Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Колу кыймылдабай калды




Колу кыймылдабай калды


Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) адамдардын эң тандалгандары болгон сахабаларына теңдешсиз хикматтуу насааттарынайтып, алардын жүрөктөрүн нурландырчу. Келген аяттарды түшүндүрүп, эч нерсени түшүнүксүз калтырчу эмес. Ушул арада мушриктердин да жыйналган жерлерине барып, алардын ыйман келтирүүлөрү үчүн талыкпастан даават кылчу. Буга Абу Жахл менен Валид бин Мугира катуу ачууланып: «Мындай кете берсе Мухаммед бардык адамдарды өз динине тартып, бутка сыйына турчу эч кимди калтырбас», - дечү. Алар бир күнү бул ишти бүтүрүүнүн жалгыз чарасы – Расулуллахты өлтүрүү деген чечимге келди. Абу Жахл Валид бин Мугираны жана Махзум уулдарынан бир нече жигитти ээрчитип Байтуллахка барды. Ошол маалда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз намаз окуп отурган эле. Абу Жахл колуна таш алып, алдыга карай умтулду. Расулуллахты урайын деп ташты көтөргөн кезде колдору ошол кейипте абада кыймылдабай катып калды. Ал эч нерсе кыла албай шашкалактады. Ошол абалда келген жерине кайра кайтты. Ошол ташты Махзун уулдарынын бири алып: «Көрөсүңөр, аны мен өлтүрөмүн», - деп Пайгамбарыбызга карай басат. Жакындаган кезде көздөрү дароо сокур болуп, тегерегин көрө албай турган болду. Муну көргөн Махзун уулдары Пайгамбарыбызга карай биригип бет алышты. Расулуллахка жакындаган кездеринде Аны көрө албай турган болушту. Анын бир гана мубарек үнүн угушту.  Үн чыгып жаткан жерге карай басканда   үн аркаларынан, аркаларына бурулганда мурунку чыккан жактан чыга баштады. Ушул абал бир нече ирет кайталанды. Акыры бушайманга түшүп эч нерсе кыла албаган мушриктер ал жерден кетип калышты. Бул окуяга байланыштуу Аллаху таала аяти карима түшүрүп: «Алардын алдыларына коргон койдук. Көздөрүн пардаладык. Эми көрө албайт», - деп буюрду. (Ясин сүрөсү, 9)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш