Хазрети
Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) сахабаларды жетилтүү үчүн Масжиб-ун-Набиде
кереметтүү сухбаттарды өткөрүп, Аллаху тааланын өзүнө берген фейз-берекелерди
аларга жеткирди. Пайгамбарыбыздын сукбатына катышуу урматына ээ болгондор
алгачкы сукбатта эле жүрөктөрүндө чоң өзгөрүүнү сезип, бийик илимий
марифаттарга (илимдерге) кол жеткизишкен. Ушул сукбаттар аркылуу сахабалар
Пайгамбарыбыздан баштап бардык сахаба жолдошторун жакшы көргөн абалга жетишчү.
Аллаху таала аларды аяттар менен мактаган. Алар Расулуллахтын алдында ушунчалык
адептүү болушкандыктан башына куш конуп учуп кетпесин деген адам сыяктуу
кыймылсыз, бардык ынтааларын коюп, дыкат тыңдап отурушчу. Ушундайча, сахабалар (радыйаллаху
анхум) пайгамбарлардан жана улуу периштелерден кийинки эң жогору жаратылыш
деңгээлине жетишкен.
Аллаху таала
Курани каримде: «Силер үммөттөрдүн эң
жакшысы, эң кайырлуусу болдуңар. Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыясыңар...»,
- дейт. («Али Имран» сүрөсү, 110)
«Алгач мусулман
болгондордон, мухажирлер менен ансарлардын мурда келгендеринен жана алардын жолунда
жүргөндөрдөн Аллаху таала ыраазы жана алар да Аллаху тааладан ыраазы. Аллаху таала
аларга Бейиштерди даярдады. Бул Бейиштердин астынан өзөндөр агат. Алар Бейиште
түбөлүк калышат.» («Тообо» сүрөсү, 100)
«Мухаммед (алейхиссалам) – Аллаху тааланын пайгамбары жана аны менен
бирге болгондордун (сахабалардын) бардыгы
капырларга каршы күрөштө өтө айоосуз. Бирок, өз араларында өтө мээримдүү, ары
жумшак жандар. Аларды ар дайым руку менен саждада көрөсүңөр. Алар Аллаху тааладан
бардык адамдарга дүнүйө менен акыретте бир гана жакшылык сурашат.
Алар Рыдванды, б.а., Аллаху тааланын аларды жактырганын да каалашат. Көп сажда
кылгандыктары жүздөрүнөн билинип турат. Алардын үстөмдүктөрү, абыройлору Тоорат
жана Инжилде дагы ушундай хабар берилген. Инжилде айтылганындай алар эгинге окшойт,
ипичке көчөттүн жерден өсүп чыгып калыңдап бою өскөнү сыяктуу алар да алсыз
жана азчылык болгондуктарына карабай кыска убакытта туш-тарапка тарашты. Чар тарапты
ыйман нуруна бөлөштү. Элден жаш көчөттүн абалын көрүп, кандайча бул аз убакытта
ушунчалык өсүп-өндү деп таңыркашкандыгы сыяктуу, алардын да атактары ааламга
таралып, көргөндөр таңыркашты, ал эми капырлар ызага буулугушту.» («Фатх»
сүрөсү, 29)
Пайгамбарыбыз
бир хадиси шарифинде сахабалардын (алейхимуррыдван) улуулугун көрсөтүү үчүн: «Сахабаларымдын эч кайсынысына тил
тийгизбегиле! Алардын атына жарашпай турган сөз айтпагыла! Аллаху таалага ант кыламын,
силерден кимиңер Ухуд тоосундай алтынды садага кылып берсе дагы сахабаларымдын
берген бир ууч арпасындай сооп ала албайт» жана «Сахабаларым көктөгү жылдыздар сыяктуу.
Кайсынысына баш ийсеңер кутуласыңар», - деген.