Кайгылуу жыл


Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) туң уулу Касым он жети айлык кезинде чарчап калган. Бул кайгылуу окуядан бир нече жылдан кийин экинчи уулу Абдуллах (радыяллаху анх) да кайтыш болду. Расулуллах алейхиссалам мубарек көздөрүнөн жаш жылтырап турган абалда тоону карап: «Эй, тоо! Менин башыма түшкөн иш сенин башыңа келгенде чыдай албай кыйрамаксың!» - деп кайгысын билдирди. Хазрети Хадича энебиздин: «Йа, Расулаллах! Алар азыр кайда?» - деп сураганда Пайгамбарыбыз: «Алар Жаннатта», - деп жооп берди. Ааламдардын султаны, Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын эки уулунун да кайтыш болгонуна мушриктер катуу кубанышты. Абу Жахл сыяктуу капырлар муну оңтойлуу кез деп эсептеп: «Эми Мухаммед тексиз, анын урпагы кесилди. Тегин улай турчу уул баласы калбады. Өзү өлгөндөн кийин аты да, даңкы да өчөт», - деп жар салды. Ушул жагдайга карай Аллаху таала «Кавсар» сүрөсүн түшүрүп, Расулунун көңүлүн жубатты: «Акыйкатында, биз сага Кавсарды бердик (Кавсар көлүн, көптөгөн жакшылыктарды жараттык). Андай болсо, Раббиң үчүн намаз оку. Курмандык чал. Туурасы сага (теги кесилди) деп тил тийгизген адамдын өзү кайырсыз жана тексиз» (Сага тексиз деген адамдын өзү тексиз, намыссыз жана анын аты өчөт. Сага келе турган болсоң Хабибим, сенин таза урпагың, атагың менен абыроюң кыямат күнүнө чейин уланат. Акыретте дагы сага ойго келбей турчу керемет даңктар берилет) ».

Расулуллахтын (саллаллаху алейхи васаллам) уулдары кайтыш болгондон кийин Абу Талиб ооруп калып, күн сайын ооруусу катуулай берди. Муну уккан Курайштык мушриктер: «Абу Талиб тирүү кезинде Мухаммеддин камкорлугу үчүн көп күч жумшаган эле. Эми кайта турчу маалы келип калды. Кыркы убактында да болсо барып ал-абалын сурайлы. Анткени, теңдеши жок арап баатыры – Хамза, балбандыгы менен жүрөктүүлүгү жер жарган Омар мусулман болду. Күн өткөн сайын арап тайпаларынан адамдар келип, топтошкон абалда ага багынып жатышат. Ушундайча, мусулмандар күндөн күнгө көбөйүүдө жана үндөрү асманды жарууда. Ушуга байланыштуу же биз аларга баш ийип багынуубуз керек же согушууга даяр болуубуз керек. Абу Талибге барып абалды түшүндүрөлү, ортобуздагы маселени чечип берсин. Анын динине тийишпейли, ал дагы биздин динибизге тийишпесин» деген ой менен Абу Талибге барышты. Укба, Шейбе, Абу Жахл, Умаййа бин Халаф өңдүү таанымал мушриктер Абу Талибдин жанына барып отуруп мындай дешти: «Сенин башчылыгыңа ишенип, үстөмдүгүңду кабылдайбыз. Ошондуктан, сага эч бир каршылык аракет кылган жокпуз. Сен өлгөндөн кийин Мухаммед биз менен доолашып, арабыздагы кастык улана берет деп коркобуз. Бизди жараштыр, бири-бирибиздин динибизге тийишпейли», - дешти. Абу Талиб Пайгамбарыбызды чакырып: «Курайштын бардык көсөмдөрү сенден алардын динине аралашпооңду суранып жатышат. Муну кабыл кылсаң сенин буйругуң менен жүрүшөт, сага көмөктөшөт», - деди. Пайгамбарыбыз: «Эй, агам! Мен аларды бир гана сөздү айтууга гана чакырамын, ал сөз менен бүткүл араптар ошолорго багынышат. Арап болбогондор жизйа (салык) төлөйт», - деди да Курайштын көсөмдөрүн карап: «Ооба, силер мага бир сөздү айтсаңар бардык араптардын башчылары болосуңар. Арап болбогондор да силерге баш ийишет!» - деди. Абу Жахл: «Албетте, айтабыз, жада калса, он жолу айталы. Ал кан- дай сөз?» - деди. Расулуллах алейхиссалам: «Ла илаха иллаллах десеңер жана Аллаху тааладан башка сыйынып жүргөн буттарыңарды таштасаңар», -  деген кезде мушриктер дароо: «Сен бизден мындан башка нерсе сура», - деп жооп кайтарышты. Пайгамбарыбыз: «Силер Күндү алып келип колума берсеңер да мен силерден мындан башка эч нерсе каалабаймын», - деди. Мушриктер: «Йа, Мухаммед! Өтө кызык сунуш кылып отурасың. Биз сенин көңүлүңө карап турабыз, сен биздин көңүлүбүзгө карап да жаткан жоксуң», - дешти дагы орундарынан туруп кетип калышты. Алар кеткенден кийин Абу Талиб Пайгамбарыбызга:

«Сенин Курайштардан каалаган нерсең өтө орундуу. Туура айттың», - деди. Агасынын бул сөзү Расулуллахты үмүттөндүрдү. Расулуллах Абу Талибдин ыйман келтире тургандыгын түшүнүп:

«Ага! Бир жолу «Ла илаха иллаллах» де! Мен сага кыямат күнү шафаат кылайын», - деди. Абу Талиб: «Элдин өлүмдөн коркуп мусулман болду деп айыптоолорунан коркомун. Антпесе, сени таарынтмак эмесмин», - деп напсине оор тийгенин айтты. Абу Талибдин күн сайын оорусу катуулап, кайтыш болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш