Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » «Лаа илаха иллаллах» деп кутулгула




«Лаа илаха иллаллах» деп кутулгула


Кадырлуу Пайгамбарыбыз Мутим бин Адинин камкордугу менен Меккеге келди. Аларды хак жолго чакыруусун улантты. Буга байланыштуу мушриктер мурункудан бетер кутуруп, зордук-зомбулук менен зулумдуктарын көбөйтүштү. Хак таала Расулуллахка Каабаны зыярат кылуу мезгилинде зыяратка келген Арап тайпалары менен кездешип, аларды Исламга чакыруусун буюрду. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ушул буйрук боюнча Мекке айланасында курулган Зулмежаз, Указ жана Меженне жарманкелерине барып, тайпаларга Аллаху тааланын бир экендигин айтып, Ага ибадат кылууга чакырып, өзүнүн пайгамбар экендигин кабылдоосун таблиг кылчу эле. Айткандарын кабыл кыла турган болсо Аллаху таала аларга Жаннатты бере тургандыгын билдирчү. Пайгамбарыбыздын жалбарып кылган бул дааваттарына тилекке каршы эч ким кулак асчу эмес. Жада калса, кээ бирөөлөрү орой мамиле кылып, жаман кылыктарды көрсөтүшчү, кээ бирлери болсо бети-мурдун тыржыйтып жаман сөздөрдү айтышчу. Курайш мушриктери да аны көзөмөлдөп, келген тайпаларды азгырышчу.

Имам Ахмед, Байхаки, Табарани жана Ибн Исхактын билдиргендери боюнча Рабиа бин Аббад мындай риваят кылган: «Жаш элем. Атам менен бирге Мина тоосуна бардык. Расулуллах Арап тайпаларынын конгон жерлерине барып: «Эй, баланча уулдары! Табынып жүргөн мына бул буттарыңарды таштап, Аллаху таалага эч кандай шерик кошпостон ибадат кылууңарды, мага ишенип, мени тастыктоолоруңарды, Хак таала тарабынан жиберилген милдетимди билдирип, орундаганга чейин мени коргооңорду силерге буюрган Аллаху тааланын элчисимин!»,деп айтчу. Чалдыр көздүү, чачы өрүлгөн бир адам: «Эй, балан- ча уулдары! Бул силерге буттарыбыз Лат менен Уззага табынууга тыюу салып, өзү чыгарган динге чакырып жатат! Сак болгула! Аны тыңдабагыла, ага баш ийбегиле!..» - дечү. Мен атамдан: «Бул адамды көзөмөлдөп турган ким?» - деп сурадым. Атам: «Агасы Абу Лахаб» - деп жооп берди.

Таберани, Тарик бин Абдуллахтан мындай риваят кылган: «Расулуллах алейхиссаламды Зулмежаз жарманкесинен көргөн болчумун. Адамдар уксун деп кыйкырып: «Эй, адамдар! Лаа илаха иллаллах (Аллахтан башка кудай жок) дегиле да кутулгула», - дечү. Ага карап турган бир колуна таш алып анын бутуна ыргытып: «Эй, жамаат! Ишенбегиле! Андан сактангыла! Анткени, ал – жалганчы!» - дейт. Тийген таштар бутун канатса да Расулуллах тайбай, чарчабай дааватын улантчу. Айланадагылар: «Бул жаш жигит ким?» - деп сурады. Бири: «Абдулмутталиб уулдарынын ичинен чыккан жигит», - деп жооп берди. «Таш ыргыткан ким?» дегенде «Агасы Абу Лахаб», - деди.

Имам Бухаринин «Тарихул-кабир» жана Табаранинин «Мужамул кабир» аттуу китептеринде мындай делинет: «Мудрик бин Муниб атасынан, ал дагы атасынан накыл кылып мындай деген: «Атам менен Мина тоосуна кондук. Ал жерде бир топ адамды кезждештирдик. Бир адам аларга: «Эй, адамдар! «Лаа илаха иллаллах» деп айтып кутулгула», - деди. Жанындагы адамдардын биразы анын көркөм жүзүнө түкүрүштү, биразы башына топурак чачты, биразы жаман сөздөрдү айтышты. Бул абал түшкө чейин уланды. Ушул кезде бир кыз бала колундагы суу толо идиш менен ошол жерге келди, алиги адамдын абалын көрүп ыйлай баштады. Ал адам суу ичкенден кийин кызды карап: «Эй, кызым! Атаң тузакка түшүп өлтүрүлөт, кордукка учурайт деп коркпо!» - деди. «Бул адам менен кыз ким?» - деп сурадык. «Бул Абдулмутталиб уулдарынан Мухаммед (алейхиссалам), жанындагы кызы Зейнеп (радыяллаху анха)», - дешти.

Саид бин Яхия бин Саид ал-Амавий «Мегази» аттуу китебинен атасынан, ал Абу Наимден, Абдуррахман Амириден, ал бир нече адамдан риваят кылат. Алар мындай дейт: «Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бир күнү Указ жарманкесине барды. Амир уулдарынын тайпасына барып аларга: «Эй, Амир уулдары! Силерге силерди баш паана кылган адамдарга кандай колдоо көрсөтүлөт?» - деп сурады. Алар: «Бизге эч ким тийише албайт, байкатпай отубузга да жылына албайт!» - деди. Пайгамбарыбыз: «Мен Аллаху таалаын элчисимин. Алдыңарга келген кезимде Раббимдин мага тапшырган пайгамбарлык милдетин адамдарга жеткиргенге чейин мени коргойсуңарбы?» - деди. Расулуллах: «Мени терске чыгаргандардын башында ошолор болду», - деди. Амир уулдарынын тайпасы: «Эй, Мухаммед! Биз сени кайтарбайбыз дагы, айткандарыңа ыйман да келтирбейбиз. Бирок, сен пайгамбарлык милдетиңди адамдарга жеткиргениңче биз сени коргойбуз», - деди. Муну уккан Пайгамбарыбыз алардын жанына отурду. Ушул кезде Амир уулдарынын бири Байхара бин Фарис жарманкедеги соодасын бүтүрүп, ошол жерге келди. Жанындагыларга Расулуллахты көрсөтүп: «Бул ким?» - деп сурады. Алар: «Мухаммед бин Абдуллах», - деди. Бейхара: «Силердин анда кандай ишиңер бар? Ал эмне үчүн жаныңарда отурат?», - деди. «Бизге башпаана кылып келди, Аллахтын элчиси экенин айтты жана пайгамбарлык милдетин адамдарга таблиг кылганга чейин өзүн биздин коргообузду суранды», - деди. Ошондо Байхара Расулуллахка бурулуп: «Сени коргоо деген сөз – бүткүл араптардын огуна көкүрөгөбүздү тосуу деген сөз», - деди да, коомуна: «Элине дал силердей жаман нерсе алып кайткан коом жок. Демек, силер бардык араптар менен согушуп, алардын окторуна өз денеңерди тосот экенсиңер да?! Эгер өз коому андан бир жакшылык көргөндө өздөрү коргошмок. Силер өз коомун жалганга чыгарып, кууп чыккан адамды коргоп отурасыңар. Ага жардам бермекчисиңер! Өтө катуу адашып турасыңар!» - деди. Кийин Пайгамбарыбызды карап: «Тез бул жерден кетип, коомуңа кайт! Ант кыламын, коомумдун арасында болбогонуңда ушул жерден мойнуңду сууруп алмакмын! - деп бетпактык кылды. Ушул сөздөрдөн кийин Расулуллах катуу капа менен төөсүнө минди. Жанагы бетпак Байхара Пайгамбарыбызды төөсүнөн кулатты. Муну көргөн сахабалардан (радыйаллаху анхум) Дабаа бинти Амир деген кыйкырып: «Аллаху тааланын хабибине (сүйүктүү кулуна) мындай ишти кантип кылып жатасыңар? Мен үчүн Расулуллахты мына булардын колунан куткарып ала турчу адам жокпу?» - деп туугандарын карады. Туугандарынан үч адам бактысыз Байхарага умтулду. Байхаранын коомунан эки адам ага көмөктөшкүсү келди, бирок, алиги үчөө аларды да жулмалап сабап ташташты. Бул жагдайды көрүп турган Пайгамбарыбыз өзү үчүн урушуп жаткан үч адам үчүн: «Йа, Раббим! Бул адамдарга береке ихсан кыла көр!» - деди. Байхара менен анын жардамчылары үчүн: «Йа, Раббим! Буларды мээримиңен алыстата көр!» - деп дуба кылды. Жакшылык тилеген адамдары мусулмандыкты кабылдады, Байхара менен жардамчылары капыр болуп жан тапшырды. Амир уулдары тайпасынын өкүлдөрү элдерине кайтканда элиндеги самавий китепти окуган бир карт адамга Меккеде башынан өткөргөн окуяларын айтып берди. Ал карт адам Пайгамбарыбыздын атын уккан кезде: «Эй, Амир уулдары! Силер эмне кылдыңар?! Исмаил уулдарынын эч кайсынысы ушуга чейин пайгамбармын деп жалган айткан эмес. Албетте, ал адам чындык менен акыйкатты айтты. Эми бул кылган каталарыңарды өмүр бою оңдой албайсыңар», - деп аларды айыптады.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш