Пайгамбарыбыз
Медина-и Мунавварада тыгыз байланыштын орноосу үчүн көчүп келген мухажирлер
менен аларды үйлөрүнө конок кылгандарды бири-бирине тууган кылды. Хазрети Али
эң акырында калган кезде унутулдум деп ойлоп, «Йа, Расулаллах! Мени унутуп кеттиңизби?»
- дейт. Ааламдардын мырзасы Пайгамбарыбыз: «Сен
дүнүйөдө жана акыретте менин тууганымсың», - деди. Бул бир боорлоштук материалдык
жана руханий көмөк берүү негизине таянчу. Ушундайча мухажирлер элдеринен,
мекенинен, туугандарынан ажыроонун кайгысынан бираз болсо да арылышчу. Ансыз да
мединалык мусулмандар (радыйаллаху анхум) Аллаху тааланын динин кармануу
таратуу үчүн мекенин таштап келген мухажир бир боорлоруна кучактарын ачып,
үйлөрүнөн орун берип, аларга бардык жактан жардам берип жатышкан эле. Бул
боордоштук аркылуу меккелик жана мединалык мусулмандар бири-бирине андан бетер
жакындай түшүштү. Пайгамбарыбыз ар бир мухажирди мүнөзүнө шай келе турган бир
ансар менен боордош кылды. Бул боордоштугунун деңгээли аталарынан калган
мал-мүлктү бөлүшө тургандай жагдайда эле.
Ар бир
мединалык мулсулман жерин, бакчасын, үйүн, малын, эмнеси бар болсо баарын экиге
бөлүп, жартысын мухажир боордошуна кубана-кубана берди. Мухажир Абдуррахман бин
Авф минтип эскерген: «Биз Мединага көчүп барганыбызда Пайгамбар (алейхиссалам)
мени Саад бин Рабиа менен бир тууган кылды. Диндешим, боордошум Саад
(радыйаллаху анх): "Боордошум Абдуррахман. Мединанын байларынын бири менмин.
Мал-мүлкүмдү экиге бөлдүм, бирөө сеники!” - деди. Мен ага: «Аллаху таала
мал-мүлкүңө береке берсин. Менин мал-мүлккө муктаждыгым жок. Мени базарыңарга
алып бар, ошол жетет», - дедим.
Мындай бийик даражадагы
боордоштук бир гана Ислам боордоштугу аркылуу гана калыпташуусу мүмкүн эле.
Адам алейхиссаламдан ошол күнгө чейин адамзат тарыхында элдердин, коомдордун
көптөгөн көчтөрү орун алган. Бирок, көчүп келгендер менен жергиликтүү калк
арасында мынчалык адал ниетттүү достук орногон мындай улуу көч болбогон эле. Аллаху
таала: «Момундар бири-бирине боордош», - деди. («Хужурат» сүрөсү, 10-аят). Ушундайча чыныгы сүйүү менен адалдыктын
материалдык пайда менен эмес ыйман жана ишеним аркылуу калыпташа тургандыгына
ишарат кылынды. Сахабалардагы бул абал Пайгамбарыбыздын сухбаты менен колго тийип
жатты. Пайгамбарыбыздын жүрөгүнөн чыккан парасаттуу сөздөр, фейз-берекелер
сахабалардын жүрөгүнө жетип, ушунун натыйжасында боордоштук сезимдери ойгонуп,
чын көңүлдөрү менен бири-бирин жакшы көрүп башташкан.
Ансар менен
мухажирлер ушул Ислам борборунда бири-бири менен өтө жакын аралашып, бир бүтүн
болуп кайнашып, Ислам дининин кубаттануусу үчүн бардык кыйынчылыктарга чыдоого
жана ушул жолдо шахадат шербетине жетүүгө убада беришти. Ушундайча Пайгамбардын
жанына жыйналып, Ислам дининин негиздерине
баш ийишип, жаңы турмуш орнотуп, жаңыдан өмүр сүрүү салтын калыпташтырышты. Эми
ислам дини хижрат окуясы аркылуу мамлекет болуу жолуна алгачкы кадамын басты.
Медина-и Мунаввара болсо Ислам дининин бешиги менен борборуна айланды.
Мединадан
сахабалардан башка христиандар, яхудилер жана бутка сыйынган мушриктер дагы бар
болчу. Яхудилер Бени Кайнука, Бени Курейза жана Бени Надр деген үч тайпадан
турчу. Алар Исламга, айрыкча Пайгамбарыбызга кас душман болушту.
Ушул учурда меккелик
мушриктер Пайгамбарыбыздын Мединада сахабаларды бири-бири менен боордош кылып,
тууган кылып жатканын өздөрү үчүн чоң кооп болот деп эсептешти. Кыска убакыт ичинде
бул ишке тоскоол коюлбай турган болсо мусулмандар күчтөнүп, Меккеге чабуул жасоолору
мүмкүн, калтырып келген жерлерин, үйлөрүн, мекенин алардан алып койуулары мүмкүн
эле. Ушундай ой менен меккелик мушриктерден мединалык мусулмандарга коркуткан маанидеги
каттар келе баштады. Бул каттардын биринде: «Күмөнсүз, арабызда душмандык бар,
бизди эч бир арап тайпасы силер сыяктуу таарынткан жок. Анткени, бизден чыккан
адамды бизге кайрып берүүнүн ордуна ага көмөктөшүп, кучак жайып, коргодуңар. Бул
силердин эң чоң кемчилигиңер. Эгер анын аракеттери көңүлдөгүдөй болсо ага эң көп
сүйүнө турчу биз болобуз. Тескерисинче болсо аны кайтаруу дагы биздин милдетибиз»,
- делген эле.
Кааб бин Малик
болсо ал катка Хазрети Пайгамбарыбызды мактап баштаган өтө кереметтүү кат жазды.
Меккелик
мушриктер Мединалык мушриктерге да дал ошондой мазмундагы каттарды жазышкан
эле. Аларга да: «Эгер биздин кишибизди калааңардан чыгарып жибербесеңер же өлтүрбөсөңөр
силерге чабуул жасап, өзүңөрдү да өлтүрүп, аялдарыңарды туткунга алабыз», - деп
коркутушту.
Ушундан кийин
Мединалык мушриктер Абдуллах бин Убей деген мунафыктын жанына жыйналып, мүмкүндүк
болор замат Пайгамбарыбызга зыян берүүгө чечим чыгарышты.
Мусулмандар муну
угуп, Пайгамбарыбызды коргоо үчүн бардык чараны колдонуп, дайыма анын
айланасында жүрүп, араларынан чыгарышкан
жок. Түнү көчөгө чыкпай турган, үйлөрүндө уктабай турган абалга келишет. Убей бин
Кааб айтат: «Расулуллах менен сахабалар (радыйаллаху анхум) Мединага көчүп
келгенде мусулмандар мушрик арап тайпаларынын душманына айланды. Сахабалар
курал-жарак асынып, таң атканга чейин Пайгамбарыбызды жана мусулман
үй-бүлөлөрдү кезектешип күзөтүшчү.» Сахабалар бир ооздон биригип, коркунучтуу абалдарда
болгон күчтөрү менен мусулман бир боорлоруна көмөк көрсөтүүгө умтулушчу. Алардын
башында Пайгамбарыбыз бардык жакшы мүнөздөрү менен кошо эр жүрөктүктө дагы
сахабалардын башында турду. Түндүн кайсы маалында болсо да бир добуш укса эч
бара электен мурда аты менен ал жерге куштай учуп жетип, сахабаларына корко турчу
эч нерсе жок экенин айтып, аларды тынчтандырчу.