Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Каабада ачык түрдө Курани каримдин окулуусу




Каабада ачык түрдө Курани каримдин окулуусу


Сахабалар радыйаллаху анхум бир күнү далдоо жерге жыйналып:

«Валлахи, Расулуллахтан башка мынабу Курайштык мушриктерге Курани каримди ачыктан-ачык окуп, угуза ала турчу адам чыкпады. Аларга ачык түрдө Курани каримди окуп, угуза ала турчу киши барбы?» - деп өз ара сүйлөшүп отурушту. Ошол жерде Абдуллах бин Масуд хазреттери да бар эле. Ал: «Мен угузамын!» - деди. Сахабалардын көбү: «Эй, Абдуллах. Сага мушриктер зыян тийгизишеби деп коркобуз. Биз керек маалда өзүн мушриктерден коргой ала турчу тайпасы менен уруусу бар адамды каалайбыз», - дешкенде: «Силер мага уруксат берсеңиздер, барып көрөйүн. Хак таала мени коргойт», - деп тайманбастыгын көрсөттү. Эртеси Абдуллах бин Масуд хазреттери шашке маал Каабанын маңдайындагы «Макам Ибрахимге» барды. Мушриктер ошол жерде жыйналып турушкан эле. Абдуллах бин Масуд (радыйаллаху анх) «Бисмиллах» айтып, «Рахман» сүрөсүн окуй баштады. Муну көргөн мушриктер: «Умму Абддын уулу эмнелерди айтып жатат? Мунун айткандары Мухаммеддин айткандарына окшош го», - дешип кыжырланган немелер ибн Масудга атырылышты. Ур-токмокко, тепкиге алышып, көзү-башын көгөртүп киши тааныгыс кылышты. Бирок, ал буга карабастан окуй берди. Көзү-башы көгөргөн абалда сахабалардын жанына барды. Асхабы кирам буга абдан капалануу менен: «Ансыз да биз сенин бул акыбетке учурай тургандыгыңан корккон элек. Акыры коркконубуз башыңа түштү», - дешти.

Бирок, Абдуллах ибн Масуд эч капалуу эмес эле. «Аллаху тааланын душмандарын мен азыркыдай алсыз көргөн эмесмин. Кааласаңар эртең таңерте аларга дагы ушунча угуза аламын», - деди. Асхабы кирам: «Жок, сага ушул жетиштүү. Сен ошол көпкөн капырларга алар жактырбаган нерсесин угуздуң», - дешти.

Туфайл бин Амрдын (радыйаллаху анх) мусулман болуусу

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Меккеде Исламиятты ачык жайылта баштаган жылдары күнү-түнү адамдарга насаат айтып, аларды Ислам динине чакырып жатты. Меккелик мушриктер Расулуллах алейхиссаламдын бул аракеттерин текке кетирүү үчүн далбастап жатышкан эле. Анын айткандарын кабылдап, ыйман келтиргендерге түрдүү жалаа жаап, азап, кордуктарды көрсөтүшчү. Пайгамбарыбыз менен кездешкен, сүйлөшкөн адамды көрүшсө дароо ал адамдын жанына барышып, Расулуллахты укпоосу жана айткандарына ишенбөөсү үчүн ар түрдүү жалгандарды айтышып, куулук амалдарды колдонушчу. Сырттан Меккеге келгендерди Пайгамбарыбыз менен жолуктурбоо үчүн колдорунан келгендин бардыгын жасашчу.

Мусулмандар абдан кыйналып, капырлардан азап тартып жаткан мезгилде Туфайл бин Амр ад-Давси Меккеге келген болот. Аны көргөн мушриктердин көсөмдөрү жанына барып: «Эй, Туфайл! Сен биздин жерибизге келдиң. Арабызда пайда болгон Абдулмутталибдин жетиминин таң каларлык жоруктары бар. Айткан сөздөрү сыйкыр сыяктуу. Уулду атасынан, тууганды туугандан, күйөөнү аялынан ажыратууда. Айткан пикирлери менен адамдардын ортосунда душмандык туудуруп жатат. Анын сөзүн уккан бала атасын карабайт, ошого барып моюн сунат. Эч ким бири-бирин укпай мусулман болуп жатышат. Биздин башыбызга келген бул бөлүнүү каргашасы сенин жана элиңдин дагы башына түшөбү деп коркобуз. Сага берчү акыл кеңешибиз болсун, аны менен эч сүйлөшпө. Анын сөзүн укпа дагы, ага да эч нерсе айтпа. Айткандарына кулак салба. Өтө сак бол. Бул жерде көпкө калбай, дароо өз элиңе кайт», - дешти. Мындан кийинкисин Туфайл бин Амр (радыйаллаху анх) мындайча айтып берген: «Ант кыламын, бул сөздү ушунчалык кайра-кайра айта бергендиктеринен Расулуллах менен сүйлөшпөөгө, сөзүн укпоого бел буудум. Атүгүл, Каабага барган кезде сөзүн угуп албайын деп кулагыма кебез тыгып алдым. Хазрети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) сөзүн угуп калбоо үчүн эки кулагыма кебез тыгып алдым. Эртеси таң эрте Каабага бардым. Расулуллахтын ошол жерде намаз окуп отурганын көрдүм. Ага жакын барып турдум. Хак тааланын хикматы менен окуган кээ бир сөздөрү кулагыма урунду.  Уккан   сөздөрүм кандай гана керемет сөздөр эле. Өзүмө өзүм: «Мен жакшы менен жаманды ажырата албаган адам эмесмин. Ары акынмын. Мунун сөздөрүн укпагыдай эмне болуптур? Сөздөрүн туура деп тапкан болсом кабылдайм, жакпаса кабыл кылбаймын», - дедим да, бир жерге жашырынып, Пайгамбарыбыз намазын бүтүрүп, үйүнө кеткиче күтүп турдум. Кийин Пайгамбардын артынан басып жүрүп отурдум. Ал үйгө киргенде мен да артынан кирип: «Йа, Мухаммед алейхиссалам! Мен бул өлкөгө келгенде сенин коомуң мага ушундай-ушундай деди. Сенден оолак болуумдусуранышты. Коркуп, сенин сөзүңдү укпоо үчүн кулагыма кебез тыгып алдым. Бирок, Аллаху таала сенин сөздөрүңдүн биразын мага угузду. Алар өтө жакшы сөздөр экен. Эми сен мага эмне айтасың? Кабылдоого даярмын» - дедим. Пайгамбарыбыз мага Исламды түшүндүрүп, Курани каримди бираз окуду. Ант кыламын, өмүрүмдө андан артык сөз уккан эмесмин. Дароо келиме айтып, мусулман болдум.

Ошол кезде: «Йа, Расулаллах! Мен өз тайпамдын сөзү өткөн, бедели бар кишисимин. Эч ким менин сөздөрүмдү жерге таштабайт. Барып аларды да Ислам динине чакырайын. Дуба кылыңыз, Аллаху таала мен үчүн керемет жасасын. Ушундайча ошол керемет тайпамды Исдамга чакырганда мага оңойлук, жардам алып келсин». Бул өтүнүчүмө Расулуллах: «Эй, Аллахым! Ал үчүн бир керемет жарат», - деп дуба кылды.

Ошондон кийин өз жериме кайттым. Караңгы түндө тайпам турчу жердеги суунун башына караган чокуга чыкканымда маңдайымда бир чырак сыяктуу нур пайда болуп жарык бере баштады. Ошол кезде дуба кылып: «Эй, Аллахым! Бул нурду маңдайымдан башка жерге көчүр. Давс тайпасынын түркөйлөрү көрүп, «дининен чыккандыктан Кудай анын маңдайына жаза катары ушуну койду» деп ойлошпосун», - дедим. Ал нур дароо колумдагы камчынын учуна келип, чырак сыяктуу илинип турду. Тайпамдын мекенине карай ылдый түшүп баратканымда мени карап тургандар камчыма ишаарат кылып жатканын көрдүм. Ошентип, үйгө бардым. Барарым менен жаныма басып келген атам мени көрдү. Мени жакшы көргөндүктөн мойнуман кучактады. Атам абдан карып калган эле. Ага: «Ата! Мурунку калыбыңда кала турган болсоң мен сенден эмесмин, сен да менден эмессиң», - дедим. Бул сөзүмө таң калган атам: «Мунун себеби эмне?» - деп сурады. Ага: «Мен эми Мухаммед алейхиссаламдын динине кирип, мусулман болдум», - дедим. Атам мага: «Балам, мен да сенин кирген диниңе кирдим. Сенин диниң менин да диним болсун», - деп дароо келиме айтып, мусулмандыкты кабылдады. Андан кийин ага Ислам дининен билгендеримди үйрөттүм. Кийин ал жуунуп, таза кийим кийди. Бир кезде жаныма аялым келди. Ага да ошол сөздөрдү айттым. Ал да кабылдап, мусулман болду.

Таң айткандан кийин Давс тайпасынын арасына барып, Исламды түшүндүрдүм. Аларды да динге чакырдым. Бирок, алар динди кабылдоодо кыйналышты. Атүгүл, көп убакытка чейин каршылык билдиришти. Күнөө болгон жаман иштеринен баш тартышпады. Ар түрдүү жоруктарды жасашып, мени мазакташты. Сүткордук менен кумар оюндарына берилгендиктеринен сөздөрүмдү угушпады. Исламга моюн сунуудан качышты. Аллах менен Расулуна каршы чыгышты.

Бир нече убакыт өтүп Меккеге барып, коомум тууралуу Пайгамбарыбызга даттанып: «Йа, Расулаллах! Давс тайпасы Аллаху таалага каршы чыкты. Исламга кирүүгө чакырганымды кабыл кылышпады. Алар үчүн дуба кылыңыз», - дедим. Бардык адамдарга мээримдүү болгон Пайгамбарыбыз колун жайып: «Йа, Раббим! Давс калкына туура жолду көрсөтө көр. Аларды Ислам динине киргизе көр», - деп дуба кылды. Мага: «Коомуңа кайт. Аларды жылуу жүз менен, татуу сөз менен Исламга чакырууну улант. Алар менен жылуу мамиле кыл», - деди. Дароо элиме кайтып барып, Давс калкын Исламга чакыруудан чарчабадым».


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш