Экинчи Акаба анты


Расулуллах алейхиссаламдын пайгамбарлык милдетин арткарганына 13 жыл болгон эле. Меккелик мушриктердин мусулмандарга жасаган зулумдугу чектен чыгып, чыдагыс абалга келген эле. Мединада болсо Асад бин Зурара менен Мусаб бин Умейрдин (радыйаллаху анхума) кызматтарынын аркасында авс жана хазраж тайпалары мусулмандарга кучак жайып, аларды боорлоруна басып бардык жардамын көрсөтө тургандай сүйүү менен ынтаада эле. Пайгамбарыбыздын дагы тезирээк Мединага көчүүсүн сурап, ал үчүн мал-жандарын курман кыла тургандыктарына сөз беришүүдө эле. Ажылык мезгили келген эле. Мусаб бин Умейр менен бирге Мединалык 73 эркек жана 2 аял мусулмандар Меккеге келишти. Ажылыктан кийин бардыгы дагы да Акабада Пайгамбарыбыз менен кездешишти. Асад бин Зурара менен анын 12 өкүлү тайпаларынын атынан Пайгамбарыбыздын Мединага көчүүсүн сунуштады. Расулуллах аларга Курани карим менен бираз аяттарды окугандан кийин өз жандарын, өз бала-чакаларын кандай коргосо аны да ошодой коргой тургандыктары тууралуу алардан убада талап кылды.

Али мусулман боло элек агасы Аббас дагы ошол жерде болчу. Ал топко карап: «Эй, мединалыктар! Бул – бир тууганымдын уулу. Адамдардын ичиндеги эң жакшы көргөнүм да ошол. Эгер аны тастыктап, Аллахтан алып келгендерине ишенип, өзүңөр менен бирге алып кеткиңер келсе мени канааттардыра тургудай сөз берүүңөр керек. Мухаммед алейхиссалам биздин адамыбыз. Биз аны ага ишенбеген адамдардар коргодук. Ал биздин арабызда адамгерчилик жана абырою менен колдоо көрүп келди. Ал ушулардын баарына карабастан силерге кошулуп кетүүгө чечим чыгарды. Эгер бардык арап тайпалары биригип силерге чабуул жасаганда аларга каршы тура ала тургудай күчкө ээ болсоңор гана бул ишке киришкиле. Бул тууралуу өз араңарда жакшылап келишип алгыла, кийин бири-бириңерден бөлүнүп кетип жүрбөгүлө. Берген сөздөрүңөргө туруп, аны душмандарыңардан коргой аласыңарбы? Коргой алсаңар жакшы. Жок, Меккеден чыккандан кийин аны жалгыз калтыра турган болсоңор анда азыртан баш тарткыла, ал өз элине абырою менен корголгон абалда өмүр сүрсүн», - деди.

Хазрети Аббастын бул сөзүнө мединалык мусулмандар таарынышты. Анын сөздөрү мединалыктарга Расулуллахты (саллаллаху алейхи ва саллам) элине алып барып, мушриктерден коргой албай тургандай, кыйналган кезде аны таштап кете тургандай болуп тийди. Мединалык сахаба Асад бин Зурара Пайгамбарыбызды карап:

«Йа, Расулаллах! Уруксат берсеңиз бир ооз сөзүм бар», - деди. Пайгамбарыбыз уруксат бергенден кийин хазрети Асад (радыйаллаху анх): «Ата-энем сизге курман болсун, йа, Расулаллах! Ар дааваттын жумшак жана катуу адиси бар. Азыр сиз бизди адамдардын кабылдоолору кыйын болгон нерсеге чакырып жатасыз. Анткени, адамдардын мурунтан сыйынып келе жаткан буттарын таштап, Исламды кабылдоолору өтө кыйын нерсе. Ушуга карабастан биз Исламды чын көңүлүбүз менен кабылдадык. Жана да мушрик туугандарыбыз менен байланышты үзүүнү буюрдуңуз, чын ниет менен аны да кабылдадык. Муну кабылдоонун да кыйын экенин билесиз. Жада калса, агаларыңыз сиз менен байланышты токтоткондо биз кучак жайып, сизди коргоо сыяктуу мартабалуу милдетти өз мойнубузга милдет деп билдик. Баарыбыз берген сөзүбүзгө келиштик. Оозубуз менен эмнени айткан болсок жүрөгүбүз менен дагы ошол нерсени тастыктоодобуз. Өз бала-чакабызды кандай коргосок сизди дагы кашык каныбыз калганча коргоого ант беребиз. Эгер бул антыбызды бузсак Аллаху таалага берген сөзүбүздө турбай шакилер (тозоктуктар) тобуна кирген бололу. Йа, Расулаллах! Биз ушул сөзүбүзгө бекембиз, сөзүбүздө турабыз. Аллаху таала ишибизди оңдосун», - деди. Ошондон кийин «Йа, Расулаллах! Бизден өзүңүз үчүн эмне каалай тургандыгыңызды айтып, шарт коё аласыз», - деп улантты. Пайгамбарыбыз аларды Исламга чакырды. Курани карим окуду. «Силерге Раббим үчүн коёр шартым Аллаху таалага ибадат кылууңар жана эч нерсени ага шерик кылып кошпооңор, өзүм жана сахабаларым үчүн коё турчу шартым бизди коргооңор, мага жана сахабаларыма көмөкчү болууңар, өзүңөр коргонгон нерседен бизди да коргооңор», - деди.

Бара бин Марур: «Сизди хак дин жана китеп менен пайгамбар кылып жиберген Аллаху таалага ант кыламын, бала-бакырабыздыкоргогондой сизди дагы коргойбуз. Биз менен шартташыңыз, йа, Расулаллах!» - деди.

Мединалык мусулмандардан Аббас бин Убада (радыйаллаху анх) Пайгамбарыбыз менен кылынган келишимди чыңдоо үчүн жолдошторуна: "Эй, Хазраждыктар! Мухаммед алейхиссаламды эмне үчүн кабылдагандыгыңарды билесиңерби?» - деди. Алар:

«Ооба», - деп жооп беришти. «Силер аны тынч кезде да, согуш кезинде да кабылдап, ага баш ийесиңер. Эгер мал-мүлкүңөргө бир зыян келип, тууганыңар кырылса, Пайгамбарыбызды таштай турган болсоңор азыртадан айткыла.   Эгер мындай кыла турган болсоңор дүнүйөдө жана акыретте куруйсуңар. Эгер малыңар кетип, тууганыңар өлтүрүлсө да ага баш ийе турган болсоңор дүнүйөңөр менен акыретиңер үчүн кайырлуу», - дегенде жолдоштору:

«Биз Пайгамбарыбыздан малыбызга зыян келсе да, тууганыбыз өлтүрүлсө дагы баш тартпайбыз. Андан эч качан айрылбайбыз. Өлүм бар, бирок, сөздөн тайуу жок», - дешти. Ошону менен бирге алардын арасынан: "Йа, Расулаллах! Ушул убадабызды аягына чыгара турган болсок, бизге эмне берилет?» - деп сурагандарга Хазрети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Аллаху тааланын ыраазылыгы менен Бейиш бар» - деди. Алардын бардыгы тайпасынын өкүлү иретинде убада беришти. Алгач Хазрети Асад бин Зурара: «Аллаху тааланын жана Расулунун чакыруусун кабылдадык, тыңдадык жана моюн сундук» деп ыраазылыктарын, баш ийгендиктерин билдирди. Ушундайча Расулуллах үчүн мал-жандарын курман кыла тургандыктарын билдиришти. Аялдар менен ант бир гана сөз менен кылынган эле.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Аллаху таалага эч нерсени шерик кылып кошпоо, уурулук, жалаа жана зинакорлук кылбоо, балдарын өлтүрбөө, жалган айтпоо, жакшы иштерге каршы чыкпоо маселелеринде алардын убадаларын алды.

Мединалыктар Пайгамбарыбызга ант берген убакта Акаба чокусунан «Эй, Медина тургундары! Пайгамбар менен мединалык мусулмандар силер менен согушуу үчүн келишишти» деген добуш келди. Пайгамбарыбыз: «Бул Акабанын шайтаны», - деп: «Эй, Аллаху тааланын душманы! Сени жеңермин», - деди. Ант берген мединалыктарга: «Силер коно турчу жериңерге баргыла», - деди. Аббас бин Убада: «Йа, Расулаллах! Ант кыламын, кааласаңыз эртең Минадагы капырларга чабуул жасап, аларды кырып салабыз», -  деди. Пайгамбарыбыз ыраазылык билдирди, бирок: «Бизге мындай аракет жасоого али буйрук келген жок. Азыр орундарыңарга кайткыла», - деди.

Имам Насаинин Абдуллах ибн Аббастан алган риваяты боюнча Ансардын ичинен Акаба антында болгондор Расулуллахтын жанына келүү аркылуу Мухажирлердин катарынан санала турган болушту.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш