Хабашстандагы
мусулмандар «Меккеде мушриктер менен мусулмандар келишим жасашыптыр» деген
жалган кабар алышкандан кийин алар «Биздин хижратыбыз (көчүүбүз), жерибиз менен
элибизди таштап кетүүбүз мушриктердин кастандык кылууларынын айынан болгон эле.
Эми алардын душмандыктары достукка айланган экен. Андай болсо барып,
Расулуллахка кызмат кылалы» деген ойго келишти. Ошентип, Хабашстан
бийлөөчүсүнөн уруксат алып, Меккеге келишти. Алган кабарларынын жалган
экендиктерин билишти. Кийин Пайгамбарыбызга барышып, Хабашстандын суусунун,
абасынын жана жемиштеринин тоюмдуу, күч бере тургандыгын, төрт ибадаткана бар
экендигин, күндө ал жерде төөлөр, койлор союлгандыгын, кедей-кембагалдар
чакырылып, аларга жакшы мамиле көрсөтүлгөндүгүн, бийлөөчүлөр келип ал-ахвалын
сурап тургандыгын жана кыйынчылыктарынын жоюлгандыгын узак убакка чейин отуруп
аңгемелешип, Хабашстандын көңүлдөрүнө толгондугун билдиришти.
Сахабалар
(алейхимуррыдван) Меккеге баргандан кийин мушриктер кайрадан кастандык
аракеттери менен зулумдуктарын башташты. Күн өткөн сайын кысымдарын арттырып,
ойлоруна эмне келсе тартынбай кыла турган болушту. Бир күнү хазрети Осман: «Йа,
Расулаллах, Хабашстан жакшы бир соода жайы. Бир айлык соода көп пайда алып
келет. Аллаху таала көчө турчу жерди билдиргенге чейин мусулмандар үчүн андан
ашчу жер жок. Эч болбоду дегенде момундар Курайштыктар көрсөтчү кысымдан
кутулушат. Нажашинин бизге кылган жакшылыктары көп», - дешти. Пайгамбарыбыз: «Кайрадан Хабашстанга кайткыла, Аллаху
тааланын ысымы менен корголосуңар», - деди. Хазрети Осман: «Йа, Расулаллах,
эгер сиз ал жерге барсаңыз балким алар да мусулман болуп калышар. Ахли китаб
болгондуктан Исламга оңой киришет жана жардамдарын аяшпайт», - дегенде,
Пайгамбарыбыз: «Мага тынчтык менен ырахаттык буюрулган жок. Көчүү маселеси
боюнча Аллаху тааланын буйругун күтүүдөмүн. Эмне буюрулса ошону менен амал
кыламын», - деди.
Бир риваят
боюнча жүз бир адамдан турган топ Хабашстанга карай жолго чыгышты. Бул топтун
башчысы катары Жафар бин Аби Талиб шайланып, аман-эсен Нажашинин элине жетип
барышты. Хабашстанда көргөндөрүн Пайгамбарыбыздын аялы Умму Салама мындайча
баяндап берген: «Хабашстанга барганда ал жерде өтө жакшы коңшуга туш келдик.
Бул коңшу Нажаши падыша эле. Ал биздин бардык тилегибизди орундады. Динибиздин
буйруктарын каалаганыбызча орундай алдык. Аллаху таалага эркин ибадат кылдык,
эч кандай азап көргөн жокпуз. Эч кандай жаман сөз уккан жокпуз».
Меккелик
мушриктер бул тууралуу угуп, Хабашстан падышасына эки элчи жиберүүгө чечим
чыгарышты. Нажашиге баалу белектерди камдашты. Нажаши жакшы көргөн Меккенин
ийленген терилеринен көп даярдашты. Анын дин жана мамлекет кызматкерлерине да
арнап белек жасалды. Бул ишке Абдуллах бин Аби Рабиа менен Амр бин Ас
дайындалды.
Бул эки элчиге
Нажаши менен кандай сүйлөшүү керек экендиги үйрөтүлдү. Аларга: «Өкүмдар менен
сүйлөшүүдөн мурда анын дин башчылары менен кол башчыларына белектерди бергиле.
Кийин Нажашинин белегин бергиле. Андан кийин ошол жердеги мусулмандарды силерге
кайтарып берүүнү сурангыла. Нажашинин мусулмандар менен кездешип, сүйлөшүүсүнө
мүмкүндүк бербегиле», - делинди. Элчилер Хабашстанга келишти. Мамлекет адамдары
менен кезигишип, белектерди бергенден кийин аларга: «Биздин арабыздан бир катар
адамдар чыкты. Алар силер дагы, биз дагы билбеген жаңы бир дин чыгарышты. Ошол
келген адамдарды өз элибизге алып кеткибиз келет. Өкүмдарыңар менен алар тууралуу
сүйлөшкөндө келген бул адамдар менен сүйлөштүрбөстөн бизге тапшырып берүүсү
үчүн аракет кылыңыздар. Ал адамдар менен эң көп алек боло алчу адамдар -
алардын өздөрүнүн ата- энелери менен кошуналары. Алар буларды өтө жакшы билишет», - дешти.
Динбашчылар бул сунушту кабыл кылышты. Кийин Меккелик элчилер Нажашинин
белектерин сунушту. Нажаши падыша белектерди алып, аларды чакырып сүйлөштү.
Элчилер Нажашиге мындай дешти: «Мартабалуу падыша! Биздин арабыздан бир канча
киши сиздин элиңизге келип башпаанек алышкан экен. Бул келгендер ал жерде өз
диндерин таштап, ошону менен катар силердин динге дагы киришкен эмес. Өздөрү
ойлоп тапкан бир диндери бар. Алардын ойлоп тапкан бул динин силер дагы
билбейсиздер, биз дагы билбейбиз. Бизди сизге ошол элдин алдыңкы катардагы
адамдары жөнөтүштү. Алар - ушул сиздерге башпааналап келген адамдардын аталары
менен туугандары. Алар келген адамдардын кайтарылуусун суранып жатышат.
Анткени, ал адамдар булардын абалдарын өтө жакшы билишет. Алардын өз диндерин
жактырбагандыктарын жакшы билишет.» Абдуллах бин Аби Рабиа менен Амр бин Астын
эң катуу каалап туран нерселери Нажашинин ушул сөздү угуп, алардын айткандарына
ылайык иш кылуусу эле. Элчилер сөздөрүн аяктагандан кийин Нажашинин дин
башчылары алардын сөздөрүн улантышып: «Булар абдан туура айтып жатышат.
Булардын эли алар менен жакшыраак алектене алышат. Ошондуктан, сиз бул
адамдарды бериңиз, бул келген элчилер аларды өз элдерине алып кетишсин», -
дешти.
Өкүмдар Нажаши
бул сөздөргө катуу ачууланып: «Ант беремин, жообум – «жок!». Мен бул адамдарды
булардын колуна бербеймин! Менден башпаанек сураган, өлкөмдө баш калкалаган
адамдарга кыянаттык кыла албайм. Ошондуктан, келген мухажирлерди сарайыма
чакырып, алардын мына бул адамдардын айткан сөздөрүнө эмне дей тургандыктарын
сурап, жоопторун угамын. Эгер мухажирлер ушулардын айтканындай болушса аларды
ушул келген адамдарга берип, өз элине кайтарамын. Эгер андай болбосо аларды
коргоп, элимде турган убакыт бою аларга жакшылык кыламын», - деди. Нажаши мурун
самави китептерди изилдеген эле. Мухаммед алейхиссаламдын келе турчу
убактысынын жакындаганын, коомунун жалганчы деп ага ишенбей тургандыгын жана
аны Меккеден чыгарып сала тургандыктарын билчү эле.
Нажаши (Негус)
Меккелик элчилерден: «Алардын ишенген адамдары ким?» - деп сурады. Алар:
«Мухаммед», - деп жооп беришти. Нажаши бул атты угар замат ал кишинин пайгамбар
экендигин түшүндү, бирок, муну башкаларга билгизген жок. Келгендерден кайрадан:
«Анын дини эмне? Жолу кандай, элди эмнеге чакырып жатат?» - деп сурады. Амр:
«Анын жолу жок», - деп жооп берди. Нажаши: «Жолун, оюн, динин сурап билбей
туруп мага башпааналап келген адамдарды кантип силерге тапшырамын? Мажилис
өткөрөлү. Аларды да чакырталы. Мусулмандар алгач өз араларында акылдашып: «Хабаш өкүмдарына
көңүлүнө төп келе турчу эмне айтсак болот?» - деп кеңешишти. Хазрети Жафар:
«Биздин бул маселеде билгендерибиздин баары тең Пайгамбарыбыздын бизге буйрук
кылган нерселери гана. Барыбызды айтабыз. Натыйжасы кандай болсо да ыраазыбыз»,
- деди. Баары буга макул болуп, мусулмандардын атынан бир гана хазрети Жафардын сүйлөй тургандыгына макулдашып, Нажашинин алдына барышты.
Өкүмдар Нажаши да өз аалымдарын жыйнаган эле. Чоң кеңеш ачылды. Кийин
мухажирлерди чакырышты. Мусулмандар келгенде салам беришти, бирок, сажда
кылышкан жок. Нажаши алардан: «Эмне үчүн сажда кылбадыңар?» - деп сураганда:
«Биз Аллаху тааладан башка эч кимге сажда кылбайбыз. Пайгамбарыбыз бизге Аллаху
тааладан башка эч кимге сажда кылбоону буюруп: «Сажда бир гана Аллаху таалага таандык», - деген», - деп жооп беришти.
Нажаши
мухажирлерден: «Эй, алдыма келип турган коом! Мага, элиме эмне үчүн, эмне
максатта келгендигиңерди айткылачы. Соодагер эмессиңер. Эч нерсе сурабайсыңар
дагы. Силердин жакында пайда болгон пайгамбарыңар ким? Эмне үчүн силердин
саламыңар өз элиңерден келген башка адамдардын саламдарына окшобойт?» - деп суракка алды. Жафар (радыйаллаху анх):
«Мартабалуу
бийлөөчү! Мен оболу үч нерсе айтамын. Эгер туура айтсам мага макул болуңуз,
жалган айтсам жалган деңиз. Эң алга мына бул адамдардын (Курайштык элчилердин)
бирөө гана сөз сүйлөсүн, калгандарынын тынч турууларын буйрук кылыңыз!» - деди.
Амр бин Ас: «Мен сүйлөйүн», - деди. Нажаши: «Эй, Жафар, алгач сен сүйлө», -
деди. Хазрети Жафар: «Менин үч сөзүм бар. Бул адамдан сураңыз. Биз кармалып,
ээлерине кайтарылып бериле турчу кулбузбу?» - деди. Нажаши: «Эй, Амр! Булар
кулдарбы?» - деп сурады. Амр: «Жок,
алар кул эмес, эркин адамдар», - деп жооп берди. Хазрети Жафар: «Же болбосо,
биз жазыксыз бирөөнүн канын төгүп, качып жүргөн адамдарбызбы кармап аларга
тапшырыла турчу?» - деди. Нажаши Амрдан: «Булар бирөөнү жазыксыз өлтүрүштү
беле?» - деп сурады. Амр: «Алар бир тамчы да кан төгүшкөн жок падышам», - деп
жооп берди. Хазрети Жафар Нажашиден: «Биз өзгөнүн оокатын орунсуз тартып алып,
бирөөнө карыз болуп калган белек?» - деп сурады. Нажаши: «Эй, Амр! Эгер
булардын карыздары канча алтын болсо да мен төлөйүн, айткыла», - деди. Амр:
«Жок, булардын бир кырат (акча өлчөмү) да карызы жок», - деди. Нажаши Амрдан:
«Анда силерге булардан эмне керек?» - деп сураганда Амр: «Алар менен биз бир
динде жана бир жолдо элек. Булар динибиз менен жолубузду таштап, Мухаммед менен
анын динин ээрчип кетишти», - деди. Нажаши Жафарга: «Силер диниңерди таштап, эмнеге башка динди кабыл кылдыңар?
Коомуңардын дининен чыксаңар, менин да динимди кабыл кылбасаңар анда силердин
диниңер кандай? Ушул тууралуу айткылачы», - деди.
Хазрети Жафар:
«Эй, бийлөөчү! Биз жахил караңгы эл элек.
Буттарга сыйынчубуз. Арам өлгөн малдын этин жеп, ар түрдүү жаман иштерди кылчубуз. Туугандарыбыз менен байланышыбызды
үзүп, коңшуларыбыз менен жакшы мамиледе болчу эмес элек. Күчтүүлөрүбүз
алсыздарыбызга зулумдук кылып, мээримдүүлүк деген эмне экендигин билчү эмеспиз.
Аллаху таала бизге өз арабыздан тууралыгы менен, адалдыгы менен, тазалыгы
менен, уяттуулугу менен, тектүүлүгү менен таанылган пайгамбар жибергенге чейин
ушундай жаман абалда элек. Ал Пайгамбар бизди Аллаху тааланын бар жана бир
экендигине ишенүүгө, Ага ибадат кылууга, ата-бабаларыбыздын заманынан бери
сыйынып келе жаткан таштар менен буттарды таштоого чакырды. Чынчыл болууну,
аманатка кыянат кылбоону, туугандык акыларды сактоону, кошуналар менен жакшы
карым-катнашта болууну, күнөөлөрдөн жана кан төгүүдөн алыс турууну буюрду. Ар
түрдүү жаман иш-аракеттерден, жалган айтуудан, жетимдердин мал-мүлкүнө кол
салуудан, намысы таза аялдарга жалаа жабуудан кайтарды. Бизге Аллаху таалага
шерик кошпой кулчулук кылууну буйрук кылды. Биз буларды кабылдап, Аллаху
тааладан алып келгендеринин бардыгына ишендик жана айткандарын орундадык.
Аллаху таалага
кулчулук кылдык. Анын бизге харам кылганын харам, халал (адал) эткенин адал деп
билип ошондой амал кылдык. Ошол себептен улам коомубуз бизге душман болуп,
зулумдук жасады. Бизди динибизден кайтарып, Аллаху таалага кулчулук кылуудан
баш тарткызып, бир гана буттарга сыйынуубуз үчүн түрдүү кыйноолорго салып, азап
тарттырышты. Бизге зулумдук жасап, катуу кысымга алышты. Бизди динибизден
ажыратмакчы болушту. Ушундай зордук зомбулуктардан кийин биз динибизди
ыйманыбызды сактап калуу үчүн эли-жерибизди таштап, сиздин элиңизге баш пааналадык.
Сиздин адилетиңизге жүгүрүп келдик. Сиздин камкорлугуңузга, сиздин жаныңызда
зулумдукка, адилетсиздикке дуушар болбой тургандыгыбызга үмүт кылып келдик», -
деди.
Хазрети Жафар
сөзүн андан ары мындайча улады: «Ал эми салам берүү маселесине келе турган болсок
биз сизге Расулуллахтын саламы менен салам бердик. Биз бири-бирибизге дагы
ошентип салам беребиз. Жаннаттагылардын дагы ушундайча саламдаша тургандыктарын
Пайгамбарыбыз алейхиссалам кабар берди. Ошондуктан, сизге ушинтип салам бердик.
Пайгамбарыбыз адамдарга сажда кылбоону буюргандыктан Аллаху тааладан башка
бирөөнө сажда кылуудан Аллахка сыйынабыз.» Нажаши: «Сен Аллахтын жиберген
буйруктарын аз болсо да жатка билесиңби?» - деп сурады. Хазрети Жафар
(радыйаллаху анх): «Ооба», - дегенде Нажаши: «Аны мага окучу», - деди. Хазрети
Жафар «Мариям» сүрөсүнүн алгачкы аяттарын окуй баштады. («Анкебут» жана «Рум» сүрөлөрүн окугандыгы тууралуу дагы айтылган.) Нажаши аяттарды
угуп ыйлап жиберди. Көздөрүнөн аккан жаштан саалы да сууга малынганда болду.
Ошол жерде турган христиан поптору дагыөздөрүнкармаптураалышпады. Кыраатүнү
тынганда Нажаши менен дин башчылар: «Эй, Жафар! Бул асем сөздөрдөн дагы окучу», - деди. Хазрети Жафар «Кахф»
сүрөсүн башынан баштап окуду.
«Капырларды эң оор азап менен (Жаханнам
менен) коркутуу, салих амалдарды кылган
момундарды ичинде түбөлүк кала турган асем сый менен (Жаннат менен) сүйүнчүлөө, «Аллах балалуу болду»
дегендерди коркутуу үчүн сөзүндө бир ката, маанисинде бир кайчылык болбогон
туптуура китепти (Курани каримди) кулуна(Мухаммед алейхиссаламга) түшүргөн
Аллаху таалага хамд болсун! Алардын (Аллаху таала балалуу болду дегендердин)да, аталарынын да (ал сөзгө) катыштуу эч кандай илимдери жок.
Ооздорунан чыккан бул сөз чоң куфурлук (ширк) болду. Алар бир гана
жалган айтышат.
(Эй, Расулум!) Ушул Курани каримге ишенбесе убайым
менен кайгыдан алардын артынан өзүңдү дагы курутасыңбы. Биз жер бетиндегилерди (кендерди,
айбандар менен өсүмдүктөрдү) жер
бетиндегилердин кайгысынын аракети туура (кайсынысы дүнүйөлүк каалоолорун
таштаган экен), сынап көрөлү деп
кооздодук...» Ушул жерде Нажаши өзүн кармай албай: «Аллахка ант кылам,
булардын бардыгы бир чырактан тараган нурдай. Муса менен Иса да алейхимуссалам
дал ушу менен келген эле», - деди. Курайштын элчилерин карап: «Баргыла, мен
силерге аларды эч качан бербеймин дагы, алар тууралуу жаман ойлобоймун дагы», - деди. Абдуллах бин Аби Рабиа
менен Амр бин Ас Нажашинин алдынан чыгып кетти.
Амр
Абдуллахка: «Ант кыламын, алардын бир айыбын таап, Нажашинин алдында ачып
беремин, аларды түбү менен жок кыламын», - деди. Досу Амрга: «Алар бизге
каршылык жасаса да жакшыдыр-жамандыр туугандыгыбыз бар, андай кылба!» - деди.
Амр: «Алардын Иса алейхиссаламды бир кул деп билгендиктерин Нажашиге айтамын»,
- деди. Эртеси Нажашиге барып: «Эй, падышам! Булар Марям уулу Иса тууралуу оор
сөздөрдү айтып келишет! Аларга адам жиберип, Иса алейхиссалам тууралуу эмне дей
тургандыктарын суратыңыз», - деди. Нажаши хазрети Иса алейхиссалам тууралуу
пикирлерин суроо үчүн мусулмандарга киши жиберди. Мусулмандар сарайга кайра
алып келинди. Ичке кирүүдөн мурда бири-бири менен: «Иса алейхиссалам тууралуу сураса
эмне дейбиз?» - деп кеңешишти. Хазрети Жафар: «Хазрети Иса тууралуу Аллаху
таала эмне буюрган болсо жана Расулуллах бизге эмне жеткирген болсо андан
башкасын айтпайбыз», - деди.
Нажашинин
алдына барышканда Нажаши алардан: «Силер Мариям уулу Иса алейхиссалам тууралуу
эмне дейсиңер?» - деп сурады. Хазрети Жафар (радыйаллаху анх): «Биз Иса алейхиссалам
тууралуу Пайгамбарыбыздын бизге Аллаху тааладан жеткиргенин айтабыз. Анын
Аллаху тааланын кулу жана расулу экенин, дүнүйө менен эркек адамдардан баш
тартып, бир гана Хак таалага көңүл менен берилген абыройлуу кыз хазрети
Мариямга Аллаху тааланын жибергенин
билебиз. Аллаху таала Хазрети Адамды топурактан жараткандыгы сыяктуу Иса
алейхиссаламды дагы атасыз жараткан деп айтабыз», - деп жооп бергенинде, Нажаши
жерге колун созуп бир чөптү колуна алып: «Ант беремин, Мариям уулу Иса силер
айткан немеден артык эч ким эмес. Арада мына бул чөптөй дагы айырмачылык жок»,
- деди. Нажаши муну айткан кезде жанындагы кызматкерлери менен колбашчылары өз
араларында шыбыраша башташты. Нажаша аларга: «Силер эмне десеңер дей бергиле.
Ант кылам, мен булар тууралуу бир гана жакшы ойдомун», - деди. Кийин мусулман
мухажирлерге бурулуп: «Силерди жана
силердин башчыларыңарды куттуктаймын! Мен анын Аллахтын элчиси экендигине ишендим.
Биз Аны Инжилден көргөн элек. Ал тууралуу Мариям уулу Иса дагы айткан. Аллах
аты менен ант кыламын, эгер Ал ушул жерде болгондо барып анын оокатын ташып,
буттарын жууп, Ага кызмат кылмакмын. Баргыла! Элимдин эч кимдин колу тийбеген
айматарында зулумдук менен адилетсиздиктен алыста тынчтыкта өмүр сүргүлө.
Силерге жамандык кылгандарды жок кыламын. Мага тоодой алтын берсе да силердин
эч кайсыңарды таарынтпаймын», - деди. Нажаши ушундан кийин Курайш элчилеринин
алып келген белектерине: «Менин бул нерселерге муктаждыгым жок.
Башкалар тоноп алган мына бул мамлекетимди Аллаху таала мага кайтарып бергенде
жана калкты мага багындырганда менден акча алган жок», - деп артка кайтарып
берди. Курайш элчилери Нажашинин элинен эч нерсе кыла албастан бош кол кайтып
кетишти. Багы бар падыша Исламды тандап, сахабаларды кубанткан эле.