Хижрат


Акыркы Акаба анты аркылуу Медина мусулмандардын тынчтыкта өмүр сүргөн жерине айланган эле. Акаба келишими тууралуу уккан меккелик мушриктердин кеги күч алып, кооп туудура башташты. Мусулмандар үчүн Меккеде туруу мүмкүн эмес жагдайга жеткенинен Пайгамбарыбызга (алейхиссалам) жагдайларын айтышып, көчүүгө уруксат сурашты. Бир күнү Пайгамбарыбыз кубанычтуу маанай менен сахабаларга (радыйаллаху анхум) барып: «Силер көчүп бара турчу жер мага билдирилди. Ал – Йасриб (Медина). Ошол жакка көчкүлө. Ошол жерде мусулман бир туугандарыңар менен бириккиле. Аллаху таала силерди аларга бир тууган, ал эми Йасрибди силер үчүн коопсуз мекен кылды», - деди. Расулуллахтын уруксаты менен мусулмандар Мединага топтошуп көчө башташты. Пайгамбарыбыз көчкөндөргө өтө сак болууну кайта-кайта эскертип жатты. Мусулмандар мушриктердин назарын өздөрүнө бурбаш үчүн чакан топ болуп жолго чыгып, мүмкүн болгончо жашыруун аракет кылып жатышты. Медина алгачкылардан болуп көчкөн Абу Салама мушриктерден көп азап тарткан эле. Бул ишти байкап калган мушриктер жолго чыккан мусулмандарды жолдорунан адаштырууга, аялдарды күйөөлөрүнөн бөлүүгө, күчү жеткендерин камоого тырышып, түрдүү кастыктарын кылышты. Аларды диндеринен чыгаруу үчүн колдорунан келген жамандыктын баарын жасап чыгышты. Бирок, ич согуштун чыгып кетүүсүнөн коркуп, аларды өлтүрүүгө батына алышкан жок. Ал эми мусулмандар болсо ушуга карабастан бардык мүмкүндүктү пайдаланып, Мединага карай жолго чыгышты.

Хазрети Омар дагы бир күнү кылычын асынды. Октору менен найзасын алып, бардык адамдардын көзүнчө Каабаны жети жолу таваф кылды. Ошол жердеги мушриктерге кыйкырып мындай деди: «Мен динимди коргоо үчүн Аллаху тааланын ыраазылыгын көздөп көчүп баратам. Аялын жесир, балдарын жетим калтыргысы келген, энесин ыйлаткысы келген адам бар болсо алдыма чыксын.»

Ушундайча Хазрети Омар менен бирге жыйырма чакты мусулман күндүз эч тартынбастан Мединага карай жолго чыгышты. Андан коркуп аларга эч ким тийише албады. Ушундан кийин көчтөр уланып, сахабалар топтошуп Мединага карай агыла башташты.

Ушул кезде Хазрети Абу Бакр да көчүү үчүн уруксат сурады. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам): «Сабыр кыл. Аллаху таала мага да уруксат берет деп үмүттөнөмүн. Бирге көчөбүз», - деди. Хазрети Абу Бакр: «Ата-энем сага курман болсун. Мындай мүмкүндүк барбы?» - деп сураганда Пайгамбарыбыз: «Ооба, бар», - деди. Хазрети Абу Бакр (радыйаллаху анх) сегиз жүз дирхам берип, эки төө сатып алып, ошол күндү күтүп жүрдү. Меккеде бир гана Пайгамбарыбыз, Хазрети Абу Бакр, Хазрети Али, кедейлер, оорулуулар, карылар менен мушриктер камоого алган момундар гана калышкан эле.

Аркы жактан мединалыктар (ансарлар) көчүп келген меккеликтерди (мухажирлерди) жакшылап күтүп алып, конок кылды. Араларында күчтүү биримдик, тууганчылык орноду.

Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) көчүп кетсе, кайрадан мусулмандардын башына барса, биз үчүн кооптуу күч жаралат деген ой мушриктердин тынчын алат. Бири-бирине кабар берип Дар-ун Надвага жыйын куруп, эмне кыла тургандыктарын акылдашышты. Шайтан «Шейхи Нажди» кейпинде, б.а., Нажддык карыянын кейпине кирип, мушриктердин жыйындарына барган эле. Алардын сөздөрүн, сунуштарын тыңдады. Жыйында ар түрдүү сунуштар айтылды. Бирок, эч кайсынысы колдоо таппады. Мушриктер эмне кылышты, эмне айтаарын билбей отурушканда шайтан сөзгө аралашып: «Айтып отурган нерселериңердин эч кайсысы жарабайт. Анткени, анын жылуу жүзү менен жылуу сөзү бардык чараны бузат. Башка чара ойлонуштургула», - деп өзүнүн пикирин айтты. Курайш башчысы болгон Абу Жахл: «Ар тайпадан бирден-бирден баатыр жигит тандап алалы. Алар куралданып, Мухаммедге бир убакта кол салып, анын канын төксүн. Ушундайча анын өлүмү белгилүү бир тайпанын да, бир адамдын да мойнунда болбойт. Ким өлтүргөнүн биле албагандыктан анын коому эч кайсыбызга кылыч такай албай, бир гана кан үчүн кун төлөтүүдөн башка эч нерсе кыла алышпайт. Биз аларга кунун төлөп, бул кыйынчылыктан оңой гана кутулабыз», - деди. Бул пикир шайтанга да жагып, муну катуу колдоду.

Мушриктер ушул ишке даярданып жатканда Аллаху таала Расулуна көчүү буйругун берди. Жабраил алейхиссалам келип, мушриктердин камдап койгон кастыктарын кабарлап, ошол түнү төшөгүнө жатпоону эскертти. Пайгамбарыбыз Хазрети Алиге өзүнүн төшөгүнө жатууну, калтырган аманаттарын ээлерине жеткирип берүүсүн айтып: «Бүгүн түнү менин төшөгүмө жат, менин чапанымды жамын. Коркпо, сага эч кандай зыян келбейт», - деди. Хазрети Али Пайгамбарыбыздын айтканындай жатат. Ал Пайгамбарыбыз үчүн өз жанын курман кылууга даяр эле.

Ошол түнү мушриктер Расулуллахтын үйүнүн тегерегин курчап алышат. Пайгамбарыбыз үйүнөн чыгып, «Ясин» сүрөсүнүн башындагы он аятты окуду да бир ууч топурак алып, капырлардын башына чачты. Башына ушул топурак тийген мушриктердин бардыгынын кийин Бадрда ит сыяктуу өлгөндүгү тууралуу риваят кылынган. Пайгамбарыбыз аман-соо алардын араларынан өтүп, Хазрети Абу Бакрдын үйүнө барды. Мушриктердин эч кайсысы аны көрбөгөн эле.

Бираз убакыттан соң мушриктерге бир адам барып, «Бул жерде эмнени күтүп турасыңар?» деп сураганда алар: «Мухаммеддин үйүнөн чыгуусун күтүп турабыз», - деп жооп беришти. Ал адам:

«Ант кылам, Мухаммед араңардан өтүп кетти. Башыңарга топурак чачты», - деди. Мушриктер баштарын кармап көрүп, чынында эле топурак бар экенин көрүштү. Дароо эшикти ачып ичке киргенде Хазрети Алини Расулуллахтын төшөгүнөн көрүп, Пайгамбарыбыздын кайда экендигин сурашты. Хазрети Али: «Билбеймин, мага аны кайтартып койдуңар беле?» - деди. Алар Хазрети Алини жулкулдатышты. Каабанын жанында бираз камоодо кармап, кийин бошотуп жиберишти. Капырлар сыртка чыгып туш тараптан Пайгамбарыбызды издей башташты.

Алгач Хазрети Абу Бакрдын үйүнө барып, анын кызы Асмадан (радыйаллаху анха) сурашты. Жооп бербеген соң аны уруп-согушту. Меккеде издебеген жерлери, кирбеген үйлөрү калбаган капырлар аны таба албай ызаланышты. Башчылары болгон Абу жахл Мекке менен анын айланасына изкубарларды жиберип, Пайгамбарыбыз менен Абу Бакрды таап келгендерге же кайда экендигин айткандарга 100 төө бере тургандыгын жарыялады. Анын бул сөзүн уккан кээ бир дүнүйөкор адамдар куралданып, аттарына минип издөө үчүн жолго чыгышты.

Пайгамбарыбыз Хазрети Абу Бакрдын үйүнө барып: «Хижрат кылуума (көчүүмө) уруксат берилди», - деген кезде Хазрети Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху анх) толкунданып: «Бутуңуздун чаңын бетиме сүртөйүн, йа, Расулаллах! Мен дагы сиз менен биргеби?» - деп сурады. Пайгамбарыбыздын: «Ооба» деген жоопту уккан Хазрети Сыддык кубанычынан ыйлап жеберди. «Ата-энем сизге курман болсун. Төөлөр дайын. Кайсынысын кааласаңыз ошону миниңиз», - деди. Пайгамбарыбыз: «Өзүмдүкү болмоюнча минбеймин, акчасына гана сатып алмакчымын», - деди. Мындай так буйрукка баш ийүүгө мажбур болгон Хазрети Сыддык төөнүн баасын айтты. Хазрети Абу Бакр Абдуллах бин Урайкит деген жол көрсөтүүчүлүгү менен таанылган адамды чакырып жалдап, төөлөрдү үч күндөн кийин Севр тоосундагы үңкүргө алып келүүсүн сурады. «Сафар» 27-не бейшемби күнү Пайгамбарыбыз менен Абу Бакр (радыйаллаху анх) бираз жол азык алып жолго чыгышты. Севр үңкүрүнө бараткан жолдо Хазрети Абу Бакр бирде Пайгамбардын артында, бирде анын алдына өтүп далдаалап баратты. Муну байкаган Пайгамбарыбыз жөнүн сураганда Хазрети Абу Бакр (радыйаллаху анх): «Йа, Расулаллах! Эгер бир зыян келсе мага келсин деп жатам!» - деди. Пайгамбар алейхиссалам: «Йа, Абу Бакр! Менин башыма келе турчу кыйынчылыктын мага эмес өзүңө келүүсүн каалайсыңбы?» - деп сураганда, Абу Бакр: «Ооба, Сизди хак дин менен пайгамбар кылып жиберген Аллаху таалага ант кылайын, келе турчу кыйынчылыктар сизге эмес мага келүүсүн каалаймын», - деди.

Пайгамбарыбыздын бут кийими тар болгондуктан жолдо жыртылып, буттары жараланды, баса тургудай чамасы калбады. Араң дегенде тоого чыгып, үңкүрдүн оозуна жетип барды. Эми кирмекчи болгондо Хазрети Абу Бакр: «Аллах үчүн, ичке кирбеңиз. Мен кирейин, ал жакта зыяндуу нерсе бар болсо мага тийсин», - деп ичке кирди. Ичти шыпырып тазалады. Оң жана сол жагында ири-майда тешиктер бар эле. Кийимин жыртып, тешиктерди бүтөдү, бирок, бирөөсүн жабууга чүпөрөк жетпей калды. Хазрети Сыддык ал тешикти согончогу менен жаап, ааламдардын султаны болгон Пайгамбарыбызды ичкери карай чакырды. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) ичке кирип, башын Абу Бакрдын тизесине коюп уктады. Ошол кезде Хазрети Абу Бакрдын таманын жылан чагып алды. Пайгамбарыбыз ойгонуп кетпесин деп козголбой отура берди. Бирок, көзүнүн жашы Пайгамбарыбыздын ыйык жүзүнө тамган кезде: «Эмне боду, йа, Абу Бакр?» - деп сурады.

Хазрети Абу Бакр: «Бутум менен жапкан тешиктен бир жылан бутумду чагып алды», - деди. Пайгамбарыбыз Абу Бакрдын жарасына түкүрүгүн сүрткөн кезде оорусу тынып, жазылып кетти.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) менен Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху анх) ичте болгон кезде мушриктер издерине түшүп, үңкүрдүн алдына чейин келишти. Үңкүрдүн оозуна жөргөмүчтүн желе тартканын жана эки көгүчкөндүн уя салгандыгын көрүп, Күрз бин Алкама: «Ушул жерден из үзүлдү», - деди. Капырлар: «Эгер алар бул жерге киришкенде жөргөмүчтүн желеси жыртылышы керек эле», - дешти.

Кээ бирлери: «Ушул жерге чейин келиппиз, үңкүргө бир адам кирип көрүп чыксын», - дегенде Умаййа бин Халеф: «Силерде акыл барбы? Ант кылам, бул жөргөмүч бул желе торду Мухаммед туулуудан мурда өргөн», - деди. Мушриктер эшиктин оозунда тартышып турганда Хазрети Абу Бакр ичте отуруп: «Йа, Расулаллах! Өзүм үчүн коркпоймун, сизге бир нерсе болобу деп коркомун. Мени өлтүрүшсө болгону жөнөкөй бир адаммын, эч нерсе өзгөрбөйт. Сизге бир зыян келе турган болсо бүткүл үммөт куруйт, дин кулайт», - деди. Пайгамбарыбыз: «Йа, Абу Бакр! Коркпо. Күмөнсүз, Аллаху таала биз менен бирге», - деди. Абу Бакр Сыддык (радыйаллаху анх): «Йа, Расулаллах! Сиз үчүн жаным курман болсун. Алардын бири эңкейип карасачы», - дегенде Пайгамбарыбыз: «Йа, Абу Бакр! Мында ошондой эки адам бар, алардын үчүнчүсү Аллаху таала. Убайым тартпа, Хак таала биз менен бирге», - деди. Мушриктер сыртта өз ара сүйлөшүп, ичкерини карабастан кайтып кетишти.

Аллаху таала бул тууралуу Курани каримде мындай дейт: «Эгер силер ага (сүйүктүү кулума) көмөктөшпөсөңөр(ошол убакытты эсиңерге түшүргүлө) капырлар аны (Меккеден) эки адамдын экинчиси катары (Хазрети Абу Бакр менен бирге) чыгарганында (Севр тоосунун чокусундагы) үңкүрдө отурганда Аллаху таала ага (Расулуллахка) көмөктөштү. Ошол кезде жолдошуна (Абу Бакр Сыддыкка): «Муңайба, Аллаху тааланын көмөгү биз менен» деген болчу. Аллаху таала ага тынчтыгын жиберип, аны силер көрбөй турган (руханий) аскерлер менен күчтөндүрдү, капырлардын (күфүрлүк)сөзүн төмөндөттү. Аллаху тааланын (тавхид)сөзү улуу сөз. Аллаху таала анык жеңиш ээси. Жалгыз гана бийлик менен хикмат ээси.» («Тообо» сүрөсү, 40)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз менен Хазрети Абу Бакр ушул үңкүрдө үч күн үч түн болушту. Хазрети Абу Бакрдын уулу Абдуллах Меккеде уккандарын түнү үңкүргө келип кабарлап турду. Ал эми азат кулу жана малынын чабаны Амир бин Фухайра болсо түнү сүт алып келип издерди өчүрүп жүрдү.

Севр үңкүрүнөн төртүнчү күнү чыккан сүйүктүү Пайгамбарыбыз Кусва аттуу төөсүнө минди. Бир риваятта айтылганы боюнча Пайгамбарыбыз Хазрети Абу Бакрды ээрине учкаштырды. Экинчи төөгө болсо Амир бин Фухайра хазреттери менен жолду жакшы билген Абдуллах бин Урайкыт миништи.

Ааламдын мырзасы (саллаллаху  алейхи  васаллам)  Аллаху таала Өзү мактаган, шаарлардын эң шарапаттуусу саналган куттуу Меккени таштап кетип бара жаткан эле. Узап баратып төөнүн башын Мекке тарапка буруп  кайгылуу  абалда: «Валлахи!Сен Аллаху таала жараткан жерлердин эң жакшысысың, Раббимдин алдында эң кааланганысың. Сен мени чыгарбаганыңда мен сенден кетпес элем. Мага сенден артык жер жок. Коомум мени сенден чыгарбаганда сенден кетпес, сенден башка жерге байырлабас элем», - деди. Дал ошол маалда Жабраил алейхиссалам түшүп: «Йа, Расулаллах! Мекениңди сагындыңбы?» - деди. Пайгамбарыбыз: «Ооба, сагындым», - деди. Жабраил алейхиссалам Меккеге кайта тургандыгын сүйүнчүлөгөн «Касас» сүрөсүнүн 85-чи аятын окуп, көңүлүн жибитти.

Сапар тынч улана берди. Мушриктер канча күчтөрүн салып издешкени менен бул куттуу жолоочулардын изине түшө алышпады. Хак таала сүйүктүү кулун алардын жамандыктарынан коргоп турган эле. Расулуллах Кудайд деген жерге барган кезде Үммү Мабед деген жоомарттыгы менен таанылган, акылдуу, абыройлуу аялдын чатырына туш келет. Акчасына тамак, курма менен эт алгысы келди. Үммү Мабед: «Эгер бар болгондо бекер берер элем. Жутка байланыштуу колубузду эч нерсе калбады», - деди. «Сүт барбы», - деп сурагандарында: «Жок, койлор кысыр», - деп жооп берди. Пайгамбарыбыз чатырдын жанында турган арык койду көрсөтүп: «Йа, Үммү Мабед, мына бул кой эмнеге бул жерде байланып турат?» - деп сурады. «Өтө арык жана оору болгондуктан акырдан алып койду», - деди. «Сүтү барбы? Ушул койду сааганга уруксат бересизби?» - дегенде: «Сиз үчүн жаным курман, эч нерсемди аябаймын, сүтү жок, бирок, сааңыз, сиз үчүн тоскоол жок», - деди. Расулуллах койдун жанына барып, Аллаху тааланын ысымын айтты. Береке келсин деп дуба кылгандан кийин колу менен койдун желинин кармады. Ошол кезде желинине сүт толуп ага баштады. Дароо идиш алып келип толтуруп алды. Алгач Үммү Мабедге берди. Ал ичкенден кийин Хазрети Абу Бакрга жана башкаларга берип, тойгуча ичкизди. Эң артынан өзү ичип, колун дагы желинге тийгизип, чатырдагы эң чоң идишти сүткө толтуруп, Үммү Мабедге берди. Алар ал жерден кеткенден кийин Үммү Мабедин күйөөсү келип сүттү көрөт. Кубанып: «Бул сүт кайдан келди?» - деп сураганда Үммү Мабед: «Бир касиеттүү адам келип, үйүбүзгө береке киргизди», - деди. «Аны сүрөттөп бере аласыңбы?» - деп сурады күйөөсү. Үммү Мабед: «Көргөн адамым өтө келбеттүү, жылуу жүздүү жан эле. Көзүндө кызгылт бар, үнү жумшак болчу. Кирпиктери узун, көзүнүн агы аппак, карасы капкара, чачы кара, сакалы кою болчу. Үнсүз турганда салмактуу, сүйлөгөндө күлүмсүрөп турат. Сүйлөгөндө сөздөрү оозунан маржандай төгүлөт. Алыстан айбаттуу болуп көрүнөт, жакындан көрсөң өтө тартымдуу адам. Жанындагылар анын буйругун аткарууга болгон жанын аябайт», - дегенде күйөөсү: «Бул Курайштыктардын издеп жүргөн адамы. Эгер мен ага жолукканда аны менен бирге кетмекмин», - деди. Риваят боюнча ошол кой он сегиз жыл жашаган. Пайгамбарыбыздын берекеси менен бул кишилер ошол кой менен күн көрүштү. Үммү Мабеддин күйөөсү Пайгамбарыбыздын артынан ээрчип, Рим деген жерде ага жетип, мусулман болду. Үммү Мабед да мусулман болду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш