Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Биринчи Акаба анты жана Мединадан чыккан күн




Биринчи Акаба анты жана Мединадан чыккан күн


Мусулман болгон алты киши Мединага, өз коомдорунун жанына баргандан кийин Ислам менен пайгамбар тууралуу айтып, какты Ислам динине кирүүгө чакыра башташты. Бул ишке алар ушунчалык күч жумшап киришкендиктен Мединада Пайгамбарыбыз менен Ислам тууралуу айтылбаган бир дагы үй калбады. Ушундайча, Ислам Хазраж тайпасынын арасында таралгандай эле Авс тайпасынан да кээ бир адамдар мусулмандыкты кабыл кылышты.

Акабадагы ушул жолугушуудан кийин келерки жылы Асад бин Зурара менен анын Исламды кабылдаган он эки досу Ажылык маалында Меккеге барышты. Ал жылы мушриктер өткөн жылдардагыдан бетер мусулмандарга кысым жасап, жапа чектирип жа- тышкан эле. Пайгамбардын ар бир кадамын акмалап, аны менен сүйлөшкөн, саламдашкан адамдарды шектүү адам катары эсептешип, мусулман болгонуна  адаттагыдай  күч   колдонушту.   Муну уккан Мединалыктар Пайгамбарыбыз менен түндө Акабада кездешүүгө чечим чыгарышат. Алар түнү кезигишет. Пайгамба- рыбызга баш ийгендиктерин билдиришип, бардык буйруктарын орундай тургандыктары тууралуу биат (ант) кылышты. Бул антташуу менен Аллаху таалага шерик кошпоого, зинакорлуктан, уу- рулуктан, жалаа жабуудан сактанууга, айыпталуудан коркуп жана ырыскы жетпейт деп балдарын өлтүрбөй тургандыктарына мил- деттеништи. Экөө Авс тайпасынын, калгандары Хазраж тайпасы- нын адамдары болгон ушул он эки адамдын башчысы Асад бин Зурара (радыйаллаху анх) эле. Пайгамбарыбыз ушул он эки адамды өз тайпаларына элчи кылды. Алар тайпаларына Исламды түшүндүрүп, алардын атынан Расулуллахка кепил боло турган болушат. Асад бин Зурара (радыйаллаху анх) баарынын атынан өкүл болуп шайланды. Алгачкы Акаба келишимине катышкандар: Малик бин Нажжар уулдарынан Асад бин Зурара, Авф бин Харис, Муаз бин Харис, Зурайк бин Амир уулдарынан Рафи бин Малик, Зекван бин Абдикайс, Ганм бин Авф уулдарынан Убаде бин Самит, Гусайна уулдарынан Йезид бин Салебе, Ажлан бин Зейд уулдарынан Аббас бин Убаде, Харам бин Кааб уулдарынан Укбе бин Амир, Савад бин Ганм уулдарынан Кутбе бин Амир, Абдулэшхел бин Жушем уулдарынан Абул Хайсам Малик бин Таййихан жана Амр бин Авф уулдарынан Увайм бин Саида эле.

Ушул келишимден кийин Мединага кайткан Хазрети Асад менен анын жолдоштору тайпаларына күнү-түнү Исламды түшүндүрүп, аларды хак динге чакырды. Ушул дааваттарынын натыйжасында Ислам Мединада ушунчалык ылдам тарала баштагандыктан мурда бири-бирине кас душман болгон Авс жана Хазраж тайпалары биригип, Исламды терең түшүнүү үчүн Расулуллахтан бир (үйрөтүүчү) мугалим сурашты. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) Курани карим менен Исламды үйрөтүү үчүн Меккедеги сахабаларынан Хазрети Мусаб бин Умейрди Мединага жиберди. Хазрети Мусаб (радыйаллаху анх) Хазрети Асад бин Зураранын үйүндө турду. Аны менен бирге үй-үй кыдырып, бардык адамды Исламга чакырды. Расулуллахка деген сүйүүнү жана Аны бардык душмандардан коргоого болгон күчтөрүн жумшоого сөз берүүлөрүн суранды. Аларды Расулуллахка ант берүү ишине дайындады.

Асад бин Зураранын тайпасынын башчысы Саад бин Муаз эле, ал экөө тууган болчу. Ал кезде араптардын арасында тууганга каршы келбөө адат болгондуктанали ыйман келтирбеген Саад бин Муаз Асад бин Зураранын үйүнө барып, бул ишке тоскоол болууга тырышкан жок. Бир тайпанын башчысы катары бул ишти тикелей өзү чечүүгө киришкиси келбеди. Ошондуктан, тайпасынын алдыңкы катарларынын бири болгон Усейд бин Худайрга: «Меккеден келген адамдарды көрүп кел, ага эмне кылсаң кыл. Асад менин бөлөм болбогондо бул ишти сага тапшырбас элем», - деди. Артынан Усейд бин Худайр найзасын алып, Мусаб бин Умейр жатчу үйгө барды. Ал жерге барып үн чыгарып: «Бизге эмне үчүн келдиң? Адамдарды алдап жүрөсүң. Өлгүң келбесе бул жерден тез арада кайт», - деди. Анын бул ачуулуу түрүн көргөн Мусаб бин Умейр (радыйаллаху анх) ага: «Бираз отур, сөзүбүздү тыңда. Максатыбызды түшүн, жактырсаң кабылдарсың. Жакпаса тоскоол кыларсың...», - деп жылуу сөздөрдү айтты. Усейддин ачуусу басылып: «Туура айтасың», - деди дагы найзасын коюп отурду. Ал Хазрети Мусабдын жылуу сөздөрү менен адамдын жүрөгүнө таасир кыла турчу жагымдуу үн менен окуган Курани каримдин аяттарын тыңдады. «Бул кандай керемет нерсе!» дегенин өзү да сезбей калды. Кийин: «Бул динге кирүү үчүн эмне кылуу керек?» - деп сурады. Ага эмне кылуу керек экендиги түшүндүрүлдү. Усейд бин Худайр (радыйаллаху анх) шахадат келимесин  айтып, мусулман болду. Кубанып, бир орунда тура албаган Усейд: «Мен барып силерге бирөөнү жиберейин. Эгер ал мусулман болсо Мединада анын тайпасынан ыйман келтирбеген эч ким калбайт...», - деп дароо ордунан туруп кетти. Усейд түз Саад бин Муазга барат. Элчисинин түрүн көргөн Саад иштин чоо жайын такып сурайт: - Эмне, тапшырманы орундай алдыңбы? Ыймандын даамын таткан Усейд Саад бин Муаздын да мусулман болушун, албетте, каалаган. Аны Мусабдын алдына алып барыш үчүн амалкөйлүк кылып: "Сен айткан адамга бардым. Сүйлөшүп, эч кандай жаман ою жок экенин билдим. Бирок, Хариса уулдары бөлөң Асаддын мындай адамды үйүнө тургузуп жатканына күмөндөнүп, аны өлтүрүүгө бел байлагандыктарын уктук», - деди. Бул сөз Саад бин Муазга катуу тийди. Анткени, бул эки уруу арасында кагылыш болуп, анда Хариса уруусу жеңилип Хайбарга барып жашырынууга мажбур болгон. Бир жылдан кийин гана ортомчулар аркасында эки тарап келишип, журтуна кайта алышкан. Буга карабастан алардын кай- радан кыла турчу бул иштери Саад бин Музды өтө ачууландырды. Бирок, чындыгында мындай эч нерсе болгон жок эле. Усейд бин Худайр ушундай айла-амалды колдонуп туруп Саад бин Муаздын таежесине жана уулу Асад бин Зурарага, андан кийин Мусаб бин Умейрге зыян берүүсүнө тоскоол болмокчу болгон.

Саад бин Муаз Усейд бин Худайрдын (радыйаллаху анх) ушул сөздөрүөн кийин ордунан учуп туруп, Хазрети Асад бин Зурарага барды. Ал жерге барган кезинде Асад менен Мусаб бин Умейрдин (радыйаллаху анхум) тынчтыкта сухбатташып отурганын көрдү. Жандарына барып: «Эй, Асад! Эгер ортобузда тууганчылыгыбыз болбогондо менден уруксатсыз мындай иштерди өз алдыңча кыла алмак эмессиң!» - деди. Бул сөздөргө Хазрети Мусаб бин Умайр жооп берип: "Эй, Саад! Бираз токтон, отуруп, сөзгө кулак бер. Сөзүбүз жакса алаарсың, жакпаса биз сага таңуулабайбыз. Туруп кете бересиң”, - деди. Саад бин Муаз мындай жумшак, жылуу сөздөрдөн кийин эпкини басылып, отуруп уга баштады.

Мусаб бин Умейр хазреттери Саад бин Муазга алгач Исламды түшүндүрдү. Исламдын негиздерин айтты. Кийин жылуу, асемдүү үнү менен Курани карим окуду. Окуган сайын Саад бин Муаздын абалы өзгөрө берди. Курани каримдин теңдешсиз сөз чеберчили- гинен жүрөгү элжиреп, чоң таасир ичинде калды. Өзүн кармана албай: «Силер бул динге кирүү үчүн эмне кылдыңар?» - деп сурады. Мусаб бин Умейр (радыйаллаху анх) дароо шахадат келимесин үйрөттү. Саад бин Муаз: «Ашхаду ан ла илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Расулух», - деп мусулман болду. Ал мусулман болуу аркылуу алган бакыты менен кубанычынан бир орунда тура албады. Дароо үйүнө барып, үйрөнгөнү боюнча гусул алды. Кийин тайпасына жыйналууга буйрук берди. Усейд бин Худайрды ээрчитип, калкынын жыйналган жерине барды. Абдулэшхел уулдарына карап: «Эй, Абдулэшхел уулдары! Силер мени ким деп билесиңер?» - деп сурады. Алар бир ооздон: «Сен биздин башчыбызсың, улуубузсуң, биз сага багынабыз», - деп жооп берди. Саад бин Муаз ушул сөздөн кийин: «Андай болсо баарыңа айтам. Мен мусулман болуу кадырына ээ болдум. Силердин дагы Аллаху таалага жана анын элчисине ыйман келтирүүлөрүңөрдү каалаймын. Эгер ыйман келтирбесеңер силердин эч кайсыңар менен сүйлөшпөймүн дагы, көрүшпөймүн дагы...», - деди.

Абдулэшхел уулдары башчылары Саад бин Муаздын мусулман болгонун жана өздөрүн Исламга чакырганын угар замат баары мусулмандыкты кабылдашты. Ошол күнү алар кечке чейин Мединанын асманын шахадат келимеси менен, такбир менен жаңыртты. Ушул окуядан бираз убакыттан соң бүткүл Медина калкы авс жана хазраж тайпалары Исламды кабылдашты. Ар бир үйгө Исламдын нуру төгүлдү. Саад бин Муаз менен Усейд бин Худайр (радыйаллаху анхум) тайпаларынын бардык буттарын талкалашты. Бул кабар Сүйүктүү Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи ва саллам) жеткенде ал катуу кубанды. Меккелик мусулмандар кубанычта эле. Ушул себептен ал жыл (м.621) «сенетус-сурур» (кубанычтуу жыл) деп аталды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш