Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Сүйүнчү, сүйүнчү! Ааламдын Султаны келе жатат!




Сүйүнчү, сүйүнчү! Ааламдын Султаны келе жатат!


Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам), Хазрети Абу Бакр, Амир бин Фухайра (радыйаллаху анхум) жана жол башчы Абдуллах бин Урайкит болуп хижраттын 1-жылы Рабиул-аввал 8-не Куба айылына жетишет. Бул күнү мусулмандардын хижри шамси жылынын башы болду. Күлсүм бин Хидм (радыйаллаху анх) деген бир мусулмандын үйүндө турду. Ушул жерде алгачкы мечитти салды. Кубада биринчи жолу Жума намазын окуп, биринчи жолу хутба окуду. Куба мечити аяти каримада: «Такыбаалыкка негизделип салынган мечит», - деп макталды. («Тообо» сүрөсү, 108).

Ушул кезде Меккеде калган Хазрети Али (радыйаллаху анх) Пайгамбарыбыздын Каабадагы отура турчу жерине отурду. «Расулуллахта кимдин кандай аманаты болсо келип алсын», - деп кабар таркатты. Баары келип, аманаттарын алышты. Ушундайча, аманаттар өз ээлерине кайтарылып берилди.

Меккеде калган сахабалар Хазрети Алинин кол астында баш калкалашты. Расулуллахтын үйү-бүлөсү Меккеде болгон мезгил бою Хазрети Али да ошол жерде болду. Бираз убакыттан кийин Расулуллах өзүнүн очогун Медина Мунавварага алып келинүүсүн буюрду.

Аллахтын арстаны Хазрети Али Курайш капырлары жыйналган жерге барды. «Иншаллаху таала эртең Мединага кетемин. Айта

турчу нерсеңер барбы? Айта турчу нерсеңерди мен ушул жерде турган кезде айткыла», - деди. Бардыгы баштарын ийип, эч нерсе айтышпады. Таң эрте Хазрети Али Расулуллахтын оокат-буюмдарын жыйнап, Пайгамбарыбыздын үй-бүлөсү жана туугандары менен бирге жолго чыкты. Расулуллах менен Кубада кездешкен кезде буттары канап, шишип кеткен эле. Күндүз жашынып, түнү жөө жүрүү аркылуу өткөн сапарында Пайгамбарыбыз бул абалды угуп, ага өзү барат. Хазрети Алини көргөн кезде ага абдан боор ооруп, колу менен анын буттарын сүртүп, дуба кылды. Ушул абалга байланыштуу: «Адамдардын ичинде ошондой адамдар бар, алар Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн напсилерин курман кылат» («Бакара» сүрөсү, 207-чи) аятынын түшкөндүгү айтылды.

Мединага мурунураак көчкөн сахабалар менен мединалык мусулмандар Пайгамбарыбыздын Меккеден келе жатканын угушуп, аны чыдамсыздык менен күтүшкөн. Мединанын сырткы жактарына көзөмөлчөлөрдү коюп, Пайгамбарыбызды күтүп алууга даярданышты. Бир күнү «Келе жатат! Келе жатат!» деген үн чыкты. Үндү уккандар чөлгө көз жүгүртө башташты. Ооба, ооба, алар да ысык чөлдө, күндүн ысык аптабына карабастан айбаттуу түрдө өздөрүнө карай келе жаткан адамдарды көрүшөт.  Кубанып бири-бирине:

«Сүйүнчү, сүйүнчү! Расулуллах келе жатат! Пайгамбарыбыз келе жатат! Кубангыла, эй, мединалыктар. Майрамдагыла, Хабибуллах келе жатат! Баш таажыбыз келе жатат!» - деп кыйкыра башташты. Бул кабар бир заматта Мединанын көчөлөрүн жаңыртты. Жаш-кары баары ушул кубанычтуу күндү күтүп жүрүшкөн эле. Мединалыктардын бардыгы эң жакшы кийимдерин кийишип, Ааламдардын Султанын күтүп алууга чыгышты. Такбир үндөрү асманды жаңыртып, кубанычтан адамдардын көздөрүнөн жаш шоргологон эле. Медина өз тарыхындагы эң сулуу күндү башынан өткөргөн эле. Бир жакта «эмин» (ишенимдүү, чынчыл) деген лакабы менен таанылган Аллаху тааланын сүйүктүү кулун өлтүрө турган адамга сыйлык койгондор, ал эми экинчи жакта аны жана анын жолдошторун коргоо, боорлоруна басуу жана ошол жолго жандарын курман кылгысы келгендер.

Мединалыктар Пайгамбарыбыздын нурдуу дидарын тезирээк көрүүгө ашыгышты. Медина калаасы Медина болгондон бери мындай кубанычты, мындай касиеттүү убакты башынан өткөрбөгөн эле. Бул ал күнгө чейин болуп көрбөгөн бир майрам эле.

Теңдешсиз бул майрамда балдар менен аялдар минтип ырдап жатышты:

«Тале’ал-бедру алейна, Мин саният-ил-ведаъ. Вежеб-эш-шукру алейна, Ма де’аллаху даи.

Эййух-эл-мебъусу фина, Жите бил-эмр-ил мутаъ!..»

«Кош келдиңиз, йа, Расулаллах!», «Биздин үйгө жүрүңүз, йа, Расулаллах» деген сөздөр айлананы жаңыртты. Шаарды бийлеген айрым төбөлдөр Кусванын буйласын талашып, ар кимиси өз үйүн карай жетелейт.

Мединанын кээ бир алдыңкы катардагы адамдары Кусванын тизгинин кармап, «Йа, Расулаллах! Бизге келиңиз, биздин үйгө жүрүңүз», - деп чакырышты. Аларга: «Төөмдүн тизгинин бош койгула, төөм кимдин үйүнүн алдына барып чөксө, ошол үйгө конок боломун», - деди. Бардык адамдар алаңдап, толкунданып карап турушту. Кусва каерге чөгөөр экен?! Кусва Мединанын ичине карай кирип, ар үйдүн эшигинин алдынан өткөн кезде үй ээлери: «Йа, Расулаллах! Бизге келиңиз, бизге келиңиз!» - деп жалбарышты. Пайгамбарыбыз аларга күлүмсүрөп: «Төөнүн жолун ачкыла! Каерге чөгө тургандыгы ага буюрулган», - деди. Кусва Пайгамбарыбыздын азыркы мечитинин эшиги орун алган жерге барып чөктү. Пайгамбарыбыз төөдөн түшпөдү. Жаныбар кайрадан туруп баса баштады. Дагы эле ошол жерге барып чөгүп, кайра турган жок. Пайгамбарыбыз Кусвадан түшүп: «Иншаллах, ордубуз ушул жер. Бул жер кимдики?» - деп сураганда: «Йа, Расулаллах! Амрдын уулдары Сухейл менен Сехлдики», - деген жооп алды. Бул балдар жетим эле. Пайгамбарыбыз: «Туугандарыбыздан кайсынысынын үйү бул жерге жакын?» - деп сурады. Анткени, Пайгамбарыбыздын атасы Абдулмутталибдин энеси Нажжар уулдарынан чыккан эле. Халид бин Зейд Абу Аййуб аль Ансари кубанып, «Йа, Расулаллах! Менин үйүм жакыныраак. Мынабул менин үйүм, мынабул эшиги», - деп көрсөттү. Кийин Кусванын жүгүн түшүрүп, Пайгамбарыбызды үйүнө конок кылды.

Мединалык мусулмандар менен мухажирлер Пайгамбарыбыздын келгенине катуу кубанышты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш