Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Пайгамбар мечити «Масжид-ун Наби»




Пайгамбар мечити «Масжид-ун Наби»


Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) Мединага көчкөн кезде биринчи болуп орундалчу иш катары сахабаларын жетилдире турган, жамаат менен намаз окуй турган мечиттин салынуусун каалады. Ушул кезде Жабраил (алейхиссалам) келип: «Йа, Расулаллах! Аллаху таала сага таштан жана кыштан мечит салууну буюрду», - деди. Пайгамбарыбыз дароо төөсү Кусванын Мединага келген кездеги чөккөн жерин ээлеринен сатып алмак болду. Ээлери: «Йа, Расулаллах! Биз анын акысын бир гана Аллаху тааладан күтөбүз», - деди. Бирок, Пайгамбарыбыз муну кабылдабай анын акысын ашыгы менен төлөдү. Бир жактан жерди тегиздөө жумушу кылынып жатканда экинчи жакта кыштар куюлуп, таштар алынып келинди. Бардык даярдыктар аяктагандан кийин мусулмандар мечиттин пайдубалын төгүүгө жыйналышты. Пайдубалдын алгачкы ташын Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллам) өз колу менен койду. Кийин кезек менен: «Абу Бакр ташын мен койгон таштын жанына койсун. Омар ташын Абу Бакр койгон таштын жанына койсун. Андан кийин Осман, кийин Али койсун», - деди. Буйругу орундалгандан кийин ошол жердеги сахабаларга: «Силер да таш койгула», - деди. Алар да таш коюп башташты.

Мечит салуу ишине Пайгамбарыбыздан баштап бардык сахабалар белсене аралашышты. Пайгамбарыбыз таш менен кыш көтөрүп, ташыды. Пайдубалын таш менен бир жарым метрге чейин көтөрүп, үстүнө кыш калашты. Курулуш маалында Расулуллахутын кыш көтөрүп бара жатканын көргөн бир сахаба: «Йа, Расулаллах! Мага бериңиз, кышты мен көтөрөйүн», - деди. Пайгамбарыбыз ага өтө назиктик менен өзүнүн да мындай сооптуу иштен куру калбоого аракет кылып жатканын айтып, кышты бербеди. Алиги сахабага дагы таш ташуусун сунуштады.

Масжид-ун-Набинин салынуусунда эң көп жумуш кылгандардын бири Пайгамбарыбыз эле. Эң чоң таштарды көтөрүп, усталарга алып барып берчү. Таш-кирпичтерди ташып жүрүп бул иштин маанилүүлүгүн, бериле турчу ниматтар тууралуу айтып, сахабаларына күч берчү.

Пайгамбарыбыздын ушундай кайратын көргөн мусулмандар жан-дилин салып иштешти. Жада калса, Аммар бин Ясер (радыйаллаху анх) башкалар бир кирпичтен ташыса ал болсо бирин Пайгамбарыбыз, экинчиси өзүм үчүн деп эки кирпичтен ташыды. Муну көргөн Пайгамбарыбыз Хазрети Аммардын жанына барып: «Эй, Сумеййенин уулу! Башкалардын бир, сенин эки сыйлыгың бар», - деди.

Мечиттин дубалы кыска убакытта тургузулуп, үстү жабылды. Ошону менен катар мечитке жанаша Пайгамбарыбыз үчүн кирпичтен эки бөлмө салынды. Алардын үстү да курма багы жана бутактары менен жабылды. (Убакыт өтүшү менен дагы бөлмөлөр салынып, бөлмөлөрдүн саны тогузга жетти.) Мечиттин курулушу бүткөндөн кийин Пайгамбарыбыз Хазрети Халид бин Зейддин үйүнөн өзү үчүн салынган үйүнө көчтү.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш