Жибрил окуясы


Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) сахабаларына динибиздин өкүмдөрүн түшүндүрүп, үйрөттү. Ыймандын, Исламдын шарттары, намаз, орозо, ажылык, зекетке байланыштуу бардык өкүмдөрдүн, аяти карималардын тафсирлери, халал жана харамдар, ант, назир, каффараттар, соода-сатыкка байланыштуу илимдер, жеп-ичүү, кийинүү, сүйлөшүү, саламдашуу адеби, коңшулук, туугандык жана достук катнаштар, үйлөнүү, нафака, мурас, дубалар, жазалар, келишим шарттар жана шериктештиктер, ден-соолук, душман менен согушуу, согуш укугу сыяктуу бардык маселелерди бардык адам түшүнө ала тургандай кылып түшүндүрүп, маңыздуу маселелерди үч жолу кайталачу. Аялдарга тийиштүү маселелерди аялдары аркылуу үйрөтчү.

Мусулмандардын имамы, улуу сахаба, чынчылдыгы менен таанылган Омар бин Хаттаб (радыйаллаху анх) мындай дейт:

«Бир күнү бир нече сахаба Пайгамбарыбыздын жанында элек. Ошол күн, ошол убак өтө кадырлуу убак болчу. Ошол күнү Расулуллахтын сухбатына катышып, жанында болуу, рухтарга азык болгон, жандарга лаззат берген дидарын көрүү насип болгон эле. (Бул күндүн кадырын, маанисин жеткизүү үчүн «ошол күн, ошол убак өтө кадырлуу убак эле» деп айтууда. Жабраил алейхиссаламды адам түрүндө көрүү, анын үнүн угуу, кулдарга зарыл болгон маалыматын анык түрдө Расулуллахтын оозунан угуу насип болгон күндөн артык күн болушу мүмкүнбү?)

Ошол кезде жүзү айдай бир киши жаныбызга келди. Кийими аппак, чачтары капкара эле. Үстүндө чаң, топурак, тер сыяктуу жол жүрүп келгендиктин белгиси жок эле. Расулуллахтын сахабалары болгон биздин эч кайсыбыз аны таанучу эмеспиз. Б.а., көргөн-билген адамыбыз эмес эле. Ал Расулуллахтын жанына отурду. Тизелерин анын тизесине тийгизип отурду. (Бул келген адам Жабраил алейхиссалам болчу. Ал адам кейпине кирген эле. Жабраил алейхиссаламдын ушундайча отурганы маанилүү нерсени билдирип турган эле. Б.а., динди үйрөнүү үчүн уялуунун туура эместигин жана устазга текебердиктин жарашпай тургандыгын көрсөттү. Бардык адамдын динде үйрөнгүсү келген нерсесин мугалимден эркин, кысылбастан суроо керек экендигин Жабраил алейхиссалам сахабаларга ушундайча көрсөттү. Анткени, динди үйрөнүүдө уялуу жана Аллаху тааланын акысын өтөөдө, үйрөнүү менен үйрөтүүдө уялууга болбойт.

Ошол киши колун Пайгамбарыбыздын тизесинин үстүнө коюп: «Йа, Расулаллах! Мага Исламды, мусулмандыкты үйрөт», - деди.

Пайгамбарыбыз: «Исламдын биринчи шарты – калимаи шахадат айтуу», - деди. (Калимаи шахадат айтуу – «Ашхаду ан ла илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Расулуху» деп айтуу. Б.а., акылы толук, балакатка жеткен жана сүйлөй алган адамдын «Жер менен көктө Андан башка ибадат кылууга сыйынууга ылайыктуу эч нерсе жана эч ким жок. Нагыз сыйына турчу кудурет – бир гана Аллаху таала. Ал важиб-ул-вужуд. Ал бардык нерседе үстөм. Анда эч кандай кемчилик жок. Анын ысымы - Аллах» деш жана ушуга чын көңүлдөн ишенүү. Жана да «Ал жаркыраган жүздүү, кара каштуу, кара көздүү, маңдайы жазы, көркөм мүнөздүү, жылуу сөздүү, Хашим уулдарынан чыккан Абдуллахтын уулу Мухаммед деген адам Аллаху тааланын кулу жана расулу, б.а., пайгамбары» деп айтуу.)

«Убакыт киргенде намаз окуу. Мал-мүлктүн зекетин берүү. Рамазан айында күнүгө орозо кармоо. Чамасы жеткен адамдын өмүрүндө бир жолу ажылыкка баруусу». Алиги адам Расулуллахтан ушул жоопту уккандан кийин: «Туура айтасың, йа, Расулаллах», - деди. Биз, тыңдап отургандар «Өзү сурап, өзү тастыктап отурат» деп таңыркадык.

Ал киши: «Йа, Расулаллах! Ыймандын эмне экендигин түшүндүр», - деди.

(Бул хадиси шарифте ыймандын сөздүк маанисин ойлобоо керек. Анткени, сөздүк маанисинин макулдоо, ишенүү экендигин араптын эң сабатсыздары да билет. Ал эми сахабалар эч билбейт деп айтуу эч орунсуз. Жабраил алейхиссалам бул сурагы менен сахабаларга ыймандын маанисин үйрөткүсү келген эле. Бул жерде Исламда кайсы нерселер ыйман делине тургандыгы суралган.) Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) ыймандын белгилүү алты нерсеге ишенүү керек экендигин мындайча түшүндүрдү:

«Алгач Аллаху таалага, периштелерине, китептерине, расулдарына, акырет күнүнө, жакшылык менен жамандыктардын Аллаху тааладан келе тургандыгына ишенүү». Ал киши дагы да «Туура айтасың» деп тастыктады. Кийин дагы: «Ихсандын эмне экендигин түшүндүр», - деди. Пайгамбарыбыз: «Аллаху таалага аны көрүп тургандай ибадат кылуу. Анткени, сен аны көрбөсөң да Ал сени сөзсүз түрдө көрүп турат», - деди. Ал адам: «Йа, Расулаллах! Мага кыяматтан кабар бер», - деди. Расулуллах алейхиссалам: «Бул маселеде суроо суралган адам сураган адамдан артык билбейт», - деди. Ал адам: «Андай болсо анын белигилерин айт», - деди. «Күңдөрдүн өз кожоюндарын дүнүйөгө алып келүү, жылаң аяк, жылаңач, кедей чабандардын (байып) бийик имарат салууда жарышка түшүүсүн көрүүң», - деди. Кийин ал адам кетип калды. Расулуллах мага карап: «Эй, Омар! Суроо суралган адамдын ким экендигин билесиңби?» - деди. «Аллаху таала менен расулу баарынан жакшы билет», - дедим. Расулуллах: «Ал Жабраил периште болот. Силерге диниңерди үйрөтүү үчүн келди.»

Пайгамбарыбыз сахабаларына алардын диндеги даражаларына, түшүнө ала тургандай деңгээлдерине карай түшүндүрчү. Сахабалардын эң улууларынын бири болгон Хазрети Омар бир күнү бир жерден өтүп бара жатып Пайгамбарыбыздын Абу Бакр Сыддыкка (радыйаллаху анх) бир нерсе түшүндүрүп жатканын көрдү. Алардын жанына барып угат. Муну башкалар да көрөт, бирок, барып угууга батына алышпады. Эртеси Хазрети Омарды (радыйаллаху анх) көргөн кезде: «Йа, Омар! Расулуллах кече силерге бир нерсе түшүндүрүп жаткан эле. Айтчы, биз да билели», - дешет. Анткени, Пайгамбарыбыз ар дайым: «Менден уккандарыңарды дин бир туугандарыңарга да түшүндүргүлө. Бири-бириңерге кабарлагыла», - дечү. Хазрети Омар: «Кече Хазрети Абу Бакр Курани каримден түшүнбөгөн бир аятынын маанисин сураптыр, Расулуллах ошону түшүндүрүп жаткан экен. Мен бир саат уктум. Бирок, эч нерсе түшүнө албадым, - деди. Анткени, Пайгамбарыбыз Хазрети Абу Бакрдын жогору даражасына карата түшүндүргөн эле. Хазрети Омар дагы өтө жогору даражада болчу, Пайгамбарыбыз: «Мен акыркы Пайгамбармын. Менден кийин Пайгамбар келбейт. Эгер менден кийин Пайгамбар келе турган болсо Омар (радыйаллаху анх) пайгамбар болмок», - деген. Ошондой даражада болуп туруп, эне тили болгон арап тилин өтө жакшы билип туруп Курани каримдин Абу Бакрга (радыйаллаху анх) түшүндүрүлгөн тафсирин түшүнө албады. Абу Бакрдын даражасы андан да жогору эле. Хазрети Абу Бакр, жада калса, Жабраил алейхиссалам да Курани каримдин маанисин, сырларын Пайгамбарыбыздан сурачу. Расулуллах алейхиссалам Курани каримдин толук тафсирин сахабаларына үйрөттү.

Пайгамбарыбыз ушундайча сахабаларына динди үйрөткөнү сыяктуу арыз-доо иштерди да көзөмөлдөп, күбөлөрдү угуп, эң татаал түшүнүшпөстүктөрдү чеччү.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш