Масжид-ун-Наби салынып бүткөндөн кийин намаз
убакыттарында убакыттын киргенин билдирчү жана мусулмандарды мечитке чакыра
турчу бир усул жок болчу. Бир гана «Ассалату жамиа» деп айтылчу.
Пайгамбарыбыз бир күнү сахабалары менен
кеңешип, намаз убакыттарында момундарды мечитке кандай чакырууга боло
тургандыгы тууралуу акылдашты. Бири намаз убакыттарын билдирүү үчүн
«христиандар сыяктуу коңгуроо кагалы» десе, экинчиси «яхудилер сыяктуу керней
тарталы», - деди. Дагы бири «намаз убактында от жагып жогору көтөрөлү» деген
пикирлерин айтышат. Пайгамбарыбыз алардын эч кайсынысын кабылдабады.
Ошол күндөрдө Абдуллах бин Зейд бин Салаба
менен Хазрети Омар экөө тең азан айтып намазга чакырууну түшүндө көрүшөт.
Хазрети Абдуллах Пайгамбарыбызга (алейхиссалам) түшүн мындай деп айтып берди:
«Жашыл шаал менен алжапкыч тагынган, колуна коңгуроо кармаган бир адамды
көрдүм. Ага: «Колуңдагы коңгуроону сатасыңбы?» - деп сурадым. Ал мага: «Эмне
кыласың?» - деди. «Намаз убакыттарын билдирүү үчүн коңгуроо кагамын», - дегенимде
ал адам: «Мен сага андан жакшысын айтайын», - деп, кыбылага карап бийик үн
менен «Аллаху акбар, Аллаху акбар» деп баштады. Бүтүргөндөн кийин: «Намаз окуй
турчу кезиңде» деп азанды кайталап көрсөттү да аяк жагында «Кад
кааматис-салату» дегенди кошуп айтты.»
Буга Пайгамбарыбыз: «Түш – акыйкат.
Ошол сөздөрдү Билалга үйрөт, окусун», - деп буюрду. Бул «азан» деп
аталды.
Хазрети Билал (радыяллаху анх) мечиттин
жанындагы бийик тамга чыгып, биринчи жолу азан окуду.
Хазрети Омар азандын үнүн угуп, жүгүрүп
Пайгамбарыбызга келди. Хазрети Билалдын айткан сөздөрүн түшүндө көргөнүн айтты.
Ошол түнү бир нече сахаба дагы ушундай түш көрүшкөн эле. Мына, ушул кезде
«Жума» сүрөсүнүн 9-чу аяты түшүп, вахий менен азан айтылуу билдирилди.
Билал Хабаши бир күнү багымдат намазынын
убагында Пайгамбарыбыздын эшигинин алдында «Ас-салату хайрун
минаннавм» деп эки жолу айтты. Пайгамбарыбызга бул жагып: «Билал,
бул кандай керемет сөз! Таң намазынын азанын окуганда муну да кошуп айт», -
деди. Ушундайча багымдат намазынын азанында ушул сөз кошулуп окула турган
болду.
Пайгамбарыбыз кайтыш болгонго чейин азанчы
болгон Хазрети Билалдын (радыяллаху анх) үнү абдан асемдүү жана таасирдүү эле.
Ал азан окуп баштаганда бардык адамдар таасирленип, керемет күүгө бөлөнүшчү. Ал
азан окуган кезде адамдардын көздөрүнөн жаш акчу. Сахабалардын (радыяллаху
анхум) бири-бирин намаз убакыттарында мечитке азан аркылуу чакыруулары
мединалык мушриктер менен яхудилерди ызаландырды. Азан окулуп жаткан кезде алар
мазактап оюн катары көрүшчү. Алардын бул кылгандарына каршы Аллаху таала Курани
каримде: «Алар намазга азан менен чакырган кезде аны оюн көрүшүп, мазак
кылышчу. Бул алардын акылы кем коом болуусунан», - деп буюрду.
(«Маида» сүрөсү, 58)