Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Хабашстанга (Эфиопияга) көчүү




Хабашстанга (Эфиопияга) көчүү


Расулуллахтын (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлыгынын бешинчи жылы мушриктердин кылган кастандык аракеттерине карабастан мусулмандардын саны көбөйүп жаткан эле. Бирок, мушриктер кастандык аракеттерин көбөйтүп, колдорунан келген кыянаттыктын бардыгын жасап жүрүштү. Пайгамбарыбыз сахабаларынын айоосуз кастандыктарга дуушар болуп жатышкандыктарына, буттарынын жип менен байланып, төөлөргө тартылып, денелеринин бөлүнүп жаткандыгына катуу кайгырды. Мындай кастык аракеттер бара-бара көбөйүп, Расулуллахтын мээримге толгон жүрөгү буларга чыдай албай жатты. Бир күнү сахабаларды (радыйаллаху анхум) жыйнап: «Эй, сахабаларым! Эми жер бетине тарагыла. Аллаху таала силерди жакында дагы да бир жерге жыйнайт», - деди. Сахабалар: «Йа, Расулаллах! Кайда барабыз?» - деп сурашты. Пайгамбарыбыз колу менен нускап: «Мына, бул тарапка! Хабаш жерине баргыла! Анткени, ал жерде жанындагыларга эч кандай зулумдук жасабаган бир бийлөөчү бар. Ары ал жерде тууралык бар. Аллаху таала тарткан кыйынчылыктарыңардан кутулуунун жолун ачканга чейин силер ошол жерде болгула», - деп буюрду. Ааламдардын улуусу Мухаммед Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) ошентип сахабаларынын кыйноолордон кутултууга жана Мекке мушриктери менен болгон күрөштү жалгыз улантууга чечим кабыл алган эле. Төрөлгөндө: «Үммөтүм! Үммөтүм» деген мээримдүү Пайгамбарыбыз азыр да сахабаларын куткаруу үчүн өз жанын бергенге даяр экендигин көрсөтүп жатты. Анын уруксатынын негизинде бир топ сахаба киндик кан тамган мекенин таштап, чоочун өлкөгө көчүшкөн эле. Бирок, Расулуллахтан айрылып бара жатышкандыктары үчүн дагы катуу муңга батып жатышкан эле.

Дин жолундагы алгачкы көчтө Хазрети Осман жана жубайы Хазрети Рукаййа, жубайы Сахла бинти Сухайл менен Абу Хузайфа, Зубайр бин Аввам, Мусаб бин Умайр, Абдуррахман бин Авф, Абу Салама бин Абдуласад үй-бүлөсү менен, Умму Салама, Хатиб бин Амр, Амир бин Рабиа жана жубайы Сухайл кызы Умму Гүлсүм, Сухайл бин Байда, Абдуллах бин Масуд (радыйаллаху таала анхум ажмаин) сапар тартышат. Расулаллах (саллаллаху алейхи васаллам) бул көчтө Хазрети Осман тууралуу: «Күмөнсүз, Осман – Лут пайгамбардан кийин аялы менен бирге хижрат кылган (көчкөн) алгачкы адам», - деген. Сахабалардын бир бөлүгү төө-аттары менен, бир бөлүгү жөө, жашыруун түрдө Меккеден чыгып кетишти. Соодагерлерге акысын берип, кемелер менен Кызыл Деңизди өтүп Хабашстандын жээктерине жетишти. Мушриктер муну билип алардын артына түшүп, бирок, бул аракеттери текке кетип, үмүттөрү үзүлүп айтка кайтып келишти.

Хабашстан өкүмдары Нажаши (Негус) мусулмандарды жылуу кабыл кылды. Өз жерине конуштандырды. Сахабалар Хабашстан тууралуу: «Биз бул жерде жакшы кошуна жана баш паана көрдүк. Динибизге эч ким тийишкен жок, бизди эч ким таарынтпады. Жагымсыз бир да сөз уккан жокпуз. Тынчтыкта Аллаху таалага ибадат кылдык», - дешти. Мушриктер көчүп кеткен сахабалардын Хабашстанда башпаана кылышкандыгынан үрөйлөрү учуп, коркуп калышты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш