Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Жарманкелерде динге чакыруу




Жарманкелерде динге чакыруу


Жыл сайын Арабстандын ар кайсы аймактарынан адамдар белгилүү бир күндөрдө Каабаны зыярат кылуу үчүн Меккеге келишчү. Бул күндөрү Мекеде бир катар жарманкелер уюштурулчу. Пайгамбарыбыз келгендерди күтүп алып, аларга Исламды түшүндүрүп, Аллаху тааланын бир, Өзүнүн хак пайгамбар экендигин жана кутулуу жолунун Исламда экендигин айтып түшүндүрчү. Күндөрдүн биринде Валид бин Мугира мушриктерди жыйнап: "Эй, Курайш коому! Дагы да Каабаны зыярат кылуу мезгили келди. Мухаммеддин үнү ааламга жайылды. Арап тайпалары жанына барып, анын таттуу сөздөрүнө моюн сунуп динине кирип жатышат. Буга бир чайра ойлонуштуруу керек. Баарыбыз биригип оболу бир оозго келишип алалы, ал тууралуу ар кимибиз ар кайсы нерсени айтып, бирибиздин сөзүбүз бирибиздикине төп келбей жалганыбыз чыгып калып жүрбөсүн”, - дешти. Курайштыктар: "Эй, Абдишамстын атасы! Ичибиздеги көрөгөчү сенсиң. Сен эмнени айталы десең ошону айталы”, - дешти. Валид: "Жок, силер айткыла. Мен угайын”, - дегенде алар: "Аны көзачык деп айталы”, - дешти. Валид буга каршы чыгып: "Жок, ант кыламын, ал көзачык эмес. Биз көптөгөн көзачыктарды көрдүк, алар чынды да, калпты да эч тартынбастан айта беришет. Мухаммеддин окуган (айткан) нерселери көзачыктардын ойдон чыгарган нерселерине окшобойт. Ошондой эле, биз ушул күнгө чейин Мухаммедден эч кандай жалган сөз уккан эмеспиз. Эгер биз аны көзачык дей турган болсок бизге эч ким ишенбейт”, - деди. Кийин Курайштыктар: "Жинди, акылынан адашкан дейли”, - дешти. Валид дагы да каршы болуп: "Жок, ант кыламын, ал жинди да эмес, акылынан да адашкан эмес. Биз акылынан адашкан, жинди адамды да, алардын белгилерин да билебиз. Мухаммеддин жиндилер сыяктуу титиреп, оорусу кармабайт. Аны жинди, акылынан адашкан дей турган болсок баары бизди жалганга чыгарышат, калпыбыз ачылып калат”, - деди. Кийин Курайштыктар: "Акын дейли”, - дешти. Валид дагы да каршы чыгып: "Жок, ал акын да эмес. Биз ырдын бардык түрүн жакшы билебиз. Анын окуган нерселери ырга да окшобойт”, - деди. "Анда сыйкырчы дейли”, - дешти Курайш коому. Валид: "Ал сыйкырчы эмес. Биз сыйкырчылар менен алардын сыйкырларынын далайын көрдүк. Аларды биз билебиз. Мухаммеддин сөздөрүндө сыйкыр- дын белгиси жок. Анын сөздөрү бүткүл ааламды басып ээлеп алды. Белгисиз бирөө да эмес. Элди андан айырып, сүйлөшүүлөрүнө кедерги боло албайбыз. Кийин чечендик, маанилүү сөз сүйлөөдө замандаштарынан жогору. Биз ал тууралуу эмне айтсак да эл биздин сөздөрүбүздүн жалган экендигин билип коёт”, - деди. Курайштыктар айта турчу эч нерсе таба алышпаган соң: "Арабыздагы жашы эң улуу жана көптү көргөн кишибиз сенсиң, сен эмне десең биз ошого макул болобуз”, - дешти. Валид бин Мугира көпкө ой- лонгондон кийин: "Биз баары бир аны сыйкырчы деп айта берели, акылга төп келчүсү ошол. Анткени, анын сөздөрү адамды уруусунан жана туугандарынан ажыратат, тууган менен туугандын, дос менен достун арасын суутат”, - деп айланасындагыларды буга көндүрдү. Курайштыктар дароо таркап, Меккеге жыйналган адамдар- га: "Мухаммед сыйкырчы”, - деп эл арасына сөз таратышты. Каабаны зыярат кылып келе баштаган тайпалардын алдынан чыгышып, аларды Пайгамбарыбыз менен кездешүүдөн сактандыра башташты.

Мушриктердин ушундай аракеттери тескери таасир берип, Исламдын келгени тууралуу кабар бүткүл арап элдерине жарыя кылынып, адамдардын ой-санааларында буттарга деген шек менен ишенимсиздик пайда болду.

Аллаху таала Валид бин Мугирага оор азаптарды бере тургандыгын билдирген аяттарды түшүрдү. Муддассир сүрөсүнүн 11-чи аятынан баштап: «(Эй, Расулум!) Ал жалгыз башына жаратылган адамдын (байлыктан куру калып туулган Валид бин Мугира сыяктуу капырдын) ишин (жазасын) мага тапшыр. (Андан өч алууга өзүм жетем. Ал ыймансызды Мен жараттым) жана ага көп мал бердим. (Эч нерсеси жок ал ачкөздү көп ниматтарга жеткирдим. Бакчаларды, мал-мүлктөрдү ихсан кылдым). Жанында (өзү менен бирге Меккеде өмүр сүргөн) оозун карап турган уулдарды бердим. (Баары бирге молчулукта өмүр сүрүштү.) Өмүрүн созуп, атагын өз коомунун арасында таанымал кылдым. (Меккеде бийликке жетти. Мекке менен Таиф арасында түрдүү-түрдүү бакчаларга кол жеткизди. Ошонун аркасында «Райханат-ул-араб» деген атакка ээ болду. Ал өзүн коомуна тандалган адам катары таанытты. Бардык ушул ниматтарга шүгүрчүлүк кылуусукерек эмес беле? Ушуларды берген Аллаху тааланы тастыктап, Ага ишенүүсү керек эмес беле?) Ошондо да (ал ачкөз, нанкөр адам) бергенибизди (малы менен бала-чакасын) дагы да көбөйтүүбүздү каалайт, (колундагы нематтардын кадырын билип, шүгүрчүлүк кылууну ойлоп да койбойт. Бул кандай ганадүнүйөгө берилгендик, бул кандай гана ачкөздүк?) Жок! (Ал ачкөз, тойбостун бул тилеги кабыл кылынбайт. Анын малы менен бала-чакасын көбөйтүлбөйт.) Анткени, ал биздин аяттарыбызга (Курани каримге) каршылык көрсөттү, жокко чыгарды. (Расулумдун чынчыл экендигин, пайгамбар экендигин көңүлдөн билип турса да өжөрлүгүнүн кесепетинен ага каршы чыгууга, ишенбөөгө бел байлады. Бул кандай гана оңбогон адашуучулук!) Ал мункир ыймансызды «сауд» азабына дуушар кыламын... (Ушул аятта келген сауд азабына байланыштуу хадиси шарифте мындай делинген: «Сауд» - Тозоктогу бир тоо. Ага капыр жетимиш жылда гана чыга алат. Кийин ал жерден кулайт. Бул ушундайча улана берет.») Кийин ал мункир адам (Расулуллахтан уккан Курани каримге кандай тил тийгизсем деп) ойлойт. (Өзүнчө бир) өлчөм койду (айта турчу сөз дайындады.) Ага лаанат болсун, (Курани карим тууралуу) кандайча өз акылы менен таразага салып, өкүм чыгарды. Ага кайра-кайра лаанаттар болсун, кандайча өлчөм койду. Кийин (коомуңдун жүзүнө же Курани карим тууралуу айта турчу сөз таппай) кашын керип, бетин тырыштырды. Кийин (Аллаху таалага жана Расулуна ыйман келтирүүдөн) баш тартып, текеберленди. «Бул (Мухаммеддин айтканы) тек сыйкырчылардан үйрөнүп көрсөткөн бир сыйкыр гана. Чынында, бул Кудайдын эмес, адамдын сөзү», - деди. (Болбосо ал адам Курани каримдин укмуштай керемет сөз экенин, адам менен жиндердин сөзүнө окшобой тургандыгын оболу өз коомунун арасында моюндаган эле. Кийин ал мункир адам коомунун көңүлүн табуу үчүн сөзүн өзгөртүп, Курани каримге ылайык келбей турчу жалаа сөздөрдү айтты. Ушундайча, өзүн илахи азапка дуушар кылды. Аллаху таала:) Мен аны Секарга, Жаханнамга таштаймын. Секардын, Жаханнамдын эмне экендиги тууралуу сага эмнени билдирди. Жана ал Жаханнам денесинен эч нерсе калтырбайт (курутат), ары мурунку калыбына келтирип, (ошол азапты) улантат».


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш