Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Хазрети Хамзанын мусулман болуусу




Хазрети Хамзанын мусулман болуусу


Ислам дини барган сайын адамдардан адамдарга жайылып, ар тарапка тарала баштаган эле. Бул абал Курайш мушриктеринин ызасын келтирип, бирок, алар канча аракет кылышканы менен Исламдын жайылуусуна тоскоол боло албай жатышкан эле. «Далаил-ун-нубувва» менен «Меариж-ун-нубувва» аттуу китептерде мындай делинген: «Мушриктерде Валид деген кишинин сыйынган бир буту бар эле. Алар Сафа чокусуна жыйналып, ушул бутка ибадат кылышчу. Бир күнү Пайгамбарыбыз алардын жанына барып, аларды ыйманга чакырды. Капыр болгон бир жин ошол буттун ичине кирип, Пайгамбарыбызга ылайык болбогон сөздөрдү айтты. Расулуллах алейхиссалам катуу кайгырды. Дагы бир күнү көрүнбөгөн бирөө Пайгамбарыбыз менен саламдашып: «Йа, Расулаллах! Капыр жин сизге ылайык болбогон сөздөрдү айтыптыр. Мен ал жинди таап өлтүрдүм. Эртең Сафа чокусуна барсаңыз?! Сиз аларды дагы Исламга чакырсаңыз, мен ал буттун ичине кирип, мактоо сөздөрдү айтат элем», - деди. Пайгамбарыбыз Абдуллах деген бул жиндин сунушун кабыл кылды.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз эртеси Сафа чокусуна барып, мушриктерди дагы да ыйманга чакырды. Абу Жахл да ошол жерде болчу. Мусулман жин мушриктердин колундагы буттун ичине кирип, Пайгамбарыбыз менен Ислам тууралуу жакшы сөздөр менен ырларды айтты. Муну уккан мушриктер колдорундагы бутту сындырып, Пайгамбарыбызга жабылышты. Мубарек чачтарын тытмалашты. Мубарек жүзү канга боёлду. Расулуллах алардын бул көрсөткөн азаптарына чыдамдуулук кылып: «Эй, Курайштыктар, мени уруп жатасыңар. Бирок, мен силердин Пайгамбарыңармын», - деди. Ошондон кийин ал жерден келип үйүнө келди. Бул окуяны бир кызматчы кыз баштан аяк көргөн эле.

Ушул убакта Хазрети Хамза тоодо аң уулап жүргөн эле. Бир кийикти атайын деп турганда кийик тилге келип: «Эй, Хамза! Мени атканча тууганыңдын баласын өлтүрөйүн деп жаткандарды атсаң жакшы болмок», - деди. Бул сөздөргө таң калган Хазрети Хамза тез үйүнө карай бет алды. Адатынча аңчылыктан кайтканда таваф кылуу үчүн масжиди Харамга (Каабага) кайрылып, андан кийин үйүнө барчу. Ошол күнү таваф кылып жатканда кызматчы кыз анын жанына барды. Абу Жахлдин Мухаммед алейхиссаламга кылган кыянаттарын айтты. Хазрети Хамза Пайгамбарыбызга кастандык кылынгандыгын угуп, катуу ачууланды. Курал-жарагын алып, мушриктер отурган жерге барды. «Тууганымдын баласына жаман сөздөрдү айткан, аны таарынткан сенсиңби? Мен да анын дининдемин, анда кантесиң? Колуңан келсе ага кылгандарыңды мага кыл, көрөлү», -деп далысындагы саадак менен Абу Жахлдин башын уруп жарды. Ошол жердеги капырлар Хазрети Хамзага жабалактап умтула бергенде Абу Жахл: «Тийбегиле, Хамзанын айткандары туура. Инисине жаман сөздөрдү айттым», - деди. Хамза ал жерден кеткенден кийин Абу Жахл жанындагыларга: «Ага тийчү болбогула. Бизге ачууланып мусулман болуп кетет. Ошентип Мухаммед күчтөнүп кетет», - деди. Ал хазрети Хамзанын мусулман болбоосу үчүн башынын жарылгандыгына да ыраазы эле. Хазрети Хамзанын күчү менен абыроюн билчү эле. Хамза (радыйаллаху анх) Пайгамбарыбызга барып: «Йа, Мухаммед! Абу Жахлден өчүңдү алдым.  Аны канга боёдум.  Таарынба, кубан», - деди. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: «Мен мындай нерселерге кубанбаймын», - деди. Хазрети Хамза:  «Сени кубантуу, кападан арылтуу үчүн эмне кааласаң ошону кылайын», - дегенде Пайгамбарыбыз: «Мен бир гана сенин ыйманга келип, баалуу денеңди Тозок отунан куткарганыңа гана кубанамын», - деди. Хазрети Хамза дароо мусулман болду. Ал тууралуу аяти карима түштү. Хазрети Абдуллах бин Аббастын айтуусу боюнча Курани каримде «Энам» сүрөсүнүн 122-чи аятында тирилтилгени жана нурландырылгандыгы тууралуу айтылган адам - хазрети Хамза, ал эми ошол аятта караңгылыкка адашкандыгы тууралуу айтылган адам - Абу Жахл.

Хазрети Хамза мушриктерге барып мусулман болгондугун жана Аллаху тааланын сүйүктүү кулу Мухаммед алейхиссаламды өз жанындай коргой тургандыгын айтып ырларды окуду. Окуган ырында: «Жүрөгүмдү Исламга жана акыйкатка багыттаганы үчүн Аллаху таалага хамд болсун. Бул дин кулдарынын бардык кылган иштерин билген, бардык адамдар менен жакшы мамиле кылган, бардык нерсеге кудурети жеткен ааламдардын Раббиси Аллаху таала тарабынан жиберилген. Курани карим окулган кезде жүрөгү ойгоо, акылы толук адамдардын көздөрүнө жаш келет. Курани карим асемдүү тил менен берилген аяттар түрүндө Мухаммед алейхиссаламга жиберилген. Мухаммед Мустафа (саллаллаху алейхи ва саллам) ичибиздеги сөзү өтүмдүү, кадырлуу, касиеттүү адам. Эй, мушриктер! Акылыңардан адашып, ал тууралуу оор, тамтырак сөздөрдү айтпагыла. Эгер мындай ойго келе турган болсоңор бизди, б.а., мусулмандарды басып өтпөстөн эч ким ага тийише албайт», - деди.

Хазрети Хамзанын мусулман болгонуна Пайгамбарыбыз өтө кубанды. Мусулмандар өз катарларына анын кошулуусу менен кубаттана түшүштү.

Хазрети Хамзанын (радыйаллаху анх) мусулмандыкты кабылдоосу менен абал өзгөрдү. Анткени, Меккеликтер хазрети Хамзанын баатыр, жоомарт, эр жүрөк, балбан жана каарман экендигин билишчү. Ошондуктан, Курайш мушриктери мусулмандарга себепсиз жаман жоруктарын кылбай турган, себепсиз жаман мамиле кылбай турган болушту. Алар өзгөчө хазрети Хамзанын кылычынан тартынышты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш