Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Ислам динин кабыл кылмайынча




Ислам динин кабыл кылмайынча


Мушриктер Мединага карай жолго чыккан Мухаммед алейхиссаламды жана хазрети Абу Бакрды токтоосуз издешти. Эгер табышпаса өздөрүнө чоң коркунуч туулат эле. Анткени, мусулмандар Ислам мамлекетин куруп, өздөрүн келип курута тургандыктарына көздөрү жетти. Ошол себептен мушриктер бардык нерселерин ортого салышты. Пайгамбарыбыз менен Абу Бакрды (радыйаллаху анх) өлтүргөн же кармап келген адамга жүз төө менен кошо сансыз мал, акча берүүгө убада беришти. Бул кабар Сурака бин Маликтин тайпасы Мужлиж уулдарына да жетти. Сурака бин Малик из кууганга мыкты болчу. Ошондуктан, бул ишке өтө маани берип карады.

Мудлиж уулдарынан бир шейшемби күнү Сурака бин Малик жашаган жердеги Кудайдга жыйналышты. Жыйналышка Сурака бин Малик да катышат. Дал ошол маалда курайш адамдарынан бири Сураага келип: «Эй, Сурака! Мен бираз мурда үч кишилик бир топтун тиги жаканы көздөй баратканын көрдүм. Ошолор балким Мухаммеддин Асхабы болуулары керек», - деди. Сурака жагдайды түшүндү. Бирок, сый үчүн көп мал берилгендиктен аларды жалгыз өзү гана алгысы келди. Ошол себептен, башка адамдын угуусун каалабады. «Жок, сен көргөн ал адамдар баланчалар. Бираз мурда өтүшкөн болчу. Аларды биз дагы көрдүк», - деп, эч нерсе болбогондой отура берди.

Сурака бин Малик дагы бираз отуруп, көзгө илинбестен үйүнө барды. Кызматчысына атын, курал-жарагын алып, өрөөндүн аркасында өзүн күтүп турууну тапшырды. Өзү найзасын алып, жаркырап көзгө илинбөөсү үчүн учун төмөк каратып, атын чаап акыры алардын изин табат. Жакындаган кездеринде бири-бирин анык көрүштү. Жада калса, Сурака Пайгамбарыбыздын окуган Курани каримин дагы укту. Бирок, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) артын карачу эмес. Хазрети Абу Бакр артын караган кезде Сураканы көрүп шашкалактап калды. Пайгамбарыбыз ага үңкүрдөгү сыяктуу: «Убайым болбо, Аллаху таала биз менен бирге», - деди.

Бухаринин риваяты боюнча ушул кезде Абу Бакр бир атчан адамдын өздөрүнө жетип калганын Пайгамбарыбызга айтканда Пайгамбарыбыз: «Йа, Раббим! Аны кулат», - деп дуба кылды. Башка бир риваят боюнча Сурака жандарына келгенде Хазрети Абу Бакр ыйлай баштайт. Пайгамбарыбыз себебин сураганда: «Өзүм үчүн ыйлабаймын. Сизге зыян келеби деп ыйлаймын», - деди.

Сурака Пайгамбарыбызга жакындады: «Йа, Мухаммед! Сени бүгүн менден ким коргойт?» - деди. Пайгамбарыбыз: «Мени Жаббар жана Каххар болгон Аллаху таала коргойт», - деди. Ошол кезде Сураканын атынын алдыңкы эки буту тизесине чейин жерге кирип кетет. Андан чыгарып дагы да умтулган кезде дагы эле ошондой кайталанат. Канча тырышканы менен атын чыгара албады. Ал эч нерсе кыла албастан акыры мээримдүү Пайгамбарыбызга жалына баштайт. Кемел, көркөм мүнөздүү Пайгамбарыбыз анын бул тилегин кабыл кылат. Сурака: «Йа, Мухаммед! Корголо тургандыгыңды түшүндүм. Дуба кылып мени куткар. Мындан кийин сага зыян келтирбеймин. Сенин артыңан түшкөндөргө да сени айтпаймын», - деди. Пайгамбарыбыз: «Йа, Раббим! Эгер ал сөзүндө тура турган болсо атын куткар», - деп дуба кылганда Аллаху таала бул дубаны кабыл кылды.

Сурака бин Маликтин аты ушул дубадан кийин гана кумдан чыгарылды. Аттын буту кирген жерден асманга карай түтүн сыяктуу бир нерсе көтөрүлүп жатты. Сурака таң калып, ушул окуялардан кийин Мухаммед алейхиссаламдын ар дайым көрүнбөй турган бир кудурет аркылуу корголо тургандыгын түшүндү. Ал көп нерсеге күбө болду. «Йа, Мухаммед! Мен Сурака бин Маликмин. Мага эч кандай күмөнүңүз болбосун. Сизге сөз беремин. Мындан кийин сиздерге жакпай турчу эч нерсе кылбаймын. Коомуңуз сизди жана жолдошторуңузду кармап берген адамга көп сый беребиз деп жатат», - деп курайштыктардын көздөгөн максаттарын айтып берди. Жада калса, ал жол азык жана төө бергиси келет, бирок, Пайгамбарыбыз кабылдабай: «Эй, Сурака! Сен Ислам динин кабылдамайынча мен сенин төөңдү да, уйуңду да кабылдабаймын. Сен бизди көргөнүңдү айтпа, ошол жетет», - деди. Ибн Сааддын накыл кылуусу боюнча: "Сурака Пайгамбарыбыздын эмне каалагандыгын сураганда: «Элиңе бар, бизге эч кимдин жетип келүүсүнө жол бербе», - деген”.

Аллаху таала каалаган бардык нерсе болот. Ага чын көңүлдөн ишенип, Анын ыраазылыгы жолунда жүргөндө таң ажайып окуялар жүзөгө ашчу. Пайгамбарыбызды өлтүрүп, көп табышка ээ болгусу келген Сурака эми тартиптүү, тил алчаак баланын кейпине кирген эле. Бардык нерсеге кудурети жетчү Аллаху таала Пайгамбарыбызга зыян келтирбөө үчүн Сураканын жүрөгүн жумшартты. Албетте, Аллаху таала Сүйүктүү Кулун жалгыз калтырмак эмес. Анткени, ал адамдарга жакшылык кылуу үчүн, алардын дүнүйөдө жана акыретте түбөлүк бакытка жетүүлөрү үчүн жиберген Сүйүктүү Пайгамбары эле.

Сурака ушундай кийин келген изи менен кайра артка кайтты. Башынан өткөн окуяларды эч кимге айтпады.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш