Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Хазрети Омардын мусулман болуусу




Хазрети Омардын мусулман болуусу


Ислам дини күн сайын таралып, Курани каримдин нуру рухтарга жарык чачып, нурлантып жаткан эле. Аллаху тааланын ихсаны менен караңгылык ичиндеги адамдар ыйманга келип, туура жолго түшүп жатышты. Сахаба болуу кадырына ээ болгон бул мубарек адамдар (радыйаллаху анхум) биригип, бири-бирин колдоп-кубаттап, Пайгамбарыбыздын айланасында жыйналып жатышты. Расулуллахтын кичинекей өтүнүчүн чоң буйрук катары кабыл алып, аны орундоо үчүн жарышка түшүшчү, жада калса, ошол жолдо жандарын да курман кылууга даяр эле. Ал эми мушриктердин тынчы кетип, андан бетер үрөйлөрү учту. Анткени, ошол доордун эр жүрөк баатырларынын бири болгон хазрети Хамза да мусулман болуп, Пайгамбардын жанынан орун алган эле. Бул күтүлбөгөн окуя мушриктерди алда канча алаңдатты. Ушул себептен Хаттаб уулу Омар (али мусулман боло электе) бир күнү "Мухаммедди көргөн жеримде өлтүрөмүн” деген ой менен үйүнөн чыкты. Сүйүктүү Пайгамбарыбызды масжиди Харамда (Каабада) намаз окуп турган жеринен көрдү. Намазын бүтүрсүн деп угуп турду. Расулуллах Ал-Хакка сүрөсүн окуп отурган эле: «Боло тургандыгы анык кыямат!.. Ал хак болгон кыямат деген эмне? Ал келе тургандыгы белгилүү кыяматты сага кандай нерсе билдирди? Самуд жана Ад (коомдору), үрөйүнөн (коркунучунан) жүрөктөр дирилдей турган кыяматты жокко чыгарды. Самуд коому азгындыктарынан улам (Жабраил алейхиссаламдын каардуу добушу менен) жок кылынды.

Ал эми Ад коому, алар да сызгырган, күүлдөгөн, куюндаган катуу добул менен жок кылынды. Аларга бул добулду Аллаху таала жети түн, сегиз күн үзгүлтүксүз жиберди. (Алар ошондой бир абалга тап болушту, эгер сен ошол жерде болгонуңда) алардын тамырынан жулунуп жерге төшөлгөн ичи бош курма бактары сыяктуу кандай өлүп, кыйраганын көррөр элең! Азыр алардын артында калган бир адамды болсо да көрө аласыңбы?

Фараон да, андан мурункулар дагы жер астын-үстүн болгон мекендердин калкы да (Лут коому), бардыгы ошол катаны (ширк менен каршы келүүчүлүктү) кайталады... Ушундайча, Раббилеринин пайгамбарына (Лут алейхиссаламга жана башка пайгамбарларга) каршы чыкты. Ошондуктан, аларга мурунку үммөттөргө келген азаптан да оор азап түштү... Чынында биз, (Нух топонунда) бардык жерди суу баскан кезде силерге ибрат болсун жана аны уккандар да эсинде сактасын деп, (барлыгыңарга себеп болгон аталарыңарды) кемеде алып калдык.

Сурду бир жолу үйлөгөн кезде жер бети менен тоолор орундарынан козголуп, силкинет. Ошол күнү кыямат болот, көк күчүнөн айрылып, жарылып, ыдырайт жана периштелер көктүн айланасында болот. (Раббилеринин буйругун күтөт) Ал күнү Раббинин аршын сегиз периште көтөрөт. Ал күнү Аллаху таалага эсеп берүүгө келесиңер. Силердин (дүнүйөдө жашырдым деп ойлогон) бардык сырларыңар (Аллаху таалага) жашыруун болбойт.

Мына ошол убакытта китеби оң колуна берилген адам (кубанып) айтат: «Алгыла, китебимди окугула! Анткени, мен эсепке тартыла тургандыгымды билдим.» Мына ал (адам) ыраазылык билдирилген өмүрдө. Жогору Бейиште... (жемиштери) тез жыйнала турган жакындыкта. (Аларга айтылат:)

«Өткөн күндөрдө (дүнүйөдө) кылган салих амалдарыңар үчүн жегиле, ичкиле, аш болсун».

Китеби сол колуна берилген адам болсо: «Аах! Аттиң, ошол (өлүмүм өмүрүмдүн) соңу болгондо кана (тирилбегенимде кана)! Мал-мүлкүм мага пайда бербеди. (Бардык) бийлигим(күч-кубатым, далилим, барым, жогум) менден ажырап жок болуп кетти!», - деп айтат. (Аллаху таала Тозокто милдет жүктөлгөн периштелерге буюрат:) «Кармагыла, аны да (колдорун мойнуна) байлагыла!.. Кийин аны алоологон отко таштагыла. Андан кийин аны жетимиш аршын узундугундагы чынжыр ичинде ошол жерге (кайрадан) таштагыла! Анткени, ал Улуу Аллаху таалага ишенчү эмес эле. Колунда жокторго тамак (берүү мындай турсун, башкалардын дагы) бергендигин каалачу эмес. Ошондуктан, бүгүн бул жерге ага (жаны ачый турчу) эч кандай жакыны (жана досу) жок. Гыслинден (тозоктуктардын кан аралашкан ириңдеринен) башка жей турган азыгы да жок. Аны (билип туруп) каталык жасагандардан (капырлардан) башка эч ким жебейт...»

Хазрети Омар Пайгамбарыбыздын окугандарын таңдана угуп отурду. Өмүрүндө мынчалык асемдүү сөздөрдү уккан эмес эле. Бул абалды кийин өзү мындайча эскерген: «Мен угуп жаткан бул сөздөрдүн көркөмдүгүнө, чебер уйкаштыгына, маанисинин тереңдигине арбалып калдым. Ичимден «Курайш уруусу айткандай эле, Мухаммед чоң акын экен!» - деп ойлоп койдум. Пайгамбарыбыз дагы мынабу аяттарды окуду ошол кезде: «Көргөндөрүңөр менен жана көрбөгөндөрүңөр менен ант кыламын, күмөнсүз ал (Курани карим) Аллаху тааланын хузурунда өтө кадырлуу бир Расулдун (Раббисинен) алып келген каламы (сөзү). Ал акындын сөзү эмес. Силер кандай ишенбеген адамсыңар!».

Хазрети Омар: «Дагы да өз өзүмө: «Бул көзачык болсо керек. Анткени, менин оюмду билип койду», - дедим. Расулуллах сүрөсүн окуп аткан эле: «Ал көзачыктын да сөзү эмес. Силер кандай тайыз ойлонгон адамсыңар! Ал (Курани карим) ааламдардын Раббисинен (Мухаммед алейхиссаламга Жабраил алейхиссалам аркылуу) түшүрүлгөн. Эгер (пайгамбарыбыз биз айтпаган) кээ бир сөздөрдү бизге каршы өзүнөн чыгарган болсо албетте анын оң колун (күч-кубатын) алып, кийин эч күмөнсүз анын жүрөк тамырын сууруп (өмүр сүргүзбөйт) элек! Анда силерден эч бириңер буга тоскоол боло албайт элеңер! Күмөнсүз ал (Курани карим) такыбаалар үчүн накта насаат.  Ичиңерде аны (тастыктаганыңар бар болгондой эле) жалгандагандардын бар экенин биз албетте билебиз. Акыйкат, ал (Курани карим акыретте аны колдогондорго бериле турчу ниматтарды көрө турган) капырлар үчүн (кутула албай турган) касырет. Акыйка, ал (Курани карим) хаккул йакин. (Өзүнө баш ийиа, буйруктары менен тыйымдарына моюн сунуп аракет кылган адамды хаккул йакин даражасына жеткирет.) Андай болсо, Ал улуу Раббинин ысымын тасбих кыл!» Хазрети Омар: «Расулуллах сүрөнүн бардыгын окуп болгондон кийин жүрөгүмдүн Исламга ийилгендигин байкадым», - деди.

Хазрети Хамза мусулман болгондон үч күндөн кийин Абу Жахл мушриктерди жыйнап: «Эй, Курайш! Мухаммед буттарыбызга тил тийгизди. Биздин ата-бабаларыбыздын Тозокто азап тартып жатканын айтып, ал жерге бизди да барасыңар деп коркутуп жатат. Анын көзүн тазалоодон башка чара калган жок! Баарыңар жакшылап уккула! Ким Мухаммедди өлтүрө турган болсо ага жүз кызыл төө жана көп алтын беремин!”, - деди. Бир кезде Хаттаб уулу Омардын жүрөгүнөн Исламга деген ынтаа жоголуп, ордунан атып туруп: «Бул ишти Хаттаб уулунан башка ким кыла алат!» - деди. Жанындагылар: «Ал анда, Хаттабдын уулу! Көрөлү сени»,- деп колдоо көрсөтүштү. Ал кылычын асынып жолго түштү. Бара жатып Нуайм бин Абдуллахты кезиктирди. Нуайм бин Абдуллах андан: «Мындай жаалдануу менен кайда баратасың?» - деп сурады. Хазрети Омар: «Эл арасына иритки салган, тууганды тууганга душман кылган Мухаммедди өлтүрүүгө бара жатамын», - деди. Нуайм: «Эй, Омар, бул өтө кыйын иш. Сахабалары ага эч нерсе болбосун деп жанынан чыгышпайт. Аларга жакындоо өтө кыйын. Аны өлтүргөн күнүңдө да Абдулмутталиб уулдарынан кутула албассың», - деди. Хазрети Омар Нуаймдын бул сөздөрүнө катуу ачууланып: «Же сен дагы ошолордон болуп жүрбө? Андай болсо адегенде сенин ишиңди бүтүрөйүн», - деп кылычына умтулду. «Йа, Омар! Мени жайыма кой! Андан көрө карындашың Фатима менен күйөөсү Саид бин Зейдге бар, алар дагы мусулман болушту», - деди. Хазрети Омар бул сөзгө ишенбеди. «Ишенбесең барып сура! Ошондо билерсиң чындыкты», - деди Нуайм.

Хазрети Омар бул ишти орундай турган болгондо диний бөлүнүүчүлүк жоюлмак, бирок, араптардын адаты болгон кан куумай чыгып, Курайш экиге бөлүнүп, токтогус кыргындар башталмак. Ошондойчо, жалгыз Омар бин Хаттаб гана эмес, бүткүл Хаттаб уулдары өлтүрүлмөк. Бирок, Омар бин Хаттаб өтө күчтүү, кызуу кандуу жана ызалуу болгондуктан бул тууралуу ойлободу. Карындашы тууралуу ойлоп, дароо алардын үйүнө барды. Ал кезде Таха сүрөсү жаңыдан түшүп, Саид менен Фатима (радыйаллаху анхума) аны жаздырып, Хазрети Хаббаб бин Арат деген сахабаны үйлөрүнө алып келип окутуп отурушкан эле. Хазрети Омар эшиктен алардын добушун укту. Эшикти катуу какты. Анын кылыч асынган, ачуулуу түрүн көргөн үйдөгүлөр жазууну алып, Хазрети Хаббабды жашырышты. Кийин барып эшикти ачты. Хазрети Омар ичке кирип: «Эмнени окуп отурган элеңер?» - деп сурады. Алар: «Эч нерсе», - деп жооп беришти. Ал андан бетер ачууланып: «Укканым туура болсо силер дагы анын сыйкырына алданыпсыңар», - деп, Хазрети Саидди жакасынан алып жерге урду. Карындашы күйөөсүн куткарам деп умтула бергенде анын да бетине катуу чаап калды. Бетинен кан акканын көргөндө Хазрети Омар карындашына боору ооруп кетти. Фатиманын бети канга боёлгон эле. Бирок, ыймандын кубаты аны аракетке түртүп, Аллаху таалага сыйынып, Хазрети Омарга: «Эй, Омар! Неге Аллаху тааладан уялбайсың? Аяттар менен, мужизалар менен жиберген Пайгамбарына неге ишенбейсиң? Мына мен күйөөм экөөбүз мусулман болуу мартабасына жеттик. Башыбызды кесип алсаң да бул жолдон кайтпайбыз», - деп келиме айтты. Хазрети Омар карындашынын ушунчалык ыйманын көрүп, дароо басылып жерге отуруп калды. Басаң үн менен: "Азыр окуп отурган китебиңерди чыгаргылачы», - деди. Фатима: «Сен тазаланмайынча аны сага бербеймин», - деди. Хазрети Омар гусул даарат алды. Андан кийин Фатима (радыйаллаху анха) Курани каримдин беттерин алып келди. Хазрети Омардын кырааты өтө кубаттуу эле. «Таха» сүрөсүн окуй баштады. Курани каримдин чечендик чеберлиги, мааниси анын жүрөгүн элжиретти. «Көктөрдө жана жер бетинде жана алардын арасындагы жана (жети кабат) топурактын астындагы нерселердин бардыгы Аныкы» (Таха сүрөсү, 6) деген аятты окуган кезде терең ойго батты. «Йа, Фатима! Ушул учу-кыйыры жок болмуштардын бардыгы силер сыйынган Аллахтыкыбы?» - деп сурады. Карындашы: «Ооба, ошондой! Күмөнүң барбы?» - деди. Хазрети Омар: «Бизде алтындан, күмүштөн, колодон, таштан оюлган миң беш жүз чакты айкел теңирлерибиз, буттарыбыз бар. Бирок, алардын эч кайсынысынын жер бетинде эч бир мүлкү жок биздин кудайларыбыздын кыпындай нерсеси жок», - деп таңыркоосун жашыра албады. Дагы да «Аллаху тааладан башка кулчулук жасала турчу акыйкат илах, мабуд жок. Эң асем ысымдар Ага таандык» деген аятты окуду. (Таха, 8) «Чыны менен өтө туура айтылган», - деди. Хаббаб бул сөздү уккандан кийин чыдап отура албай жашырынган жеринен чыгып, такбир айтып: «Сүйүнчү, эй, Омар! Расулуллах Аллаху таалага дуба кылып: «Йа, Раббим! Бул динди Абу Жахл же Омар менен күчтөндүр», - деген эле. Мына, бул бакыт сага буюрду», - деди. Ушул аяти карима менен ушул дуба Хазрети Омардын жүрөгүндөгү душмандыкты жоюп, тазалап кетти. Ал дароо: «Расулуллах кайда?» - деп сурады. Жүрөгү Расулуллахка берилген эле. Ал күнү Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) Хазрети Аркамдын үйүндө сахабаларга насаат айтып отурган эле. Сахабалар жыйналып, Анын нурдуу жүзүн көрүп, жылуу, таасирлүү сөздөрүн угуп, лаззат алып, рухтарын жай алдырышчу.

Хазрети Омар (радыйаллаху анх) Аркамдын үйүнө келди. Ал өзү айбаттуу, күчтүү болуп, кылычы менен баргандыктан сахабалар Расулуллахты курчап турушту. Хазрети Хамза: «Омардан тартына турчу эмнеси бар, жакшылык менен келсе кош келиптир. Болбосо кылычын колуна алуудан мурда башын учурамын» деген кезде: «Расулуллах»:«Жол бергиле, ичке кирсин», - деди.

Жабраил алейхиссалам алдын ала Хазрети Омардын ыйман келтирүү үчүн келе жаткандыган кабарлап койгон эле. Расулуллах алейхиссалам хазрети Омарды күлүмсүрөп тосуп алды.«Жибергиле, ага жол бергиле», - деди. Хазрети Омар Расулуллахтын алдына тизелеп отура калды. Расулуллах анын колунан кармап:«Ыйманга кел, йа, Омар», - деди. Омар чын көңүлүнөн ыйман келтирди. Сахабалар кубангандыктарынан такбир айтып, үндөрү асманга тарады.

Хазрети Омар (радыйаллаху анх) ошол элестүү учурду мусулман болгондон кийин мындайча эскерген: «Мен Исламды кабыл алган учурларда мусулмандар ибадаттарын мушриктерден жашырынып кылышчу. Ансыз да түркүн кордук көргөн сахабалардын өзүнүн мусулмандык парзын жашырынып жүрүп араң аткарып жүргөнүн ойлоп капа болдум. Пайгамбардан: «Йа, Расулаллах. Биз акыйкат жолдо эмеспизби?»- деп сурадым. Пайгамбарыбыз: «Ооба. Жаным кудурет колунда болгон Аллахка ант кыламын, өлсөңөр да, тирүү болсоңор да хак жолдосуңар», - деди. Пайгамбарыбыздын бул жообуна: «Йа, Расулаллах, эгер биз хак жолдо болсок, мушриктер ката жолдо болсо эмне үчүн динибизди жашырабыз? Аллахка ант болсун, биз Ислам динин күфүрлүккө каршы үгүттөп, насаат кылууга баарынан да ылайыкпыз. Аллаху тааланын дини Меккеде бардык динден эч күмөнсүз үстөм болот. Коомубуз бизге жакшы мамиле жасаса кандай жакшы, а эгер чектен чыга турган болсо алар менен күрөшөбүз», - дедим. Расулуллах: «Биздин саныбыз өтө аз», - деди.

«Йа, Расулуллах! Сизди хак Пайгамбар кылып жиберген Аллаху таалага ант кыламын, эч тартынбастан жана коркпостон бирөөнү дагы калтырбай бардык мушрик коомуна жеткиремин. Эми элге чыгалы», - дедим. Расулуллах менин сөзүмдү макулдагандан кийин сыртка чыгып эки сап болуп Харам мечитине карай бет алдык. Саптын бирининин башында Хамза, экинчисинде мен бар элем. Бекем кадамыбыз менен Харам мечитине кирип келдик. Курайш мушриктери бир мага, бир Хамзага карап, томсоргон абалда кылт этпей тиктеп турушту. Биздин мусулман болушубуз акыйкатта мушриктер үчүн оор болду. Алар ушунчалык оор кайгы-муңга түшүшкөн эле, балким өмүрлөрүндө мындай абалда болуп көргөн эмес болушса керек.»

Хазрети Омардын мындайча келүүсүн карап Абу Жахл: «Йа, Омар! Бул кандай абал?» - деди. Хазрети Омар эч шашпастан:

«Ашхаду ан лаа илаха иллаллах, ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Расулуху», - деди. Абу Жахл эмне дээрин билбей тили тутулуп, селейип туруп калды. Хазрети Омар мушрик коомду карап: «Эй, Курайш!.. Мени тааныгандар кандай адам экенимди билишет. Тааныбагандар бар болсо анда билип алсын, мен Хаттаб уулу Омармын. Аялын жесир, балдарын жетим калтыргысы келген адам бери чыксын! Козголгонуңарды кылыч менен чаап түшүрөмүн» - дегенде Курайштык мушриктер жандарын сактоо үчүн ал жерден дароо туш тарапка тарап кетишти. Расулуллах менен сахабалар сап түздөп, бийик үн менен такбир айтышты. Меккенин асманы сахабалардын «Аллаху акбар!.. Аллаху акбар!..» деген үндөрүнө тунуп турду. Ушундайча биринчи жолу Харам мечитинде ачык түрдө намаз окулду.

Хазрети Омар мусулман болгондон кийин Анфал сүрөсүнүн 64-аяты түштү. Ал аятта: «Эй, Пайгамбарым! Сага көмөкчү болууга Аллаху таала менен сенин жолуңда жүргөн момундар жетет», - деп буюрулду. Ошол кезге чейин эки анжы болуп жүргөн көп адамдар да Хазрети Омардын мусулман болгондугун көрүп, Исламды тандап, сахаба болуу сыймыгана жетишти. Ушул окуядан кийин мусулмандардын саны күн сайын ылдамдык менен өсө берди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш