Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Мушриктердин Курани каримди угуулары




Мушриктердин Курани каримди угуулары


Мушриктердин беделдүү адамдары ар түркүн айла-амал менен, зулумдуктары менен адамдардын ыйман келтирүүлөрүнө кедерги болушчу. Мекке калкына Мухаммед алейхиссалам окуган аяттарды угууларына кедерги болушчу. Ал эми өздөрү болсо түндөсү жашыруун түрдө Мухаммед алейхиссалам турчу үйдүн жанына барып, бир бурчка жашырынып, Пайгамбарыбыз окуган аяттарды угушчу. Таң атып, айлана жарык боло баштаганда ар кайсысы жашырынып отурган жерлеринен бири-бирин көрүп коюп: «Мусулман болбойбуз дейсиңер, өзүңөр болсо жашырынып Куран угууга келесиңер», - деп айыпташчу. Кийин «Эмкиде мындай кылбайлы, кайталанбасын» деп убадалашчу. Бирок, эртеси кеч карайган кезде кайра эле чыдай албай бири-бирине байкатпастан барып тыңдашчу. Таң атканда жашырынып отурган орундарынан бири-бирин көрүп «бизге эмне болду өзү» дегендей таңданышчу. Ар бири эми мындай ишти кайталабоого ант беришип, таркашчу, бирок, баары бир мындан баш тарта алышчу эмес. Ошондой болгонуна карабастан напсилерин ээрчип, текеберленип, башка мушриктердин айыптоолорунан коркуп, дагы башка бош убайымдарга берилип ыйман келтиришпеди. Башкалардын да ыйманга келүүлөрүнө тоскоол болушту. Бул аз келгенсип көчөлөрдө «Мухаммед сыйкырчы» деп жар салышчу.

Бир күнү кеч мушриктер Каабанын жанында жыйналышып:

«Мухаммедди чакырып, бул маселе тууралуу кеңешип алалы. Кийин эл бизди күнөөлөп жүрбөсүн», - деп, Расулуллахка саллаллаху алейхи ва саллам кабар айттырышты. Пайгамбарыбыз Каабага барып, мушриктердин маңдайына отурду. Мушриктер: «Эй, Мухаммед! Сени бул жерге чакыруубуздун себеби сени менен бир чечимге келишип алуу болду. Ант кылабыз, Араптарда сен сыяктуу өз коомунун башына ушунчалык кыйынчылык түшүргөн адам болгон эмес. Сен биздин динибизди жокко чыгардың. Теңирлерибизге тил тийгиздиң. Кой десек да койгон жоксуң. Ынтымагыбызды бузуп, бирибизди бирибизге каршы кылдың. Башыбызга салбаган жамандыгың калбады. Эгер сен бул иш-аракеттериңдин бардыгын байлык үчүн кылып жүргөн болсоң биз сага каалаганыңан артык мал-мүлк жыйнап берели. Атак, даңк үчүн кылып жүргөн болсоң сени өзүбүзгө башчы кылып шайлайлы. Падыша болгуң келсе падыша экениңди жарыялап, сага баш ийели. Эгер жаман бир нерсенин таасиринде жүргөн болсоң сени ал балээден куткаралы. Жиндерден бир оору тийген болсо болгон малыбызды төгүп эмдетели!» - дешти.

Ааламдардын мырзасы аларды сабыр менен тыңдагандан кийин мына мындай ибраттуу бир жоопту берди: «Эй, Курайш эли! Бул айтканыңардын эч бири оюмда да жок. Силерге алып келген бул дин аркылуу мен силерден мал-мүлк, мансап же бийликке умтулууну көздөгөн жокмун. Мен бул нерселер үчүн келген жокмун. Тескерисинче, Аллаху таала мени силерге пайгамбар кылып жиберди жана мага бир Китеп түшүрдү. Силерди (кабыл кылганыңарды)Жаннат менен сүйүнчүлөөчү жана (кабыл кыл- баганыңарды) Жаханнам менен коркутуучу болуумду буйрук кылды. Мен силерге Раббимдин ушул буйругун үгүттөп, насыят кылып жеткиздим. Эгер алып келген нерсемди кабыл кылсаңар ал силерге дүнүйөдө дагы, акыретте дагы насип менен азык болот. Эгер кабыл кылбай, жокко чыгара турган болсоңор Аллаху таала силер менен арабызды бир өкүм бергенге чейин менин милдетим Хак тааланын буйругун орундоо үчүн бардык кыйынчылыкка чыдоо...»

Абу Жахл, Умай бин Халаф жана башка мушриктер: «Эй, Мухаммед! Биздин элдин жашоо шарты өтө оор экенин өзүң жакшы билесиң. Сен чындап эле Пайгамбар болсоң, Раббиңен бизди кысып, курчап турган мынабул тоолорду жок кылуусун тилечи! Журтубузду кеңейтип, Шам менен Ирактын дайраларындай кең дарыяны биздин жердин ортосунан агызып койсун! Ошондой эле, Кусай бин Килаб сыяктуу улуу ата-бабаларыбыздын кээ бирлерин тирилтсин! Кусай бин Килаб чынчыл, улуу инсан болчу. Сенин айткандарыңдын чын-төгүнүн ошондон сурайлы. Эгер ал сенин айткандарыңды тастыктаса жана сен биздин айткандарыбызды орундай турган болсоң биз да сени тастыктайбыз. Ушундайча Раббиңдин алдындагы сенин мартабаңды да билген болобуз. Эгер биздин бул каалоолорубузду орундай албасаң анда Раббиңден сага далил боло ала турчу нерселерди сура. Айткандарыңдын чын экенин тастыктай турчу, сени бизден коргой турчу бир периште жөнөтүүсүн сура. Ошондой эле Раббиң сага бакчаларды, үйлөрдү, казыналарды берип, күн көрүү кыйынчылыгынан куткарсын. Анткени, сен да биз сыяктуу күн көрүү камы менен жүрөсүң...», - дешти.

Расулуллах алейхиссалам аларга: «Мен силерге булар үчүн жиберилген эмесмин. Аллаху таала мени эмне менен жиберсе мен бир гана Хак таала тарабынан силерге ошону алып келдим. Силерге ошону айттым. Мен (мал-мүлк берсин деп) Раббимен тилек тилей турчу адам эмесмин... Аллаху таала мени (алып келгендеримди кабылдагандарды Жаннат менен) сүйүнчүлөөчү жана (кабылдабай жокко чыгаргандарды Жаханнам менен) коркутуучу кылып жиберди. Эгер алып келген нерсемди кабыл кылсаңар ал силерге дүнүйөдө жана акыретте насиби менен азык болот. Эгер кабылдабай жокко чыгарсаңар Аллаху таала силер менен арабызда бир өкүм бергенге чейин менин милдетим Хак тааланын буйругун орундоо үчүн бардык кыйынчылыкка чыдоо», - деди.  Анда мушриктер бул жолу: «Эгер Раббиңдин каалаган нерсесин кыла ала тургандыгы чын болсо мынабул асманды бөлүп үстүбүзгө жаадыруусун сурачы, көрөлү. Сен ушуну кылмайынча биз сага ишенбейбиз», - дешти.Пайгамбарыбыз: «Бул иш Аллаху таалага таандык. Ал силерге муну кылгысы келсе арийне кылат», - деди. Мындан кийин мушриктен андан бетер чектен ашып: «Эй, Мухаммед! Сенин Раббиң бизди сени менен отурганыбызды, сенден эмне сурай тургандыгыбызды, сенден талап кыла турчу нерселерибизди билбедиби, эмне үчүн сага алдын ала кабар берип, акыл үйрөтпөдү? Сенин бизге үгүт кылган нерселериңди биз кабылдабаган кезде бизге эмне кыла тургандыгын эмнеге билдирбеди? Сөздөрүңдүн чын экендигине периштелерди күбөкөр катары бизге жибермейинче биз сага ишенбейбиз. Эми сенин алдыңда эч кандай жоопкерчилигибиз жок. Ант кылабыз, эми биз сени бекер эле жибере салбайбыз. Же биз сенин көзүңдү тазалайбыз, же сен биздин», -дешти. Алардын мамилеге келип, ыймандуулукка бет буруунун ордуна караманча баш тартып, бут тиреп тургандыктарын көргөн Пайгамбарыбыз ал жерден басып кетти.

Меккелик мушриктердин Пайгамбарыбыздан караманча баш тартууларына Аллаху таала Жабраил алейхиссалам аркылуу вахий жиберип, аяти карималар менен жооп берди. Алардын тарта турчу оор азаптарын билдирди. Энам сүрөсүнүн 4-чү аятынан 11-чи аятына чейинки жеринде мындай делинди: «Раббилеринин аяттарынан аларга качан бир аят келсе (Курани каримдин аяттарынан бир аят, далилдеринен бир далил же мужизаларынан бир мужиза келсе) баарына мункир болуп баш тартты. Мына ошолор Хак (Курани карим) өздөрүнө келген кезде жокко чыгарышты. Бирок, жакында аларга эмнени мазактагандыктарынын кабары (жазасы) келет. (Мекке калкы) өздөрүнөн мурда канчалаган несилдерди жойгондугубузду көрбөдүбү? Билбедиби? Аларга силерге бербеген бардык мүмкүнчүлүктөрдү берген элек. Көктөн үстүлөрүнө мол жамшыр жиберген элек. (Бакчаларынын жана сарайларынын) астынан өзөндөрдү агыздык. Кийин алардын (ушул ниматтарга шүгүрчүлүк кылбагандары үчүн) жана күнөөлөрү үчүн көздөрүн жойдук. Алардын ордуна башка-башка урпактарды жараттык.

Эгер биз сага жазылуу даяр бир китеп түшүргөнүбүздө, алар дагы өз колдору менен кармап көрүшкөн болгондо баары бир ал капырлар тетирленип: «Бу барып турган сыйкырдан башка эч нерсе эмес» дешмек. Ошондой эле алар: «Ага (Мухаммед алейхиссаламга биз да көрө ала турган) бир периште жиберилсе (ал периште бизге анын пайгамбар экендигин айтса) эмне болор эле», - деди. Эгер биз бир периште жибергенибизде (алар дагы эле ыйманга келбесе) арийне иш бүткөн болор эле (баарынын курутулууга кетүүлөрүнө өкүм берилген болор эле.) Ошентип аларга бир саат убакыт дагы берилбес эле. Эгер аны (пайгамбарды) периште кылып жибергенибизде арийне аны аларга ар адам (кейипинде) көрсөтүп, өздөрү түшкөн күмөнгө дагы түшүрөр элек. Ант болсун, сенден мурунку пайгамбарлар дагы мазак кылынды, мазак кылгандарынын жазасы болгон балээ менен азап аларды (мазак кылгандарды) курчап алды. (Аларга) айт: «Жер бетин аралагыла, кийин карагыла. Пайгамбарларды жалганга чыгаргандардын соңу эмне болуптур?»

Фуркан сүрөсүнүн 7-чи жана 10-чу аяттарында: «Капырлар: «Бул кандай Пайгамбар? Биз сыяктуу ичип-жейт, көчөлөрдө басат. Пайгамбар болсо ага периште келмек. Көмөкчүлөрү болуп, алар бизге да кабар берип, Жаханнам менен коркутушар эле. Же Раббиси акча жибермек, бакчалары, эгин-тегини болмок, каалаганын жемек», - деди. Ал заалымдар бири-бирине мындай деди: «Эгер силер буга баш ийсеңер сыйкырланган адамды ээрчиген болосуңар. (Эй, Хабибим!) Назар сал, сен тууралуу кандай жаман мисалдарды берип, туура жолдон тайды, адашты. Эми алар адашуучулуктарынан чыгып туура жолду таба албайт. Аллаху тааланын кудурети кандай күчтүү, Ал кааласа сага (бул дүнүйөдө) булардан да артык кылып астынан өзөндөр ага турчу бакчаларды берип, сен үчүн сарайларды салдырат», - делди.

21-чи аяти каримасында: «Бизге жетүүнү үмүт кылбагандар: «Бизге периштелер түшүрүлсө (Мухаммеддин айткандарынын туура экендигин ырасташса) же Раббибизди көрсөк болбойт беле», - деди. Ант болсун, алар напсилерин жогору коюп, азгындоодо чектен чыкты», - деп буюрулду.

Саба сүрөсүнүн 9-чу аяти каримасында: «Эгер биз кааласак аларды (ачык аяттарыбызды көрүп жалганга чыгаргандары үчүн Карун сыяктуу) жерге батырмакпыз же көктөн чокуларына от жаадырмакпыз», - деп буюрулду.

Исра сүрөсүнүн 97-чи аяти каримасында: «Биз аларды Кыямат күнү сокурлар, тилсиздер, дүлөйлөр кылып, эт-бети менен тирилтебиз! Алардын бара турчу жери – Жаханнам, анын оту басаңдаганда биз анын отун алоолонтобуз», - деп буюрулду.

Мушриктер өздөрү тууралуу келген аяттарды угуп, душмандыктарын андан бетер көбөйтүштү. Өзгөчө Убай бин Халаф менен анын бир тууганы Умаййа Расулуллах алейхиссаламды катуу капа кылышчу. Бетпак Убай чириген сөөктү кармап, Пайгамбарыбызга келип: «Эй, Мухаммед! Мобул сөөктү чиригенден кийин сенин Аллахың тирилтет экен, ошондойбу? Демек, сен чиригенден кийин муну Раббиң тирилтет деп ойлойсуң ээ», - деп, сөөктү ушалады. Кийин упаланган сөөктү Пайгамбарыбызга карай үйлөп: «Эй, Мухаммед! Мына муну чиригенден кийин ким тирилте алат?» - деди. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам): «Ооба! Аллаху таала сени да, аны да өлтүрөт. Кийин сени тирилтип, Жаханнамга таштайт»,- деди. Ушул окуяга байланыштуу Хак таала мына бул аяти карималарды түшүрдү: «Ал, (мункир) адам өзүн бир уруктан жаратканыбызды көрбөдүбү, билбедиби? Ушундай болуп туруп анык каршылашуучу болду. Өз жаратылышын унутуп бизге: «Чириген бул сөөктү ким тирилтет?» деп мисал келтирди. (Эй, Расулум!) Айт: «Аларды (алар жок кезде) алгач ирет жараткан (Аллаху таала) тирилтет жана Ал (Аллаху таала) бардык жаратылгандарды өздөрүнөн жакшы билет. Ал силерге жапжашыл бактан от чыгарды, силер андан от жагасыңар. Көк менен жерди жараткандын ошолор сыяктууларды жаратууга күчү жетпейби? Албетте, ага күчү жетет. Ал бардык нерсени жаратуучу, бардык нерсени билүүчү...» (Ясин сүрөсү, 77-81)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш