Ислам дини » Пайгамбарыбыз » Пайгамбар кыссасы » Хазрети Айшага үйлөнүүсү




Хазрети Айшага үйлөнүүсү


Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) менен хазрети Абу Бакр көчкөн кездеринде балдарын Меккеге калтырып кетишкен эле. Хазрети Хадича энебиз кайтыш болгондон кийин бир жылдан соң хазрети Айша менен Меккеде нишан кылынды. Имам Бухаринин риваят кылган хадиси шарифинде Хазрети Айша мындай деген: «Эй, Айша! Сен мага түшүмдө эки жолу көрсөтүлдүң. Мен жашыл жибек кездемеден сенин сүрөтүңдү көрдүм. Мага:

«Бул сенин болочок жарың», - делинди», - деди. Ушундан кийин Пайгамбарыбыз менен Хазрети Айша нишан кылынды. Бирок, той ал кезде кылынган жок, муну Хазрети Айша мындайча баяндаган:

«Пайгамбарыбыз Мединага көчкөн кезде бизди жана кыздарын Меккеге калтырып кеткен эле. Мединага баргандан кийин азат кулу Зейд бин Хариса менен Абу Рафини эки төө менен керек буюмдарды сатып алуу үчүн 500 дирхам акча менен бизге жиберди.

Атам Абдуллах бин Урайкитти эки-үч төө менен ошолордун арасына кошуп, энемди, мени жана сиңдим Эсманы төөлөргө мингизип алып кетүүсүн тууганым Абдуллахка кат жазып буюрду. Мен, энем Үммү Руман жана Расулуллахтын кызы Хазрети Зейнеп баарыбыз жолго чыктык. Кудайд деген жерге барган кезибизде Зейд 500 дирхамга дагы үч төө сатып алды. Бизге Талха бин Убайдуллах да кошулду. Минадан Бейд деген жерге жеткенибизде менин төөм качып жөнөдү. Мен чүмбөттүн ичинде элем. Энем кыйкырып шашкалактап калды. Аллаху таала төөбүздү токтотуп, бизди куткарды. Акыры Мединага жеттик. Мен атамдын үй-бүлөсү менен бирге түштүм.»

Пайгамбарыбыздын үй-бүлөсү бөлмөлөрүнүн алдында түштү. Хазрети Айша атасы Абу Бакрдын (радыйаллаху анх) үйүндө бираз убакыт турду. Хазрети Абу Бакр бир күнү Пайгамбарыбызга: «Йа, Расулаллах! Үйлөнбөөңүздүн себеби эмне?» - деп сурады. Расулуллах алейхиссалам: «Махр», - деди. Хазрети Абу Бакр Расулуллахка махрлык акча жиберди.

Ушундайча Хазрети Айша экөөнүн тою болду. Ал кезде Пайгамбарыбыз элүү беш жашта болчу. Хазрети Айша энебиз өтө акылдуу жана зээндүү болчу, болгон окуяларды ошол замат ыр кылып жамактап айта алчу. Үйрөнүп, жаттаган нерсесин эч убакта унутчу эмес. Өтө акылдуу, зээндүү, билимдүү, адептүү, таза, салиха болчу. Эске сактоосу өтө кубаттуу болгондуктан Асхабы кирам көп нерселерди андан сурап үйрөнүшчү. Аяти карима менен макталган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш