Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Курчоодогу кайгылуу жылдар




Курчоодогу кайгылуу жылдар


Мушриктер Исламдын адамдардын көңүлдөрүнөн орун алуусуна, таралуусуна тоскоол болуу үчүн болгон күчтөрүн жумшап жатышкан эле. Алсыздарды кордоо, кыйноо, бөлөк аймактардан келгендерге эскертүү берүү өңдүү аракеттер улана берет. Мушриктер канчалык жандалбас урса дагы алардын аракети мусулмандардын ого бетер чыдамкай болушуна, бир муштумдай бирдиктүү, ынтымактуу болушуна, ошондой эле башка аймактарда да Ислам кабарынын жайылышына себеп болду. Эч кайсынысы дининен кайтпай, Расулуллахтын жолунда жандарын курман кылуудан дагы кайтышпады. Муну уккан Меккенин сыртындагы тайпалардын кызыгуучулугу артып, Исламдын нуру алыс жерлерге чейин таралып жаткан эле. Мушриктер Хабашстанга жиберилген элчилери максаттарына жете албай бош кайткандыктарын, жада калса, Нажаши Асхаманын мусулмандыкты кабылдап, мусулмандарды коргоп, алар менен жакшы мамиледе болгонун угуп, ызалангандыктарынан каны баштарына чыкты. Ушул ачуу ызалардын кегин артыгы менен кайтаруу үчүн жана Исламды түп тамыры менен жоюш үчүн алар мындай чечим кабылдашты: «Мухаммед алейхиссаламды ким каерде көрсө өлтүрсүн!..» Капырлар ушул келишимине кайра- кайра ант кылышып, убадалашышты.

Мушриктердин булкелишиминуккан Абу Талиб катуукапаланды. Бир тууганынан калган жалгызынын өмүрү кыл учунда турганы аны санаага салат. Уруулаштарын жыйнап, жагдайды түшүндүрүп, ааламга мээримдүүлүктүн жүзү катары жиберилген Хазрети Мухаммед Мустафаны (саллаллаху алейхи васаллам) Курайштык мушриктерден коргоого буйрук кылат. Хашим уулдары туугандык сезим менен ушул буйрукту орундоого бир ооздон келишишти. Ушул маселеге байланыштуу Расулуллах менен ага ишене турган бардык сахабаларды Меккенин түндүгүндөгү Каабадан үч чакырымдай узактыкта жайгашкан Шиъб-и Абу Талибге, б.а., Абу Талиб дубанына чакырды. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) сахабаларды жыйнап, Шиъбде күтө баштады. Хашим уулдарынын ичинен Абу Лахаб гана туугандарынын чечимине каршы чыгат. Уруулаштарына өчөшүп, мушриктердин катарына кошулуп Расулуллахты колго түшүрүп шейит кылуунун жолдорун издей башташты.

Мушриктер Расулуллах менен анын сахабаларынын Абу Талиб дубанында жыйналышкандыгын көрүп, кайрадан өз ара жыйын курушту. Кийин мындай чечим кабылдашты: «Мухаммед алейхиссалам өлтүрүлүү үчүн курайштыктарга тапшырылмайынча: Хашим уулдарынан кыз алынбайт! Аларга кыз берилбейт! Аларга эч нерсе сатылбайт! Алардан эч нерсе салып алынбайт! Алар менен эч ким сүйлөшпөйт, кездешпейт! Алардын үйлөрүнө, дубандарына эч ким барбайт! Алардын ынтымакка келүү сунуштары кабыл кылынбайт! Аларга эч качан, эч бир абалда мээримдүүлүк кылынбайт!» Мансур бин Икрима деген мушрик тарабынан биз кагазга жазылган бул чечимге мөөр басылды. Бардык адамдар көрүп, окушсун деп Каабанын дубалы- на илинип коюлду.

Бул кабарды сүйүктүү Пайгамбарыбыз укканда катуу капаланып, дуба кылды. Дубасы дароо кабыл болуп, бетпак Мансурдун колдору заматта жансыз болуп калды. Мушриктер шашкалакташып, бири-бирине: «Карагыла, Хашим уулдарына кылган зулумдугубуздан Мансурдун колдору жансызданып, соолуп калды», - дешти. Бул окуядан ибрат алуунун ордуна алар андан бетер кутурушту. Шиъибге барчу жолго күзөтчүлөрдү коюшту. Ал жерге азык-түлүк менен кийимдин жиберилүүсүнө тоскоол болушту. Меккеге келген ссатуучулардын Шиъибге кирбөөлөрүн, товарларын ал жерге алып барбоолорун, кажет болсо кымбат баага болсо да өздөрүнүн сатып ала тургандыктарын айтышты. Ушундайча Шиъибдегилерди ачкалыктан өлтүрө тургандыктарын же Хашим уулдарынын өкүнүп, Расулуллахты өздөрүнө тапшыра тургандыктарын болжошту. Бул абал жыл сайын Каабаны зыярат кылуу мезгилине чейин ушундайча уланчу. Салт боюнча бул мезгилде кан төгүлчү эмес. Ошол себептен Хашим уулдары Меккеге барып, соода кылып, бир жылдык зарыл нерселерди даярдап алууга аракет кылышчу. Алардын бири соодагердин жанына бир нерсе алууга келсе мушриктердин башчыларынан Абу Жахл менен Абу Лахаб сыяктуулар дароо соодагерлерге: «Эй, соодагерлер! Мухаммеддин сахабаларына бааңарды көтөргүлө. Баасынын кымбаттыгынан алар эч нерсе сатып ала алышпасын. Товарыбыз өтпөй калып калат дей турган болсоңор калган товарыңарды биз алууга даярбыз», - дешчү. Алар бааларын кымбаттатышып, мусулмандар болсо эч нерсе ала алышпай кайра кайтышчу.

Бул жолдо Пайгамбарыбыз, хазрети Хадича энебиз жана Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху анх) бардык мал-мүлкүн жумшашты, балдардын ачкалыктан чыркыраган үндөрүн чыгарбоого аракет кылышты. Колдо бар нерселер түгөнгөндөн кийин чөптөрдү, бактын жалбырактарын жеп ачкалыктын жүзүн кайтарууга аракет кылышты. Ачкалыктан ыйлаган балдарды сооротуу үчүн терилерди суулап, отко бышырып жегизишти. Пайгамбарыбыз баштаган сахабалар ачкалыктан мубарек карындарына таш байлап жүрүштү.

Балдарын ачкалыктан куткаруу үчүн баарын салып жүргөн энелерден тери менен сөөк гана калган эле. Мушриктерден жаны ачыган бирөө жашыруун түрдө жей турчу бир нерсе алып келсе калган мушриктер аны уруп, таякташту. Ушундайча сырт менен карым-катнаш үзүлүп, мусулмандар кыйын абалда калышкан эле.

Мушриктер ушул айоосуз зулумдугу аркылуу Хашим уулдарынын кепке келип, Абу Талибдин Пайгамбарыбызды колуна салып бере тургандыктарын күтүп турушту. Абу Талиб болсо тескерисинче өз дубанындагы мусулмандар менен Пайгамбарыбызды коргоп, ага зыян тийип калбоосу үчүн бардык чараны көрдү. Абу Талиб күтүлбөгөн абалдын болуп кетүүсүнөн сактандырып, Расулуллах жата турчу жерге кезеги менен күзөтчүлөрдү койчу же өз үйүнө жаткызчу. Пайгамбарыбыз эч тартынбастан Аллаху тааланын буйругун орундоо үчүн, Исламды таратуу үчүн бир саатты да бекер кетирбей адамдарды динге чакырып, алардын Жаханнамдан кутулуларына себеп болууга тырышып, ушул жолдо сабырдуулук менен насыяттарын уланта берди. Аны сыйкырчы дешип, айткандарына ишенбеген Курайштык мушриктерге ачкалыктын даамын таттыруу үчүн бир күнү Расулуллах: «Эй, Аллахым! Аларга Юсуфтун (алейхиссалам)заманындагы жети жылдык жут сыяктуу жети жуттук азап берип мага жардам бере көр!» - деп дуба кылды. Ушундан кийинки күндөрдө асмандан бир да тамчы жамгыр жаабай койду. Топурак кургап кетти. Жерде бир дагы көгөргөн нерсе табылбас болду. Курайштык мушриктер эмне болгонун билбей калды. Ачтан өлгөн малдын өлүмтүктөрүн, сасыган иттин терилерин жеп өлбөөнөн жолун караштыра баштады. Алардын да балдарынын ачкалыктан чыркыраган үндөрү чыга баштады. Көбү ачкалыктан кырылды. Асманга караса ачкалыктан улам асманды түтүн каптагандай болуп көрчү. Өздөрү да кыйналгандан кийин акылдарына кирип, кылган зулумдуктарынын кандай экендигин түшүнгөндөй болушту. Араларында Абу Суфйанды Расулуллахка жиберишти. Абу Суфйан барып: «Эй, Мухаммед! Сен өзүңдүн ааламдарга мээримдүүлүк катары жиберилгендигиңди айтасың, бизге Аллахка ишенүүнү, туугандык катнашты үзбөөнү буйрук кыласың. Ошентсе дагы коомуң ачкалык менен кургакчылыктан кырылууда. Бул балээден арылуу үчүн Раббиңе бир дуба кыл! Аллах сенин кылган дубаңды кабыл кылат. Эгер ушинтип дуба кыла турган болсоң баарыбыз ыйман келтиребиз», - деп ант суу ичти.

Ушундайча кылган зулумдуктары менен душмандыктарын бир жерге жыйнаштырып коюп, ачарчылык баштарына түшкөнү үчүн өздөрү Расулуллахка жалына башташкан эле. Пайгамбарыбыз алардын кылгандарын беттерине салбай, «ыйман келтиребиз» деген сөздөрүн угуп, колун жайып Хак таалага дуба кылды. Аллаху таала сүйүктүү кулунун дубасын кабыл кылып, Меккеге жамгыр жиберди, топурак сууга канып, өсүмдүктөр көгөрө баштады. Мушриктер ачкалык менен кургакчылыктан кутулгандан кийин берген сөздөрүн унутуп, куфурлуктарынан кайтышпады.

Аллаху таала аларга жооп иретинде түшүргөн аяти карималарында: «Бирок, алар (Курани карим менен кайра тирилүү маселесинде) күмөндөнүп, (сени) мазак кылды. Андай жагдайда (Эй, Хабибим) көктүн аппачык түтүн алып келе турчу күнүн көзөмөлдө. Ал түтүн бардык адамдарды басат;

«Бул өтө жаман азап! Эй, Раббибиз! Бизди бул азаптан куткара көр, ыйман келтире», - дейт. Аларга ибарат алуу кайда? Аларга акыйкатты түшүндүрө турчу бир пайгамбар келсе да тетири бурулду. Ага «үйрөтүлгөн, жинди» деди. Биз бул азапты (түтүн же ачкалыкты) бираз (же бираз убакыт) алабыз. Бирок, силер дагы да куфурлуктарыңарга кайтасыңар. Катуу азапты (аларга) жибере турган күнү (Бадир күнү) арийне, биз (алардан)кек алабыз.

Жалал сыпатым менен ант кыламын, биз алардан (Курайш коомунан) мурун Фараон коомунан (көп мал-мүлк) берүү аркылуу сынаганбыз. Аларга бизден кадырлуу бир пайгамбар келди (Муса алейхиссалам). Ал аларга мындай деди: «Аллахтын кулдарын (Исраил урпактарын) мага бергиле. (Аларды мени менен жибергиле. Аларды бошоткула, азап көрсөтпөгүлө). Чынында мен Аллаху таала тарабынан силерге вахий менен жиберилген ишенимдүү пайгамбармын. Аллаху таалага куфурлук сөздөрдү айтпагыла. Анткени, мен силерге ишимдин туура экендигин көрсөтө турган далилдер менен, айкын мужизалар менен келдим. Билип койгула, мен мага таш ыргытууларыңардан, өлтүрүүлөрүңөрдөн, менин жана силердин Раббиңер болгон Аллаху таалага сыйынамын, Ал мени коргойт. Эгер мени колдоп ыйман келтирбей турган болсоңор анда мени өз абалыма таштагыла (Жакшылыктарыңардан кечтим, эч болбогондо зыяныңарды тийгизбегиле. Алар ыйман келтирбегендери, пайгамбарды жалганга чыгаргандыктары жетпегенсип ага бир канча кордук менен зомбулук көрсөтө баштагандарында) Муса (алейхиссалам) Аллахка дуба кылып: «Йа, Раббим! Булар күфүрлүктөн кайтпай турган бир коом», - деди.  Аллаху таала Муса (алейхиссаламга) вахий жиберип: «Кулдарым менен (Исраил урпактары менен) түндө (Мысырдан) чыгып кет! Фараон менен жардамчылары силердин чыгып кеткендигиңерди уккандан кийин артыңардан түшөт (алар милдеттүү түрдө силерди аңдышат.) Коомуң менен деңизден өткөндөн кийин аны ошол абалда калтыр (Аса таякты жерге кайра уруп ачылган суу жолун жаппа, ачыл абалда калтыр). Анткени, Фараон менен аскерлери ошол жолго түшүп, сууга чөгөт». (Духан сүрөсү 9-24)

Мушриктер «Ыйман келтиребиз» деген сөздөрүнө турбай, кайрадан зулумдук аракеттерин уланта башташты. Аллаху таала бир күнү Пайгамбарбызга вахий аркылуу Каабада илинип турган баракка бир жыгач куртун жибергенин, ал курттун Аллаху тааланын ысымынан башка бардык жазууларды жеп койгонун билдирди. Пайгамбарыбыз Абу Талибге: «Эй, агам! Менин Раббим болгон Аллаху таала Курайштыктардын барагына жыгач куртун жиберди. Аллаху тааланын ысымынан башка бардык нерсени жойду», - деди. Абу Талиб: «Муну сага Раббиң билдирдиби?» - деп сураганда Пайгамбарыбыз: «Ооба», - деп жооп берди. Ошондо Абу Талиб: «Мен сенин бир гана чындыкты айта тургандыгыңа күбөлүк кыламын», - деди. Дароо кийинип Каабага барды. Мушриктердин чоңдору ошол жерде отурушкан эле. Абу Талибдин келгенин көрүп: "Мухаммедди бизге берүүгө келе жаткан чыгар”, - дешти. Абу Талиб алардын жанына барып: "Курайш коому! Эч качан жалган сүйлөбөгөн тууганымдын уулу жазган барактарындагы Аллаху тааланын ысымынан башка бардык жазууну жыгач курту жеп койгонун айтты. Эми болсо бизди жамандап жазган барагыңарды алып келгиле, көрөлү. Эгер бул сөз чын болсо ант кыламын, баарыбыз өлөр өлгүчө аны коргоп өтөбүз. Силер дагы мына бул зулумдуктарыңарды, зордук-зомбулуктарыңарды койгула», - деди. Мушриктер бул күтүлбөгөн кабарга эс-мас болуп, Каабадагы асылган барактарды алып келишти. Абу Талиб: «Окугула», - деген кезде баракты ачып окумакча болгон адам «Бисмике Аллахумма» деген сөздөн башка бардык жазуулардын өчүп калгандыгын көрүштү. Мушриктер эмне айтаарын, эмне кылаарын билишпей, өтө шашкалактап калышты. Баарынын көңүлү жибип үч жылдан бери бир дубанга камап азап тарттырган мусулмандарды курчоодон бошотушканы менен баары бир ичтериндеги душмандыктарын коюшкан жок. Исламдын таралуусуна кедерги болуу үчүн ойлоруна келген бардык айла-амалдарды колдонушту. Алардын ушундай аракеттерине карабастан Ислам тез жайылып, Пайгамбарыбыз караңгылыктын зулумдугунан адамдарды бир бирден куткарып, аларды чыныгы бакытка жеткирип жатты. Ушундай бакытка ээ болгондор шүгүрчүлүк кылып, мушриктер көрсөткөн азаптары менен зулумдуктарынын каршысында эч майышпастан турушту. Мухаммед алейхиссаламдын мужизалары менен мусулмандардын диндери үчүн көрсөтүп жаткан сабырдуулук менен чыдамдуулуктарын көргөн канчалаган адамдардын көңүлдөрү Ислам нуруна жетип, караңгылыктан кутула беришти.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш