Мираж


Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кезиктирген тайпалардын бардыгына Исламды түшүндүрүп жүрдү. Аллаху тааланын буйруктарын жайуу жолунда адамдардан өзүнө камкор жана көмөкчү болууларын сурады. Бирок, тайпалар мусулмандыкты да кабылдабай, ага да колдоо көрсөтүшкөн жок. Жада калса, аны мазактап, ага оор сөздөрдү айтышып, тил тийгизишчү. Пайгамбарыбыз катуу чарчаңкы, ач, суусуз, кайгыкапалуу абалда эле. Күндүзгү убакыттар ушундай өтүп, бул абал түн ортосуна чейин уланчу. Меккелик мушриктер келген адамдардын мусулман болууларына жол бербей жатышканы азкелгенсип Пайгамбарыбызга да канткенде болсо да бир зыян тийгизүүдөн тажашкан жок. Мындан кийин Пайгамбарыбыздын кала турчу жери дагы калбаган эле. Туштараптын баары душман эле. Ошол түнү агасы Абу Талибдин кызы Умми Ханинин Абу Талиб дубанындагы үйүнө барды. Умми хани ал кезде ыйман келтирбеген эле. Пайгамбарыбыз келип, эшигин какты. Ичтен: «Ким бул?» деп суралганда Расулуллах: «Агаңдын уулу Мухаммедмин. Кабылдасаң конок болуп келдим», - деди.

Умми Хани: «Сиздей туура сөздүү, адилеттүү, кадырлуу конокко жаныбыз курман болсун. Келе турганыңызды айтканыңызда бир нерселерди даярдап турар элем. Азыр дасторконго коё тургудай эч нерсе жок», - деди. Пайгамбарыбыз: «Жей турчу эч нерсе керек эмес. Ниетим тамак эмес. Раббиме ибадат кылып, жалбарууга орун болсо мага жетиштүү», - деди.

Умму Хани Расулуллахты (саллаллаху алейхи васаллам) ички бош бөлмөгө киргизип, бир төшөк, чылапчын жана кумган берди. Келген конокту урматтоо, аны душмандан коргоо араптар үчүн эң абыройлуу милдет болуп саналчу. Бир үйдүн коногуна зыян келсе ошол үйдүн ээси үчүн өтө чоң уят, маскаралык болуп эсептелчү. Умми Хани: «Мунун Меккеде душмандары көп. Атүгүл, өлтүргүсү келгендер да бар. Уятка калбоо үчүн аны таң атканга чейин күзөтөйүн» деп ойлоду. Атасынын кылычын алып, үйдү тегеренип баса баштады.

Расулуллах ошол күнү абдан капалуу эле. Даарат алып, Раббисине жалбарынып, кечирим сурап, кулдарынын ыйманга келип, бакытка жетүүлөрү үчүн дуба кыла баштады. Катуу чарчаңкы, ач жана жабыркаган эле. Төшөккө жатып уктап кетти.

Ошол кезде Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: «Сүйүктүү Пайгамбарымды катуу капаланттым. Мубарек денесине, назик жүрөгүнө оору түшүрдүм. Ошондо дагы ал мага жалбарууда. Менден башка эч нерсени ойлогон жок. Бар дагы аны алып кел. Жаннатымды, Жаханнамымды көрсөт. Ага жана аны жакшы көрө тургандарга даярдалган ниматтарымды көрсүн. Ага ишенбегендерге, сөздөрү менен, аракеттери менен, жазуулары менен аны таарынткандарга даярдаган азаптарымды көрсүн. Аны мен жубатам. Анын назик жүрөгүнүн жарасын мен эмдеймин», - деп буюрду.

Жабраил алейхиссалам келип Расулуллахтын чаалыгуудан улам мемиреп уктап жатканын көрөт. Ойготоюн дейт, кыя албайт. Акырында адамга айланат да, анын мубарек таманынан өбөт. Периштенин каны, жүрөгү болбогондуктан, муздак эриндери Пайгамбарды ойготуп жиберет. Ал Жабраил алейхиссаламды дароо таанып: «Эй, Жабраил бир тууганым! Беймезгил маалда эмнеге келдиң! Же ката бир иш кылдымбы? Раббимди ачууланттымбы? Мага жаман кабар алып келдиңби?» - деп, Раббисин таарынтып ал- дым го деген санаа менен катуу коркту.

Жабраил алейхиссалам: «Эй, бүтүндөй жаратылгандардын эң үстөмү! Эй, Жараткандын сүйүктүүсү, эй, пайгамбарлардын мырзасы, жакшылыктардын булагы болгон кадырлуу, улуу пайгамбар! Раббиңиз сизге салам айтты жана сизди өзүнө чакырууда. Туруңуз, баралы!» - деди.

Пайгамбарыбыз даарат алды. Жабраил алейхиссалам Расулул- лахтын башына нурдан селде кийгизди, үстүнө нурдан кийим кийгизди. мубарек белине жакуттан белдик такты. Мубарек колуна төрт жүз маржан менен кооздолгон асыл таштан жасалган аса таяк берди. Ар бир маржан Чолпон жылдызындай жаркырап турган эле. Мубарек бутуна асыл таштан бут кийим кийгизди. Кийин кол кармашып Каабага келди. Бул жерде Жабраил алейхиссалам Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын мубарек көкүрөгүн жарып, жүрөгүн алды. Аны замзам суусу менен жууп, хикмат менен ыйман толо идиш алып келип, жүрөгүнө куюп, көкүрөгүн жапты.

Кийин Жабраил алейхиссалам Жаннаттан алып келген Бурак деген ак жаныбарды көрсөтүп: «Йа, Расулаллах, мына буга миниңиз! Бардык периштелер жолуңузду күтүп турушат», - деди. Ушул кезде Расулуллахты муң басып, ойго батты. Ошондо Аллаху таала Жабраил алейхиссаламга: «Эй, Жабраил! Хабибимдин эмнеге капалуу экенин сура!» - деди. Жабраил алейхиссалам Пайгамбарыбыздан сураганда Ал: «Мен ушунчалык изаат менен урмат көрдүм. Кыямат күнү алсыз болгон үммөтүмдүн жагдайы эмне боло турганы эсиме түштү. Элүү миң жыл Арасат майданында мынчалык күнөөлөрүн кантип көтөрүп турат жана отуз миң жылдык жол болгон Сыраттан кантип өтөт?» - деди. Ошол кезде Аллахтан: «Эй, Хабибим! Көңүлүң бөлүнбөсүн. Сенин үммөтүң үчүн элүү миң жылдык убакытты бирзаматтык убакыт кыламын. Кайгырба!» - деген кабар келди.

Пайгамбарыбыз Буракка минди. Бурак жаныбар бир шилтемде көз көрүп турган мейкиндиктин акыркы чегинен да тээ узактарга сызып жөнөйт. Жолдо Жабраил алейхиссалам Расулуллахка кээ бир жерлерде түшүп намаз окуп алуусун айтты. Пайгамбарыбыз үч жолу түшүп намаз окуду. Жабраил алейхиссалам Расулуллахтан түшүп намаз окуган жерлерин билген билбегенин сурады. Жообун өзү айтып, биринчи түшүп намаз окуган жердин Медина экенин жана ушул жерге хижрат кыла тургандыгынан кабардар кылды. Калган жерлердин дагы Хазрети Муса Аллаху таала менен багытсыз жана билинбеген бир абалда сүйлөшкөн жери Тури Сина тоосу экендигин, акыркысы Иса алейхиссалам дүнүйөгө келген Бейт-и Лахм экенин айтты. Кийин Кудустагы Акса мечитине келди.

Акса Мечитине келгенде Жабраил алейхиссалам бир ташты манжасы менен тешип Буракты байлады. Өткөн пайгамбарлардын кээ биринин рухтары адам келбетине кирип, жыйналышкан   эле. Жамаат менен намаз окуу үчүн Адам, Нух жана Ибрахим (алейхимуссалам) пайгамбарларга имам болуу сунуш кылынды. Алар кечирим сурап бул сунушту кабыл кылышпады. Жабраил алейхиссалам: «Сиз барда эч ким имам боло албайт», - деп Пайгамбарыбызды алдыга тартты.

Пайгамбарыбыз башка пайгамбарларга имам болуп, эки рекет намаз   окушту.  Мындан   кийинки   окуяны  мыйндай жеткирди: «Мага Жабраил (алейхиссалам) бир кесе бейиш суусундугун жана бир идиш менен сүт алып келди. Сүттү алдым. Жабраил (алейхиссалам) мага: «Жаратылышты тандаңыз», (эки дүнүйө бакытын тандаңыз) - деди. Кийин дагы эки идиш сунду, бири суу, экинчиси бал болчу, экөөнү тең ичтим. Жабраил: «Бал үммөтүңүздүн кыяматка чейин улана тургандыгына, ал эми суу үммөтүңүздүн күнөөлөрүнөн тазаруусуна белги», -  деди. Кийин экөөбүз бирге көккө көтөрүлдүк. Жабраил (алейхиссалам) эшикти какты.

Сен кимсиң? – деди (эшиктин ары жагынан).

Мен Жабраилмин (алейхиссалам).

Жаныңдагы ким?

Ал – Мухаммед (алейхиссалам).

Ага (көккө чыгуу үчүн вахий менен Мираж чакыруусу) жиберилдиби?

Ооба, жиберилди.

Салам бердик келген адамга. Бул келген адам кандай жакшы жолоочу! – деди. Дароо эшик ачылып, Адам (алейхиссалам) менен кездештим. Мени менен саламдашып, дуба кылды.

Бул жерде көп периштени көрдүм. Баары кыямда хушу жана худу менен (ыклас менен): «Суббухун куддусун раббул малаикати вар рух» зикирин айтып турушту. Жабраилден:

«Бул периштелердин ибадаты ушулбу?» -  деп сурадым.

«Ооба, алар жаратылгандан баштап кыяматка чейин кыямда болушат. Хак тааладан тилеңиз, ушул ибадатты үммөтүңүзгө насип кылсын», - деди. Хак тааладан тиледим, дубамды кабыл кылды. Намаздагы кыям - ошол кыям.

(Ал жакта) бир жамаатты көрдүм. Периштелер алардын баштарын аябай эзишет, (баштары) кайрадан калыбына келет. Дагы урат, дагы да мурунку калыбына келет. «Булар кимдер?» - дедим. Жума менен жамаатты таштап койгондор. Руку менен саждаларды толук орундабагандар», - деди.

Бир жамаатты көрдүм. Алар ач жана жылаңач эле. Тозок периштелери аларды Тозокто оттоого алып барат. «Булар кимдер?» - дедим. «Кедейлерге мээримдүүлүк көрсөтпөгөндөр жана зекет бербегендер», - деди.

Бир жамаатты көрдүм. Алдыларына жакшы даамдар коюлган. Бир жактарында өлүмтүк турат. Алар жакшы даамдарды карабай, ошол өлүмтүктү жеп жатышты. «Булар кимдер?» - деп сурадым. «Булар халал нерсени таштап, харамга умтулган эркектер менен аялдар. Халал мүлктөрү бар кезде харам жеген адамдар», - деди.

Аркасындагы жүктүн көптүгүнөн кыймылдоого чамалары калбаган бир (топ) адамды көрдүм. Ошондо да калкты карап, үстүнө дагы да жүк салууларын сурап жатты. «Булар кимдер?» - дедим. «Булар – аманатка кыянат кылгандар. Адамдардын акысын жеп, анын үстүнөн дагы да зулумдук жасагандар», - деди.

Өз эттерин кесип жеп отурган бир топ адамды көрдүк. «Булар кимдер», - дедим. Жабраил (алейхиссалам): «Булар гыйбат эткендер жана сөз ташыгандар», - деди.

Беттери кара, көздөрү көк, үстүңкү эриндери маңдайларына жеткен, астыңкы эриндери буттарына чейин салбыраган, ооздорунан кан менен ириң аккан бир топ адамды көрдүм. Аларга оттон жасалган идиштер менен Жаханнамда аккан уулуу кан менен ириң ичирилүүдө, ал эми алар эшек сыякуу кыйкырууда эле. «Булар кимдер?» - дедим. «Булар арак ичкендер», - деди.

Дагы бир топ адамды көрдүк, алардын тилдери баштарына тартылган, түрлөрү өзгөртүлүп доңуз кейпине киргизилген түрдө азап тартууда эле. Жабраил (алейхиссалам) «Булар – жалган күбөкөр болгондор», - деди.

Дагы бир коомду кезиктирдик. Карындары шишип, төмөн карай салбыраган, өңдөрү көгөргөн, кол-аяктары байланган, ордуларынан туралбайт. Жабраилден (алейхиссалам) буларды сурадым. «Булар пайыз жегендер», - деди.

Бир топ аялды кезиктирдик. Беттери карайган, көздөрү көк.  Оттон кийим кийгизилген.  Периштелер аларды оттон жасалган чокмор менен урат. Алар ит менен доңуз сыяктуу кыйкырышат. «Булар кимдер?» - дедим. Жабраил (алейхиссалам): «Булар - зинакорлук жасагандар жана күйөөлөрүн таарынткан аялдар», - деди.

Бир жамаат көрдүм. Өтө көп адамдан турат экен. Жаханнам өрөөндөрүндө камалган. От аларды күйгүзүүдө, алар кайрадан тирилип, кайратат күйгүзүүдө. «Булар кимдер?» - дедим. Жабраил (алейхиссалам): «Булар зинакорлук кылгандар жана күйөөлөрүн таарынткан аялдар», - деди.

Дагы бир жамаатты кезиктирдим. Эгин эгет, ал бир заматта өнүп, машак байлайт. «Булар кимдер?» - дедим. Жабраил (алейхиссалам): «Аллаху таала үчүн ибадат кылгандар», - деди.

Бир дарыяга бардым. Бул дарыянын керемет абалын айтып жеткизүү мүмкүн эмес. Сүттөн ак, толкундары тоодой эле.

«Бул кандай дарыя?» - деп сурадым. «Бул дарыянын аты – Өмүр деңизи. Хак таала өлгөндөрдү тирилте турган кезде ушул дарыядан жамгыр жаадырат. Чириген, ыдырап кеткен денелер тирилип, чөптүн өскөнү сыяктуу мазардан турушат», - деди.

Кийин экинчи кабат көккө чыктык. Жабраил (алейхиссалам) дагы да эшикти какты.

Сен кимсиң? – деген үн чыкты.

Мен Жабраилмин (алейхиссалам)

Жаныңдагы ким?

Ал – Мухаммед алейхиссалам

Ага (вахий менен Мираж чакыруусу) жиберилдиби?

Ооба, жиберилди – деди.

Салам бердик келген адамга. Бул келген адам кандай жакшы жолоочу – деп айтылды да дароо эшик ачылды. Таеже балдары болгон Иса менен Яхия бин Зекериянын (алейхимуссалам) алдыларынан чыктым. Алар мени менен саламдашты жана дуба кылды.

Бир топ периштелерди кезиктирдим. Сап болуп турушкан эле.  Бардыгы рукуда эле.  Өздөрүнө таандык зикирлери бар эле. Алар башты жогору көтөрбөстөн дайым рукууда турушкан. Жабраил (алейхиссалам): «Бул периштелердин ибадаты ушундай. Хак тааладан бул ибадатты сиз да сураңыз, үммөтүңүзгө насип болсун», - деди. Дуба кылдым. Кабыл болуп, Раббим намаздагы рукуну ихсан кылды.

Кийин үчүнчү кабат көккө көтөрүлдүк. Баштагыдай окшош суроо-жооптон кийин Юсуфту (алейхиссалам) көрдүм. Ага сулуулуктун жартысы берилиптир. Мени менен саламдашты жана дуба кылды.

Көптөгөн периштелерди көрдүм. Сап болуп, баары сажда кылышууда эле. Жаратылгандан бери саждада болуп, өздөрүнө таандык таспихтерди айтышат экен. Жабраил (алейхиссалам): «Бул периштелердин ибадаты ушундай.  Аллаху тааладан бул амалды үммөтүңүзгө насип кылуусун сураңыз», - деди.

Хак тааладан тиледим. Кабыл болуп, намазда силерге насип кылды.

Төртүнчү кабат көккө көтөрүлдүк. Таза күмүштөн жасалган, нурдуу эшиги бар эле. Нурдан кулпу салынган. Кулпуга «Лаа илаха иллаллах Мухаммадун расулуллах» деп жазылган. Мурунку кабаттарда суралган сурактар менен жооптордон кийин эшиктер ачылып, алдымда Идристи (алейхиссалам) көрдүм. Мени менен саламдашып, дуба кылды. Аллаху таала ал тууралуу: «Биз аны жогору орунга көтөрдүк», - деген. (Мариям сүрөсү, 57)

Бир периште көрдүм. Өзү бир такта отурат, капалуу эле. Айлансында өтө көп периштелер бар эле, алардын санын бир гана Хак таала билет. Оң жагында нурдуу периштелерди көрдүм. Жашыл кийинген, жыпар жыттуу эле. Алар өтө көрктүү эле. Сол жагында ооздорунан от чачкан периштелерди көрдүм. Алдыларында оттон жасалган найзалар менен камчылары бар. Көздөрүн кароого эч ким батына албайт. Тактын үстүндө отурган периштенин башынан аягына чейин көздөрү бар. Дайым алдындагы дептерин карап отурат. Андан эч көзүн алып койбойт. Алдында бир тал бар эле. Ар жалбырагында бир адамдын аты жазылган. Алдында чылапчын сыяктуу бир нерсе бар эле. Кээде оң колу менен андан бир нерсе алып, оң жагындагы нур периштелерине берет, кээде сол колу менен бир нерселерди алып сол жагындагы зулмат (караңгылык) периштелерине берет. (Бул) периштеге караганымда жүрөгүмө коркунуч уялады. Жабраилден: «Бул периште ким?» - деп сурадым. «Ал – Азраил, аны карап турууга эч кимдин жүрөгү даай албайт», - деди да анын жанына барып: «Эй, Азраил! Мына бул акыр заман пайгамбары жана Аллаху тааланын сүйүктүү кулу», - деди. Азраил (алейхиссалам) башын көтөрүп күлүмсүрөдү. Ордунан туруп мага таазим кылды: «Салам бердик. Хак таала сенден мартабалуу (кадырлуу) эч кимди жараткан жок. Үммөтүң дагы башка бардык үммөттөрдөн үстөм. Сенин үммөтүңө алардын эне-аталарынан да катуу жаным ачыйт», - деди. «Сенден бир өтүнүчүм бар. Үммөтүм өтө алсыз. Алар менен жумшак мамиледе бол. Рухтарын оңой, ары кыйнабай ал!» - дедим. «Сени эң акыркы пайгамбар кылып жиберген жана өзүнүн сүйүктүү кулу кылган Аллах үчүн айтайын, Аллаху таала күнү-түн жетимиш жолу: «Мухаммеддин үммөтүнүн рухтарын жумшак жана оңой кылып ал жана амалдарына айоочулук мене кара», - деп буюрду. Ошондуктан, мен сенин үммөтүңө өз эне-аталарынан да көп шапаат кыламын», - деди.

Кийин бешинчи кабат көккө көтөрүлдүк. Ал жерде Харун менен (алейхиссалам) кездештик. Мени менен саламдашып, кайырдуу дуба кылды.

Бешинчи кабаттын периштелеринин ибадаттарын көрдүм. Бардыгы өйдө турган абалда бутунун бармактарын карап турушту, башка жерди эч карашпайт. Үн менен таспих айтып турду. Жабраилден (алейхиссалам): «Бул периштелердин ибадаты ушундай кылынабы?» - деп сурадым. «Ооба, Аллаху тааладан тилеңиз, ушундай ибадатты сиздин да үммөтүңүзгө насип кылсын», - деди. Дуба кылдым. Хак таала ихсан кылды.

Кийин алтынчы кабат көккө көтөрүлдүк. Ал жерде Муса (алейхиссалам) менен кездештик. Мени менен саламдашып, кайырлуу дуба кылды. Кийин жетинчикабат көккө көтөрүлдүк, дал ошондой суроо-жооптордон кийин Ибрахимдин (алейхиссалам) Бейти Мамурга аркасын сүйөп отургандыгын көрдүм. Ал Бейти Мамурга күн сайын жетимиш миң периште кирет (кезектери экинчи жолу кайра кайталанып келбейт). Ибрахимге (алейхиссалам) салам бердим. Саламымды кабыл алып: «Сага да салам, эй, салих пайгамбар, эй, салих уул!» - деди. (Кийин) Йа, Мухаммед! Жаннаттын жери өтө керемет, жумшак жана топурагы таза. Үммөтүңө айт, ал жерге көп бак тиксин», - деди.  «Жаннатка кантип бак тигилет?»  -  деп сураганымда:

«Ла хавла ва ла куввата илла биллах» (бир риваят боюнча)

«Субханаллахи валхамдулиллахи ва ла илаха иллаллаху валлаху акбар» таспихин окуу аркылуу», - деди. Жабраил (алейхисслам) кийин мени Сидратул-мунтахага алып барды. Анын жалбырактары пилдин кулактары сыяктуу, жемиштери мунаралар сыяктуу эле. Ал Аллаху тааланын кез келген бир буйругуна кезиксе өзгөрүп, көрктөнгөндүгү ошончолук, Аллаху тааланын жараткан мукулуктарынын эч кайсынысы анын кооздугун айтып жеткизе албайт.

Жабраил (алейхиссалам) Сидратул-мунтаханын аркы жагына өткөрүп, мени менен коштошту. Мен: «Эй, Жабраил! Мени жалгыз таштап кетесиңби?» - дедим. Жабраил (алейхиссалам) сескенип, Хак тааланын айбатынан коркуп, дирилдеп:

«Йа, Мухаммед! Эгер (дагы) бир кадам аттай турган болсом Аллаху тааланын кудурети менен куруймун. Бүткүл денем күйөт, жок болот», - деди.

Расулуллах ушул жерге чейин Жабраил алейхиссалам менен бирге келген эле. Жабраил алейхиссалам ушул жерде өзүнүн жаратылган калыбын, канаттарын ачып, ар канатынан маржандар, жакуттар чачып турганын пайгамбарыбызга көрсөттү. Кийин шооласы күндөн да жарык «Рафраф» деп аталган Бейиштин жашыл килеми келди. Анын тынымсыз Аллаху тааланы зикир кылганынан турган ааламы зикир жаңырыгы менен толчу эле.

Пайгамбарыбызга салам берди. Расулуллах Рафрафтын үстүнө отуруп, бир заматта бийиктерге көтөрүлүп, «Хижаб» деп аталган жетимиш миң пардадан өттү. Ар Хижабдын арасы өтө узак эле. Ар пардада кызматчы периштелер бар эле. Рафраф Пайгамбарыбызды ошол пардалардан ар биринен өткөздү. Ушундайча, күрсү, арш жана рух ааламдарынан ашып өттү.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) ар пардадан өткөн кезде «Коркпо! Йа, Мухаммед! Жакында, жакында» деген буйруктарды укту. Жакындагына ошончолук Кабе-кавсейн макамына жетти. Белгисиз, түшүнө албай турган, түшүндүрө албай турган абалда Аллаху тааланын каалаган бийиктиктерине жетти. Мекенсиз, убакытсыз, багытсыз, сыпатсыз түрдө Аллаху тааланы көрдү. Көзсүз, кулаксыз, куралсыз, мекенсиз Рабби менен сүйлөштү. Эч бир макулук биле албай турган, түшүнө албай турган ниматтарга кол жеткизди.

Имам Раббани хазреттери «Мектубат» аттуу китебинде мындай дейт: «Расулуллах алейхиссалату вассалам Мираж түнү Раббини дүнүйөдө көргөн жок. Акыретте көрдү. Анткени, Расулуллах ал түнү убакыт менен мекен ченеминен чыкты. Эзели жана эбеди (башталышы жана соңу жок) бир мезгилге түштү. Башталыш менен соңду бир чекит сыяктуу көрдү. Ал түнү Жаннатка бара тургандардын миңдеген жылдардан кийин Жаннатка бара жатканын жана Жаннаттагы маалдарын көрдү. Эми ушул даражада көрүү дүнүйөдө көрүү эмес. Акыреттик сыпатта көрдү.»

Пайгамбарыбызга «Раббиңди макта!» деп буюрулганда Ал дароо «Аттахиййату лиллахи вассалавату ваттаййибат» (б.а., бардык тил менен боло турчу мактоолор, дене менен жасала турчу кызматтар менен ибадттар, мал-мүлк менен жасала турчу жакшылыктар менен ихсандар Аллаху таала үчүн болсун) деди. Алгач Аллаху таала хабибине көзсүз, кулаксыз, мекенсиз түрдө: «Ассаламу алейке аййуханнабиййу ва рахматуллахи ва баракатух» (Эй, Расулум! Саламым, берекем менен рахметим сага болсун) деп салам берди. Пайгамбарыбыз: «Ассаламу алейна ва ала ибадиллахиссалихин» (Йа, Раббим! Бизге жана салих кулдарыңа да салам болсун) деп жооп берди. Муну уккан периштелер баары бир ооздон: «Ашхаду ан ла илахе иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Расулух» (Аллахтан башка илах жок экенине көзүм менен көргөндөй билемин жана ишенемин, Мухаммед алейхиссалам Анын кулу жана Расулу) деди.

Пайгамбарыбыз: «Ассаламу алейна...» дегенде Аллаху таала: «Эй, сүйүктүү кулум! Бул жерде экөөбүздөн башка эч ким жок. Эмне үчүн «алейна» (бизге) дедиң?» - деп сурады. Пайгамбарыбыз: «Йа, Илахи! Үммөтүмдүн денелери чынында мени менен бирге эмес. Бирок, рухтары мени менен бирге. Оюм менен жүрөгүм ошолордо. Мага салам бердиң, мени бардык жамандыктардан сактандырдың. Акыр замандын кыйындыгына чалдыккан ошол кедей, дарттуу үммөтүмдү ушундай үлкөн сый менен жакшылыктардан кандайча куру калтырамын? Мындай ниматтан аларды кандайча насипсиз кыламын», - деп жооп берди.

Аллаху таала: «Эй, хабибим! Бул түнү менин коногумсуң. Менден эмне каалайсың?» - деди. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам): «Үммөтүмдү тилеймин» (Йа, Раббим)», - деди.

Риваят боюнча ушундайча Хак таала бул суроону жети жүз жолу кайталады. Расулуллах баарына: «Үммөтүмдү тилеймин» деп жооп берди. Аллаху таала: «Ар дайым үммөтүңдү сурайсың», - дегенде Расулуллах: «Йа, Раббим! Тилеген менмин, бере турчу Сенсиң. Бүткүл үммөтүмдү мага тапшыра көр», - деп тиле-  ди. Хак таала: «Эгер үммөтүңдүн бардыгын ушул түнү сен үчүн кечирип жиберсем менин ырайымдуулугум менен сенин кадырың, улуулугуң билинбей калат. Бир бөлүгүн бүгүн сага багыштадым. Эки бөлүгүн кийинкиге калтырдым. Кыямат күнү сен тилейсиң, мен беремин. Менин ырайымдуулугумгүм менен сенин кадырың билинген болсун», - деп буюрду.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бир хадиси шарифинде мындай дейт: «Ошол түнү (Мираж түнү) Аллаху тааладан бүткүл үммөтүмдүн эсебин мага тапшыруусун сурадым. Хак таала мындай деп буюрду: «Йа, Мухаммед! Мындагы максатың – үммөтүңдүн   каталыктарын эч ким билбесин дейсиң. Менин максатым – сен шапааттуу пайгамбарсың, башкаларга билинбегени сыяктуу сага да айыптары менен жаман иштери билинбесин. Йа, Мухаммед! Сен алардын жол көрсөтүүчүсүсүң. Мен алардын Раббисимин. Сен аламды эми көрдүң. Мен оболдон түбөлүккө (оболдон эзелге) чейин аларды көрдүм жана көрөмүн. Йа, Мухаммед! Эгер сенин үммөтүң менен сүйлөшүүнү каалабаганымда кыямат күнү аларды эсепке тартпас элем. Чоң-кичи эч бир күнөөлөрүн сурабас элем.»

Аллаху таала айтты: «Йа, Мухаммед! Мубарек көзүңдү ач, бутуңдун астын кара.» Карадым, бир ууч топурак көрдүм. Аллаху таала мындай деп айтты: «Бардык болмуш – сенин бутуңдун астындагы топурак. Ошол топуракты досуңдун алдына алып келдиңби? Достун этегине жабышкан чаңды кечирүүдөн, мага сенин үммөтүңдү кечирүү оңойураак.»

Пайгамбарыбыз бир хадиси шарифинде мындай дейт: «Хак тааладан бир нече собол сурадым. Жообун уктум. Ошол соболдорду сураганыма өкүндүм. (Ал суроолордун кээ бирлери мына булар:) «Йа, Раббим! Жабраилге алты жүз миң канат бердиң. Мага ушундай бере турчу жакшылыгың эмне?» Аллаху таала мындай деп буюрду: «Сенин бир кылың мага Жабраилдин алты жүз миң канатынан да жагымдуу. Сенин бир кылыңдын урматына мен миңдеген күнөөлөрдү кыямат күнү азаптан бошотомун. Жабраил канатын ачса чыгыш менен батыштын арасын толтурат. Сен шапаат кылсаң чыгыш менен батыштын арасы күнөөкөрлөргө толо болсо да бардыгын сага багыштаймын.» Мен айттым: «Атам Адамга (алейхиссалам)периштелерди сажда кылдырдың. Ушул сыяктуу мага сыйың эмне?» Хак таала айтты: «Периштелердин Адамга сажда кылуулары сенин нуруңдун анын маңдайында болуусуна байланыштуу эле. Йа, Мухаммед! Сага андан артык нерсе бердим. Ысымыңды ысымыма жакын кылдым жана Арши аланын үстүнө жаздым. Ал кезде Адам жаратыла элек эле, аты менен заты да жок эле. Сенин ысымыңды көктөрдүн эшигине, пардалардын үстүнө, Жаннаттардын эшигине, сарайлар менен бактарга, Жаннаттын бардык жерине жаздым. Жаннатта бетине «Ла илаха иллаллах Мухаммадун расулуллах» деп жазылбаган эч нерсе жок. Бул мартаба Адамга берилген мартабадан жогору».

«Йа, Раббим! Нухка (алейхиссалам) кеме бердиң. Ошол сыяктуу мага эмне бердиң?» Аллаху таала мындай деди: «Сага Буракты бердим, бир түндө жерден Аршка көтөрдүм. Жаннат менен Жаханнамды көрдүң. Үммөтүңө мечиттерди бердим, кыямат күнү кемелерге минген сыяктуу үммөтүң ошол мечиттерге минип Сыраттан көз ачып-жумганча өтүп, Тозоктон кутулат.»

Йа, Раббим! Исраил уулдарына Жаннаттан кудурет халвасы менен бөдөнө этине окшогон куштун этин түшүрдүң.» Аллаху таала мындай деди: «Сага жана үммөтүңө дүнүйө менен акыреттин ниматын ихсан кылдым. Исраил уулдарынын түрлөрүн адамдан аюу, маймыл жана доңуз кейпине айландырдым. Сенин үммөтүңдүн эч бирине андай кылбадым. Ошолордун кылгандарын кылса дагы аларды мындай кылбадым. Йа, Мухаммед! Сага бир сүрө бердим, андай сүрө Тоорат менен Инжилде жок. Ал – Фатиха сүрөсү. Кимде-ким ал сүрөнү окуса денеси Тозокко харам болот. Ал адамдын эне- атасынын азабын жеңилдетемин. Йа, Мухаммед! Мен сенден артык (урматтуу, абыройлуу, үстөм) эч кимди жаратпадым. Сага жана үммөтүңө түндө жана күндүз элүү убакыт намазды фарз кылдым.

Йа, Мухаммед! Кимде-ким менин бир экенимди кабылдаса жана мага шерик кошпосо Жаннат ошол адамдыкы. Мындай үммөтүңө Жаханнамды харам кылдым. Сенин үммөтүң үчүн рахматым (мээримим) ачуумду ашып түштү.

Йа, Мухаммед! Менин алдымда бардык адамдан кадырлуусуң, абыройлуусуң. Кыямат күнү сага ошончолук сыйларды кыламын, бүткүл аалам таң калат. Эй, Хабибим! Сен Жаннатка кирмейинче башка пайгамбарлар менен үммөттөрүнө кирүүгө тыюу салынат. Сенин үммөтүң үчүн эмне даярдаганымды көргүң келеби?» «Көргүм келет, йа, Раббим!» - дедим. Исрафилге карап: «Эй, Исрафил! Ишенимдүү кулум жана элчим болгон Жабраилге айт, Хабибим болгон сүйүктүү кулумду Жаннатка алып барып, Хабибим менен үммөтүнө эмне даярдаганымды көрсөтсүн. Көңүлү жайлансын», - деп буюрду.

Ааламдардын мырзасы болгон сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Исрафил алейхиссалам менен бирге Жабраил алейхиссаламдын жанына келди. Жабраил алейхиссалам аны Жаннатка алып барды. Периштелер колдоруна Жаннат кийими менен нур толо табактарды кармап күтүп турушкан эле. Жабраил алейхиссалам: «Йа, Расулаллах! Бул периштелер Адам алейхиссаламдан сексен миң жыл мурда жаратылган. Бул периштелер табактагы нурду сага жана үммөтүңө чачуу үчүн чыдамсыздык менен күтүп келишет. Кыямат күнү Аллахтын буйругумененүммөтүңдү ээрчитип келгениңдетабактагы гаухарды үстүңөргө чачышат», - деди. Аларды Жаннатта кызмат кылган Рыдван деге периште күтүп алат. Расулуллахка сүйүнчүлөрдү айтып: «Хак таала эки бөлүгүн сиздин үммөтүңүзгө, бирөөсүн башка үммөттөргө берүү үчүн Бейишти үчкө бөлдү», - деди жана Бейиштин бардык жагын аралатты.

Пайгамбарыз мындай деди: «Бейиштин ортосунда бир өзөн көрдүм. Арштын жогору жагынан өткөн бул өзөндөн суу, сүт, хамр (Жаннат шарабы) жана бал бири-бири менен аралашпай агат. Ал өзөндүн жээги хризолиттен жасалган. Ичиндеги таштар асыл, баткагы жыпар жыттуу, чөптөрү гүлдөрдөн эле. Айланасына күмүш идиштер коюлган, саны көктөгү жылдыздардан да көп эле. Тегерегинде куштар жүрдү, моюндары төөнүн мойнундай эле. Ким ошол куштардын этин жеп, ошол өзөндүн суусун ичсе Хак тааланын ыраазылыгын алат.  Жабраилден: «Бул кандай өзөн?»  -  деп сураганымда: «Кавсар. Хак таала аны сизге берди. Сегиз Жаннатта болгон бакчаларга суу ушул Кавсардан агат», - деди. Ал өзөндүн жээгинен чатырларды көрдүм. Бардыгы маржандар менен жакуттардан жасалган эле. Жабраилден сураганымда: «Сиздин аялдарыңыздын орду», - деди. Ал чатырларда хурилерди (Жаннат кыздарын) көрдүм. Жүздөрү күндөй жаркыраган, бардыгы кошулуп басаң добуш менен өлөң айтып отурду. Алар: «Биз кубанычтуубуз. Бизге эч кандай кайгы келбейт. Биз жасанып алганбыз, эч качан көрксүз болбойбуз. Биз жаштарбыз, эч качан картайбайбыз. Биз көркөм мүнөздүүбүз, эч ачууланбайбыз. Биз ар дайым ушундайбыз, эч качан өлбөйбүз», - дешет. Бакыт сарайлары менен талдарына чейин жетип, алардын добуштары бардык жерге таралат. Асемдиги ушунчалык, ал үн эгер дүнүйөгө келсе дүнүйөдө эч кандай өлүм менен кыйынчылык болмок эмес. Жабраил: «Булардын жүздөрүн көргүңүз келеби?» - деп сурады. «Ооба», - дедим. Бир чатырдын эшигин ачты. Карадым. Ошондой сулуу келбеттерди көрдүм, алардын сулуулугун өмүр бою айтып өтсөм да бүтүрө албаймын. Жүздөрү сүттөн ак, беттери жакуттан кызыл жана күндөн да нурдуу эле. Терилери жибектен жумшак, айдай жаркыраган, жыпар жыттуу эле. Чачтары кара, биразыныкы өрүлгөн, кээ бириники жыйналган, кээ бириники бошотулган, отурса чачтары төгүлөт, турса буттарына чейин жетет. Ар биринин алдында бир кызматчы бар эле. Жабраил: «Булар сиздин үммөтүңүз үчүн», - деди.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам): «Сегиз Жаннаттын бакчасын жана ар түрдүү ниматтарын көрдүм. Жаханнам менен анын кабаттарын да көрсөм деп ойлодум. Жабраил (алейхисслам) колуман кармап, Тозоктун эң чоң периштеси Маликке алып барды. «Эй, Малик! Мухаммед (алейхиссалам) душмандардын Жаханнамдагы ордун көргүсү келет (Ага Жаханнамды көрсөт)», - деди. Малик Жаханнамдын кабаттарын ачты. Жети кабаттын бардыгын көрдүм. Жетинчи кабат «Хавиа» деп аталат. Анын азабы башка кабаттардан канчалаган эсе оор болот. Маликтен: «Бул кабатта кайсы тайпа азап тартат», - деп сурадым. Малик: «Фараон, Карун жана сенин үммөтүңдүн мунафыктары азап тартат», - деди. Алтынчы кабат «Лази» деп аталат. Ал жерде мушриктер (эч дини болбогондор) азап тартат. Бешинчи кабат «Хутама» деп аталат. Ал жерде отко, уйга сыйынгандар, буддисттер азап тартат. Төртүнчү кабат «Жахим» деп аталат. Ал жерде күнгө, жылдыздарга табынгандар азап тартат. Үчүнчү кабат «Сакар» деп аталат. Ал жерде христиандар азап тартат. Экинчи кабат «Саир» деп аталат, анда яхудилер азапка тартылат. Биринчи кабат «Жаханнам» деп аталат, анын азабы башкалардан жеңил. (Ошого карабастан) ал жерде оттон жасалган жетимиш миң дарыя бар. Дарыялардын чоңдугу ошончолук, жер менен көктү ошол дарыяга таштап, бир периштеге табуу буйрук кылынса миң жыл издесе дагы таба алмак эмес. Зебанилер (Жаханнамда кызмат аткарган периштелер) өтө чоң болушат. Эгер алардын бири жер менен көктү оозунун бир ууртуна салса да билинмек эмес. Ал дарыялар толкундап, коркунучтуу добуштарды чыгармак. Эгер ал добуштан дүнүйөгө кичине гана добуш жеткенде бардык макулуктар жок болмок. «Бул кабат кайсы тайпа үчүн?» - деп сурадым. Малик жооп бербеди. Кайта сурадым. Ал үнсүз калды...

Жабраил Маликке: «Сенден жооп күтүп турат», - деди. Ал: «Мени кечириңиз», - деп өтүндү. Мен: «Эмне болсо да айт, эгер бүгүн билүүбүз мүмкүн болсо балким алдын алып үлгүрөрбүз», - дедим. Малик: «Йа, Расулаллах! Сиздин үммөтүңүздүн күнөөкөрлөрүнө арналган, аларга мындай коркунучтуу жерден өздөрүн коргосун деп насыят кылыңыз. Денелерин ушундай азапка тарта турган нерселерден алыс кылсын. Ал күнү мен күнөөкөрлөргө мээримдүүлүк кылбаймын. Ак сакалдуу карыларына да, жаштарына дагы шапаат кылбаймын», - деди.»

Расулуллах ыйлай баштады. Мубарек башынан селдесин чечип, шапаат сурап, Аллаху таалага жалбара баштады. Үммөтүнүн алсыздыгын жана алардын мындай азапка чыдай албай турганды- гын айтып ушунчалык көп ыйлады, Жабраил алейхиссалам менен башка периштелер дагы кошулуп ыйлай башташты. Ошол кезде Аллаху тааладан добуш келди: «Эй, Хабибим! Сенин урматың менен кадырың менин даргахымда өтө жогору, дубаң кабыл болду. Көңүлүң ырахат болсун. Сени максатыңа жеткиздим. Сага көптөгөн күнөөкөрлөрдү шапаатым менен сен «жетет» дегенге чейин кечире турган макам (даража)беремин. Эй, Хабибим! Кимде-ким бул буйругумду орундаса азап менен жазадан кутулат, ырайымдуулугума ээ болот. Жаннатта мени көрүү урматына ээ болот. Сага жана үммөтүңө күндүз жана түндө элүү убакыт намаз фарз кылдым.»

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) сөзүн улантып мындай деди: «Ал макамдан (кийин) Аршка жеттим. Самаваттан (асмандардан) өтүп, Муса (алейхиссаламдын) макамына бардым. Мага: «Хак таала сага жана үммөтүңө эмнени фарз кылды», - деди. Мен: «Күндө күнү-түнү элүү убакыт намазды фарз кылды», - дедим. «Раббиңе кайтып барып, бираз жеңилдетүүсүн сура. Анткени, үммөтүң муну көтөрө албайт. Мен Исраил уулдарын сынап көрдүм», - деди. Ушундан кийин Раббиме кайрылып: «Йа, Раббим! Үммөтүмө (бул буйрукту) бираз жеңилдете көр», - дедим. Ушундан кийин элүү убакыттан жалгыз беш убакытын кыскартты. Ал: «Раббиңе кайтып барып, бираз жеңилдетүүсүн сура. Анткени, үммөтүң муну да орундай албайт», - деди. Ушундайча Муса (алейхиссалам) менен Аллаху таала арасында бир нече ирет барып келдим.  Акырында Аллаху таала: «Бул намазды беш убакытка түшүрдүм. Ар намаз үчүн он сооп жазылат. Орундса бир ишке он сооп жазылат. Бирок, бир күнөө ишти ойлоп, кылбаса эч нерсе жазылбайт. Кылса бир күнөө болуп жазылат», - деп буюрду. Кийин Муса (алейхиссаламга) барып жагдайды айттым. Муса алейхиссалам дагы да: «Барып дагы жеңилдетүүсүн сура», - деди. Мен ага: «Раббимден көп нерсе сурагандыктан эми уяламын», - дедим.»

Аллаху таала ушундайча Расулуллахтын тарткан кыйынчылыктары менен жараланган жүрөгүн жубатты. Эч бир макулугуна бербеген, эч кимдин түшүнө кирбеген, биле албай турган ниматтарды ага ихсан кылды.

Пайгамбарыбыз бир заматта Кудуска, ал жерден Мекке-и Мукаррамага Үммү Ханинин үйүнө келди. Жаткан жери али суубаган, чылапчындагы даарат алган суу али термелип турган эле. Сыртта жүргөн Үммү Хани уктап калган эле, ошондуктан эч нерсе сезбеди. Пайгамбарыбыз Кудустан Меккеге келе жатканда Курайш кербенин көрдү. Кербендеги бир төө үркүп, кулаган болот. Таң атканда Каабага барып, Миражын айта баштады.

Капырлар «Мухаммед акылынан адашыптыр» деп мазакташты. Мусулман болууну ойлоп жүргөндөр да эки ойлуу болуп калышты.

Мушриктердин кээ бири кубанып, Абу Бакрдын үйүнө барды. Анткени, анын акылдуу, тажрыйбалуу соодагер экендигин жакшы билчү. Эшикти ачып сыртка чыккан Хазрети Абу Бакрдан: «Эй, Абу Бакр! Сен Кудуска барып келүүгө канча убакыт кетет?» -  деп сурады. Хазрети Абу Бакр: «Жакшы билемин, бир айдан көп убакыт кетет», - деп жооп берди.

Бул сөзгө кубанган капырлар: «Акылдуу, тажрыйбалуу адамдын сөзү ушундай болот», - деди. Күлүп, мазак кылып: «Сенин мырзаң Кудуска бир түндө барып келдим дейт, акылынан абдан алжыды», - деди. Эми Хазрети Абу Бакр да өздөрүн колдойт деген ой менен ага сүйүү урмат көрсөтүштү.

Хазрети Абу Бакр Расулуллахтын мубарек ысымын уккан кезде:

«Эгер ал айтса чын! Бир заматта барып келгендигине мен да ишендим», - деп ичке кирип кетти. Капырлар: «Эй, Мухаммед, эмне деген сыйкырчы элең, Абу Бакрды дагы сыйкырлап таштаптыр», - деп артка кайтышты.

Хазрети Абу Бакр дароо Расулуллахтын жанына барды. Көпчүлүктүн арасынан бийик үн менен: «Йа, Расулаллах! Миражыңыз куттуу болсун! Бизге сиз сыяктуу улуу пайгамбарга кызматчы кылуу менен абырой берген жана мубарек жүзүңүздү көрүү менен көңүлдөрдү алган, рухтарды тарткан мубарек сөздөрүңүздү угуу менен ниматтандырганы үчүн Аллаху таалага чексиз шүгүр кыламын. Йа, Расулаллах! Сиздин сөздөрүңүздүн баары чын! Ишендим. Жаным сизге курман болсун!» - деди. Хазрети Абу Бакрдын сөзү капырларды таң калтырды. Айтаарга сөз табалбай таркап кетишти. Хазрети Абу Бакрдын бул сөздөрү күмөндөнүп жүргөн, ыйманы алсыз көп адамдын жүрөгүнө кубат берди. Расулуллах ошол күнү Хазрети Абу Бакрды «Сыддык» деп атады. Ушул атты алуу менен анын даражасы дагы да көтөрүлдү.

Бул жагдайга катуу ачууланган капырлар момундардын кубаттуу ыйманына, Пайгамбарыбыздын   бардык  сөзүнө дароо ишенгендиктерине, анын айланасында колдоп-коргоп жүргөндүктөрүнө чыдай алышпады. Алар Пайгамбарыбызды уялтып, жеңебиз деген ой менен башташты: «Йа, Мухаммед! Кудуска бардым дейсиң. Айтчы кана, мечиттин канча эшиги, канча терезеси бар?» деген сыяктуу суроолорду беришти. Расулуллах алардын ар суроосуна бир-бирден жооп берди. Пайгамбарыбыз жооп берип жатканда Хазрети Абу Бакр «Дал ошондой, йа, Расулаллах» деп ырастап жатты. Бирок, Расулуллах алейхиссалам өзүнүн адептүүлүгүнөн, уяттуулугунан алдындагы адамдын бетине дагы карачу эмес. Ал мындай деди: «Акса мечитинде айланама караган жок элем. Алардын сураган нерселерин көргөн эмес элем. Ошол маалда Жабраил (алейхиссалам) Акса мечитин көз алдыма алып келди. (телеберүү сыяктуу) Терезелерин көрүп, санап, суроолоруна жооп берип жаттым.» Пайгамбарыбыз жолдо төөлүү жолоочуларды көргөнүн айтып: «Иншаллах, Шаршемби күнү келет», - деди. Шаршенби күнү күн батарда кербен Меккеге жетти. Кербендегилерден сураганда алар добул соккондой болгонун, бир төөнүн жыгылганын айтты. Бул жагдай мусулмандардын ыймандарын кубаттандырды. Капырлардын душмандыктары арта түштү.

Хижраттан бир жыл мурда, Ражаб айынын 27-си Жума күнүнүн түнү болгон бул мужиза «Мираж» деп аталат. Расулуллах Миражга рух жана денеси менен ойгоо абалда чыкты. Мираж түнү ага көртөгөн илахий акыйкаттар көрсөтүлдү жана беш убак намаз ушул түнү фарз кылынды. Мындай башка Бакара сүрөсүнүн соңку эки аяты ихсан кылынды. Мираж Курани каримде «Исра» жана «Нажм» сүрөсүндө жана кээ бир хадиси шарифтерде билдирилген.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Мираждан кийин сахабаларына Жаннат тууралуу айтып отуруп, мындай деди: «Йа, Абу Бакр! Сенин кооз сарайыңды көрдүм. Кызыл алтындан жасалган эле. Сен үчүн даярдалган ниматтарга күбө болдум.» Абу Бакр (радыйаллаху анх): «Ошол сарай менен анын ээси сизге курман болсун, Йа, Расулаллах», - деди. Пайгамбарыбыз Хазрети Омарга бурулуп: «Йа, Омар! Сенин кооз сарайыңды көрдүм. Жакуттан жасалган эле. Анда көп хурилер (Жаннат кыздары) бар эле. Бирок, ичине кирбедим. Сенин кызганычыңды ойлодум», - деди. Хазрети Омар абдан ыйлады. Көз жашы менен: «Ата-энем, жаным сизге курман болсун, Йа, Расулаллах, сизден кызганууга болобу?» - деди. Кийин Хазрети Османга мындай деди: «Йа, Осман! Сени бардык көктөн көрдүм. Жаннатта кооз сарайыңды көрүп, сени ойлодум.» Хазрети Алиге мындай деди:

«Йа, Али! Сенин бейнеңди төртүнчү кабат көктөн көрдүм. Жабраилден сураганымда ал: «Йа, Расулаллах! Периштелер Хазрети Алини көрүүгө ынтызар болду. Хак таала анын сүрөтүндө бир периште жаратты. Ал периште төртүнчү көктө турат, өзгө периштелер ага келип берекеттенишет», - деди. Кийин сенин сарайыңды көрдүм. Бир талдын жемишин искедим. Андан бир хури чыкты, бетин парда менен жапты.

«Сен кимсиң жана кимдикисиң?» - дедим. «Агаңдын уулу Али үчүн жаратылдым, Йа, Расулаллах», -деди.»

Мираж түнүнүн эртеси Жабраил алейхиссалам келип Расулуллахка беш убак намазды убакыттары менен өзү имам болуп окутту. Хадиси шарифте мындай делинген: «Жабраил (алейхиссалам) Кааба эшигинин жанында эки күн мага имам болду. Экөөбүз (фажр) таң атканда багымдат намазын, күн төбөдөн оогондо бешим намазын, бардык нерсенин көлөкөсү өз бою менен бирдей болгондо асырды, күн батарда (күндүн үстүнкү бөлүгү көзгө көрүнбөй калганда) шамды жана караңгы түшкөндө куптанды окудук. Экинчи күнү багымдат намазын сырт жарык болгондо, бешимди бардык нерсенин көлөкөсү өз боюнан эки эсе узарганда, асырды мунун артынан, шамды орозо бузулганда (ооз ачар маалда), куптанды түндүн үчтөн бири болгондо окудук. Кийин: «Йа, Мухаммед! Сенин жана өткөн пайгамбарлардын намаз убакыттары – ушу. Үммөтүң беш убакыт намаздын ар бирин ушул окуган эки убакыттын арасында окусун», - деди.»

Намаз убакыттары ушундайча билдирилгенден кийин Хабашстанга да кабар жиберилип, беш убак намаз окуулары жана намаз фарз кылынган кезден баштап ушуга чейинки окулбаган намаздарды да каза кылып окуулары билдирилди.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш