктер ого бетер ачууланып, көкүрөгүнө ысык таштарды коюп, кээде кудукка салып, сууда тумчуктурууга аракет кылышчу. Аммар бин Ясер радыйаллаху анх Пайгамбарыбызга бир келгенинде: "Йа, Расулаллах! Мушриктердин бизге көрсөтүп жүргөн азаптары чектен чыгып баратат”, - деди. Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллам хазрети Аммардын бул абалына жаны ачып: "Сабыр кылыңыз, эй, Якзандын атасы!” - дейт да: "Йа, Раббим! Аммардын үй-бүлөсүнөн эч кимге тозок азабын тарттырба”, - деп дуба кылды.

Алгачкы шейит

Хазрети Аммардын атасы Ясер, энеси Сумаййа, бир тууганы Абдуллах болуп бүтүндөй үй-бүлө Исламды кабыл алышкан эле. Мушриктер хазрети Аммардын энесине, атасы жана тууганына өзүнө көрсөткөндөн да көп азап көрсөтүшчү. Кыйнап жатканда аларга куфур сөздөрдү айткызгылары келчү, бирок, алар: "Терибизди сыйырсаңар да, этибизди бөлүк-бөлүк кылып кессеңер да силерди укпайбыз”, - деп жооп берип: "Ла илаха иллаллах Мухамммадан Расулуллах”, - дешчү. Ошондой күндөрдүн биринде Батха деген жерде Ясердин үй-бүлөсүнө мушриктер тарабынан кордук көрсөтүлүп жатканда Расулуллах алейхиссалам ошол жерден өтүп бара жаткан болот. Сахабалардын бул абалын көрүп катуу кайгырды. Хазрети Ясер: "Йа, Расулаллах! Убактыбыз ушундай азаптар менен гана өтөбү?” - деп сураганда Пайгамбарыбыз: "Сабыр кылгыла, эй, Ясер үй-бүлөсү! Кубангыла, эй, Аммардын үй-бүлөсү! Күмөнсүз, силердин белек ала турчу жайыңар Жаннат”, - деди.

Дагы да бир күнү Мекке мушриктери Аммарды от менен кыйнап жаткан эле. Пайгамбарыбыз ошол жерге барып: "Эй, от! Ибрахимге (алейхиссалам) кандай болсоң Аммарга да ошондой салкын жана жагымдуу бол!” - деп буюрду. Кийин Аммардын аркасын ачып көргөндө күйүктүн изи бар эле. Бул из Расулуллахтын дубасынан мурда калган эле.

Ясердин үй-бүлөсүнө жабыр тарттырып жаткан күндөрдүн биринде мушриктер ашынып, бул үй-бүлөнүн башчысы хазрети Ясер менен Абдуллах деген бир уулун саадак менен атып кыйнаймын деп шейит кылды. Абу Жахл маркум Ясердин аялы хазрети Сумаййанын мубарек буттарын жип менен байлатты. Байлаган эки бутундагы жиптерди эки төөгө байлатты да, төөлөрдү эки жакка чаап хазрети Сумаййаны экиге бөлүп шейит кылды. Мээримсиз, таш боор, заалым Абу Жахл менен жанындагы мушриктердин Ясердин үй-бүлөсүн айоосуз кордук менен шейит кылгандыктарын уккан Расулуллах менен сахабалар катуу кайгырышты. Бул окуя сахабалардын бири-бирине андан да жакын болууларына жана бекемдөөлөрүнө себеп болду.

Сахабалар (радыйаллаху анхум) намаз окуй турчу кезде эч ким жок жерге барышып, ибадаттарын жашыруун орундашчу. Ошонндой күндөрдүн биринде Саад бин Абу Ваккас, Саид бин Зейд, Абдуллах бин Масуд, Аммар бин Ясер, Хаббаб бин Арат (радыйаллаху анхум) Мекке тоолорунун арасында "Абу Дуб” деген жерде намаз окуп жатышкан эле. Аларды аңдып келген Ахнас бин Шерик менен башка да мушриктер алардын жандарына келип, ибадаттырын шылдыңдай башташат. Буга чыдай албаган хазрети Саад бин Абу Ваккас менен жолдоштору мушриктерге карай умтулушту.

Хазрети Саад колуна тийген бир төөнүн сөөгү менен капырлардын биринин башын жара чапты. Муну көргөн мушриктер коркуп качып жөнөштү. Ушундайча, мусулмандар алгачкы жолу капыр канын төгүшкөн эле.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш