Асхаб-ы суффа


Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Масжид-ун-Набинин түндүк дубалына курманын бутагынан көлөкөлүк асма жасатты. «Бул жерде Меккеден көчүп келген, мал-мүлкү жок бойдок сахабалар турат», - деп буюрду. Саны он менен төрт жүз арасында өзгөрүп турчу бул сахабалар Пайгамбарыбыздын жанынан чыгышчу эмес, сукбаттарынын бардыгына катышышчу. Күнү-түнү Курани карим окуп, илим үйрөнүп, хадиси шарифтерди жаттачу. Күндөрдүн көбүн орозо кармоо менен өткөрүп, ар дайым ибадат кылышчу.

Ушул жерде жетилгендер жаңыдан мусулмандыкты кабылдаган тайпаларга жиберилишчү, алар барып Курани карим менен Исламды үйрөтүшчү. Өтө парасаттуу, көптөгөн баалуулуктарга ээ болгон бул мубарек сахабалар илимдин дарясы болушкан. Пайгамбарыбыз аларды өтө жакшы көрүп, аларга сухбат кылып бирге тамактанышчу. Бул жерде тургандар Асхаб-ы суффа деп аталды.

Пайгамбарыбыз бир күнү Асхаб-ы суффаны карап, алардын өтө кедей экендигин ойлоду. Алар буга карабастан чын ыкластары менен, ибадат менен алектенишчү. Пайгамбарыбыз аларга мээримдүүлүк кылып: «Эй, Суффа сахабалары! Силерге сүйүнчү! Эгер үммөтүмөн силер сыяктуу ушундай оор шарттарга ыраазы болгон адам калган болсо, билгиле, ал албетте менин жолдошторумдун бири болот», - деди.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) эң алды менен ушул сахабалардын муктаждыктарын камсыз кылып, ошондон кийин өз үй-бүлөсүнүн муктаждыктарына көз салчу. Абу Хурайра (радыйаллаху анх) мындай дейт: «Өзүнөн башка илах болбогон Аллаху таалага ант кыламын, мен кээде ачкалыктан ичимди жерге басып, кээде ичиме таш байлап жүрчүмүн. Ушундай жагдайдын биринде Пайгамбарыбыз мечитке бара турчу жолдун боюнда отурган элем. Ошол кезде Пайгамбарыбыз жаныма келип: «Йа, Абу Хурайра! Мени менен бирге бас», - деди. Аны ээрчий бастым. Анын үйүнө бардык, үйүндө бир чыны сүт бар экен. «Ахли суффага барып, аларды чакырып кел», - деди. Жолдо бара жатып «Бардык суффага бир чыны сүт кандай жетет болду экен?» деп ойлодум. Аларды чакырып, баарыбыз Пайгамбарыбыздын үйүнө бардык. Уруксат сурап үйүнө кирип отургандан кийин Ал: «Абу Хурайра! Сүттү аларга бер», - деди. Мен чыныдагы сүттү алып кезек менен жолдошторума бердим. Алар тойгуча ичип мага кайтарып беришти. Ар бири ичип болгондон кийин караганда сүт ошол бойдон турган экен. Бардыгы ичип болду. Кийин Расулуллах чыныны алып, мага карап күлүмсүрөп: «Йа, Абу Хурайра! Сүт ичпеген экөөбүз эле калдык. Сен отуруп ич!» - деди. Отуруп ичтим. Ал: «Дагы ич», - деди. Ичтим. Пайгамбарыбыз бир нече жолу ичүүнү буюруп, акырында мен: «Йа, Расулаллах! Тойдум, эми иче албаймын, Аллаху таалага ант кылайын, жакшы тойдум», - дедим. «Андай болсо мага бер», - деп Аллаху тааланын ысымын айтып, сүттү ичти.»

Мечитте Пайгамбарыбыздын бардык сухбатына катышып, билим алган ушул сахабаларды мединалык сахабалар жакшы көрүшүп, сыйлашчу. Бир күнү кеч ачкалыктан алсыраган Суффанын бир сахабасы Пайгамбарыбызга барып абалын айтат. Пайгамбарыбыз үйдөгүлөрдөн: «Жей турчу бир нерсе барбы?» - деп сурады. «Азыр суудан башка эч нерсе жок» деген жооп алгандан кийин ошол жердеги сахабаларына: «Ким бул ач адамды конок кылат?» - деди. Сахабалардын ичинен мединалык бири: «Мен коноктоюн», - дейт. Коногун ээрчитип үйүнө алып барып, аялына: «Пайгамбарыбыздын коногуна бере турчу бир нерсеңди даярда», - деди. Аялы: «Азыр балдар жей турчу тамактан башка нерсе жок», - дейт. «Алгач балдарды уктатып, кийин ошол тамакты алып кел» деген сахаба бир адамга гана жете турчу тамакты алып коноктун бөлмөсүнө кирет. Дасторконду жайып тамакты сунат. Тамакты жей баштаган кезде ордунан туруп, чыракты түздөгөндөй болду да өчүрүп койду. Кийин келип дасторконго отуруп, тамак жеп отургансып көрүнүп, жебестен коноктун тойуусун күттү. Конок тойгондон кийин дасторконду жыйнап алды. Ошол түндү балдары менен ач таң атырды. Таң эрте Пайгамбарыбызга барган кезде Расулуллах алейхиссалам: «Аллаху таала бүгүн түндөгү кылган ишиңе ыраазы болду», - деди. Ушуга байланыштуу Аллаху таала «Хашр» сүрөсүнүн 9-чу аятын түшүрдү: «Алар (ансар) өздөрү кедей, муктаж болсо да (мухажирлерди) өз жандарынан артык көрүшөт».


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш