Айдын экиге бөлүнүүсү


Пайгамбарыбыздын мужизаларынын бири - айдын экиге бөлүнүүсү. Абу жахл менен Валид баштаган мушриктердин тобу Расулуллахка: «Эгер сен чыны менен пайгамбар болсоң айды экиге бөлүп, бир жартысын Куайкиан тоосунун, экинчи жартысын Абу Кубайс тоосунун үстүнөн көрсөтчү...», - дешти. Расулуллах алейхиссалам: «Эгер айтканыңарды кылсам ыйман келтиресиңерби?» - деп сурады. "Ооба, албетте, ыйман келтиребиз”, - дешти. Расулуллах айдын экиге бөлүнүүсү үчүн Аллаху таалага дуба кылды. Жабраил алейхиссалам сүйүктүү Пайгамбарыбыздын жанына келип: «Эй, Мухаммед! Ушул түнү Меккеликтерди мужизаны көрүүгө чакыр», - деди. Пайгамбарыбыз айдын он төртүнө, тагыраагы, ай толгон түнү ибрат алгысы келгендердин айдын экиге бөлүнө тургандыгын көрүүлөрүн сурады. Ошол түнү сүйүктүү Пайгамбарыбыз мубарек манжасы менен айды көрсөткөн кезде ай экиге бөлүндү. Бир жартысы Абу Кубайс, экинчи жартысы Куайкиан тоосунун үстүнөн көрүндү. Кийин кайрадан бирикти. Расулуллах сахабаларына: «Эй, Абу Салама бин Абдуласад, Аркам бин Абил Аркам! Күбө болгула!» - деди. Жанындагы башка сахабаларга да: «Күбө болгула!» - деди.

Мушриктер өз көздөрү менен дагы бир айкын мужизаны көрүштү. Бирок, сөздөрүндө турбай, ыйман келтирбегендиктери менен тим калбай башкаларды ыйман келтирүүлөрүнө да кедерги болуу үчүн: «Бул болгону Мухаммеддин сыйкыры. Бирок, бардык адамдарды бирдей сыфкырлай алуусу мүмкүн эмес го... Башка аймактардан келген адамдардан да сурап көрөлү. Алар да ушул окуяга күбө болушту бекен? Эгер алар да күбө болушкан болсо Мухаммеддин пайгамбармын деген сөзү чын. Болбосо, бул болгону бир сыйкыр гана», - дешти. Келген адамдардан сурашты, жада калса, башка аймактарга да адамдарды жөнөтүп сураттырышты. Сурагандардын бардыгынан «Ооба, ошол түнү айдын экиге бөлүнгөнүн көрдүк» деген бирдей жооп алышты. Мушриктер буга да өжөрлүк кылышып моюн сунушкан жок. Алардын башында Абу Жахл бар эле. Адамдардын ыймандуулукка жүздөрүн бурбоолору үчүн: «Абу Талибдин жетиминин сыйкыры асманга да таасир кылды», - деп жүрөктөргө күмөн салды. Анын бул сөздөрүнө Аллаху таала аяттарды түшүрдү: «Саат (кыямат) жакындады жана ай жарылды (экиге бөлүндү). Алар (Курайш капырлары Мухаммед алейхиссаламдын пайгамбарлыгына далил боло турган) бир мужиза көрө турган болсо (аны тафаккур кылуудан жана ыйман келтирүүдөн) тетири бурулду жана «үзгүлтүксүз» (биринен соң бири келе турган кубаттуу) сыйкыр» дейт. Жана алар (пайгамбар менен мужизаны) жокко чыгарды, өз напсилерине (напсилеринин каалоолоруна жана тилектерине) моюн сунуп кетти. Бирок, (Жаннат ээлерине жакшылыктан, Жаханнам ээлерине жамандыктан тагдыр кылынган) бардык нерсе ишке ашат (Жаннат ээси Жаннатка, Жаханнам ээси Жаханнамга кирет). Ант болсун, аларга (Мекке мушриктерине Курани каримде өмүрдөн өткөн үммөттөр менен акырет абалдары тууралуу өздөрүн куфурлук менен адашуудан катуу түрдө) баш тарткыза турган канчалаган маңыздуу кабарлар келди, кемелдикке жеткен толук хикмат сөздөр. (Эгер аны колдобосо) эскертүүчү (Жаханнам азабы менен коркуткан) расулдар (аларга) эч пайда тийгизе албайт. Андай болсо, (Эй, Хабибим! Аларга Пайгамбар- лыгыңды таблиг кылып жана Хакка чакыргандан кийин) сен дагы алардан терс бурул. Ал чакыруучунун (Исрафил же Жабраилдин капырларды напсилердин) каршы чыккан нерсесине (эсепке) чакырган күнү (оору катуулугунан) көздөрү көр абалда (коркунуч менен үрөйдөн кайда барууларын билбей) таралган чегирткелер сыяктуу кабырларынан чыгышат. Капырлар (баштарын ийип) ошол чакыруучуга карай жүгүргөндөй болуп, «Бүгүн биз үчүн кандай оор, кыйын күн» деп айтат. («Камар» сүрөсү, 1-8)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш