Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) Жума күндөрү «Ханнана» деген
курма багына жөлөнүп хутба окучу. Кийин сахабалар үч тепкичтүү минбар курушат.
Ошол жумада Расулуллах хутба окуу үчүн жаңы минбарга чыгат. Ал учурда курма дүмүрүнөн
муңканган ыйдын үнү угулат. Бардык сахабалар бул добушту угушат. Добуш токтобостон
чыга берет. Кийин Расулуллах минбардан түшүп
жанына барып колу менен сылаганда гана басылды. Кургак курма багынын
Пайгамбарыбызды ушунчалык жакшы көргөндүгүн көргөн сахабалардын көздөрүнөн жаш
аккан эле.
Бул окуя
тууралуу Хазрети Энес бин Малик (радыйаллаху анх): «Анын ыйы мечитти да титиретти», - деген. Ибн-и Абу Вада (радыйаллаху анх): «Курма багы ордунда
кыймылдап жатты. Хазрети Пайгамбарыбыз басып барып колун коёр замат үнү басылды», - деген. Пайгамбарыбыз: «Аллаху таалага ант кыламын, эгер аны
сылабаганымда мага деген сагынычтан кыяматка чейин ошондой ыйлап турмак», - деген.
Андан соң Пайгамбардын буйругу менен курма багы адам сыяктуу жерге көмүлдү.
Башка бир риваятта мындай делинген: «Кааласаң
сени мурунку бакчаңа берейин. Кайрадан өркүндөп ачып калыбыңа кел. Кааласаң
сени Бейишке отургузайын, Аллаху тааланын достору жемишиңен жесин», - деди.
Пайгамбарыбыз анын мындай дегенин ишитти: «Мени Бейишке отургуз, жемишимди Аллаху
тааланын достору жесин жана эскирип чирибей турган жерде болоюн». Бактын мындай
сүйлөгөнүн Пайгамбарыбыздын жанындагылар дагы угушту. Пайгамбарыбыз ага: «Каалооңду
орундаймын», - деп жооп берди. Кийин сахабаларына карап: «Фани (жалган) өмүрдүн
ордуна баки (түбөлүк) өмүрдү
тандады», - деди.