Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Хазрети Хадича энебиздин кайтыш болуусу




Хазрети Хадича энебиздин кайтыш болуусу


Расулуллахтын кыйынчылыкта ортоктошу, жыйырма төрт жыл өмүрлүк досу болгон мубарек Хазрети Хадича энебиз да дарт жана кайгылар менен өткөн үч жылдык курчоодон кийин, хижраттан үч жыл мурда Рамазан айынын башында, 65 жашта дүйнөдөн кайтты. Пайгамбарыбыз Хазрети Хадичаны өз мубарек колдору менен жерге берди. Андан айрылганына катуу кайгырды. Ошол жылы хазрети Хадичанын жана агасы Абу Талибдин кайтыш болуусу Пайгамбарыбызга оор сокку болду. Ошондуктан, бул жыл «сенетул хузн», б.а., кайгылуу жыл деп аталды.

Хазрети Хадича энебиздин өлүмү Пайгамбарыбызды катуу кайгырткан эле. Анткени, эң биринчи ыйманга келген жана Пайгамбарыбызды колдогон хазрети Хадича эле. Айрыкча Пайгамбарыбыздын эң чоң көмөкчүсү жана кайгысына ортогу эле. Бардык адамдар Ага душман болгон кезде ал көңүлүн Пайгамбарыбызга ачып, мээримдүүлүккө толтурган эле. Болгон мал-мүлкүн, байлыгын Ислам жолуна жумшап, Сүйүктүү Пайгамбарыбызга кызмат кылуу үчүн болгон аракетин жумшаган эле. Расулуллахты эч качан таарынтпаган, жада калса, көңүлүн да калтырып көргөн эмес. Пайгамбарыбыз бул тууралуу анда-санда айтып, мубарек аялдарынын бийик даражаларын эскерчү. Бир күнү. Хазрети Хадича Пайгамбарыбыз сыртта жүргөн кезинде Аны издөө үчүн сыртка чыкты. Жабраил алейхиссалам адам кейпинде Хазрети Хадичага көрүндү. Андан Пайгамбарыбызды көргөн-көрбөгөнүн сурагысы келди, бирок, душмандарынын бир болуп жүрбөсүн деп кайра артка кайтты. Сүйүктүү Пайгамбарыбызды көргөн кезде болгон окуяны айтып берди. Ааламдардын Султаны болгон Пайгамбарыбыз: «Сен көрүп, мени сурагың келген адамдын ким экендигин билесиңби? Ал – Жабраил (алейхиссалам) болчу. Сага саламын айтуумду суранды. Жаннатта сен үчүн маржандардан жасалган бир имарат даярдалганын да айтуумду каалады. Албетте, ал жерде мындай кайгы, кыйындык менен мээнет болбойт», - деди


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш