Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Халид бин Саиддин ыйманы




Халид бин Саиддин ыйманы


Ислам динине чакыруунун алгачкы жылдарында Халид бин Саид (радыйаллаху анх) бир түш көргөн эле. Түшүндө «Жаханнамдын бир четинде турганда атасы аны түртүп кулаткысы келет. Дал ошол кезде Пайгамбарыбыз анын белинен кармап, Тозокко түшүп кетүүдөн куткарганын» көрдү. Ал кубанып, ойгонду да, өз- өзүнө: «Валлахи, бул түш чын», - деди. Сыртка чыкканда жолугуп калган Хазрети Абу Бакрга көргөн түшүн айтып берди. Абу Бакр (радыйаллаху анх) ага: «Түшүң - акыйкат. Бул адам - Аллаху тааланын пайгамбары. Дароо бар да ага багын. Сен ага баш ийип, алып келген динине кирип, аны менен бирге болосуң. Ал болсо сени түшүңдө көргөнүңдөй Жаханнамга түшүүдөн куткарат. Ал эми атаң Жаханнамда калат», - деди. Хазрети Халид бин Саид көргөн түшүнөн катуу таасирленген эле. Убакыт жоготпостон дароо «Ажйад» деген жерге пайгамбарыбызга барды. «Йа, Мухаммед! Сен адамдарды эмнеге чакырып жүрөсүң», - деп сурады. Пайгамбарыбыз: «Мен адамзатты шериги менен окшошу жок жалгыз Аллахка жана Мухаммеддин (алейхиссалам) Анын кулу жана пайгамбары экенине ишенүүгө жана укпаган, көрбөгөн, эч кандай пайда менен зыян келтире албаган, өзүнө сыйынгандарды да, сыйынбагандарды да билбеген таштарга сыйынуудан баш тартууга чакырамын», - деди. Ушундай кийин Халид бин Саид (радыйаллаху анх) дароо: «Мен да Аллаху тааладан башка сыйына турчу илах жок экенине күбөлүк кыламын жана сен Аллаху тааланын пайгамбарысың», - деп мусулман болду. Анын мусулман болуусу Пайгамбарыбызды катуу кубантты. Андан кийин анын аялы Умаййа да мусулман болуу абыроюна жетти.

Хазрети Халид бин Саид туугандарынын да мусулман болууларын каалап, ага аракет кылчу. Туугандарынан Омар бин Саид да мусулман болгон эле. Исламга катуу душман болгон атасы Абу Ухайха Халид менен Омардын мусулман болгонун жана Меккенин бир жеринде намаз окугандыктарын угуп, мусулман болбогон уулдарын жиберип, ал экөөнү жанына чакырды. Кийин алардан кирген диндеринен чыгууларын талап кылды. Аларды айыптап, жемелеп, ура баштады. Кийин Халидге: «Сен Мухаммедге багындыңбы? Бирок, сен анын өз коомуна каршы аракет кылып жүргөнүн жана алып келген нерсеси менен буттарыбызды жана ата-бабаларыбызды мазактаганын көрүп жүргөн жоксуңбу?» - деди. Халид бин Саид: «Аллахка ант кыламын, Мухаммед алейхиссалам хакты айтып жатат. Ага баш ийдим. Өлсөм да динимен кайтпаймын», - дегенде атасы андан бетер ачууланды. Колундагы таягы сынгыча ургандан кийин: «Эй, каргыш тийгир бала! Каалаган жагыңа бар. Ант кыламын, эми мен сени бакпаймын», - деди. Хазрети Халид: «Сен менин нафакамды үзсөң да Аллаху таала албетте менин ырыскымды берет», - деди. Атасы башка уулдарына: «Эгер силерден бириңер аны менен сүйлөшө турган болсо ага кылбаганымды кыламын», - деп коркутту. Хазрети Халидди (радыйаллаху анх) үйдүн жер төлөсүнө камап, үч күн бою Меккенин ысык күнүндө ач, суусуз калтырды. Халид бин Саид бир амалын таап, атасынын үйүнөн качып кетти. Атасы катуу ооруга чалдыкты. Абу Ухайха ооруп төшөктө жатса да Исламга болгон душмандыгынан: «Оорудан сакайып, бутума туруп алсам Меккедеги бардык адамдар буттарыбызга сыйына турган болушат. Эч ким алардан башка нерсеге ибадат кылбай турган болот», - деп жатты. Хазрети Халид атасынын хак динге деген душмандыгынын жоюлуусу жана мусулман туугандарына бир зыян тийгизбөөсү үчүн колун жайып: «Эй, ааламдарды жараткан Аллахым! Атамды ушул оорудан тургузба», - деп дуба кылды. Хак таала анын дубасын кабыл кылып, Абу Ухайха оорусунан айыкпай ошол бойдон өлүп кетти.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш