Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Раббим силерге туура жолду насип кылсын




Раббим силерге туура жолду насип кылсын


Мушриктердин мусулмандарга кылган үч жылдык курчоолору аяктагандан кийин Нажрандан бир топ адам Расулуллахка келишти. Бул келген жыйырма чакты адам Хабашстанга көчкөн саха- балардан Ислам тууралуу угуп, Исламды үйрөнүп, Расулуллахты көрүү бакытына жетүү үчүн Меккеге келишкен эле. Каабанын жанында Пайгамбарыбыз менен көрүшүштү. Көптөгөн суроолорду сурашып, күтүлгөндөн да жакшы жана канааттандырарлык жоопторду алышты. Курайштык мушриктер да алардын айланасынан көз салып жүрүшкөн эле. Ааламдарга мээримдүүлүк иретинде жиберилген Пайгамбарыбыз аларга Курани каримдин көп аяттар- лын окуп берди. Алар буга катуу таасирленишип, көз жаштарына ээ боло алышкан жок. Алар Пайгамбарыбыздын Исламга чакырыгына чын көңүлдөн ыраазы болушуп, чоң кубаныч менен келиме келтиришип, мусулман болуу мартабасына ээ болушту. Элдерине кайтууга уруксат сураганда Абу Жахл алардын жандарына барып: «Силердей акылсыз адамдарды көргөн эмеспиз! Анын жанында аз гана отуруп өз диниңерди таштадыңар, анын айткандарын тастыктадыңар!» - деп оозуна келген балит сөздөрдү жаадырды. Жаңыдан сахаба болгон бул адамдар: «Аллаху тааланын сизге да туура жолду насип кылуусун тилейбиз. Бизге кылган бул башы жоктук менен наадандыкты биз сизге кылбайбыз. Чынында биз сиздин эч кандай акыңызды жеген жокпуз. Бирок, мына муну жак- шылап билип алыңыз: бир канча наадандын сөзүн угуп колубузга тийген бул чоң ниматтан айрылууну каалабайбыз, бул хак динден чыкпайбыз!» - деп жооп беришти.

Аллаху таала ушул окуяга байланыштуу жиберген аяттарында мындай деген: «Мындан (Курани каримден) мурун өздөрүнө китеп берилген канчалаган адамдар бар, алар буга (Курани каримге) ишенет. Аларга (Курани карим) окулган кезде: «Буга ишендик. Күмөнсүз, бул Раббибизден (келген) бир акыйкат. Чынында биз мындан мурда да Исламды кабылдаган адамдар элек», - деди. Мына, ушуларга сабыр менен (чыдамдуулук) көрсөткөндөрү себебинен сыйлары эки эсе болуп берилет. Алар жамандыкты жакшылык менен куушат. Өздөрүнө берген ырыскыларыбызды (жакшылыкка) сарпташат. Алар жаман сөз уккан кезде ага терс бурулат да: «Биздин амалдарыбыз бизге, силердин амалдарыңар силерге тийиштүү. Силерге саламат болсун, биз жахилдерди издебейбиз (достугун да каалабайбыз)», - дейт.» («Касас» сүрөсү, 52-56)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш