Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Таифтиктерди ыйманга чакыруу




Таифтиктерди ыйманга чакыруу


Мушриктер сүйүктүү Пайгамбарыбыздан көптөгөн мужизаларды көрүшсө да каршыгуулуктарын улантып, ыйман келтирбегендиктери менен тим калбастан мусулмандыкты кабыл кылган балдарына, туугандары менен досторуна кыйынчылык тарттырышып, зулумдук кылуудан баш тартышчу эмес. Алардын бара-бара көбөйө берген бул зордук-зомбулуктарына Расулуллах катуу капаланды. Меккеге жакын жайгашкан Таиф калаасына барып, жергиликтүү элди Исламга чакырууну ойлоду. Жанына Зейд бин Харисаны ээрчитип Таифке барды. Таифтин алдыңкылары болгон Амрдын уулдары Абди Йалил, Хабиб жана Масуд менен кездешти. Аларга Исламды түшүндүрүп, Аллаху таалага ыйман келтирүүлөрүн айтты. Алар ыйман келтирбегендиктери менен тим калбай жаман сөздөрдү айтышып: «Аллаху таала пайгамбар жиберүү үчүн сенден башка эч кимди таппаптырбы? Бул жерден чыгып кет, кайда барсаң анда бар! Бул жерге өз коомуң айткандарыңды кабыл кылбагандан кийин келип турасың го. Ант кылабыз, биз да сага жакындабайбыз. Сенин эч кандай каалооңду кабыл кылбайбыз», - деп Расулуллахка тил тийгизишти.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) алардын жанынан капалануу менен кетти. Сакиф тайпасын он күн же бир ай бою Исламга чакырды. Бирок, эч кайсынысы ыйман келтирбей аны мазакташып, жабыр тарттырышты. Расулуллах жүргөн жолго жаш балдар менен жаштарды тизип коюп, Ага таш жаадырышты. Таифтик жаштардын ыргыткан таштарына Хазрети Зейд денесин тосуп, Пайгамбарыбызга зыян келтирбөөгө аракет кылды. Зейд хазреттери Расулуллахты тегеренип, учкан таштардын Ага тийип кетпөөсү үчүн болгон күчүн жумшап жатты. Расулуллахтын мубарек денесине тийбесин деп өз денесине тийген таштарга маани бербеди. Жанын Расулуллахтын жолунда курман кылуу үчүн ушундай мүмкүндүктөрдү издеп жүргөн жок беле? Мына, ааламдардын мырзасына таш ыргытып, зордук-зомбулук көрсөтүп, өз элдеринен чыгарып салууга тырышып жатышты.

Хазрети Зейд Пайгамбарыбызды коргоо үчүн оң жагына бир чыгып, сол жагына бир чыгып жүргөндө таштар өзүнүн башына, денесине, буттарына арты-артынан тийип жатты. Ушул таштардан Хазрети Зейддин бардык жери канга боёлгон эле. Сүйүктүү Пайгамбарын коргоо үчүн жанталашып жүрүп таш ыргытып турган заалымдарга жан добушу менен: «Токтоткула! Урбагыла! Ал – ааламдардын мырзасы. Ал - Аллаху тааланын Элчиси! Менин денемди жанчкыла, бирок, Пайгамбарыма зыян тийбесин!», - деп кыйкырып жатты. Зейд бин Харисадан өтүп Пайгамбарыбызга тийген таштар Анын да мубарек буттарын канга боёду.

Пайгамбарыбыз капалуу, чарчаңкы жана жаралуу абалда Утба жана Шейбе деген бир туугандардын багына жакындады. Ал жерде бардык мусулман жанын аябай турчу Аллаху тааланын Сүйүктүү Элчиси мубарек буттарынан аккан канды сүртүп, даарат алып, бактын алдында эки рекет намаз окуду. Кийин мубарек колун жайып, Аллаху таалага жалбарды. Муну бактын ээлери көрүп турушкан эле. Алар Пайгамбарыбыздын башына келген кыйын жагдайга күбө болгон эле. Мээримдүүлүк сезимдери ойгонуп Аддас аттуу кулу аркылуу Ага жүзүм берип жиберишет. Пайгамбарыбыз жүзүмдү жеген кезде «бисмиллах» айтып жеди. Жүзүмдү алып келген кул христиан эле. «Бисмиллах» деген сөздү укканда алтаң калды. «Канча жылдан бери ушул аймактамын. Эч кимден мындай сөз уккан эмесмин. Бул кандай сөз?» - деп сурады.

Расулуллах алкулдан: «Сен кайдан болосуң?», - деп сурады. Аддас: «Ниневаданмын», - деп жооп берди. Расулуллах: «Юнус алейхиссаламдын элинен экенсиң да», - деди. Аддас: «Сиз Юнусту кайдан билесиз? Аны бул жерде эч ким билбейт», - деди. Расу- луллах: «Ал – менин боордошум. Ал да мен сыяктуу пайгамбар болгон», - деди.

Аддас: «Мындай жүзү жарык, жумшак сүйлөгөн адам эч качан жалган айтпайт. Сенин Аллаху тааланын Элчиси экениңе мен толук ишендим!» – деп, мусулман болгон соң: «Йа, Расулаллах! Мен көп жылдан бери мынабул заалымдардын колунда кул болуп кызматын кылып келе жатамын. Булар ар кимдин акысын жейт, укугунтебелейт. Элди алдайт, эч кимге жакшылык кылышпайт. Байлык жыйноо жана кумарын кандыруу үчүн ыплас иштин баарына барышат. Мен аларды абдан жек көрөмүн. Сени менен чогуу кетип, сенин шаарыңда сага кызмат кылгым келет. Мыкаачылардын, заалымдардын урган ташына, шилтеген кылычына каршы сенин калканың болоюн. Мени ала кет!» – деп өтүндү.

Расулаллах алейхиссалам күлүмсүрөп: "Азырынча кожоюндарыңдын жанында кал. Аз убакыттан кийин атымды бардык жерде уга турган болосуң. Мага ошол кезде кел”, - деди. Ал жерде бираз демалган соң Меккеге карай жол тартышты. Меккеге эки күндүк жол калганда бир булуттун өздөрүнө көлөкө салып келе жатканын көрдү. Дыкат салып караганда бул булуттун Жабраил алейхиссалам экендигин байкады. Бул окуяны Пайгамбарыбыз Айша Сыддык энебизге (радыйаллаху анха) айтып берген.

«Сахих-и Бухариде» жана Ахмед бин Ханбалдын «Муснад» атуу китебинде мындай делинген: Бир күнү Хазрети Айша энебиз:

«Йа, Расулаллах! Сиздин башыңыздан Ухуд күнүнөн да оор күн өттү беле?» - деп сурады. Пайгамбарыбыз: «Валлахи сенин коомуңан ушундай катуу жапа чектим, Ухуд согушундагы капырлардан андай жапа чеккен эмесмин. Ибн Абди Йалил бин Кулалга өзүмдү таанытканымда (б.а., пайгамбарлыгымды билдирип, аны динге чакырганымда) ал кабылдабады. Алардын жанынан чыгуудагы ыздырабым ушунчалык болгондуктан тээ Карн-ы Сеалиб деген жерге жеткенге чейин өзүмө келе албадым. Ошол жерде башымды жогору көтөрдүм. Бир булуттун мага көлөкөсүн түшүрүп турганын көрдүм. Булуттун ичинде Жабраил (алейхиссалам) турду. Ал мага мындай деп добуш салды: «Йа, Мухаммед! Хак таала коомуңдун сен тууралуу айткан сөздөрүн жана сени коргогулары келбей тургандыктарын укту. Сага тоолордун буйрукчусу болгон мынабул периштени жиберди, эмне кааласаң ушул периштеге буйрук кыласың.» Ал периште мага үн салып салам бергенден кийин: «Йа, Мухаммед! Хак таала Жабраилдин айтканындай тоолордун периштеси болгон мени сага жиберди, каалаганыңды айт! Буйругуңду орундаймын. Эгер мына бул эки тоонун (Куанйкиан менен Абу Кубайс тоосу) меккеликтерди жанчып бири-бирине жабышуусун(жана мушриктерди толук басып калуусун) кааласаң буйрук кыл, жабыштырайын» деди. Мен макул болбой: «(Жок, Мен ааламдарга мээримдүүлүк катары жиберилдим.) Аллаху тааланын ушул мушриктердин тегинен тек Хак таалага ибадат кыла турган, Аллаху таалага эч нерсени шерик кылып кошпой турган бир урпак чыгаруусун тилеймин», - дедим».

Пайгамбарыбыз Таифтен Меккеге кайтып келе жатып Нахле деген жерде бираз демалды. Бираздан кийин намаз окууга турду. Нусайбин жиндеринин бир тобу ошол жерден өтүп бара жатып, Пайгамбарыбыз окуп турган Курани карим аяттарын угуп, токтоп тыңдады. Ошондон кийин алар Расулуллах менен жолугуп мусулман болду. Пайгамбарыбыз аларга: «Коомуңарга барганыңарда   менин  ыйманга   чакырганымды   аларга  да айткыла. Аларды да ыйманга чакыргыла», - деди. Ал жиндердин коомуна барып муну айтканда муну уккан жиндердин бардыгы ыйман келтирди. Бул жагдай Курани каримдин «Жин» сүрөсүндө жана «Бухари» жана «Муслим» аттуу атактуу хадис китептеринде көрсөтүлгөн. Ушул окуядан кийин Расулуллах Меккеге карай бет алды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш