Адамдар бирбирден
туура жолго түшүп, Исламдын нуру Меккенин сыртында да таралып, ааламга нурун
чача баштаган эле.
Ал эми
мушриктер болсо Исламдын таралуусуна тоскоол болуу жолдорун издештирип жатышты.
Бул кабар Бани Гифар тайпа- сына да жетти. Абу Зарр-ил-Гифари бул кабарды угар
замат тууганы Унайсты Меккеге жөнөтүп, абалды тактап билип келүүнү тапшырды.
Унайс Меккеге барып, Пайгамбарыбыздын сукбатына катышты. Таңданып, кайра кайтып
келди. Тууганы Абу Зарр хазреттери: «Кандай кабар алып келдиң?» - деп
сураганда: «Валлахи, бир гана жакшылык менен кайырды буйрук кылган жана жамандыктардан
тыйган улуу адамды көрдүм», - деди. Абу-Зарр-ил-Гифари: «Жарайт, адамдар ал
тууралуу эмне дешти?» - дегенде, ошол доордун таанымал акыны болгон тууганы
Унайс: «Аны акын, сыйкырчы, көзачык дешти. Бирок, анын сөздөрү көзачыктын,
сыйкырчынын сөзүнө окшобойт. Ошондой эле, анын айткандарын акындардын ар-түрдүү
ырларына салыштырдым. Аларга да окшобойт. Теңдеши жок бул сөздөр эч кимдин сөзү
менен салыштырууга болбойт. Валлахи, ал адам акыйкатты айтат, чындыкты айтат.
Ага ишенбегендер жалганчылар жана адашкандар», - деп жооп берди.
Абу
Зарр-ил-Гифари тууганынын бул айткандарынан кийин Меккеге барууга жана Пайгамбарыбызды
көрүп, мусулман болууга чечим чыгарды. Бираз жол азык алып, Меккеге карай
сапарга чыкты. Меккеге барганда эмне үчүн келгендигин эч кимге айтпады.
Анткени, мушриктер Пайгамбарыбызга жана жаңыдан мусул- ман болуп жаткандарга
душмандык жасап, кыйноолорун күн өткөн сайын көбөйтүп жатышкан эле. Айрыкча,
мусулман болгон, эч кими жок адамдарга катуу азаптарды көрсөтүшчү. Абу Зарр
Меккеде эч кимди таанычу эмес. Ошондуктан, эч кимден эч нерсе сураган жок.
Каабанын жанында күнү бою Расулуллахты көрүүгө мүмкүнчүлүк издеп, анын кайда
экенин билүүгө аракет кылды.
Кечке жуук бир
көчөнүн бурчуна барып отурду. Хазрети Али үйүнө кайтып бара жатып бир бурчта
отурган Абу Заррга көзү түштү. Барар жери жок чоочун элден келген киши болсо
керек деп аны үйүнө алып барды. Ким экенин сурабаганы үчүн Абу Зарр да эч нерсе
деп ооз ачкан жок. Таң эрте кайрадан Каабага барды. Кечке чейин жүрүп
ойлогонуна жете албай, кече күнү отурган жерине кайра барып отурду. Хазрети Али
(радыйаллаху анх) ошол күнү кеч дагы да ошол жерден өтүп бара жатып "Бул бечара али барарга жер таппаган
экен го” деп, кайра үйүнө ээрчитип кетти. Таң эрте кайра Байтуллахка барып,
ошол бурчка барып отурду. Хазрети Али дагы үйүнө чакырды. Бул жолу кайдан, эмне
үчүн келгендигин сурады. Абу Зарр: "Эгер мага жашырбай чындыкты айтууга убада
берсең айтамын”, - деди. Хазрети Али: "Айт, эч кимге айтпаймын”, - деди. Абу
Зарр-ил-Гифари: "Ушул жерден бир пайгамбар чыкты деп уктум. Ошону менен
жолугууга, Ага жетүүгө келдим”, - деди. Хазрети Али (радыйаллаху анх): "Сен
туураны таптың, акылдуулук кылдың. Азыр мен да ошол кишиге бара жатам. Менин
артыман ээрчи, мен кирген үйгө сен да кир. Эгер жолдо сага бирөөнүн зыян
тийгизе турганын сезсем бут кийимимди тууралап сага белги беремин. Ошол кезде
мени күтпөй менин жаныман өтүп кет”, - деди. Абу Зарр-ил-Гифари (радыйаллаху
анх) хазрети Алинин артынан ээрчип жүрүп отурду. Акыры ал Пайгамбарыбызды көрүү
сыймыгына ээ болду. "Ассаламу алейкум”, - деп салам берди. Бул салам Исламдагы
алгачкы салам жана да Абу Зарр-ил-Гифари алгачкы салам берген адам болуп саналат. Пайгамбарыбыз
анын саламына: "Аллаху тааланын ырайымы жаасын”, - деп жооп берди. Пайгамбарыбыз:
"Сен кимсиң?” - деп сураганда: "Мен Гифар уруусунанмын”, - деди. "Качантан бери
бул жердесиң?” - деп сурады. "Үч күн, үч түндөн бери ушул жердемин”, - деп жооп
берди Гифари. "Сага ким тамак берди?” - дегенде: "Замзамдан башка иче турчу,
жей турчу эч нерсе таппадым. Замзамды ичкенден кийин курсагым ачкан жок,
суусаган жокмун”, - деди. Пайгамбарыбыз: "Замзам суусу касиеттүү. Ачканы
тойгузат”, - деди. Ошондон кийин Абу Зарр-ил-Гифари Пайгамбарыбызга: "Мага
Исламды үйрөтүңүз”, - деди.
Пайгамбарыбыз ага шахадат келимесин окуду, ал болсо келимени кайталап, алгачкы
мусулмандардын катарына кошулду.
Абу
Зарр-ил-Гифари мусулмандыкты кабылдагандан кийин Пайгамбарыбызга: "Йа,
Расулаллах! Сизди хак пайгамбар кылып жиберген
Аллаху таалага ант кыламын, мен ыйман келтиргенимди мушриктердин арасында ачык
түрдө айтамын”, - деди. Каабанын жанына барып; "Эй, Курайш коому! Ашхаду ан лаа
илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Расулуху - Аллахтан башка илах жок. Мухаммед
алейхиссалам Анын кулу жана расулу экенине күбөлүк кыламын”, - деп кыйкырды.
Муну уккан мушриктер ага карай атырылышты. Таш менен, таяк менен, сөөк менен
уруп, денесин канжалатышты. Муну көргөн хазрети Аббас: "Коё бергиле бул адамды,
өлтүрөсүңөр. Ал силердин соода кербениңер өтчү жолдогу уруунун кишиси. Эми ал жерден кантип өтөсүңөр?” - деди. Ошентип, Абу Заррды
мушриктердин колунан куткарып алды. Абу Зарр радыйаллаху анх мусулман болгонуна
кубанып, сүйүнүчүнөн бир орунда тура албады. Эртеси дагы Каабага барып, болгон
үнү менен шахадат келимесин айтты. Мушриктер аны бул жолу да ур токмокко
алышты. Ал жерге кулады. Дагы хазрети Аббас келип куткарып алды.
Абу
Зарр-ил-Гифари хазреттерине Пайгамбарыбыз алейхиссалам өз элине кайтып,
адамдарды Исламга чакырууну тапшырды. Пайгамбарыбыздын ушул тапшырмасы менен ал өз элине барып, Аллаху
тааланын бир экендигин, Мухаммед алейхиссаламдын Анын расулу экенин түшүндүрдү.
Айткандарынын акыйкат экендигин, алар сыйынган буттардын бош, эч мааниси жок
нерселер экендигин айтты. Өзүн угуп турган топтун ичинен көбү каршылык билдире
башташты. Ушул кезде тайпанын башчысы Хаффаф кыйкыргандарды тыйып: "Токтогула, угуп
көрөлү, дагы эмнелерди айтаар экен?” - деди. Абу Зарр минтип улантты: "Мен
мусулман болуудан мурда бир күнү Нухем бутунун жанына барып, алдына сүт койдум.
Бир ит келип сүттү ичип, буттун үстүнө заарасын чачып булгаганын көрдүм. Буттун
буга каршылык көрсөтө албай тургандыгына көзүм жетти. Жада калса, ит кемсинткен
бутка сыйынуу силерге кандайча жагат? Бул акмактык эмеспи? Мына силер сыйынган нерсеңер?” Баары теңүн катпай угуп турушту. Арасынан бирөө: "Анда сен айткан пайгамбарың эмнени
билдирди? Анын чындыкты айтканын кантип билдиң?” - дегенде Абу Зарр үнүн бийик
чыгарып: "Ал Аллаху тааланын бир экенин, Андан башка илах жок экенин, Анын
бардык нерсенин ээси, жаратуучусу экенин билдирүүдө... Адамдарды ага ыйман
келтирүүгө (ишенүүгө) чакырууда... Жакшылыкка, жакшы мүнөзгө, өз ара
жардамдашууга чакырууда... Кыз
перзенттерди тирүүлөй көмүүнүн, кылган башка да жамандыктарыңардын,
зулумдуктарыңардын жаман нерселер экенин жана мындай нерселерден тыйылууну
айтууда”, - деди да, Исламды
узак түшүндүрдү. Тайпасынын жасап жүргөн жаман жоруктарын да айтып өттү. Кийин
алардын зыянын, жамандыгын түшүндүрдү. Аны угуп тургандардын арасынан тайпа
башчысы Хаффаф менен өз тууганы Унайс баштаган көптөгөн адамдар мусулман
болушту.