Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Мусаб бин Умайрдын мусулман болуусу




Мусаб бин Умайрдын мусулман болуусу


Мусаб Курайштын тектүү жана бай үй-бүлөсүнөн чыккан адам эле. Хазрети Пайгамбарыбыздын сөздөрүн уккандан кийин анын жүрөгүндө чоң сүйүү пайда болду. Ага тезирээк жетүү деген арман менен күйүп-жанды. Акыры Дарул Аркамга барып, мусулман болду. Муну уккан ата-энеси ага жабыр тартыра башташты. Дининен кайтаруу үчүн үйүндөгү жертөлөгө камап, канчалаган күндөр бою ачка калтырышты. Арабстандын аптап ысыгында оор жана чыдай алгыс кыйноолорго салышты. Бардык кыйынчылыктарга дини үчүн чыдамкайлык көрсөткөн Мусаб бин Умайр Исламдан баш тартпады.

Хахрети Мусаб мусулман болуудан мурда үй-бүлөсү бай болгондуктан шаттык менен молчулукта жашаган эле. Эл ага суктануу менен кызыгып карашчу. Мусулмандыкты кабылдагандан кийин үй-бүлөсү андан бардык нерсесин алып коюп, аны ар түрдүү азаптарга дуушар кылышты. Бардык кыйынчылыктарга жалгыз дини үчүн чыдамкайлык көрсөткөн Мусаб бин Умайр (радыйаллаху анх) бир күнү Расулуллахтын жанына барды. Анын бул келүүсүн Хазрети Али мындайча айтып берген: «Расулуллах менен бирге отурган элек. Ушул кезде Мусаб бин Умайр келди. Үстүндө жамаачы кийими бар болчу, кебетеси өтө аянычтуу эле. Анын бул абалын көргөн Расулуллахтын (саллаллаху алейхи ва саллам) көздөрү жашка толду. Мусабдын тарткан азабы менен кедейчиликке бой бербей, дининен кайтпагандыгы тууралуу Пайгамбарыбыз: «Жүрөгүн Аллаху таала нурданткан мынабу адамды карагылачы! Эне-атасынын аны эң жакшы даамдар менен, суусундуктар менен бакканын көрдүм. Аллаху таала менен Расулуна деген сүйүү аны ушул абалга жеткирди!» - деди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш