Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Медина-и Мунаввара доору




Медина-и Мунаввара доору


Пайгамбарыбызга пайгамбарлыгы билдирилгенден кийин 13 жылдан кийин 12-Рабиуль-аввалда, милади 622 жылы Мединага көчүүсү менен 10 жылга созула турчу Медина доору башталды.

Халид бин Зейд Абу Аййуб аль-Ансаринин үйүнө конгон Пайгамбарыбыз астындагы кабатта турууну тандап, ошол жерде отурукташат. Ушундайча Ааламдын Султанын конок кылуу урматы ушул сахабага буюрду.

Хазрети Халид мындай дейт: «Расулуллах үйүмө келген кезде астыңкы кабатта турууну тандады. Биз үстүңкү кабатта туруп, бул жагдайдан катуу ыңгайсызданчубуз. Бир күнү: «Бардык нерсем жолуңузга курман, йа, Расулаллах! Сиздин төмөнкү кабатта туруп, өзүмдүн жогоруда тургандыгыма эч көңүлүм тынчтанар эмес. Бул мага оор тиет. Сиз үстүңкү кабатта туруңуз, мен астыңкы кабатта турайын», - дедим. Ал мага: «Йа, Абу Аййуб! Үйдүн астыңкы кабатында туруу биз үчүн ыңгайлуураак», - деди. Келген адамдар менен оңой кездешип, сүйлөшүү үчүн астыңкы кабатты тандаган эле. Бир күнү суу куюлган кумганыбыз сынып, төгүлгөн суунун Пайгамбарыбыздын үстүнө тамып, аны тынчсыздантуудан коркуп аялым экөөбүз жамынган жалгыз жуурканыбызды суунун үстүнө таштадык.» Абу Аййуб Ансари үстүңкү кабатта тургандыгына абдан кысылчу. Акыры өзү астыңкы кабатка түшүп, Пайгамбарыбызды жогору чыгарды. Абу Аййуб мындай дейт: «Пайгамбарыбызга ар качан кеч тамак даярдап жиберчүбүз. Калган тамак келген кезде аялым экөөбүз анын тийген жерин издеп ошол жерден жегенге аракет кылчубуз. Бир күнү түндө пияз менен сарымсак кошулган тамакты Пайгамбарыбыз артка кайтарды. Анын жебегенин көрүп ага жүгүрүп бардым. «Йа, Расулаллах! Кечки тамакты кайтарган экенсиз. Анда мубарек колуңуздун изин көрө албадым. Биз аялым Үммү Аййуб экөөбүз сиз жеген жерден жеп, ошондон берекеттенчүбүз», - дедим. Пайгамбарыбыз: «Бул жашылчада бир жыт сездим. Аны жебедим. Мен периште менен сүйлөшөмүн»,деди. «Ал тамак харамбы?» - деп сурадым. «Жок! Бирок, мен анын жытын жактырбадым», - дегенинде: «Сиз жактырбаган нерсени мен да жактырбаймын», - дедим. Пайгамбарыбыз: «Жок, аны жегиле», - деди. Ошентип, биз ал тамакты жедик, бирок, андан кийин ал жашылчадан Пайгамбарыбызга тамак бышырбадык.

Дагы бир жолу Расулуллах менен Абу Бакрга (радыйаллаху анх) жете тургудай даам даярдап, алдыларына алып бардым. Расулуллах: «Йа, Абаа Аййуб, Ансардын улууларынан отуз кишини чакыр!» - деди. Мен тамактын аз экендигин жана Пайгамбарыбыз бул тамакты көп деп ойлоп калдыбы деп ойлоп турганымда: «Йа, Абаа Аййуб, Ансардын улууларынан отуз кишини чакыр!» - деди. Миң санаа менен жүрүп адамдарды чакырдым, алар келишти. ошол тамакты жешти, бардыгы тоюшту. Мунун мужиза экендигин түшүнүп келген кишилердин ыймандары кубаттанып, дагы да баш ийүү антын беришти. Кийин алар кайтып кетишти. Кийин: «Алтымыш киши чакыр!» - деди. Мен мужиза катары тамактын азайбагандыгын көргөндүктөн дагы алтымыш кишини чакырып келдим. Алар да келишип, тамакка тоюп, Пайгамбарыбыздын мужизасына күбө болуп үйлөрүнө кайтышты. Андан кийин:

«Ансардан токсон киши чакыр», - деди. Чакырдым, келишти. Пайгамбарыбыздын айтуусу менен он-ондон отуруп, бардыгы тамактан жеп тоюшту. Пайгамбарыбыздын мужизасын көрүп, үйлөрүнө кайтышты. Ушундайча, 180 адам тамак жеди. Ал эми тамак эч азайбай, эч козголбогондой абалда турду.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш